Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Президент кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү


Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу өткөн кеңешме.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу өткөн кеңешме.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн жагдай боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө башчы Баткен облусундагы чек ара участогунда чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турганын айткан.

Бүгүн, 17-сентябрда болгон кеңешмеге президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков катышты.

Кеңешменин катышуучулары Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришип, ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону дагы бир жолу белгиленди.

Сооронбай Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин кошумчалап, Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарып жатып курман болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Ал кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укук алкагында жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир канча жолу белгиленген, мурда жетишилген келишимдердин негизинде жүргүзүлүшү керек экенин белгиледи.

16-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атыштан кыргызстандык бир аскер каза болуп, 13 адам жаракат алды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев учурда Баткен облусунда жүрөт.

Кыргызстандын чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп ок атып, миномёттон аткылаганын билдирүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG