Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:06

Сохтон чыккан жолдун тагдыры бүдөмүк


Бир нече күн мурун «Азаттыктын» өзбек кызматы Сохту Өзбекстан менен байланыштырган жолдун ачылыш аземинен видео тасма жарыялаган. Анда жолдун ачылышы боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, кыргызстандык жарандар катышканын көрүүгө болот.

Бул иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев да катышкан. Төралиев көпүрөнүн ачылганын «Азаттыкка» ырастады:

«Ошо күнү Фергананын губернатору, Баткендин губернатору келип Риштанга өтчү чек араны ачтык. Андан кийин Сохтун чек арасын да ачтык. Сохтон келип Риштанга кире турган болду. Бирок аз өтпөй эле кайра жабылып калды, азыр жабык турат. Сурасак «компьютер иштебей калды» деп коюшту. Биз бул аракетибиз менен жалпы элди алдагандай болуп калдык».

Сох-Риштан жолунун жана көпүрөнүн ачылышы боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы комментарий бере элек. Ал эми вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Азаттыкка» Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган Сох-Риштан жолу ачыла элек экенин билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөнү Өзбекстан менен байланыштырган жолду ачуу боюнча бир топ маселелер бар.

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

«Ал зонада жумуш абдан көп, - деди өкмөт өкүлү. - Биринчи иретте Евразия Экономикалык Биримдигине байланышкан иштерди жасашыбыз керек. Бул уюмдун ичинде Кыргызстанга жүктөлгөн милдеттердин алкагында ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маселелери бар. Мына ушул жумуштар аягына чыкканга чейин жолду ача албайбыз».

Жергиликтүү эл да көпүрө жана жол бир сыйра ачылганын ырастоодо. Баткен районунун Апкан айылынын тургуну Мадимар Жоробаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча ачылган жол менен көпүрө кайра эле жабылып калган.

«“Компьютер иштебей калды” деп кайра жаап коюшуптур деп уктум. Бизге ачык болгону жакшы эле. Себеби биз Апкан айылынан чыгып, Баткен шаарына барыш үчүн бир нече айылды аралап, 50 чакырымдай жол жүрөбүз. Эгер жол ачылса, жол кыйла кыскарат. Муну жергиликтүү эл эки башка түшүнүп жатат. Кээ бири ачылганына курсант болсо, башкалары “жабык турганы эле жакшы” дейт».

Сох - Риштан жолу ачыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00

Кыргызстан 2015-жылдан бери Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө. Ушундан улам эксперттер өлкөгө өз алдынча Өзбекстан менен чектешкен жолдорду ачууга биримдиктин сырткы чек ара тууралуу талаптары да жол бербей турганын эскертишүүдө. Жергиликтүү байкоочу Хаитали Айкыновдун «Азаттыкка» бөлүшкөн пикирине караганда, Кыргызстан ЕАЭБдин мүчө болуп туруп, союздаштарынан уруксатсыз сырткы чек араны ача албайт.

Хаитали Айкынов.
Хаитали Айкынов.

«Чек ара маселесине келгенде Кыргызстан биримдиктин тышкы чек арасын өз алдынча ачууга же жабууга укугу жок, - дейт ал. - Анткени буга эң ириде биримдиктеги башка мамлекеттердин макулдугу керек. Өзбекстан менен чектешкен жолду өз алдынча ачып салса, анда биримдикке экономикалык кепилдикти ким берет? Биримдиктин сыртка товар сатуу, алып кирүү жаатындагы талаптары, эрежелери бар да. Бирок чек ара кызматы өкмөттүн уруксатысыз өз алдынча ача албайт. Демек, өкмөт да өз алдынча ачууга укугу жок».

ЕАЭБге Орусия, Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстан мүчө. Өзбекстанга таандык Сох району - Кыргызстандын аймагында жайгашкан анклав.

2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан соң Сох-Риштан жолу жабылган. Ошол убактагы вице-премьер-министр Токон Мамытов «Азаттыкка» жолду ачып, кайра иштетүүгө жергиликтүү бийлик да, Мамлекеттик чек ара кызматы да укуксуз экенин билдирди:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

«Жолду ачып-жабуу өкмөттүн буйругусуз ишке ашпайт. Себеби чек араны, андагы өтмөк-бекеттерди да өкмөт аныктайт. Бул эки мамлекеттин өкмөт аралык жолугушуусунун же комиссиянын чечими, токтому аркылуу гана ишке ашат. Ал жерде жөө адамдар өтүүчү же машине жүрүүчү деп да так аныкталууга тийиш. Бул жараян Фергана менен Баткен облусунун губернаторлору аркылуу эле чечиле турган маселе эмес. Өкмөттүн гана тапшырмасы же буйругу менен ишке ашат. Эгер өкмөт өзү жол ачылганын жокко чыгарып жатса, анда өкмөткө ишенүүгө тийишпиз. Бул тартип жана мыйзамдуулук».

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралар жана өткөрмө бекеттер аркылуу өтүү 2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин татаалдашкан. 2010-жылы Кыргызстандагы апрель, июнь окуяларынан кийин Ташкент өтмөктөрдү бир тараптуу жаап салган. Кыргызстан менен Өзбекстанга каттагандар айрым өткөрмө бекеттери: Оштогу «Достук» жана Кадамжайдагы «Вуадил» чек ара бекеттери аркылуу гана чакыруу телеграммасы менен өтүп турушкан.

2017-жылдын сентябрында Кара-Суу районундагы «Достук» чек ара бекети толук ачылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG