Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Барактыктар: үнүбүз кимге жетет?


Өзбекстандагы кыргызстандык эксклав Барактын ондогон тургундары Ош облакимчиликтин алдында митинг өткөрүп, аларды айылына өткөрүү маселесин тез арада чечип берүүнү, же утурумдук жашап туруучу жай таап берүүнү талап кылышты.

Алар “Акташ” жана “Достук” бекеттери аркылуу өтө албай, Кызыл-Кыя менен айланып келүүгө мажбур болуп жатканын айтышты.

Ош облустук администрациясынын алдында чогулгандар дээрлик бир айдан бери Барак эксклавына өтө албай жатканын айтышты. Ооруп келген Шааркан Мырзаева канча күндөн бери үйүнүн жүзүн көрө электигин айтты:

- Бул жакка келгенибизге бир ай болуптур. Бир айдан бери же тиги, же бул туугандыкына түнөп атабыз. Бирок эми алар деле жаман көрүшөт экен да. “Эжеңе барсаң жездең жат дейт, акеңе барсаң жеңең жат дейт” дегендей турмуш. Бала-чака, неберелер менен батышыбыз кыйын болду. Балдардын окуусу да калды. Өлүмдөн башкасын чечсе болсо керек, чоңдор кичине аракет кылса эле чечилсе керек. Бирок аракет кылбай атышат. 2-3 км эле жер, ошол жерден өтпөй, Кызыл-Кыя менен тегеренип келишибиз керек экен. Ал эми бизге өтө эле алыс да.

Барактыктар "Достук" өткөрмө бекети аркылуу да, өздөрүнүн Актай пункту аркылуу да ары-бери өтө албай турушат. Кызыл-Кыя аркылуу айланып келүү үчүн алар 200-300 чакырым жол басышы керек. Бул жакта биротоло калуу үчүн атайын жай жок дейт дагы бир барактык Катча Калыкова:

- "Аңгектен качсаң - дөңгөккө" болуп, чынын айтканда өтө кыйналдык. Өткөндө депутаттар жолбун иттерге үй салабыз деген маселени көтөрүп атышат. Ага караганда биз итчелик да болбой калыптырбыз. Бир түз жерден жер берип, үй салууга жардам берип, бизди чыгарып койбойбу. Биз бийликти, депутаттарды не деген максаттар менен шайладык эле. Бардык үмүтүбүздү таш капты.

Келгендердин арасында 12 жаштагы Аскат да бар:

- Менин келгениме 10 күндөн ашты. Футбол ойноп атып акырегимди сындырып алгам. Анан дарылануу үчүн келгем. Эми ошондон бери бара албай, үйүмдү сагындым. Азыр бирөөлөрдүн үйүндө жатып жүрөм. Ал жакка барып-келүү азырынча мүмкүн эмес.

Февралда Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөттүн өкүлдөрү Барактан кабар алып кетишкен. Кийинчерээк эксклавдын 4 өкүлү президентке, өкмөткө барып келген. Бирок ошондон бери да чара көрүлгөн жок деп капа болушат барактыктар. Барак айыл башчысы Бурканбек Ашыров:

- Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүктөрүнө кире берип, таманыбыз тешилди. Райондук бийликтерге да, облустук бийликтерге да канча жолу кайрылдык. Бирок биздин маселе булар чече турган маселе эмес экен. Мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык деңгээлде карап, бир жаңсыл кылышса жакшы болмок. Негизги талабыбыз - жолдорду ачышсын.

Ашыров муну кыргыз өкмөтүнүн Өзбекстан бийлиги менен тең ата сүйлөшө албагандыгынын натыйжасы деп кошумчалады:

- Бул жерде баарыбызга эле ачык-айкын болуп турат. Өзбекстан Сохко кирип-чыгуу боюнча "Кайтпас" пунктун ачышса, биз да Баракты ачабыз деп атышат. Ал жакты ача турган болсо, биз да бир мүнөт да токтобостон ачабыз деп атышат. Биз азыр Өзбекстанды күнөөлөй албайбыз, алар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн деп, болгон иш-аракеттерин жасоого укугу бар. Биз Кыргызстандын жетекчиликтерин маселени чече албаганы үчүн айыптап жатабыз.

Нааразылыкка чыккандардан жергиликтүү жетекчилик өкүлдөрдөн эч ким чыгып кабар алган жок. Бирок бул маселе жакын арада өтчү кыргыз-өзбек бийликтеринин сүйлөшүүлөрүндө бир жаңсыл болоору белгилүү болду.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов “Азаттыкка” мындай деди:

- Өзбекстан тарап барактыктар Кызыл-Кыя аркылуу өтсүн деп бизге бир нече жолу сунуштаган. Бирок биз макул болгон эмеспиз. Азыркыга чейин баш тартып келатабыз. Ошого карабай алар биздин элчиликке, Тышкы иштер министрлигине ушундай эле маанайдагы вариант менен нота жөнөтүптүр. Биз болсо дагы эле Барактын өзүн ачкыла деп сунуш айтып келатабыз. Жакын арада өкмөттүк делегация Өзбекстанга барып келсе, так ушул маселе кеңири талкууланат.

Мурда барактыктар Кыргызстанга "Бирлешкен" жана "Акташ" чек ара бекеттери аркылуу катташчу. Бекет январдын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып калган.

Жол ачылбай тургандыктан күйүүчү-майлоочу каражаттар жетишсиз болуп, Баракта жазгы талаа иштери ушул күнгө чейин башталбай турат.

Барак айылында жалпы 300дөй түтүн бар. Анда 2 миңдей адам жашайт. Административдик жактан Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык округуна карайт.

Барактыктар нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG