Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:45

Барак айылы Өзбекстанга өтөбү?


Кыргыз-өзбек чек арасы.

Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстандын башка жерине башма-баш алмаштырганы жатат. Коңшу өлкө Барактын ордуна Анжиян облусунан жер бере турганы белгилүү болду.

Бул тууралуу чек ара маселеси боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык жумушчу тобунун Фергана шаарында өткөн соңку жыйынында айтылды.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак айылына барчу жол Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Айылга каттоо 2010-жылдан кийин кыйындаган.

Өкмөт барактыктарды биротоло көчүрүп келүү тууралуу чечим чыгарган. Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзөт жана анын 85 пайызы такталган. Калган жерлер талаштуу болуп саналат.

Барак айылынын башчысы Бурканбек Ашыров Өзбекстан Барак үчүн Анжиян облусунан жер бере турганын "Азаттыкка" билдирди:

- Жерди алмаштырууну эл суранып жатат. Барактын жолу 2013-жылдын 17-январынан тартып бир тараптуу жабылган. Ушул күнгө чейин ачыла элек. Мисалы "Достук", "Маданият", дагы көп жерлер ачылды. Барактыкы ачылбай, эл Кызыл-Кыя аркылуу каттап жатат. Мында бир тарабы 300 чакырым, барып-келишиң 600 чакырым болот. Мурда Ак-Таш аркылуу жүргөн жолубуз 2,5 эле чакырым эле. Биз Баракты ошол жакка таштай турган болдук. Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районунун Бирлешкен деген айылы бар. Ал жер сыртынан чыгыш жагы Ак-Таш, түштүк жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү менен чектешип турат. Ошол Бирлешкен айылынан гектарына гектар жер бере турган болду. Эл чогулуп уруксат бердик. Азыркы күндө бул маселе иштелип жатат. Мен ошол бизге бериле турган жерди көрүп, ченеп жатканда өзүм кошо жүрдүм. Курбанбай Искандаров (кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү - ред) "1,5-2 жылдын ичинде маселе чечилип калат" деди. Ошого сабыр кылып күтүп жатабыз.

Барак айылынын тургундары көчүп келген Кара-Суунун Беш-Үй участкасы. 2014-жыл.
Барак айылынын тургундары көчүп келген Кара-Суунун Беш-Үй участкасы. 2014-жыл.

Баракта азыр туруктуу жашаган 20 кожолук бар, анда 78 адам жашайт. Жай мезгилинде эгин-тегин айдап тиричилик кылам деп баргандардын эсебинен айыл элинин саны көбөйө түшөт. Бирок алар кирип-чыгып турат.

Барак айылынын тургуну Алмаз Каримов Барак эксклавын алмаштырууга каршы эмес. Ал бул кыштактагы үй-жайын, жерин таштап Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл округуна биротоло көчүп келген. Бирок өкмөт берген жерде мектеп жок. Каримов балдарына карап ушул тушта Кашкар-Кыштак айылында батирде күн кечирип жатат.

- Ал жерге кириш үчүн Өзбекстан бизге коридор бербей койду. Убагында алмаштырып эле салганы жакшы. Бирок канча гектар жер алса, ошончо гектар жер берсин. Мисалы 280 гектар жер болсо андан кем эмес жер алынышы керек. Биздин бул жакка келгенибизге беш-алты жыл болду, жерибиз жок. Эч жерде иштебейбиз. Эми бул жерде ары-бери каттаганга тоскоолдук жок, эптеп курсагыңды тойгузсаң болот экен. Баракта жүргөндө ачка эле калганбыз. Баракта кой баккан, кичине жүгөрү айдап оокат кылган, өмүр бою ошол жерде жашаган аксакалдар бар. Алар жол ачык кезде деле бул жакка чыкпайт эле. Менин Баракта 75 сотых жерим бар болчу. Өкмөттүн эки гектар жерин иштетчүмүн. Трактор айдап, оокат кылчумун. Бул жакка келгенден бери жерим жок, тракторумду сатып, акчасын жеп койдум. Жашообуз абдан кыйын. Фонддун жеринен аукцион кылып ижарага берсе, ошону иштетет элек. Бул жакта бизге эч ким жерин бербейт. Берсе 40-50 миң сомго сатат. Биз деле элге окшоп дыйканчылык кылсак жакшы болмок.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу бул маселе кыргыз-өзбек өкмөт аралык жумушчу тобунун 7-августта Фергана шаарында өткөн жыйынында каралганын “Азаттыкка” ырастады:

Чыңгыз Эсенгул.
Чыңгыз Эсенгул.

- Кыргыз-өзбек өкмөт аралык жумушчу тобунун жыйынында Барак маселеси да каралган. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштери эки өлкөнүн премьер-министрлери бекиткен жумушчу тобу тарабынан жүргүзүлүп жатат. Делимитациялоо иштеринде жакшы жылыштар бар экенин белгилеп кетебиз. Учурда такталбаган жерлер, ошол эле Барак боюнча аныктоо иштери жүрүүдө.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев буга чейинки эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Барак маселесин чечүүнүн башка жолдору да каралганын айтып берди:

- Биз иштеп турганда Баракты алмаштыруу тууралуу сөз болгон эмес. Анткени башка вариантты караганбыз. "Кандай болгон күндө да ал өзүбүздүн аймак болуп кала берет, кандайдыр бир акционердик коом же чарба түзүлүп, Кыргызстандын жери, чарбасы катары кала берет" дегенбиз. Жер алмашуу дүйнөлүк тажрыйбада бар нерсе да. Баткен облусундагы Көк-Таш айылындагы 16 гектар жерди алмаштырууга даярдаганбыз. Муну алгач элден сураш керек. Элдин макулдугун алып, анан жогорку жакка жетет.

Чек ара маселеси боюнча эксперт Саламат Аламановдун пикиринде, бул жагдайды саясатка айландырууга негиз берилбеши керек. Ал Каркыра жайлоосунун Казакстанга, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилген учурун мисалга тартты:

Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

- Мындай иштен кийин ар түрдүү ача пикирлер сөзсүз чыга берет. Барак маселесин көп жылдан бери эле чече албай келбедикпи. Маселе чечилгенден кийин сынчылар, саясатка айландыргандар чыгат. Ошондуктан буга дайым даяр болуш керек. Каркыра деле ушундай болгон да, биз аны берип, өзүбүзгө эки эсе көп жер алганбыз. Биздин эл пайдаланып жүргөн жерди алганбыз. Ошол жердин чуусу азыр деле басыла элек. Бул өзү чоң оюнга айланып кеткен. Каркыра деле, Үзөңгү-Кууш деле эл жашабаган жер. Барак болсо калыптанып калган айыл, инфраструктурасы, көрүстөнү бар дегендей. Бул жерде маселе татаалыраак болушу мүмкүн.

Барак айылы Кара-Суу районуна карайт, бирок Өзбекстандын ичинде, чек арадан беш чакырым ичкери жайгашкан. Айылга кирип-чыгуу 2010-жылдан кийин кыйындаган. Кыргыз өкмөтү барактыктарды көчүрүп келүү тууралуу 2011-жылы токтом чыгарган.

2013-жылы Барак айылына барчу жолдогу Ак-Таш посту биротоло жабылган жана тургундар ал жактан массалык түрдө көчүп келе баштаган. Аларга Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл округунан, Сары-Колот айыл округунун Беш-Үй участкасынан жер бөлүнүп берилген. Чекти 153 адам алган жана алардын басымдуу бөлүгүнө өкмөт 200 миң сомдон ссуда берген. Жер алгандардын ондон ашыгы гана бул жерде туруктуу жашап жатат. Калгандары башка айылдарда батирлеп күн көрүшөт. ​

Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Чоң Кара-Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө деген анклавдары бар. Бул жерде коңшу өлкөнүн тургундары ортосунда маал-маалы менен чыр-чатактар катталып турат. Өзбек тарап Сох анклавына жол ачуу маселесин көтөрүп келет, расмий Бишкек буга бир жактуу жооп кайтара элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG