Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Кыргыз-тажик чек арасы: сүйлөшүүлөр уланууда


Чек ара.
Чек ара.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Максат жана Жака-Өрүк конуштарына жакын жердеги абал боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

14-сентябрда Лейлек районунун Максат айылына жана Баткен районундагы Жака-Өрүккө жакын жердеги тактала элек тилкеге тажик тарап курулуш баштоого аракет кылган. Алар Жака-Өрүк жергесине жакын аймакка 10 машинеге жакын шагыл төгүшкөн. Мындан улам чек арага жакын кыргыз жана тажик айылдарынын тургундары чогулушкан. Абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрдү.

Такталбаган аймактарга курулуш иштерин жүргүзбөө боюнча эки тараптуу макулдашууну Тажикстан аткарбай жатканына нааразы болгон Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги кошуна өлкөдөгү кесиптештери менен сүйлөшүү аракетинен натыйжа чыкпай жатат.

Эки күндөн бери чек аралаш аймактагы абалды жөнгө салуу аракети менен жүргөн Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов буларды айтты:

«14-сентябрда «тажик тарап Лейлек районунун Максат айылы менен чектеш Овчу-Калача айылынын чек арасы тактала элек аймагына аскердик объект кура баштады» деген маалымат чыкты. Аскердик объект экени боюнча расмий маалымат жок. Бирок ушундай божомол болуп жатат, такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүү боюнча эки тараптуу макулдашууну карманбай жатышканы үчүн кошуналарга нааразыбыз».

Ушул эле күнү Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагы менен чектеш аймакта Тажикстан Мачайи айылынын четиндеги Ош-Исфана чоң жолунун Төрт-Көчө участогунун тактала элек жерине чек ара көзөмөл бекетин орнотуу үчүн курулушту баштаганы тартылган видеолор тарады. Бул окуя боюнча да жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кесиптештери менен сүйлөшүп, такталбаган аймактагы курулушту токтотуу аракетинен майнап чыкпай турат.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов чек арада абал туруктуу экенин, бирок тажик тарап кепке келбей жатканын белгиледи:

«Чек арадагы тактала элек аймактарда курулуш иштерин жүргүзбөө боюнча эки тараптуу келишим бар. Жакында эле бир жараныбыз үйүнүн короосун тосуп жатканда кошуналарыбыз нааразы болуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин курулушту токтото турууну макулдашканбыз. Эми көп өтпөй кошуналар тактала элек жерде өздөрү курулуш жүргүзө баштады. «Маселени талкуулап чечели, жолугушалы» деген аракетибизге тажик тарап жооп бербей жатат. Чек арада абал туруктуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Лейлек району анклав болуп калат деген маалымат туура эмес. Анткени бизде Ак-Сай-Рават жолу бар».


Облус губернатору Акрам Мадумаров такталбаган аймактагы курулуштар боюнча кошуна өлкөдөгү кесиптештери менен сүйлөшүү тынымсыз жүрүп жатканын айтып, маселе сүйлөшүү жолу менен чечиле турганын айтты.

«Мындай иштерди болтурбоо жана курулушту токтотуу боюнча биз Тажикстандын Согди облусунун жетекчилигине өз позициябызды билдирдик. Бардык кызматтар, анын ичинде облустук жетекчилик кошуна өлкөдөгү кесиптештери менен абалды жөнгө салуу боюнча тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Маселени макулдашуулар, келишимдердин негизинде сүйлөшүү жолу менен чечебиз. Тажик тарап да такталбаган аймактардагы курулуштар боюнча бизге ушундай эле сынын айтып жатат. Бирок биз бардык нормаларды, талаптарды так сактоо менен иш жүргүзүп жатабыз».

Тажик тарап баштаган курулуш иштери азырынча токтогон жок. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр кайсы баскычта экени боюнча да маалымат бериле элек.


15-сентябрда Лейлек жана Баткен райондорунун Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай айыл аймактарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары чогулуп маселени талкуулашты. Ак-Татыр айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Санжарбек Исаков бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдонгонун айтты.

«Лейлек районунун Исфана шаарынын жергиликтүү кеңешинен депутаттар жана Баткен районунан үч айыл аймактын жергиликтүү кеңешинин депутаттары чогулуп, абалды талкууладык. Маселени чечүү боюнча президентке, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин төрагасына, тийиштүү кызматтарга кайрылуу жолдодук. Учурда курулуш иштери токтогон жок. Мунун натыйжасы бир топ кыйынчылыктарды алып келет. Ошондуктан бул курулушту токтотуу зарыл».

Мындан 10 жыл мурда Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы такталбаган аймактарда курулуш иштерин жүргүзбөө боюнча макулдашууга кол койгон. Бул макулдашуунун аткарылуусу боюнча эки тарап бири-бирине көп жолу нааразылыгын билдирип келет.

Тажикстан такталбаган аймактагы курулуштар тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Эки өлкөнүн жарандары ортосундагы чыр-чатакты алдын алуу максатында кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

15-сентябрда эртең менен Кыргызстандын Чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев Баткенге учуп кеткени кабарланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG