Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:30

Премьер Абылгазиев Баткенге барды


Мухаммедкалый Абылгазиев аба майданында.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна учуп барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, премьер-министр бүгүн эртең менен аскердик учак менен барган.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 12 киши жаракат алды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчилерден болуп ок атып, миномёттон аткылаганын билдирүүдө.

Ал эми Тажикстандын күч түзүмдөрү ок алгач кыргыз тараптан чыкканы боюнча маалымат таратты. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG