Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 11:00

Кыргызстан

Өкмөттөгү кадрлык өзгөрүүлөр

Өкмөт Үйү.

Акыркы апталарда кыргыз өкмөтүндө бир катар жетекчилер алмашты.

Өткөн жумада экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине которулса, анын ордуна Эркин Асрандиев вице-премьерликке келген.

Бул аптада болсо коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер Жеңиш Разаков кызматтан кетти. Анын ордуна дароо өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров дайындалды. Ал жооптуу болгон тармактар чектелип, чек ара маселелери боюнча гана вице-премьер болору белгилүү болду.

Мындан ары күч органдарынын ишине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү көзөмөл жүргүзмөкчү.

43 жаштагы Акрам Мадумаров - кесиби боюнча ветеринар. Ал буга чейин президенттин иш башкармалыгында, өкмөт аппаратында эмгектенип, Кадамжай районун, Мамлекеттик кадр кызматын жана Баткен облусун башкарган.

Ал эми 13-февралда болсо Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов жумуштан кетти.

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Өкмөт аттары аталган жетекчилерди кызматтан бошотуунун себебин ачыкка чыгарган жок. Бирок кызматтан алынган Жеңиш Разаков менен Алмаз Мамбетовдун дарегине бир нече жолу сын-пикирлер айтылган. Ал тургай кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чырдан соң Бишкекте Разаковдун кызматтан кетишин талап кылган митинг да өткөн эле.

Ал эми Мамбетов жетектеген Мамлекеттик каттоо кызматында коррупцияга каршы чаралар жетишинче жүрбөй жатканын Коопсуздук кеңеши жарыяласа, утур-утур ачыкка чыккан жасалма паспорт чыры бул кырдаалды күчөттү көрүнөт.

Мындай шартта бийлик элдин пикирин эске алганын көрсөтүш үчүн ушундай кадамга барды деген ойлор айтылууда. Маселен, эксперт Алмаз Кулматов ушундай пикирди кармангандардын бири.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

«Менин пикиримде, өкмөт башчылары жакшы кадрларды тандайлы жана элдеги маанайды эске алып жатса керек деген ойдомун. Биринчиден, чек араны билген, түшүнгөн, чечкен адам деп Мадумаровду тандашса керек. Экинчиден, эл арасындагы буга чейинки маанайды, нааразылыкты эске алып ушул кадамга барышы мүмкүн», - деди ал.

Бирок Акрам Мадумаровдун чек ара маселелери боюнча вице-премьерликке дайындалышын дароо эле парламенттин бир катар депутаттары сындап чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бийликтин жаңы кадрларды дайындашы өкмөттүн жалпы ишине таасири тийбейт деген пикирде.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Акыркы күндөрдөгү кадрдык дайындоолордун бардыгы бийликтин «артык кылам деп тыртык кылган» аракети болуп калды. Элдин нааразылыгын жараткан өкмөттү толугу менен кетиргендин ордуна улам бирден министрди кетирүүнү тандап алышты. Бир татыксыз министрди кетирип, анын ордуна андан татыксыз адамды алып келиши ишеним жаратпайт».

Азырынча Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи дайындала элек. Бирок саясий чөйрөдө бул кызматка учурда президенттин аппарат жетекчиси болуп турган Досалы Эсеналиев барары айтыла баштады. Өкмөт жана Эсеналиев бул маалыматты ырастай элек.

Эми жаңы келген кадрлар менен өкмөттүн иши илгерилеп, анын дарегине айтылган сын азаябы деген суроо туулат. Анткени акыркы убакта өкмөттүн алдында инвестициялык климаттын начарлашы, Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушу сыяктуу бир катар маселелер турат.

Жогорку Кеңештин депутаты, эки ирет биринчи вице-премьер-министр болгон Аалы Карашевдин айтымында, өкмөттүн мындан аркы иши саясий чечим кабыл алгандарга көз каранды болот.

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

«Сөзсүз түрдө кадр алмашуулар ошол тармактагы ишке таасирин тийгизет. Бекеринен «кадрлар баарын чечет» деп айтылган эмес. Жаңы келген жетекчилер иштин көзүн таап, жакшы жаңылык киргизиши мүмкүн. Бирок министрби, өкмөтпү же президенттик аппарат болобу, саясий чечим кабыл алгандарга көз каранды».

Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт 2018-жылдын апрель айында ишке кирген. Андан бери биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев гана өз ордунда иштеп жатат. 1,5 жыл ичинде калган министрлердин дээрлик баары алмашты.

Өкмөттөгү маалымат булактарынын айтымында жакынкы күндөрү бир катар кадрдык дайындоолор болушу мүмкүн. Алардын арасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да кызматын которушу ыктымал.

Муну депутат Рыскелди Момбеков да ырастап, бийликтеги болжолдуу өзгөрүүлөр тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

«Кийинки жумада биринчи вице-премьер-министрлик кызматка өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиев келери айтылып жатат. Ал эми азыркы вице-премьер Кубатбек Боронов президенттик аппаратка кетиши мүмкүн. Досалы Эсеналиев болсо Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болору айтылды. Ысык-Көлдүн жетекчилигине болсо Аскар Жаныбеков келери чечилди деп жатышат».

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен өкмөт эң тез-тез алмашкан өлкө болуп саналат. 29 жылдык эгемендик тарыхында 29 жолу өкмөт алмашкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жаңылыктардын толук тизмеси

Тойго корогон кайран өмүр

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул дүйнөдө кыргыздын бир эле жан досу бар. Ал - Комуз.

Ыйлаган үнүн, айткан арызын күү менен чертип, ичибиздеги бугубузду ошол аркылуу чыгарып, депрессиядан кутулабыз. Азыркы сыртта жүргөн мигранттарга Током баштап мурас калтырып кеткен алптардын «Сары барпы» күүсү туура келет.

«Күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп коёт, айда туусам айда жок, айда жылан жеп коёт» дегендей, күндө тапкан күнүмдүктү, айда тапкан айлыкты айылдагы аш-тойлорго чачып жаштыктын жыргалын көрбөй, көр тириликтин айынан аргасыз мусапыр болуп жүрөбүз.

Жакында коңшу Өзбекстандан куш кабар келди. Аш-тойлорго болгон чыгымдар кескин түрдө азайтылыптыр. Өз элин ойлогон өзбек аткаминерлердин бул кадамын бул өлкөнүн мигранттары жакшы кабыл алышты. Ансыз деле сарамжалдуулук, үнөмдүүлүк боюнча алдына ат салдырбаган өзбек элинин мындай кадамы биздин жетекчилерге сабак болчудай эмес. Демилгени эл жер-жерлерде өз колуна алып, айрым айыл-кыштактарда «аш-тойлорго кеткен чыгымдар азайтылсын» деп тургундар өздөрү көтөрүп чыгышса, ага каршы чыкандар да четтен табылат.

Демейде, аш-тойлордун орду кыргыз тарыхында кандай болгон? Бардык тарыхчылар «кыргыздын кыргыз болуп сакталып калышына бул мааракелердин ролу чоң болгон» деп жооп беришет. Көчмөндөргө таандык бардык салт-санаалар, ырым-жырымдар, өнөрлөр, спорттук иш-чаралар дал ушул аш-тойлордо өткөрүлүп, башка чоң элдердин ассимиляциясынан сактап калган фактор экени талашсыз.

Андан бери эчендеген суулар акты. Кыргыз эли (памирлик туугандардан башкасы) отурукташты. Коммунизм курабыз деп убакытты текке кетирдик, эми демократияны орнотууга аракеттер болуп жатат. Аттан түшсөк да ээрден түшпөй, байыркы бабалардын берешендигин көрсөтүүгө аракеттер күч. Мисалы, аравандык жигит Чоң-Алайга куда түшүп барса калыңына төрт түлүк мал сурашат. Төрт чарчы жери бар жигитте кайдагы төрт түлүк мал? Иттин өлүгү так ушул жерде көмүлгөн. Мындай иш-чараларга албетте, чоң суммадагы акча керек. Колунда малы барлар аргасыз коррупцияга барат, карапайым калк өжөрлөнө, керек болсо чоң үстөгү менен насыя алып, үйлөнүү үлпөт тойлору өтүп жатат. Эми жүк жалаң эле үйлөнгөн жаш жубайларга таандык болсо кана? Жакын тууган, дос-жоролорду да «кошумча» деген ат менен сазга батырып жатат. Азыркы аш-тойлор коррупция менен миграциянын гүлдөшүнө катализатор деп даана айта алам.

Кудайым тойго жеткирсин. Жакшылыктын душманы эмесмин. Бирок азыркы жомоктогудай, жайыл дасторкон жайган, ЗАГС машинелердин бир учу Ошто болсо, экинчи учу Кара-Сууда болгон, ашыкча ысырапка гана каршымын. Бала чакта айылдагы байкелердин тойлору эсимде. Үйдөгү короонун бурчуна килемге эки жаштын атын жазып, айылдын баарын чакырышчу. Эч кандай эстрада жылдыздарысыз эле, айылдын таланттуу ырчылары коштоп, аксакалдар бата берип бүтүрүшчү.

Эмне себептен биздин бийлик Өзбекстандагыдай кылып чектөө киргизбей жатат деген суроого жооп деле бар. Анткени айрым аткаминерлер аш-той жана майрам өткөрүп, бир кыйла капчыгын дөмпөйтүп жатканы баарыбызга маалым. Жаңы Жылда кебетеси келишкен Сузактагы балаты соцтармактарда хайп болду. Ага канча акча кеткенин бир кудай, анан Сузак администрациясы эле билет.

Бул бир кичинекей балаты экен. Миллиондогон долларга баалаган аш-тойлорубуз болду. Көчмөндөр оюндары, Оштун 3000, Манастын 1000, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн 2200 жылдыктары, ар бир кокту-колоттон чыккан баатырлардын аштары өттү. Дагы далайын өткөрмөкчүбүз. Кыргызстанда иштен көрө майрамдар көп. Ар бир аш-тойго жогору жактан келген чоңдордун «көзүнө көрүнүп коелу» деп ылдыйкылары көз көрсөтүп турушат. Тыйынды тыйынга өлчөп өткөрсөк жакшы, мындай жакшылыктардын бухгалтериясы коомго ачык болсо кана? Баарын текшерсек коррупциялык иштер толтура. Жетекчилер 100 сомдук буюмду 1000 сом кылып көрсөткөнү кыргыздын «күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичет» деген макалын эске салат.

Кыргыз кызык элбиз. Кытайдын бир жолу колдонула турган көк устарасын он жолу колдонобуз. Шампунь түгөнсө ага суу кошуп, көбүртүп, аягына чейин чыгарабыз. Чоң атабыздан калган «Москвичти» улам устага алып барып оңдотуп минебиз. Негизи үнөмдөгөндү жакшы билебиз да, неге ушундай аш-тойлордо кашыктап топтогонду чөмүчтөп чачабыз?? Эмне үчүн ошол акчаны илим-билим алууга коротпойбуз? Жок дегенде өзбек туугандардай бир өнөр үйрөнүп албайбызбы? Америкалыктар 3D принтер менен адамдын боорун жасап жатса, корейлер 56 секундада бирден «Хюндай» үлгүсүндөгү автомашина чыгарып жатышат. Биз дале болсо мандаш токунуп алып эт жегенден башканы билбей турган замандабыз.

Тойлор сөзсүз керек. Башка элдердин тойлоруна барып жүрөбүз. Өтө сарамжалдуу жана үнөмдүү. Бизде болсо керек эмес жоруктар аябай көп. Кытайдан чыккан жасалма калпактар менен көйнөктөр тоймо-той кыдырып, саргайып да кетет. Пайгамбар жашына барып калган чоң ата, чоң апалардын рок-н-роллго бийге түшкөн обу жок кылыктары «YouTube» аркылуу тарап, бүт улутту уят кылып бүттү. Эл жакшылары ушунун баарын эске алып, аш-тойлорду бир нукка сала турган учур бышып калды.

Максат Халилов

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Диний билим: ажырымдын өзөгү

Мечит. Бишкек.

Чет өлкөдөн диний билим алган жаштар ар башка көз карашты карманганы үчүн ажырым пайда болгону айтылып келет.

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты бекиткен 2014-жылдан 2020-жылга чейинки концепцияда студенттерди чет өлкөлөргө диний билим алуу үчүн окууга жөнөтүүнү тартипке салуу маселеси коюлган.

Бирок алты жылдай убакыт өткөнүнө карабастан, диний билим алууну каалаган жаштар чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларын өз алдынча тандап, көпчүлүк учурда алардын окуусун каржылаган демөөрчүлөр кимдер экени белгисиз бойдон кала бергени тууралуу маселе козголду.

Ар кайсы чет өлкөдөн билим алып, Кыргызстанга кайтып келип, кийин имамдык кызматтарга келгенде көз караштардын айырмачылыгынан улам, аларды ээрчиген жамааттардын ортосунда ажырым чыгып жатканы айтылды.

Айт намазга бараткан жаштар. Бишкек
Айт намазга бараткан жаштар. Бишкек

Ар кайсы чет өлкөлөрдөн диний билим алып келген Кыргызстандагы динзарлардын жана алардын артынан ээрчиген жамааттардын көп түрдүүлүгү, ажырымы жана алардын диний кырдаалга таасири коомчулуктагы талкууга жем таштады.

Салттуу дин аалымдары жаштарды диний билим алууга чет өлкөлөргө жиберүү тартипке салынбай, динди түшүндүрүүдө коомчулукту ажырымга алып келүүчү көз караштар күчөп, коомдук аң-сезимге таасир этүү үчүн диний жамааттар ортосунда тымызын тиреш бар экенин белгилешти.

"Чет элде окугандар каттоого алына элек"

Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тарта эле чет өлкөлөрдөн ислам багытында диний билим алууга умтулуу аракеттери күч алган.

Ислам динин тутунган бир катар кыргызстандыктар Египет, Сауд Арабиясы,Түркия, Малайзия, Иордания, Пакистан сыяктуу өлкөлөргө барып, ал жактагы жогорку ислам окуу жайларында билим алса, көпчүлүгү Индия менен Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдөн төрт айлык же болбосо бир жылдык диний дарстарды угуп келишкен.

Бул диний курстардан адатта алар ошол өлкөлөрдө дааватта жүрүп, андагы мечиттер жана медреселер аркылуу өтүшөрү көрсөтүлгөн. Бирок диний жогорку билим алууга же кыска мөөнөттөгү диний окуу дарстарына кеткендердин так саны белгисиз.

Аким ажы Эргешов.
Аким ажы Эргешов.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Аким ажы Эргешов муфтияттын жолдомосунан тыш окууга кеткендердин так саны белгисиз экенин айтып, ошондуктан чет өлкөлөргө өз алдынча окууга кеткендер эмнени окуп, эмнени үйрөнүп жатканын көзөмөлдөө иш жүзүндө мүмкүн эместигин белгиледи:

"Сыртка окууга кеткендерди көзөмөлдөө биздин милдет эмес. Аны дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан сурап көргүлө. Биз алардын так санын айта албайбыз. Негизинен азыр мусулман өлкөлөрүнүн бардыгына эле өз жолу менен кетип жатышат. Алардан каякка кетип жатканын биз сурай албайбыз. Эгер муфтияттан жолдомо алып, кете турган болсо, биз аларга көрсөтмө беребиз. Бирок биз бардыгына милдеттеме алган эмеспиз. Бул жагы мыйзамга салынган эмес. Бизден жолдомо алып, диний билим алуу үчүн чет өлкөгө кеткендердин саны отуздун тегерегинде болсо керек. Негизинен Египетке, Иорданияга, Сауд Арабияга жана Пакистанга окууга кетип жатышат. Бул жакта алардын билим алуусуна көзөмөл бар. Бирок алар чет өлкөлөргө чыгып кеткенден кийин аларды көзөмөлдөө биздин колубуздагы иш эмес".

Медреседеги бала. Ооганстан.
Медреседеги бала. Ооганстан.

Диний жогорку билим алуу үчүн же кыска мөөнөттүк диний курстарга чет өлкөлөргө кеткен жарандардын так санын Кыргызстандын муфтияты дагы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да, Тышкы иштер министрлиги да билбей турганы белгилүү болду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Закир Чотаев тиешелүү мыйзамдык база болбогондуктан чет өлкөлөргө диний окууга кеткендер каттоого алынбасын билдирди:

"Чет өлкөлөрдөн диний билим алууну каалагандар уруксат алуу үчүн бизге кайрылбайт. Анткени мыйзамда мындай ченем жок. Мурда чет өлкөгө окууга жиберүү маселеси боюнча макулдашууну караган президенттин жарлыгы бар болчу. Бирок ал жарлык иштебейт. Анткени биздин Баш мыйзамда жарандардын өлкөнүн ичинде жана өлкөдөн тышкары эркин чыгуу укугу бар. Ошондуктан чет өлкөгө диний окууга кетип жаткандар боюнча бизде каттоо жүрбөйт. Көп учурларда алар өздөрү кетишет. Кыргызстандагы диний уюмдар аркылуу стипендияларды таап, мына ошол аркылуу окууга барат. Азыр кайсы өлкөлөрдө биздин канча студент окуп жатканы тууралуу маалыматыбыз жок. Тышкы иштер министрлигине кайрылып, диний билим алып жаткандар тууралуу сурайбыз. Бирок бизге алар консулдук каттоого турбагандыктан, так маалымат жоктугун айтып, жооп беришкен".

Соңку жылдары туристтик виза менен же жекече чакыруулар аркылуу чоочун бирөөлөрдүн каржылык жардамы менен сыртка диний билим алууга кеткен жаштардын агымы көп экени иликтөө учурунда байкалды.

Бул өтө тынчсыздандыра турган көрүнүш экенин салттуу дин аалымдары да ырасташкан. Алар чет өлкөлөрдөгү сапаттуу жана коопсуз диний билим берген окуу жайлар менен гана келишим түзүп, ошол жактарга гана балдарды окууга жиберүү боюнча сунуштар ушул күнгө чейин аткарылбай келе жатканын сынга алышты.

Ошондой эле чет өлкөдөн бүтүп келгендердин диний билимдеринин жана жасаган амалдарынын ар түрдүүлүгү көз караштардын ажырымына алып келип жатканына салттуу дин аалымдары кабатыр.

Диний мектептер ортосундагы ажырым

Жалал-Абад облусунун мурдагы казысы Дилмурат ажы Орозов жума намазын окуй турган мечиттердин көбөйүшүн аларды жетектеген имамдардын ар түркүн чет элдик диний мектептердин жөрөлгөлөрүн карманган көз караштарынын ич ара ажырымы менен байланыштырды:


"Чет өлкөлөргө окууга кеткен балдар ал жактардан жөн эле билим алып келбестен, ошол жактын акыйдасын алып, ошол жактын үрп-адаттарын, ошол жактагы устаздарынын жүрүш-турушун кошо үйрөнүп, бул жакка көчүрүп келип жатышат. Ошол нерселер биздин коомго жат көрүнөт. Ошонун айынан бизде көз караштардын карама-каршылыгы пайда болууда. Мага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы бир жолу "сиз кызматтан кеткенден кийин бир жылда шаарда жума намазын окуй турган 13 мечит ачылып кетиптир, биздин элибиз чын эле мечиттерге батпай калдыбы?" деп суроо берип калды. Анткени ага чейин төрт мечит бар эле. Мен ага "эл мечиттерге батпай калган жери жок, имамдар батпай калды" деп жооп бергем. Чынында эле азыр эки имам бар болсо, эки башка көз караш. Өз ара сүйлөшүп, бирин-бири түшүнүштүн ордуна, башка жактан жума намаз окуй турган мечит ачып, чыгып кетүү аларга оңойураак болду. Менден кийин казы болуп келген адам жума намазын окуй турган мечиттерди куруп, ачканга уруксат бере берди. Ошону менен азыр бизде он беш чакты жума намазын окуй турган мечит, он беш түрдүү имамдар бар. Алар Египеттен, Сауд Арабиядан, Пакистандан жана Түркиядан окуп келген балдар. Бир эле маселенин тегерегинде төрт-беш түрдүү сөз чыгат. Ар кимиси ар башкача чечмелейт. Анан ар кимисинин артынан ээрчиген жактоочулары чыгат. Ошону менен акыйкаттыкка жете турган жол татаалдашып, алыстап кетип бара жатат".

Медреседен билим алган кыздардын жоолук оронушуна да кыргыз коомчулугунун көз карашы бир кылка эмес.
Медреседен билим алган кыздардын жоолук оронушуна да кыргыз коомчулугунун көз карашы бир кылка эмес.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында 2016-жылы диний кырдаал катуу талкууланып, анда 2014-жылы бекитилген дин боюнча мамлекеттик саясатты ичине камтыган концепциянын талаптарын аткаруу маселеси козголгон. Алардын эң эле негизгиси катары жаштарды чет өлкөлөргө диний окуу жайларга жөнөтүүнү тартипке салуу жагы каралган.

"Көзөмөл такыр жок эмес"

Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев чет өлкөлөргө диний билим алууга жиберилгендер каттоого алынбаганы менен алардын болжолдуу саны жана окуу багыттары белгилүү экенин айтып, анда окуган кыргызстандык балдарды көзөмөлдөй турган башчылары бар экенин кошумчалады:

"Чет өлкөлөрдүн арасынан эң көп Египет өлкөсүндө беш жүзгө чукул студент окуйт. Сауд Арабия, Иордания жана Малайзияда да студенттер бар. Биздин азирети муфтий ал жактарга барганда, ислам университеттеринде окуган студенттерди чогултуп, "ханафий мазхабынын, матрудий акыйдасына бекем болгула" деген кеңештерин берип келет. Азыркы мезгилде окуп жаткан студенттердин арасында бир топ оңолуу бар. Биз аларга чет өлкөлөрдө окуп жатканда чет элдин үрп-адатын, салттарын өзүңөргө сиңирип албай, "ислам багытында бир гана ханафий-мазхабына басым жасагыла" деп айтып келе жатабыз. Мындан сырткары Египетте бизде мурда каныгып окуп кеткен, тажрыйбалуу жана билимдүү жана ишеничтүү балдар бар. Биз мына ошолорду калган студенттердин башына коюп, алар балдарды көзөмөлдөп турат. Сауд Арабиясында окуган студенттерди дагы биз жоопкерчиликтүү балдарга дайындап, окутуп жатабыз. Алардын арасынан эртең бул жакка келгенде кайсы бири көйгөй жаратпагандай нукка салуу үчүн иштерди алып барып жатабыз".

Салттуу мектеп кандайча "сүрүлдү"

Анткен менен салттуу дин аалымдары буга чейин Орто Азияда ханафий мазхабынын жана матуридий акыйдасынын негизинде исламды окутуунун Бухара мектеби таасирдүү болгонун белгилешет. "Ал мектеп кастыкты, жек көрүүнү четке кагып, динди таңуулоо аркылуу эмес, ынаным аркылуу жайылтууну көздөгөнү менен азыр өлкөгө келип жаткан диний агымдардан кескин айырмаланат" дешет.​

Бангладештеги медреседе окуп жаткан балдар.
Бангладештеги медреседе окуп жаткан балдар.

Дилмурат ажы Орозов чет өлкөлөрдөгү ар кайсы окуу жайларынан билим алгандар экстремисттик же радикалдык идеялар менен сугарылбаган учурда деле, алар башка элдин үрп-адатын, маданиятын жана диний негиздеги салт-санаасын "импорттоочу өткөргүч" катары кызмат кылып, аларды бириктирүүчү диний саясат ишке ашпай жатканын белгиледи:

"Балдар кайсы жерден окуп келсе, мына ошол жердин моделин, үрп-адатын, салтын көчүрүп келип, бул жакка жайылта турган жагдай түзүлүп жатат. Пакистандан окуп келген балдар, Кыргызстан Пакистандай болсо дешет. Түркиядан окууну бүтүп келгендер биздин өлкөнүн Түркиядай болушун каалашат. Саду Арабиясынан окуп келгендер бизде дагы бардыгы мына ошол жактагыдай болсо дешет. Мына ушундай тенденция жүрүп жатат да".

Четке окууга тартуунун "чеберчилиги"

Буга чейин Булан институтунун изилдөө-баяндамасында ислам дини боюнча диний билим алуу үчүн Кыргызстандан сыртка чыгып кеткендер адатта, чет өлкөлөрдөгү диний радикалдык-экстремисттик уюмдардын торуна түшүп, алардын динди бурмалап окуткан окуу борборлоруна кабылып калуу коркунучу жогору экени эскертилген.

Мисалы, баяндамада Пакистанда диний окуу жайлардын басымдуу бөлүгүн расмий катталбаган медреселер түзүп, алар "Таблиги жамаат" жана "Ахл-у Хадис" сыяктуу ар кандай диний агымдарга тиешелүү экени изилденген.

Панжап аймагында "Ахл-у Хадис" жамаатына тиешелүү медреселер, мечиттер, диний-экстремисттик багыттагы басмаканалар жана диний-саясий багыттагы уюмдар бар экени баяндамада көрсөтүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов чет өлкөлөрдөгү мына ошондой диний окуу жайларга тартуунун айла-амалдары тууралуу айтып берди:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

"Андагы жаштардын көпчүлүгү бекеринен барып калган эмес. Алар бул жакта Кыргызстанда жүргөндө эле кандайдыр бир адамдардын үгүтү, таасири, акчалай жардамы жана байланыштары аркылуу барышканын биз билебиз. Бул жакта мына ошондой жеке фонддор, уюмдар ачык иштешпейт да. Алардын артында кимдер турат? Алар кандай максат менен жаштарды чет өлкөлөргө окууга жиберип жатат? Мына ошолор тууралуу маалыматтар мамлекеттик органдарда жок. Жаштар мына ошол жакка барып, окуп келгенден кийин гана тиешелүү органдар аларды билип калып жатышпайбы. Биз чет өлкөлөрдө диний билим алып жүргөн балдар ар кандай экстремисттик уюмдардын торуна түшүп калганы тууралуу маалыматтарды алчу элек. Алар чет өлкөгө диний билим алууга кетип жатканда, стипендиясын, жол акысын төлөп берет экен. Жаштар ал жакка окууга жакшы эле ниет менен барышат. Бирок аларды алдап, паспортторун алып коюп, экстремисттик уюмдардын катарына кошулуп, андан кийин чыга албай калышат".

"Азаттыктын" архиви: Диний билимсиздик. Агым. Аргасыздык​. 2018-жыл

Бирок жашыруун каржылоо каналдарына байланышкан мындай жүйөлөргө бир катар дин аалымдары макул эмес. Жаштарды чет өлкөлөргө диний окууга жөнөтүү менен алектенген жеке менчик фонддор жана агенттиктер бар дегени менен ал маалыматтарды расмий түрдө ырастоого мүмкүн болбоду. Аталган фонддордун каржылоо булактары каяктан экени да белгисиз.

Демөөрчүлөр берген дем

Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев муфтияттан жолдомо берилип, чет өлкөгө окууга жиберилгендердин демөөрчүлөрү белгилүү экенин айтып, андай каржы булактарынан шек саноого негиз жок экенин белгиледи:

"Биздеги жеке адамдар деле балдардын чет элдеги окуусун каржылашы мүмкүн. Анткени соопчулук үчүн үч-төрт кээде 10 балага чейин чыгымын моюнуна алып, аларды "чет өлкөлөргө окууга жиберели" деген адамдар деле бар. Бирок биз андай жеке адамдын ишине кийлигише албайбыз. Бул анын өз эрки. Көптөрү мындай соопчулук иштерин ачыкка чыгарууну каалашпайт. Египетке барганда ал жактагы белгилүү аалымдардын стипендиясын алып, жашаган балдарыбыз бар. Мисалы Египетте билим алгандарды каржылаган кувейттик Аль Багдин деген бир аалым бар. Мурда Египетте билим алган көпчүлүк балдар мына ошол кишинин стипендиясын алып, окушкан. Ошондой эле ал жактагы кайрымдуулук фонддорунан стипендия алып, окугандар бар. Ал жактагы мурдагы муфтийлер түзгөн кайрымдуулук фонддорунун стипендиясы да бар. Ал эми Сауд Арабияда андай демөөрчүлөргө деле муктаждык жок. Анткени студенттерге окуу жайдан 250-300 доллар стипендия берилет. бул акча билим алууга кенен жетет".

Четтеги шектүү окуу борборлору

Ошол эле кезде көп жыл атайын кызматтын терроризмге каршы күрөшүү багытын жетектеген жана Коопсуздук кеңештин катчылыгын аркалган Марат Иманкулов Кыргызстандын чалгын кызматтары Пакистандын уруулар жайгашкан Түндүк Вазирстан аймагында жана Ооганстанда жашыруун негизделген диний окуу борборлорунда диний билим берүү менен катар эле андагы окуучулар аскердик даярдыктан өтө турганы боюнча маалыматтарды бергенин эске салды.

Пакистандагы медреседе билим алган жаштар.
Пакистандагы медреседе билим алган жаштар.

Анын айтымында, мындай жашыруун окуу жайларын экстремисттик-террордук топтор көзөмөлдөп, каржылап, болочок "моджахеддерди" даярдаган машыгуу борборлоруна айландырган учурлар болгон.

Марат Иманкулов андай окуу борборлорунда Борбор Азиядан, анын ичинен Кыргызстандан баргандар тууралуу дагы ыкчам маалыматтар келип турганын айтты:

"Диний билим алып жаткан жерлерде ар кандай күжүрмөн машыгууларды өткөргөн учурлар тууралуу дагы ыкчам маалыматтар болгон. Негизи, диний окуу жайлардын окуу программасында андай нерселер жок болушу керек эле. Мен иштеп турган кезде, пакистандык кесиптештер менен сүйлөшүп калчумун. Ошондо алар "жарандарыңар бул жактагы ар кандай жеке менчик окуу жайларга окууга кирип алып, эмне менен алек болуп жүрүшкөнү бизге дагы беймаалым, ушуга көңүл бурсаңар жакшы болот эле" дешкен. Себеби, ал жактагы ар кандай топтордун үгүтү менен жоочу болуп кеткен учурлар көп болбодубу".

Буга чейин Пакистандын Муридке шаарындагы «Марказ-и Дава-йы-Иршад» медресеси билим берүү менен бирге эле саясат, соода-сатыкты жана аскер өнөрүн кошуп окута турганы белгилүү болгон.

Андыктан дин таануу жаатындагы адистер чет өлкөлөрдөн диний билим алгандардын кайсы бир бөлүгү Кыргызстанда салафиттик агымдын ичиндеги радикалдык такфиризм идеясын тутунган жамааттар же болбосо алар менен үндөш идеяларды жайылткан диний топтор пайда болгону тынчсызданууга негиз бере турганын айтышууда.

"Азаттыктын" архиви: Диний агымдар: коопсуздукка коркунуч жокпу? 2019-жыл

Диний агымдар: коопсуздукка коркунуч жокпу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:20 0:00

Жакындан бери Кыргызстандын муфтияты араб өлкөлөрү менен Пакистандан сырткары окуучуларды Башкирия менен Татарстандагы Казан жана Уфадагы жогорку диний окуу жайларга жиберүү маселесин колго алган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2018-2019-окуу жылдарында 15 кыргызстандык Казанга жана Уфага окууга жиберилгенин маалымдады.

Макала "Азаттыктын" IWPR Central Asia медиа-уюму менен кызматташтыгынын алкагында даярдалды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Курч акын, шайыр акын, даана акын 70те

Шайлообек Дүйшеев

Кыйчалыш маалда ойготкуч акыны болгон элдин келечеги бар. Кыргызстандын Ички Теңир-Тоосунун койнунда, Ат-Башы жергесинде 1950-жылы 23-февралда туулган Кыргыз эл акыны, журналист Шайлообек Дүйшеевдин 70 жылдык торколуу тоюна арналган блог.

Кайдыгерликти жеңүүгө чакырык

Ар бир муундун акын-жазуучулары өз үнүн элге жеткириш үчүн ар башка атаандаш төрдү колдонот тура. Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай акындар ат үстүндө же боз үйдө отуруп ырдап, комуз чертип, сөөк агартса, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Эшенаалы Арабай уулу, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков сыяктуу бабаларыбыз падышалык оторчулук доорунда эле калем жорголотуп, кагаздагы чыгармалары менен калайыкты сабаттуулукка үндөгөн.

Кеңеш доорунун соңку чейрек кылымын алсак, Ала-Тоонун калкынын жеңилбес рухун чыгармаларында шөкөттөп берген Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Ашым Жакыпбеков, Жалил Садыков, Байдылда Сарногоев, Эсенгул Ибраев сыяктуу калемгерлер чыкты. Алар 1960-80-жылдары кыргыздын карт тарыхына жана дастандарына астейдил мамиле кылууга, өтмүштү калыс үйрөнүүгө чакырып, ар кыл публицистикалык, көркөм чыгармаларды жарыялашканы маалым.

«Кайра куруу» доорунда элеттиктердин, көчөдөгүлөрдүн, үйсүздөрдүн, укугу тепселгендердин, жалпысынан, теңата укугун талашууга даап, өз эне тилин мамлекеттик тил макамына жеткириш үчүн күрөшкөн кыргыз элинин үнүн тайманбастан билдире турган инсандар аба менен суудай керек болду. Андайларды коммунисттик «саясий Олимпке» жакындардан эмес, бийликтеги жалгыз партияга (КПССке) эч бир көз каранды болбогон, чоң кызмат аркалабаган, саясий карьераны ныпым ойлобогон катмардын өкүлүнөн, жаштардан көбүрөөк күтүшүбүз ыктымал болчу.

Ошондо суурулуп алдыга чыккан дал ошондой калемгер - жаш акын Шайлообек Дүйшеев агабыз эле. (Кийин да ал эч бир саясий партияга мүчө болгон жок. Маркум Мелис Эшимканов «Бей-бечаралар» партиясына эч азгырып мүчө болтура албай койгон, ини досу Болот Шернияз да «Ата Мекен» партиясына мүчөлүккө жолото албай койду. Себеби Шайлообек агай - саясий топтордон эркин инсан).

Сыйлуу төргө жакын улуу муундагы акын-жазуучулардан айырмаланып, Шакебиз эл көйгөйүн карапайым калайыктын ичинен туруп, мындайча айтканда, улагадан туруп эле шардана кылып чыга келди.

Анын 1988-жылы жазылып, кийин улам кеңейтилген «Кайдыгерлик» чыгармасы өз учурунда кагылган добулбас катары «Кайра куруу» доорунун тарыхында калды.

Падышалык оторчул бийлик жана кийин алардын ордун баскан коммунисттер Ала-Тоодогу нечендеген мурдагы тарыхый аталыштарды жерип, өздөрүнүн «татуировкасын» таңуулагандыгы жөнүндөгү Шакебиздин ыр саптары ошол 1988-жылы деле «тентек» ой болгон:

«...Кыргыз жери кыргызча эмес,

Сосновка, Покровка,

Чүйдө дагы Покровка,

Көлдө дагы Покровка,

Таласта да Покровка,

Покровка, Покровка, Покровка,

Кыргыздын жериндеги татуировка!.

Эгерде бул сыяктуу ырды кимдир-бирөө 1930-40-жылдары жазса, балким, атылып кетмек, 1950-жылдары жазса сүргүнгө айдалып кетмек, 1960-84-жылдары жазса, өмүр бою (тактап айтканда, СССР жыгылганга чейин) «кара тизмеде» калмак жана чыгармалары эч жарык көрмөк эмес.

Кыргыз улутунун кызыкчылыктарын коргогон, «Манас» эпосун иликтеген, эгемендик идеясына багыт берчү ойлорду китебинде камтыган, кыргыз тилинин макамын чыңдагысы келген далай айдыңдар совет доорунда жайран болуп кетишти же абактан кийин айдыңдык жумуш таппай жүрүп өтүштү. Касым Тыныстанов, Тазабек Саманчин, Кубанычбек Нурбеков, Ракым Усубакунов... Бул тизмеге «бадышаны кулатып, бартияны кан (хан) кылдык» деп партократиялык режим орногонун сынга алган, «басмачылардын акыны» катары жектелген айтылуу Казыбек казалчыны ж.б. эркин ой ээлерин ошол «Кайра куруу» доорунун соңку жылдарында гана кошо баштадык.

Дал ошол тагдыр чечээр «Кайра куруу» доору, айкындык үчүн күрөш жүргөн 1988-жыл үчүн деле Шакебиздин ыры «журт ойготор» (эски коммунисттик цензуранын өкүлдөрүнүн тили менен алганда «журт бузар») чыгарма, уккан кулакты да, аңдаган мээни да сергиткен атуулдук чыгарма болуп калды.

Солдон оңго карай – Шайлообек Дүйшеев, Ч.Бакасов, М.Рыскулбеков, К.Тагаев, К.Жусупов, А.Керимбаев.
Солдон оңго карай – Шайлообек Дүйшеев, Ч.Бакасов, М.Рыскулбеков, К.Тагаев, К.Жусупов, А.Керимбаев.

Бул «Кайдыгерлик» ырын көтөрүлүшчү обончу-ырчы агабыз Сагынбек Момбеков Совет доору ураганы калган кездеги Бишкекте коммунисттик өкмөткө каршы нааразылык жыйындарынын учурунда гана эмес, 1991-жылкы жайындагы «Өмүр көчү» жүрүшү маалында жана башка учурларда Кыргызстандын ар башка дубандарындагы шаар-кыштактарды түрө кыдырып, эл аралап гитардын коштоосунда аткарып жүрдү.

Ошентип, ыр кудурети музыка кудуретине жуурулушуп, дал ушул «Кайдыгерлик» ыры аркылуу Шакебиз менен Сакебиз ар кимиси өз жолу менен элдин сезимине бүлүк салып, жаш муундарды сергек ойго жетелеп, «Көйгөйгө тирикарак көз менен кара!» деп ураан чакырып жүрүштү.

Сагынбек Момбеков «Элдик курултайда» ырдоодо. 17-март, 2010-жыл.
Сагынбек Момбеков «Элдик курултайда» ырдоодо. 17-март, 2010-жыл.

Баса, бул «Кайдыгерлик» ыры «Кайра куруу» доорунан да ашып түштү. Бул ыр азыр деле ойгото электер бар, эми бизге айла жок деңизчи!

Алар үчүн Шайлообек акын бул ырынын дагы бир шиңгилин береги эле «бакиевдик доордо», 2008-жылы жарыялады.

«Кайдыгерлик деген неме,

Кайран элди

Чокуга чабабы дейм,

Кара жолго кареги агабы дейм.

<…>

Кайдыгерлик деген неме,

Абыке-Көбөш болуп,

Ажалын сунуп турат,

Кайнатпай көчүгүңө

Карандай сууну күндө

Куюп турат,

Карасаң маңдайыңда

Калк эмес, кыргыз эмес,

Кашайган дудук турат!.

Тилегеним, эми эл-журтубуз эки ыңкылапты баштан кечирген соң, алдыдагы жылдары деле «Кайдыгерлик» ырынын жаңы шиңгилин жазуу үчүн акынга орчун себеп табылбаса экен!..

«Манас» жана Айтматов таануу

...Кийин анан ыраматылык энем айтпадыбы: «Ка-ап, балам! Мен сени ойготуп ийдим... Бекер ойготуп ийиптирмин, «Манас» айтып аткан экенсиң, үстөлгө отуруп, көзүңдү жумп алып», –– деп. Жин тийген экен деп энем мени силкип тургузуптур да, молдого жетелеп барыптыр. Билем, мен молдого алып барганын. Ошондо жөн койгондо «Манас» айтып кетмекмин, балким?
Шайлообек Дүйшеев

Шакебиздин чоң дөөлөтү, чоң сыймыгы – анын чыгармаларындагы эл кадырлаган рух, эл маашырланган эркин ой.

Агабыздын атуулдук аң-сезиминин калыптанышында «Манас» эпосунун опол тоодой орду бар экен.

Ал түгүл Шакебиз деле жаштайынан манасчы болуп кала жаздаганын мындайча эскерет:

«Кенедей кезимде айылдагы көчөнүн тияк-бияк өйүзүндөгү чал-кемпирлер «Манас» окутушчу, мага. Мен баягы эле көк китепти (кошмо вариантты) көтөрүп алып окучумун. Эч тажачу эмесмин. «Бүттү, балам, эми кет, бул жеринен бүктөп кой, эртең келип оку калганын», - деп тамак-несин берип, анан мени үйгө кетиришчү. Аябай күтчүмүн, "«Манасты» баягы жеринен баштаймын, буюрса" деп. Кийин анан ыраматылык энем айтпадыбы: «Ка-ап, балам! Мен сени ойготуп ийдим... Бекер ойготуп ийиптирмин, «Манас» айтып аткан экенсиң, үстөлгө отуруп, көзүңдү жумп алып», - деп. Жин тийген экен деп энем мени силкип тургузуптур да, молдого жетелеп барыптыр. Билем, мени молдого алып барганын. Ошондо жөн койгондо «Манас» айтып кетмекмин, балким».

Шайлообек агабыздын бул маегин окуп, бала чагымда айыл аксакалдарына ар башка кечте ошол «көк мукаба» кошмо вариантты окуп берип жаткан ыраматылык атам Кадырмамбет Чоро ажы уулу эске түштү (ал киши ыр жазчу эмес, тек гана элет жергесиндеги 1920-60-жылдардагы чогулган калайыкка китеп окуп берүү салтын уланткан); Эчки-Башы айылындагы семетейчи Дуңкана атабызды эстедим; залкар манасчы Жусуп Мамайды, Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда, Ак-Тоодо (Чыгыш Памирде), Хотандын Кең-Кыр айылында «Манастан» үзүндү айткан кытайлык кыргыз туугандарды эстедим.

Тыныбек манасчы Сагынбай Орозбак уулуна таасир эткен экен, Сагынбай 1916-жылы улуу көтөрүлүш жеңилгенден кийинки Үркүндө Какшаалга барып, Балбай Мамайга (Жусуп Мамайдын агасына) өз өнөрүн тааныткан экен. Ала-Тоодо Сагынбайдан Саякбай, андан Шаабай, Сапарбек жана башка манасчы аталар бата алышкан... Ушул чынжыр уланып, көрсө, 1950-жылдардын соңунда элеттиктерге «Манастын» кошмо вариантын окуп берип жүргөн Шакебизди да ойготуп кеткен тура.

Акыры Шакебиз «Манас» эпосунун айрым окуяларын акындык жүрөгү менен чечмелеп, 2010-жылы күзүндө китеп кылып жарыялады.

Албетте, «Манастын» үзүндүлөрүн салтка ылайык оозеки төгүп, манасчылык өнөрүн ушул күндөрү да татыктуу аркалап жүргөн замандаштарыбызга миң мертебе таазим этебиз.

Ошону менен бирге, акын Шайлообектин бул аракетин да коломтодогу отту өчүрбөй, очокко жаңы отун калагандай маанилүү далаалат катары баалайбыз. Шакебиздин ыр варианты тууралуу айрым сын кептер да айтылды, бирок чыгармачылык дүйнөсүндө «сыя челектен чыкпаган калем уч гана эч ката кетирбейт» деген чындык сөз бар эмеспи!

Айматов таануу тармагынын илимпоздору да Шакебиздин өзгөчөлөнгөн эмгектерин иликтеп келишет.

Фолклордук мурас деген соолугус мухиттен таасир алган Шайлообек акын «Манастан» кийин эле кыргызды бүт дүйнөгө даңаза кылган Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган кошогунда мындайча айырмалуу саптарды камтыйт:

«...Кымбаттуу уулун жоготуп,

Кыйналып журтуң турабы?

Кыйла элден келип канчанын

Кылгырып жашы кулады.

Кыйырды билген адамга,

Кыргыздын эле тоосу эмес,

Кыямат,

Кылымдын тоосу кулады.

Теминип булут тектирден,

Тескери акты булагы.

Тебелеп келген ажалдын

Текебер беле сурагы.

Теңдешсиз уулун жоготуп,

Теңселип журтуң турабы.

Тескейден келип канча элдин,

Тегизди билген адамга,

Тектирдин эле тоосу эмес,

Теңирдин тоосу кулады...»

Шайлообек Дүйшеевдин маркум Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап жазган «Кудайдын тоосу кулады» деген эскерүү китеби (анда кошок да, кара сөз эскерүү да камтылган) 2018-жылы жарык көрдү.

Досу Эсенбай Нурушев жазган Айтматов таануу жаатындагы серебиндей (Нурушев Э. Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос. -- Бишкек, 2018.) эле, Шакебиздин ушул чыгармасы да өзгөчө талкуунун бутасына айланды да калды.

Айрымдары «Теңирдин тоосу кулады» дегенге чычалап чыгышты. Ала-Тоо аймагы жалпы Теңир-Тоонун бир бөлүгү экендигин, кыргыздар гана эмес, тектеш жана коңшулаш башка элдер да кайгырып турган ошол 2008-жылдагы учур дагы эле жадыбызда. Чынында да Теңир-Тоонун эң ири чокусу урап түшкөндөй эле болгонун жазып, Шакебиз өз кошогун кылымда учурабаган сөз менен шөкөттөй алган деп эсептейм.

Шакебиз сөз берметин издеген учур.
Шакебиз сөз берметин издеген учур.

Ай ушул «Агындылар» ай!

Алтымыш жаштан өткөн соң, тулпар атын (Пегасты) улам жаңы өңүттү көздөй камчыланган Шакебиз публицистиканы, эскерүүнү, жанытмаларды жана ыр саптарын бири-бирине ширелткен «Агындылар» китебин жаратты. Бул китеби аркылуу да ал нечендеген замандаштарын жандантып койду. Эми мурдагы колхоз бригадирлеринен жана кампачыларынан бери Шакебизге атаандашып, өздөрүнүн «Чамындыларын», «Кап түбүндөгү кагындыларын» жана башка аталыштардагы үлкөн же чакан чыгармаларын басма үйлөрүнө ала чуркашты.

Дегиңкиси, булардын бардыгы - дурус жышаан; анткени секулярдык өлкөбүздөгү алтындай убакытты сабатсыз дааватчыларды жана «министр үч аял алышы керек, падышага төрт аял ылайык» деп мыйзамсыздыкка чакырып билермандык кылгысы келген кээ бир молдолорду тыңдаганга караганда, үй-бүлөлүк жана айылдык санжыра камтылган айдыңдык эскерме китепти жазууга коротуу алда канча майнаптуу эмеспи!

Шакебиз өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында. Бишкек. 26-февраль, 2011-жыл.
Шакебиз өзүнүн 60 жылдыгына арналган жыйында. Бишкек. 26-февраль, 2011-жыл.

Кызыгы ушул - мында да Шакебиз жаңычыл болду. Калемгерлер мурда өзүн-өзү цензуралоо өнөкөтүнүн айынан айтпай келген жагдайларды, анын ичинде өзү деле ыңгайсыз калышы ыктымал болгон учурларды деле, Шакебиз агынан жарылып бапылдап айтып, ымандай сырын төгүп, окурмандардын бир далайын арбап алды. Анын «Агындылары» постсоветтик Кыргызстанда нагыз «мыкты сатылган» (бестселлер) китепке айланды.

Айтылуу журналист агабыз Жаныбек Жанызактын «Айтматовдун айымдары» тууралуу жазгандарына бери жактан туруп эле «ызаланып», залкар жазуучунун намысын коргош үчүн Жакебизди сотко бермекчи болгон айрым жөкөрлөрүн Чыңгыз агай өзү тыйып коюп, ал түгүл бул айымдар жөнүндө өзү да кийинчерээк жүрөк толтосунан чыккан сөздөрү менен эскерген. Демек, Чыңгыз атабыз жердеши Жаныбек агайга карата чоң адамгерчилигин көрсөтүп тим болбостон, өзүнүн көзүнүн тирүүсүндө калайык билгиси келген жагдайлардын чындыгын ачыкка чыгарганга салым кошуп кеткен эмеспи.

Шакебиз болсо өз бала чагындагы баштан кечирген окуяларды, шаардан келген классташ кызын кантип сүйбөй калганынан бери божурап баяндап, анын арасында өз замандаштарынын, устаттарынын, кесиптештеринин бир далайынын бейнесин таамай сүрөттөп берет. Элетти эзген айрым партократтардын кулк-мүнөзүн жана кылыктарын жаап-жашырбай сыпаттайт.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агабыз Экинчи дүйнөлүк согуштан көзү азиз болуп кайткан ардагер Аянкул тууралуу мыкты чыгарма жазган. Аянкул атаны мен да көрүп, салам берип калдым. Кээде Нарын шаарынан Эчки-Башы айылына келип кетчү. Нарын шаарындагы базардын кире беришинде баянда ойноп, калайыктын берген акчасын бүлөсүн багууга огожо кылчу. Сөз жүзүндө согуш ардагерлери тууралуу көбүртүп сүйлөгөн менен, иш жүзүндө бийлик өкүлдөрү Аянкул атадай кишилерди оор акыбалда калтырышканын кийин гана аңдадым.

Нарын шаарында дагы бир карып инсан бар эле. Аны «Жинди Айша» деп коюшчу. Шайлообек агабыз «Агындылар» китебинде дал ушул аял тууралуу эстен чыкпай тургандай баяндап жазыптыр. Мен да Нарын шаарында эркектер кийчү батиңкени байпаксыз кийип алып, алагүү болуп, өзүн шылдыңдагандарга тап берип коюп жүргөн, эч кимге залалы жок бул аялды көп көрүп калчумун.

Шакебиз: «Жинди Айша убагында ай десе аркы жок, күн десе көркү жок укмуш сулуу келин болгон экен, аны ушинтип райкомдор жинди кылып салыптыр» деп айтышчу» деп жазып келип, өзүнчө бөлүмчөдө «райкомдор убагында кимди гана жинди кылган жок» деген сүйлөмдү кыстарып кеткени мага кызык болду.

Чын эле, «Жинди Айша» атыккандай акыбалга кабылардан мурда ал акыл-эстүү, татынакай айым болгондур? Тоталитардык коомдун жазалоочу машинеси аны да жазыксыз жеринен коркутуп-үркүтүп ушундай акыбалга кириптер кылгандыр? Ким билет? Балким, архивдердин жашыруун корлору ачылганда бул аялдын тагдырынын сыры да ачыкка чыгар?

Айтор, кайгы-муңга баткан, обочодо калып запкы көргөн бул аял жөнүндө жагымдуу сөз айтып, андан боюн жыйырган учуру үчүн кайра өзүн күнөөлүү сезгенин мойнуна алган Шакебиз ызалантып, кор кылынып, тебелендиде калган кишиден да өмүр кумарын жана адамдык кадыр-баркты туя билген достоевскийчил маанайын айгинелетип турабы деп ойлойм.

«Агындылар» китебинин мукабасы. 19-октябрь, 2014-жыл.
«Агындылар» китебинин мукабасы. 19-октябрь, 2014-жыл.

«Агындыларда» кээ бир сырлардын жандырмактары да кезикпей койбойт. Маселен, атайын ат арытып Таластан келип, «Асаба» эркин гезитинин кеңсесине баш баккан бир чоң эне өзү ала келген калпакты Хасан Каскадропко кийгизмекчи болот. «Өз колум менен берип койом, ал киши азыр жок эле», - деп Шакебиз тигил чоң энени жылуу-жумшак узатат.

Эгерде ошол чоң эненин көзү тирүү болсо жана «Агындыларды» бери дегенде барактап көргөнгө мүмкүнчүлүк алган болсо, анда ал энебиз Шакебиздин: «...Менин Хасанга түздөн-түз тийешем болгондуктан, эми ага кенен токтолбой эле коёюн», - деген сырдуу саптарын окуганда кантти экен дейм да? «Мына сага!» деп санын чаап алды бекен?

Чокчолой Баатыр сыяктуу эле Хасан Каскадроп да такмазачы «асабачылар» ойлоп тапкан адабий ысымдардан экенин биз айттырбай эле боолголочубуз, бирок Шакебиздин Каскадропко тийешеси бар экенин ал өзү тигинтип мойнуна албаса, кантип билмек элек!..

Ыраматылык Табылды Эгембердиев агабыз «Агындылар» китебин «кара сөз менен ырдалган поэма» деп жогору баалаганы эсте (2013).

Дүйнөлүк адабияттын өрнөктөрүн аздектеген котормочу

Баса, айрым замандаштары Шакебизди жалаң гана кыргыз тилинде жарык көргөн адабият менен оозанган калемгер катары кичирейтип сыпаттап салган учурларга өзүнчө каяша айта кетким келет. Ошол эле китепкөй ойчул Табыкебиз өзүнүн «Агындыларга» жазган баш сөзүндө Шайлообек Дүйшеевди «орусча китеп окубаса да» деп чымчылап кеткен жери бар, бирок Шакебиздин өзүнүн эле чыгармачылыгы мындай бир беткей бааларга тактоо киргизди го деп ойлойм.

Василь Быков, Гродно шаары. 1974-жыл.
Василь Быков, Гродно шаары. 1974-жыл.

Анткени, биринчиден, Шакебиз студент чагында эле Габриэл Гарсиа Маркес (1927-2014), Расул Гамзатов (1923-2003), Василь Быков (белорусча: Васіль Уладзіміравіч Быкаў; 1924-2003), Василий Шукшин (1929-1974), Валентин Распутин (1937-2015) сыяктуу залкарлардын чыгармаларын кубалап, издеп жүрүп окуган.

Эсимде, ыраматылык фантаст Беганас Сартов (1945––1978) жетектеген «Тоо жылдыздары» ийримине Шакебизге удаа биз да барып катышып жүрдүк (Беганас агай каза болгондон кийин чыгармачыл ийримди адабиятчы Советбек Байгазиев, акын Акыл Уйлубаева жетектешти). Шакебиздин досторунан Нуралы Капаров, Жаныбек Өмүралиев (Юморалиссимус), мага теңтуш Кыялбек Урманбетов, Алтын Акпарова, Бурулкан Сарыгулова, Клара Кичинемолдоева, Жыпар Акунова, ж.б. да бар эле.

Беганас Сартов жубайы Алтын менен. 1960-жж.
Беганас Сартов жубайы Алтын менен. 1960-жж.

Ийримдин коноктору – Жолон Мамытов, Табылды Муканов, Анатай Өмүрканов, Акбар Рыскулов, Каныбек Эдилбаев жана башкалар - чет элдик адабияттын устаттары тууралуу кеп салбай койгон учурлар деги эле болчу эмес. Шакебиз да башка элдерден чыккан акындардын агымга каршы турпаты тууралуу кеп салып калчу.

«Агындыларын» окусак, Шакебиз байыркы грек жана рим адабияты боюнча дарс уккан экен (бул сабактан берген Апенди Кадыркулов деген маркум окутуучусун да эскертет). Демек, дүйнөлүк адабият жаатындагы дарстар милдеттүү түрдө окулган жана студент өзү да айрым дүйнөлүк классикалык чыгармаларды бери дегенде кыргыз тилинде окуй алчу.

Ал эми КМУда (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУда) филолог жана журналисттер үчүн кийинчерээк өзүнчө чыгармачыл ийрим иштеди. КМУдагы Султан Раев, Чыныбай Турсунбеков, Кожогелди Култегин, Жедигер Саалаев, Фатима Абдалова, ж.б. таланттуу жаштар студент кезинен эле тири карак чыгармалар жазып чыгышкан. Улуулардан Бекбосун Байтоков, сарыколдук (жерге-талдык) Мирзахалим Каримов, Чолпонбек Абыкеев агаларыбыз да аралашты.

Албетте, Шакебиз өзүнөн кийин келе жаткан толкундун өкүлдөрү менен камыр-жумур болуп эле чогуу кайнап жүрдү. Айрымдарга окшоп «ак ыр» жазууга азгырылбады. Уйкаштык, ыргак менен ойду чагылдыруу Шакебиздин көөдөнүндө өзүнөн өзү оргуп төгүлүп тургандыктан, ал жасалма поэзиялык каражаттарга азгырылган жок го дейм.

Дал ошол кезеңде, демек студент кезинде эле, Шакебиз орустун элет жытын даңазалаган акыны Сергей Есениндин (1895-1925) ырларын кыргызчага алгачкы ирет которууга аракет кылган болчу.

Эми, чыгармачылыгы толукшуган чакта, Шакебиз далай чет элдик акындардын ыр берметтерин орус тилинен кыргызчага татынакай которуп келет.

Маселен, XX кылымдын башындагы орус адабиятындагы символизмдин көрүнүктүү өкүлү Александр Александрович Блок (1880-1921) жазган ырлардын Шакебиз жүзөгө ашырган котормолорун ыракаттанбай окуй албайбыз.

Өрнөк да келтире кетпесек болбос.

Александр Блоктун скифтер тууралуу ырынын Шакебиз жүзөгө ашырган котормосунун акыркы саптары кечиримдүүлүккө, ынтымакка жана бейпилдикке чакырат:

Орусча түп нускада:

Мильоны — вас. Нас — тьмы, и тьмы, и тьмы.

Попробуйте, сразитесь с нами!

Да, скифы — мы! Да, азиаты — мы,

С раскосыми и жадными очами!..

Шакебиздин котормосунда:

«Силер - мильон. Биз - түмөнбүз, түмөн, түмөн, түмөнбүз,

Эр болсоңор, салгылашка чыккыла!

Скифтербиз! Азиатпыз, түгөнгүс, түгөн, түгөн, түгөнгүс,

Кыйгач көзбүз, ач көзбүз биз, уккула!..»

Соңку саптарынын орусча түп нускадагы тексти:

Не сдвинемся, когда свирепый гунн

В карманах трупов будет шарить,

Жечь города, и в церковь гнать табун,

И мясо белых братьев жарить!..

В последний раз — опомнись, старый мир!

На братский пир труда и мира,

В последний раз на светлый братский пир

Сзывает варварская лира!

Шакебиздин котормосунда:

«Чегинбейбиз, кутурган гунн ээр-токумчан жашооңорду жайдак аттай будалап,

Өлүктөрдүн чөнтөктөрүн тоноп, сууруп чачса да,

Чиркөө менен шаарларды өрттөп, үйүр-үйүр жылкыларды аркы-терки кубалап,

Европалык адамдардын этин кууруп жатса да!

Эски дүйнө, каргыш тийгир! Акыркы ирет - көзүңдү ачкын, ойгонгун!

Тынчтык, Эмгек, Бир туугандык - кылымың!

Акыркы ирет, биздейлерге биримдиктин зарылдыгы жаткандыгын ойлонгун,

Баскынчынын чакырыгында ырынын!»

Александр Блок «Кышкы сарайда». 1917-жыл.
Александр Блок «Кышкы сарайда». 1917-жыл.

Александр Блок ушул ырынын орто жеринде өтө сонун чакырык таштаган (1918-жылы жазылган бул ырдын эң мыкты ою – пацифисттик үндөө дал ушул саптарда болсо керек деп ойлойм):

Орусча түп нускада:

«Придите к нам! От ужасов войны

Придите в мирные объятья!

Пока не поздно — старый меч в ножны,

Товарищи! Мы станем — братья!».

Шакебиз ал саптарды мындайча которгон:

«...Келгин бизге!

Согуштардын азабында кан кечкендер кол-бутсуз,

Тынч күндөрдүн кучагына тололу!

Кандын даты сиңген эски бычагы жок,

кылычы жок, кордуксуз,

Мындан ары чындап тууган бололу!»

Коммунисттик доордо далай эки жүздүүлөр, жемкорлор тарабынан ашыра колдонулуп, ышпалдасы чыккан «товарищ» («жолдош») сөзүн четке жылдырып, Шакебиз «чындап тууган бололу» деп кыргыздын кулагына майдай жаккан сөзгө гана басым жасайт.

Эми сөз оролу келди, котормо жаатындагы бир каалообузду да ушул жерге тепчий кетелик.

Шайлообек агайыбыздан айтылуу америкалык акын Генри Уодсворт Лонгфелло (Henry Wadsworth Longfellow; 1807 — 1882) жергиликтүү индейлердин фолклордук усулуна салып жазган «Гайавата жөнүндө ырлар» (The Song of Hiawatha) поэмасын орус тилиндеги котормосуна жана англисчеден сөзмө-сөз котормого салыштырып кыргызча дастан кылып сүйлөтүп берсе деп үмүт кылар элек.

Айтор, Шакебиз мындан ары дагы котормочулук данакерлигин жигердүү улантат деп терең ишенебиз.

Сый-урматка татый бериңиз!

Бул чакан макалабызда Шакебиз алган расмий жана расмий эмес сыйлыктар жана наамдар тууралуу айтып отурбайбыз. Алар тууралуу «Википедиядагы» макаладан жана башка Интернет булактарынан толугураак маалыматты окурман өзү таба алат.

https://ky.wikipedia.org/wiki/Дүйшеев,_Шайлообек

Президент Роза Отунбаева акын Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. Ат-Башы. 21-февраль, 2011-жыл.
Президент Роза Отунбаева акын Шайлообек Дүйшеевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктоодо. Ат-Башы. 21-февраль, 2011-жыл.

Айрымдар Шакебизге ушул сыйлыктарды алгандыгы үчүн да кине коюуга үлгүрүштү. Биздин оюбузча, бул сыйлыктар чыгаан акынды өздөрү издеп табышты. Келечекте деле таба беришет деп ишенем.

Ал эми сыйлык ээси мурда кандай жупуну, жөнөкөй болсо, ошондой эле карапайым мүнөзүнөн жанбай, зарыл болсо таңкы алтыда да ишке чыгып, эсепкердин (компүтердин) тергичин манжалары менен илбериңки сыдырып, какайганга деле, кичи пейилине деле бирдей мамиле жасап келгени келген.

Агабыз тууралуу 2011-жылы «Отко чуркаган бала» даректүү тасмасы (режиссёру - Бакытбек Турдубаев) тартылган. Бул тасма залкар акындын жөнөкөйлүгүн ого бетер айгинелеп берди.

Бул чакан тасма да, «Агындылар» китеби да Шакебиздин ишмердигин толук чагылдыра албагандыгы түшүнүктүү. Ал тууралуу Акбар Рыскулов, Түгөлбай Казаков, Эсенбай Нурушев, Разак Сайдилканов, Бекташ Шамшиев, Нуралы Капаров ж.б. агайлар нечендеген кызыктуу окуяларды саймедирлеп айтып келишет.

Шакебиздин «Азаттык» үналгысындагы мээнеткеч күндөрүнүн баяны, күлкүгө бөлөнткөн окуялары эле өзүнчө томдорго тете го деп ойлойм.

Сен үчүн бул «карантин» болсо, мага каран түн болуп жатат!
Шайлообек Дүйшеев

Бир шиңгил. Шакебиз менен дээрлик тушташ «Азаттыктын» Бишкек бюросунда иштей баштаган жазуучу жана журналист досубуз Султан Раев кеңседеги үн жазгыч жана оңдогуч тетиктерди үйрөнүп жаткан алгачкы айдагы баштан кечирип жүргөн кыйынчылыктарын бир жолу мындайча тамашалап сыпаттап калды:

- Биз азыр «Азаттыкта» «карантинден» өтүп жатабыз!

- Сен үчүн бул «карантин» болсо, мага каран түн болуп жатат! - деп Шакебиз дароо кесиптештерин кыраан каткы күлкүгө салды.

Акыры ал «каран түндү» таптакыр артка калтырды.

Эми Шакебиз, –– өз жашындагы далай калемгерлерден айырмаланып, –– өз үнүн студияда жаздырып, эсепкердеги программа аркылуу үнүн да, текстин да оңой-олтоң редакциялай алган, демек, эсепкерди Ат-Башыдагы жорголордой эле шыдыр теминген заманбап медиа кызматкери.

Ал азыркы жаш муундарга улут мурасы жаатында мултимедиа ыкмалары менен таалим берүүгө да кыйла салым кошуп келет (төмөнкү тасманы караңыз).

"Биймерген"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00

"Биймерген" тасмасы. Сөзү: Шайлообек Дүйшеевдики. Обону: Азамат Отунчиевдики. Бий аткаруучулар: "Жаз" бий тобу.

Сөз аягында биз өткөндөгү бир макалабыздагы каалообузга «110» деген санды кошумчалап, куттуктообузду жаңыртып коюуну эп көрдүк:

Урматтуу Шайлообек байке! 70 жаш торколуу тоюңуз кут болсун!

Теңир колдоп, ылайым байбичеңиз - Зейне жеңебиздин кашында, урпактарыңыздын төрүндө бакыбаттыкта 110го чыгыңыз!

Ошондо да эсепкериңиз аркылуу ырларыңызды ырааттуу төгүп туруңуз (ал кезде ырларыңызды Интернет аркылуу алеки заматта 200 тилге которуп алышаарын бөркүмдөй көрүп турам).

Ошондо да ырларыңыз менен жан сергитип, сүйүүгө чакырып, азилиңиз менен кытыгылап, курч сөздөрүңүз менен кайдыгерликтин көлөкөсүнөн арылтып, замандаштарыңызды ойгото бериңиз!

Гүлдесте.
Гүлдесте.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Абдували: Уулумду тебелеген айдоочу камалбады

Абдували: Уулумду тебелеген айдоочу камалбады
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00

«Саламдын» кадамы арбый элек

"Кыргызтелеком".

Былтыр август айында ишке кирген «Salam» уюк оператору 15 миңдин тегерегинде гана кардар топтоду. Чоң-чоң убадалар менен башталган долбоордун иши анча жылбай турат.

Маалыматка караганда, «Salam» кеминде 500 миңге чейин абонент тартып, эки жыл аралыгында кирешелүү оператор болмок. Бирок ал максат орундала элек.

2019-жылы «Альфа Телеком» жана «КТ-Мобайл» компанияларынын ортосундагы келишимдин негизинде «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүлгөн.

Жаңы байланыш операторунун тармагында былтыр август айында биринчи чалуу аткарылып, «0880» коду менен Сим-карталар сатыла баштаган. «КТ-Мобайл» ишканасынан «Азаттык» радиосуна билдиришкендей, ушул тапта уюк оператордун 15 миңдин тегерегинде кардары бар.

Бул чуу менен түзүлгөн компаниянын унутулуп бараткан ишине кайрадан сын жана дооматты пайда кылды.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Марлен Маматалиев «Salam» оператору түзүлөр алдында берилген убадаларды эске салды.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Компания бизге көрсөткөн бизнес долбоор боюнча алар белгилүү бир убакыт ичинде 15 миң эмес, 500 миңдей кардар топтомок. «500 миңге чейин абонент биздики болот. Рынокту алабыз» деп айтышкан. «Байланышты бардык операторлордон арзан кылабыз. Ошондо рынок бизге өтөт. Ушуга байланыштуу акча да көп кеткени жатат» деп маалымат беришкен. Азыр 15 миң эле абоненти болсо, иш начар экен», - деди Маматалиев.

«Salam» өз алдынча техникалык тейлөө борборун курбайт. Ал «Альфа Телеком» компаниясынын техникалык жабдуусун, станцияларын колдонуп жатат. Ошондуктан, виртуалдык оператор катары иш жүргүзүүдө.

«КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчиси Мирлан Кубаталиев айтылган сынга макул эмес. Ал уюк оператор «Кыргызтелеком» ишканасынын стационардык телефондору менен байланышта иштеп, чөнтөк телефондон бекер чалууга мүмкүнчүлүк алганын, бул «Salam» операторунун артыкчылыгы экенин айтууда.

Кубаталиевдин сөзүнө караганда, Кыргызстандын шартында уюк операторлор чыгымды аз убакытта актабайт.

«Уюктук оператор - чоң бизнес. Ал өзүн бир жылда актабай турганын түшүнүшү керек. Кеминде беш жылда натыйжа берсе жакшы. Биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Анын үстүнө Кыргызстанда үч оператор бар. Биз бул тармакка төртүнчү болуп кирдик. «Salam» операторунун алдыга койгон тапшырмасы бар. Бирок ал бир жылда эле аткарылып калбайт».

«Salam» операторунун эн белгиси.
«Salam» операторунун эн белгиси.

Төртүнчү оператордун дымагы

Кыргызстанда «Salamдан» башка үч уюк оператор иштейт. Алар: «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аты менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» компаниясы.

Депутат Марлен Маматалиев атаандаштык жана алдыдагы тобокелдиктерге карабастан «Salam» оператору аз убакытта кирешелүү ишкана болору тууралуу убадалар берилгенин айтты.

«Ошол учурда «1,5-2 жылдын ичинде эбегейсиз киреше алып келген компания болобуз. Компанияга берилип жаткан акчаны кайра үч жылда кайтарып беребиз» дешкен. Азыр бизнес долбоордо айткан максатка жете албай жатат. Биз болсо бул долбоорго акчаны берип салдык. Бизге ушул оператор керек беле убакыт көргөздү».

Талдоочулар өлкөдө кардарлардын санын эске алганда төртүнчү байланыш операторун түзүүнүн зарылчылыгы бар беле деген суроо боюнча кайчы пикирде.

Кыргызстандагы байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев виртуалдык оператор түзүү жакшы тажрыйба болгонун айтып жатат.

Айбек Күрөңкеев.
Айбек Күрөңкеев.

«Өлкөдө байланыш операторлорунун кардарларына бул жакшы. «Salam» Кыргызстанда төртүнчү оператор деп саналганы менен биринчи виртуалдык оператор болуп жатат. Бул биздин техникалык жактан жетишкендигибизди көрсөтөт. Мындай операторлор Орусияда, Европада көп. Анткени оператор кошумча чыгымы жок эле кардарларды тейлей баштайт. Кыргызстанда операторлор өзүн акташы үчүн убакыт керек».

««Salam» өз алдынча иштеп кете албайт»

Эми «Мегаком» менен «КТ Мобайл» компаниясынын ортосундагы келишимге келсек. «КТ Мобайл» менен иштешүү укугу үчүн тендерди утуп алган «Мегаком» компаниясы келишим боюнча өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Маалыматка караганда, бул каражат дээрлик которулуп бүттү. Акыркы акча ушул айдын аягында берилет.

Бул акча менен «КТ Мобайл» Сим-карталарды сатуу, кардарларды тейлөө иштерин акырындык менен өзүнө алмак. Бирок бул ишти дагы деле баштагыдай эле «Мегаком» ишканасы аткарып жатканын компаниянын басма сөз өкүлү Жумгалбек Өмүрканов билдирди.

««КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосунда башында кандай келишим түзүлгөн болсо ошол боюнча эле иштеп жатабыз. Ооба, «КТ Мобайл» мурдагыдай эле «Мегакомдун» түйүнүндө. Башкача айтканда, Сим - карталарды сатуу, тейлөө жана башка кызматтарды «Мегаком» аткарып жатат. «КТ Мобайл» азырынча өз алдынча иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Мунун баары келишимде жазылган. Анда «Мегаком» бардык кызматтарды өз моюнуна алат» деп жазылган. Ошол боюнча эле иштеп жатабыз».

«Salam» уюк операторунда 50 чакты адам иштеп жатканы айтылды. «КТ Мобайл» ишканасы «Кыргызтелекомдун» алдында 2003-жылы негизделген. Жыштыктарга лицензияны сатып алган менен каржы жетишсиздигинен улам иштеп кете алган эмес.

Чырдын таржымалы

Былтыр анын виртуалдык оператор эмес, өз алдынча толук уюк компаниясы болуу планы «Альфа Телеком» менен «КТ Мобайлдын» ошол кездеги жетекчилигинин ортосундагы чырга негиз болгон. Бул чыр саясий маселеге айланып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге сөз тийгизген.

Кыргыз өкмөтү 2018-жылы мамлекетке караштуу «КТ Мобайл» ишканасы менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялаган. Сынакка «Скай Мобайл» («Билайн» уюк оператору) жана «Альфа Телеком» («Мегаком» уюк оператору) компаниялары катышып, соңунда «Альфа Телеком» жеңип чыгат.

Анын жыйынтыгы менен «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болмок. Бул үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек.

Бирок техникалык маселелерге келгенде эки компаниянын ортосунда түшүнбөстүк келип чыккан. Тагыраагы, «КТ Мобайл» өз алдынча уюк оператору болорун жарыялаган.

Кийин бул компаниянын вице-президенттигин премьер-министр Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар Иманкадыр уулу ээлеп турганы, ал эми ишкананын ишине анын атасы, «Ачык өкмөт» долбоорунун катчысы Иманкадыр Рысалиев аралашканы айтылган.

Мындан соң бул маселе парламентте каралып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен «КТ Мобайлдын» ошол кездеги жетекчилиги жана өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана Иманкадыр Рысалиев кызматтан кеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сыдымандын чыры, жаштардын сыны

Сыдымандын чыры, жаштардын сыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:53 0:00

Эне тилге мамиле көңүл жылытпайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда эл аралык Эне тил майрамы белгиленип жатат. ЮНЕСКО 21-февралды Эне тил күнү катары 1999-жылы бекитип, 2000-жылдан тартып жыл сайын маданиятты жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгилеп келе жатат. Бул майрам бир топ жылдан бери Кыргызстанда да белгиленүүдө.

Кыргызстанда 2014-2020-жылдар үчүн кабыл алынган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасында «2020-жылга карата мамлекеттик бийликтин органдарынын бардык жетекчи кызматкерлери, кайсы улуттан болгонуна карабастан, мамлекеттик жана расмий тилдерди С1 деңгээлинде, ошондой эле эл аралык тилдердин бирин B2 деңгээлинде билүүгө тийиш» экени жазылган.

2019-жылдын 1-январынан жеңилдик берүү мөөнөтү аяктап, мамлекеттик тилди өздөштүрбөгөн кызматкерлер мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылууга тийиш экени белгиленген. Бирок ушул кезге чейин бул жүйө менен жумуштан алынган бир да аткаминер боло элек.

Бишкек шаарынын Ленин районунун акиминин орун басары Жамал Мамытованын айтымында, учурда аталган мекеме жүз пайыз мамлекеттик тилде иш жүргүзөт.

“Кээ бир учурда расмий тилдеги кайсы бир техникалык сөздөрдү которууга келгенде бир аз кыйынчылыктар бар. Мисалы, биз расмий тилде “үйлөрдү карап-күтүүгө” байланышкан “содержать” деген сөздү “күтүү” деп алып жүрөбүз. Расмий документтерде “үйлөрдү күтөт” деп колдоно баштадык. Бирок мен бул сөз жогорудагы маанини түшүндүрө албайт деп ойлом”.

Ошентсе да Мамытова кыргыз тилин техникалык жактан жарды деген пикирлерге кошулбайт. Маектешибиз мындай ыңгайсыздыктар негизинен кээ бир сөздөр алешем которулуп калгандыктан улам келип чыгат дейт.

Былтыр «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл толду. Ага карата өткөн бир катар коомдук жана маданий иш-чараларда Кыргызстанда ушул убакка чейин кыргыз тили чыныгы мамлекеттик тил боло албай жатканы өкүнүч менен белгиленди.

Деген менен айрым серепчилдердин айтымында, учурда эне тил жаатында жаш муун менен улуу муундун ортосунда кандайдыр бир ажырым пайда боло баштады.

Бул тууралуу англис, кытай жана башка тилдерди билген жаш муун өкүлү Табылды Муратбеков көп тил билген жаштардын басымдуу бөлүгү өз эне тилинде да мыкты сүйлөйт деген ойдо.

Табылды Муратбеков.
Табылды Муратбеков.

Чындыгында эле бүгүн өз эне тилинде жакшы сүйлөгөн, ошол эле учурда башка кошумча тилдерди да мыкты билген жаштардын жаңы толкуну пайда болду. Бул көрүнүштү азыркы күндүн жаңы тенденциясы же болбосо толкуну деп атасак да болчудай. Менин пикиримде буга бир канча факторлор себеп болду. Эң башкы себеп - ааламга жол айылдан башталат дегендей кийинки кездерде айыл жергесинде билим алып, мыкты окуп, бийик максаттарды көздөгөн жаштардын жоон тобу чыга баштады”.

Табылды учурда Ак үй, Көк үйдө отурган, кезинде кыргыз-совет мектептеринде тарбияланган муундун өкүлдөрү мамлекеттик тилди начар билет деген пикирде.

“Бизди сүйүндүргөнү, кыргыз тили эч кандай өкүмзордуксуз эле өз агымы, өз талабы менен коомдо ордун таап баратат. Өкүндүргөнү, жаштар арасында мамлекеттик тилде жакшы сүйлөгөндөр көбөйгөнү менен мамлекеттик кызматтагы адамдар, расмий иш кагаздар, билим берүү тармагы кыргыз тилине толук өтө элек”.

Муратбеков белгилегендей, бүгүн Бишкек шаарындагы бала бакчаларда жана мектептерде мамлекеттик тилдин акыбалы ич жылытпай турганы айтылып келет.

Акыркы жылдары балдарын орус мектептерден окуткан ата-энелердин саны арбыганы айтылып келет. Журналист Абдувахап Мониев мындай мамиле эне тилдин тагдырына балта чаап атканын ортого салды.

“Кыргызстанда бир топ жылдан бери “кокуй кыргыз тили жоголо турган тилдердин катарына кириптир” деп чуу көтөрүлүп жүрөт. Бирок реалдуу караганда кыргыз тили жакын арада жоголбойт. Кыжалат болуунун кереги жок. Себеби, дүйнөдөгү эки жүзгө жетпеген мамлекеттердин ичинен мамлекети бар улут бул - кыргыздар. Кыргыз улутунун, демек кыргыз тилинин мамлекети бар. Бирок учурда эне тилибиздин көйгөйү жок эмес. Биз азыр орус тилине көп жабыша бербей, негизинен дүйнө сүйлөгөн англис тилине көбүрөөк басым жасап, аны биринчи орунга чыгара турган болсок, интеграцияга, өнүгүүгө жакшы өбөлгө түзүлмөк”, - дейт Мониев.

Окумуштуулардын айтымында, учурда жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар. Бирок дүйнө элинин үчтөн эки бөлүгү кырктан ашуун тилде сүйлөйт.

Булардын ичинен эң көп колдонулгандар - кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тилдери. Окумуштуулар дүйнөдө 14 күн сайын бирден тил жоголуп кетип жатканын белгилешет. Учурда 400дөн ашуун тил жоголуп кетүү коркунучунда турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы талкууланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы тилкелерин бири.

22-февралда Баткен шаарында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун 2020-жылга кызматташуу иш-чаралар планы бекитилди.

Ага Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Тажик Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кол койду.

Иш-чаралар планы 33 пункттан турат. Анда негизинен социалдык экономикалык кызматташуу, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана жаштар саясаты, үй-бүлө жана аялдар иштери, туризм, соода экономикалык байланыш, ынтымакты жана достукту бекемдөө, өзгөчө кырдаалдар жаатында чогуу аракеттенүү белгиленди.

Облус башчыларынын макулдашуусуна ылайык, алдыда бул иш-чаралар белгиленген мөөнөттө, биргелешип аткарылат.

114 чакырым жердин тагдыры

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жолугушуусу 21-февралда башталган. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын премьер-министрлеринин орун басарлары Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим баштаган жумушчу топтор катышты.

Мурдагы жолугушууларда кол коюлган протоколго ылайык, топографиялык топ иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктоо, чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди алмашуу боюнча маселелер каралууда.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык жумушчу топту Кыргызстандан бул жолу вице-премьер-министрликке жаңыдан дайындалган Акрам Мадумаров жетектеди. Ал эми Тажикстандан жумушчу топту өкмөт башчынын орун басары Азим Иброхим баштап келди.

Жыйын алгач тар чөйрөдө өтүп, жумушчу топтун башчылары жолугушуп, иш ыргагын аныктап, маселени тездетүү менен чечүү белгиленип, бул жолку жолугушууда кандайдыр бир натыйжаларга жетүү ниеттерин билдиришти.

Тажикстандын өкмт башчысынын орун басары Азим Иброхим чек аралардагы талаш маселелерди чечүүдө ар кандай багытка бурмалабастан, эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен гана чечилиш керек, жумушчу топ иштеп, туура чечим кабыл аларына аймакта жашаган калк да ишеним артыш керек деп эсептейт.

Азим Иброхим.
Азим Иброхим.

«Менимче 114 чакырым чек ара боюнча иштелип чыккан орток пикирлерибиз бар, - деди ал. - Бул маселеде өз ара түшүнүшүүгө келгенбиз. Материалдар даяр болгон. Кенен жыйында бул маселеде эки тарапты угабыз. Ал эми жерлерди алмаштыруу боюнча - муну ар кандай айтып, жазып жатышат. Биз эки тараптын кызыкчылыктарын эске алышыбыз керек. Маселе оңой эмес. Бирок бул маселе боюнча чечим бар да. Ошондуктан биз анын бардык тарабын карашыбыз керек. Азыр маселе суу пайдалануу менен жер пайдаланууга байланыштуу талкууланып жатат. Аны чече алабыз. Бир да жаран жабыркабайт. Дүйнөдө мындай мисалдар толтура. Европа өлкөлөрүн алсак да маселени чечүү тажрыйбалары бар».

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Бул жолку эки тараптуу жолугушууга Кыргызстандын жумушчу тобу кыйла жаңыланып келди. Топту жетектеген вице-премьер-министр Акрам Мадумаров да, өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү жана Баткен облусунун башчысы да жаңыдан дайындалган.

Акрам Мадумаров чек арадагы маселелерди тездетип чечиш үчүн эки тараптын да ниети бар экенин, андыктан бул жолугушуу натыйжалуу аракеттердин жаңы кадамы болорун айтты:

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

«Бүгүнкү жолугушууда каралчу маселелер эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз учурунда чечилет деп ишенебиз. Мен бул жолку жолугушуу жаңы ийгиликтердин башаты болуп калат деп ишенем. Эки өлкө ортосунда өз ара түшүнүшүү бар. Анткени эки кошуна өлкө бири-биринин ийгиликтерине чогуу кубанып, кыйынчылык учурда колдоп, кубаттап келген».

Эки күнгө болжолдонгон жолугушууда негизинен ушул жылы 14-январда эки тараптуу жумушчу топтун жыйынындагы кол коюлган макулдашуу протоколунун аткарылышы, андагы маселелер эле карала тургандыгы айтылды.

Анын ичинен буга чейин кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин сунуш кылуу маселеси жана чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди алмашуу боюнча сунуштар каралмакчы.

Буга чейин кол коюлган, алты пункттан турган протоколдо жерлерди алмаштыруу боюнча сунуштарды 1-мартка чейин берүү белгиленген. Бирок азырынча тажик тараптан алмашылчу жерлер боюнча сунуш келип түшө электиги маалым болгон.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков чек арадагы маселелерди тездетип чечүүгө эки тараптан тең өлкө башчыларынын ниети жакшы экенин айтат. Элчинин пикиринде, атайын комиссияга ишти тездетүү боюнча тапшырмалар берилгендиктен, акыркы 20 жыл ичинде дээрлик токтоп калган чек араларды тактоо иши кайрадан жандана баштагандыктан бир аз убакытты талап кылат.

Бул маселе чечилбей турганына 2024-жылы 100 жыл болот.

«Бул маселе чечилбей турганына 2024-жылы 100 жыл болот, - деп түшүндүрдү ал. - Чек араны тактоо мына ошол жылы башталып, бирок ССCР мезгилинде көп көтөрүлбөй, башкармалар, райкомдун 1-катчылары ижарага алып, берип өз билгендерин жасап жатып ушундай кала берген. Анан эгемендик алгандан кийин Тажикстанда жарандык согуш жүрүп, чек арага көңүл бөлө албай жүрүштү. Андан кийин бизде улам бийлик алмашып дегендей... Мына эми гана чек араны чечүү боюнча олуттуу аракет башталды. Эки өлкөнүн жетекчилигинин да, жумушчу топтун да маселени чечүү ниеттери жакшы».

Ушул жылдан январь айынын башында кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен коштолгон чатак чыгып, эки тараптын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтору жолугушкан. Анда алты пункттан турган протоколго кол коюлган.

Анда кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин бир айдын ичинде негиздөөгө сунуш кылуу каралган. Чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди аныктап, адегенде бир тараптуу чечип, анан жерлерди алмашуу боюнча 1-мартына чейин сунуш киргизүү тапшырылган.

Кыргыз-тажик чектеш аймактарында көчөлөрдү жарыктандырып, видео байкоо орнотуу, Ош-Баткен-Исфана эл аралык автожолунун Жака-Өрүк аймагынан өткөн жериндеги Исфара-Ворух жолунун кесилишине жол чырак орнотуу камтылган. Бирок азырынча булардын баары аткарылбай турат.

Ыңгайсыз суроолор: Элди кыйнаган кыргыз-тажик чек арасы. 22.01.2020

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жардырууга шектүү кыргызстандык бошотулду

Хуснидин Зайнабидинов.

Магнитогорскидеги жардырууларга шек саналып, 13 ай камакта отурган кыргызстандык Хуснидин Зайнабидинов эркиндикке чыкты.

Жалал-Абадда туулуп-өскөн 30 жаштагы Хуснидин Зайнабидинов былтыр 16-январда Орусиянын коопсуздук органдары тарабынан камакка алынган.

Екатеринбургда ашпозчу болуп иштеп, үй-бүлөсүн багып жүргөн мигрант Магнитогорскидеги көп кабаттуу үйдү жардырууга шек саналып кармалган.

Хуснидин Орусиянын Ички иштер министрлигинин Челябинск облусу боюнча бөлүмүндө кармалып, ал жакта кыйноого кабылганын келинчеги Халимахон ошондо эле «Азаттык» радиосуна айтып берген болчу.

Федералдык коопсуздук кызматынын тергөө абагында жети ай, кийин Магнитогорскидеги депортациялык борбордо алты ай камакта отурган Хуснидин 10-февралда эркиндикке чыкты. Аны Магнитогорскидеги жарылууларга айыптоого эч кандай далил табылган эмес.

Федералдык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери аны электр тогу менен кыйнап, мурдун жана кабыргаларын сындырып, ур-токмокко алганын айткан Хуснидин эми акыйкаттык үчүн күрөшөрүн айтты:

"Мени ушунча ай негизсиз кыйнашты. Денемди талкалап салышты. Эгер ошондо мени көрсөңөр коркмоксуңар. Орусияда жок дегенде бир мыйзам иштеши керекпи?! Москвага мен адилеттүүлүк издеп келдим. Бул кызматкерлерди жоопко тарттыргым келет. Керек болсо, Европа сотуна чейин кайрылам".

Магнитогорскиде 2018-жылдын 31-декабрында он кабаттуу үйдө болгон жарылуудан 39 кишинин өмүрү кыйылган. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде “Газел” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши каза болгон.

Бул кезде Магнитогорскидеги туугандарына үй-бүлөсү менен конокко келген Хуснидин Зайнабидинов дүкөнгө чыккан маалда аны кармап кетишкенин баяндады:

"Мен дүкөнгө чыккам. Жарандык кийимчен эки адам келип, документтеримди сурашты. Текшерип, «жайында» деп, кое беришти. Анан эле дүкөнгө чоң автоунаа келип, башыма баштык кийгизип, салып кетишти. Колумду артка таңып, бир жерге алып барып, кайдагы бир сүрөттөрдү көрсөтө башташты. Аларды тааныбасымды айтсам, жертөлөгө алып кирип, алты саат бою сабашты. Көкүрөгүмө аккумуляторго окшогон бир нерсе коюп, электр тогу менен кыйнашты. Эки күндөн кийин аялыма жолуктурушту. Ошондо денем шишип кеткен болчу. Кабыргаларымды, мурдумду, колумду сындырышкан".

Хуснидин ФСБнын кызматкерлери аны Магнитогорскидеги жарылуу боюнча айыпты моюнга алып, кагаздарга кол койдуруш үчүн кыйнашканын белгилейт. Кийин ага айып тагууга эч кандай далил таба алышпай, 2010-жылы Кыргызстандагы июнь коогасына байланыштуу «эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер» катары Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселесин көтөрүшкөнүн кошумчалады.

Буга чейин Хуснидиндин аялы Халимахон Зайнабидиновдордун үй-бүлөсү июнь коогасынан кийин Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болушканын айтып берген.

Хуснидин Зайнабидиновду Жалал-Абад шаардык соту «массалык башаламандык уюштуруу», «бирөөнүн мүлкүн кыйратуу», «улут аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыптап, камакка алуу чечимин чыгарганы тууралуу маалымат бар.

"Мени тергөө абагында жети ай, депортациялык лагерде алты ай кармашты. Адегенде прокуратурага, андан кийин ФСБга алып келип, үч саат сабашты. Шаардагы тергөө абагына алып барышканда, анын башчысы кебетемди көрүп, «бул өлүп калса, ким жооп берет?» деп албай койгон. Кайра жертөлөгө алып келип, денемдеги шишиктер тараганда абакка өткөрүштү. Жардыруу боюнча алар таккан күнөөнү моюнга албай койгондон кийин мени департациялык борборго алып барып, «2010-жылы Кыргызстандагы окуяларга катышкансың, издөөдөсүң» деп таштап салышты", - деди Хуснидин.

Хуснидин Зайнобидинов 2020-жылы 10-февралда Магнитогорскидеги чет өлкөлүк жарандарды убактылуу камоочу жайдан бошотулду. Учурда ага Москвадагы «Ёрдам» деп аталган укук коргоочулардын тобу укуктук көмөк көрсөтүүдө.

Бахром Хамроев.
Бахром Хамроев.

Уюмдун башчысы Бахром Хамраевдин айтымында, бир жыл мурда Магнитогорскидеги окуялардан кийин борбор азиялыктар массалык түрдө камакка алынып, кысымга кабылган.

"Ал күндөрү дайыны чыкпай калган мигранттар көп болгон. Полиция, ФСБ көчөлөрдөн, базарлардан адамдарды кармап, бүт шаарды тинтип чыгышкан. Ал кезде жүздөгөн борбор азиялыктар кармалып, ур-токмокко алынганын кабарлашкан. Күнөөнү Борбор Азиядан келгендерге оодарууга аракет кылышкан. Анда жоголгондордун кээ бири табыла элек".

Магнитогорскидеги жардыруулар үчүн «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жоопкерчилик алып, Москва муну четке каккан. Орусиянын тергөө комитети көп кабаттуу үйдөгү жарылууга газ түтүгүнүн бузулушу себеп катары каралып жатканын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү башталды

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Лаишева: Журналисттик иликтөөнүн деңгээли көтөрүлдү

Аделя Лаишева.

Журналисттик иликтөө жанры азыркы журналистиканын өтүмдүүсү болуп турган чагы. Ошол эле мезгилде ал маалымат таратуунун опурталдуу ыкмаларынын да бири.

Кийинки жылдары Кыргызстанда журналисттер ачыкка чыгарган фактылар бийликтегилердин көңүлүн бурду. Жыл санап иликтөө журналистикасынын барк-баасы көтөрүлүүдө. Ага жараша милдети да көбөйүп баратат.

Маалымдоо каражаттарынын заман талабына шайкеш өнүгүшү, мыкты журналисттик ииликтөөлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүү максатында Журналисттик иликтөө фонду уюшулган. Жаңы уюмдун жаралганына бир жарым болду. Уюмдун максат-милдеттери туурасында аталган фонддун жетекчиси Аделя Лаишева «Азаттыктын» студиясында айтып берди.

- Биздин угармандар менен окурмандардын баары эле Журналисттик иликтөө фондунун эмне иш кыларынан кабардар эмес. Фонддун иши тууралуу айта кетсеңиз?

- Биздин иштер жаңыдан башталып жатат – бир жарым жыл илгери фонд экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюшулган. Журналисттик иликтөө фонду журналисттердин иликтөө жүргүзүшүнө, аларды жайылтууга көмөктөшүү максатында уюшулган.

Бул жанр канчалык оор, жооптуу экенин узун сөз кылып айтып отурбайын. Иликтөө журналистикасы - түйшүгү түмөн, каржылык чыгымы арбын, анан да кооптуу, кылдаттыкты талап кылган иш. Белгилүү бир чектен өткөн соң ар бир кадамың укуктук негизге таянып, камырдан кыл сууругандай так болушу абзел. Ал жерде өзүмдүк деген пикириң, ойдон табылган жоромолуң болбошу керек, баары кызылдай фактыга негизделиши зарыл. Мындай ишти жалгыз-жарым журналисттин жасашы кыйын.

Тажрыйба көрсөткөндөй, терең, ар тараптуу иликтөөлөрдү журналисттердин тобу ишке ашырат, андай иш жалгыз маалымдоо каражатынын колунан келбейт, жалпы ишке бир топ маалымат каражаттары, ар кыл кесиптеги, багыттагы адамдар катышат.

Ошондой журналистиканын өсүшүнө шарт түзүү (бизде иликтөө журналистикасы жаңыдан жаралып келатат) максатында мына ушул фонд түзүлгөн.

Бизди кээде Уланбек Эгизбаев атындагы фонд менен чаташтырып алышат. Ушуга тактык киргизе кетейин. Уланбек капыс каза болгондон көп өтпөй жаңы фонд түзүлгөн. Журналисттик иликтөө фонду Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын берилчү сыйлыкты негиздеген.

- Фонд түзүүнүн демилгесин ким көтөргөн?

- Демилгечиси - жогоруда айтылгандай эле экс-президент Роза Отунбаева. Фонддун биринчи акчасын да Роза Исаковна жанынан чыгарган. Ал киши фонддун байкоочулар кеңешинин мүчөсү. Биз азыр гранттык негизде иштеп, каражат издеп жатабыз. Фонддун иши ачык, ага каалаган жарандар каражаттарын кошсо болот. Коомдук пикирди жанданткан кийинки иликтөөлөр чет элдик акчага жасалган деп жүрүшөт. Шарттан пайдаланып ушул маселе тууралуу ачык айтып кетейин - биздин уюмдун www.jif.kg деген сайты бар, анда фонд тууралуу болгон маалыматтардын баары жазылган. Иликтөө журналистикасы чет элдиктердин акчасына жасалбасын десеңиз, тартынбай эле каражат жагынан колдоңуз.

- Фондду ким башкарат, ишин кимдер көзөмөлдөшөт?

- Жакындан бери фонддун төрайымы менмин. Долбоордун багыттоочусу Гүлмира Эсенгелдиева. Бухгалтерибиз, байкоочулар кеңеши иштейт. Байкоочулар кеңешине 11 адам кирген. Негизинен жарандык коомдун өкүлдөрү, мамлекеттик түзүмдөрдөн да кошулган. Бул маселени биз мүмкүн карайбыз, устав боюнча тийиштүү жөрөлгөлөр сакталышы керек. Ар кыл басылмалардын журналисттери бар. Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү тууралуу болгон маалыматтын баары биздин сайтта жайгаштырылган.

- Мындан келди, фонддун ишине байланыштуу кабыл алынчу чечимдердин башында байкоочулар кеңеши турат десек болобу?

- «Чоң» чечимдерди, албетте, байкоочулар кеңеши кабыл алат. Күндөлүк маселелер башкармалык тарабынан чечилет. Мен төрайыммын, мени менен долбоорлордун координаторлору иштешет.

- Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылчу сыйлык тууралуу кеп кылсак. Сунуш кылынган материалдар кандай принципте иргелет, жеңүүчүнү ким аныктайт?

- Сыйлык экинчи ирет гана ыйгарылып жатат. Биз былтыр эмгектерди кабыл алабыз. Сыйлык Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү – 12-февралда ыйгарылат. Бул күн аптанын кайсы учуруна туш келбесин, өзгөрүлбөйт деп чечкенбиз. Мүмкүн кийинчерээк башкача бир шарттар кошулуп калышы ыктымал, азырынча ушундай болсун дедик. Быйыл 2019-жылкы журналисттик иликтөөлөрдү чогулттук. Сыйлык экинчи ирет берилип атканын эсепке алсак, анын шарттары өзгөрүшү ыктымал.

Буга чейин журналисттерден эмгектерин бизге берүүнү суранып келсек, 2020-жыл үчүн мүмкүн буга баарынын катышуусун суранат болушубуз керек. Мисалы, сиз журналист катары же басылма журналисттик изилдөө жүргүзсө, анан ушундай сыйлык бар экенин кайсы бир себептерден улам билбесе, сиздин эмгекти кайсы бир кесиптешиңиз, көрүүчүңүз, угуучуңуз, дагы башка бирөөлөр сунуш кыла алат. Өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан журналисттик иликтөөлөргө байкоо салгыбыз келет.

Ар бир журналисттик иликтөө - көп күч-аракет жумшалган олуттуу иш. Андай иштердин саны бизде 30га жетти.

Ушу тапта биз өзүбүздү өзүбүз аңдоодобуз. Маселен, биринчи сыйлык байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан ыйгарылса, быйыл биз комиссиянын иш форматын өзгөрттүк. Ага укукчулар, «Адилет» укуктук клиникасынын, «Медиа Полиси Институтунун», жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттер, ошондой эле байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү катышты. Кызыкчылыктар тиреши болбосун деп байкоочулар кеңешинин айрым мүчөлөрү киргизилген жок.

Башкача айтканда, тандоого ишин мыкты билген адамдар катышты. Келип түшкөн иштерди ар тараптуу карадык. Комиссия мүчөлөрү бул жылы аябай «тердешти», алар 12 чен-өлчөм боюнча баа коюшту, бул болсо оңой жумуш эмес. Анын үстүнө биз комиссиянын бир мүчөсүнүн пикири башкасына басым кылбашы үчүн колдон келишинче аракет кылдык. Ар бири келип түшкөн иштердин тизмесин, балдардын жадыбалын алат, бүттү. Ким өнөктөшү, ким мүчөсү экенин билишпейт. Жыйынтыктоочу отурумга баарын чакырдык, толтурулган жадыбалдарды алдыга жайдык, сандык орточо жыйынтыктарды чыгардык - болду, анан жеңүүчү өзү эле аныкталып калды. Бир да талаш болгон жок.

Кайсы бир аймакка, шаарга тиешелүү иликтөө материалдары болду. Биздин негизги чен-өлчөм - проблеманын масштабы, иликтөөнүн жалпы өлкөгө тийгизген таасири болчу. Анан албетте, биздин коомду козголтуп, артынан толгон-токой жаңырыктарды жараткан журналисттик иликтөө баарынан мыкты деп таанылып утуп чыкты.

- Мүмкүн болсо коюлган упайларды аныктоочу негизги чен-өлчөмдөрдү атай кетсеңиз.

- Проблеманын масштабы, кесиптик жогорку деңгээли, окурманга, угарманга, көрүүчүгө тийгизген таасири, жайылтылышы, пикирлердин теңдештиги, материалды берүүнүн чеберчилиги жана башкалар.

Айталы, үч-төрт жыл мурдараак иликтөө журналистикасы сый айтканда 1-класстын деңгээлинде болсо, азыр ал 3-4-класска көтөрүлүп калды.

- Айтылган чен-өлчөмдөрдү эсепке алып туруп сиз иликтөө журналистикасынын деңгээли өткөн жылкы сыйлыкка ээ болгон учурдан кадыресе өйдө көтөрүлүп калды деп айта аласызбы?

- Тилекке каршы, былтыркы сыйлыкка көрсөтүлгөн иштерди мен көрбөй калдым. Иликтөө журналистикасынын фондун былтыр ноябрдан тарта жетектеп келатам. Анткен менен кесиптештеримдин материалдарына такай көз салып турам. Ошондуктан иликтөө журналистикасынын деңгээли кадыресе жогорулады, сапаты бийиктеди деп айта алам. Ошол эле учурда мунун баары фонддун ишине байланыштуу болду дебейм. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту кыйладан бери ушул багытта иштеп келет, аймактык журналисттерге кыргыз тилинде бир нече окутуу өткөрдүк. Аймактардагы иликтөө журналистикасын кыйла жандандыра алдык. Ошол эле кезде бул жагынан биз бүтүрүүчүбүз деп да айтпас элем. Өсүп-өнүгүүнүн жолдору көп. Бизде дата журналистика, факт-чекинг там-туң кадам таштоодо. Аз-аздан алдыга умтулуп баратабыз.

- Журналисттик иликтөө фондунун келечегин кандай элестетесиз?

Иликтөө журналистикасы – опурталдуу иш. Кээде журналист өз атынан же басылмасынын атынан кайсы бир маалыматты алыш үчүн белгилүү бир жерге өтүнүч жөнөтө албайт. Бул ишти биз өзүбүзгө ала алабыз.


- Биз жакында стратегиялык өнөктөшүбүз - «Интерньюс Кыргызстан» менен биргелешип стратегиялык сессия өткөрдүк. Өнөктөшүбүз иликтөө журналистикасы боюнча долбоорун ишке киргизди. Стратегиялык сессия алдында журналисттер арасында сурамжылоо жүргүздүк. «Иликтөө журналистикасына катышасызбы, катышсаңыз эмне үчүн?» деген суроону койдук. Анын жыйынтыгында буга чейин айтып жүргөн пикирибиздин тууралыгына дагы бир ирет ынандык.

Журналисттерге редакциялардан колдоо көрсөтүлбөйт, каржылык жардам аз, анан да иликтөө журналистикасы эмне деген билим жетишпейт, бул өзгөчө кыргыз тилине тийиштүү. Ошол эле учурда иликтөө журналистикасынан чочулагандар көп. Өзүбүзгө биз мындай жолду тандап алдык: бул ишти уланта беребиз, журналисттер менен иштеш үчүн каражаттарды издейбиз, алардын сапаттык деңгээлин көтөрүүгө көмөктөшөбүз.

Биз ошондой эле журналисттерге кандайдыр бир деңгээлдин көрсөткүчү болгубуз келет. Иликтөө журналистикасы – опурталдуу иш. Кээде журналист өз атынан же басылмасынын атынан кайсы бир маалыматты алыш үчүн белгилүү бир жерге өтүнүч жөнөтө албайт. Бул ишти биз өзүбүзгө ала алабыз. Фонд катары кат жазып, кайсы бир маалыматты алууга укугубуз бар. Албетте, ал маалыматты кимге алып атканыбызды айтпайбыз. Журналисттерди коргоп, аларды сакташыбыз керек. Келечекте бул ишти юристтер аткарат. Анткени журналисттик иликтөөдө мыйзамдын эреже-тартиптери кандай сакталганы укук адистери тарабынан кылдат каралышы зарыл.

Бул жагынан биз азырынча жаңыбыз, жашпыз, үйрөнө турган жактарыбыз аябай эле көп. Бардык журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө эшигибиз ачык. Ошол эле кезде каражат чогултууга, сунуштарды угууга даярбыз.

Маекти орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Уздардын сейрек ыкмасын колдонгон Сезим

Уздардын сейрек ыкмасын колдонгон Сезим
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00

Сабырдуулук дүйнөнү сактайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Биз эмне үчүн бөлөк улуттардын, элдердин өкүлдөрүн көбүнчө түшүнө бербейбиз, алардан чочуркап, аларга ишенкиребей мамиле кылабыз?

Табияты бирдей болуп жаралган,

Бүт адамзат бир атадан таралган.

Бирин эле мүшкүл басса башкалар,

Туюп аны тынчсыздануу башталар.

Бөлөктөргө боор оорубас, кейибес,

Сага ыйык адам аты берилбес.

Саади.

(Которгон Кубанычбек Басылбеков)

Биз эмне үчүн бөлөк улуттардын, элдердин өкүлдөрүн көбүнчө түшүнө бербейбиз, алардан чочуркап, аларга ишенкиребей мамиле кылабыз. Ал түгүл аларды ачыктан-ачык жериген, жамандаган, жактырбагандарыбыз да жок эмес. Эми мындай мыйзамдуу суроо туулат: алар эмнеси менен бизге жакпайт, алар эмне үчүн бизге өөн учурайт, биз алардан эмне үчүн бөлөксүнөбүз? Мен бул суроолорго өзүмдүн башымдан өткөн мисалга, тажрыйбага таянып жооп берейин.

Мындан 11-12 жыл илгери, жумуш издеп Орусияга алгач барганымда, бөлөм Махамат экөөбүз тажиктер менен бир бригадада иштешип калдык. Курулуш фирмасынын башкы прорабы татар улутунан экен. Ал ушунчалык катаал, мүнөзү кырс, ачууланганда оозуна келген сөздү кайтарбаган балит адам болгондуктан, «Марат келди» деген кабар угулганда курулушчулар (эгер бир жерде чогулуп, эс алып жатышкан болсо) кыргыекти көргөн кекиликтин жөжөлөрүндөй эшиктен качканы эшиктен качып, терезеден секиргени терезеден секирип, көз ачып-жумганча тымтыракай болушчу.

Аким Кожоев.
Аким Кожоев.

Анын эсиргени, анын көпкөнү ушунчалык эле, ошол кезде 35-40тын кырына барып калган жигиттерди жеберине жеткире сөккөнүнө бир нече жолу күбө болдум. Анын уулу, фирманын башкы устасы (мастери) атасынан өткөн мерез болчу. Ал бизди, өздөрүнүн жаргону менен айтканда, «чёрныйларды» ашкере жек көрүп, дайыма көзүнөн да, сөзүнөн да заары чачырап турчу.

Фирманын айлыкты жакшы төлөп бергенине карабастан, бир жарым ай иштегенден кийин Мараттык зөөкүрлүгүнө чыдабай экөөбүз чатакташа кетип, ал жерден кетип калдым. Мен жөн эле кеткеним жок, татар улутун жек көрүп, татар улутунан биротоло түңүлүп кеттим. Мурда эле угуп жүргөн «татар бар жерде катар бар» деген сөз да буга кошул-ташыл болду окшойт.

Эгер мен ошол бойдон үйгө келе бергенимде, балким, өмүр бою татарларды жаман көрүн жүрүп өтмөкмүн. Бактыга жараша, андан бир жарым жыл өткөндөн кийин Екатеринбург шаарынын бир бурчунда тагдыр мени дагы бир татар кишиге жолуктурду. Мен кара жумушчу болуп иштеген автопаркта ал машине оңдойт экен. Ал мен жашаган бөлмөдө түштөнүп, алысыраак жерде жашагандыктан кээде, катуу чарчап калган күндөрү, түнөп да калчу. Мен анын жөнөкөйлүгүнө, кичи пейилдигине, адамгерчилигине тан бердим. Биз тез эле ага-инидей болуп кеттик. Бул окуя мен үчүн эстен кеткис сабак болду. Мен бүтүндөй бир улут, бир эл жөнүндө жаңылыш бүтүм чыгарганыма катуу уялдым.

Ошол эле жердеги дагы бир имаратта коженттик 19 өзбек жашачу. Мен түндө эле бөлөк жайда жатканым болбосо, күндүз аларга жакын жерде иштеп, кечкисин да бир оокумга чейин алар менен чогуу телевизор көрүп, чайлашып же жөн эле сүйлөшүп отурчубуз. Алар өз жергеси, үй-бүлөсү, турмуш-шарттары тууралуу сагынуу менен кеп салышчу. Мен алардын жашоо жолоюна, үрп-адаттарына, каада-салттарына кызыкчумун. Өз кезегинде мен да өзүм кыргыздар жөнүндө аларга айтып берип жүрдүм. Алардын башчысы Шавкат мени менен теңтуш чыгып, экөөбүз кадимкидей дос болуп калдык.

Бир күнү адаттагыдай эле салам айтып көңүлдүү кирип барсам, баардыгынын сабыры суз, жабыла телевизор тиктеп отурушуптур.

- Ошто кыргыз-өзбек урушу чыгыптыр! – деди алардын бири үнү буулугуп. Мен эмне дээримди билбей, эмне кыларымды билбей, нес болуп катып калдым.

- Кантип? Эмне үчүн? – деп сурадым саамдан кийин өзүмдү колго алып.

- Ошентип… бирин-бири кырып жатыптыр! - деди баягы киши, бу саам үнү катаал угулду.

- Өзбегине дагы, кыргызына дагы Кудайыма акыл-эс, иман-топук, сабырдуулук берсин! – деди Шавкат баарыбызга олуттуу тигилип. - Ушул уруш бизге окшогон карапайым адамдарга зарыл деп деп ойлойсуңарбы? Бул жаңжал бузукуларга эле керек болбосо, башка эч кимге кереги жок! – деп сөзүн бүтүрдү ал капалуу.

- Ооба, - деп мен Шавкаттын сөзүн коштодум, - элде эч кандай айып жок, муну чагымчылар уюштуруп жатат.

Балким, ошол каргашалуу күндөрү алардын ичинен кайсы бири мага кастарын тигип, кекенип жүргөндүр, бирок Шавкатты сыйлагандыктан, Шавкат экөөбүздүн достугубузду сыйлагандыктан эч кимиси мага унчуккан жок. Тескерисинче, Оштогу коогалаң аяктагандан кийин ынтымагыбыз мурдагыдан да бекемделип, мен алардын өз кишисине айландым жана жумуш бүтүп үйгө кайтарда баары менен бир туугандарча жылуу-жумшак коштоштум.

Өткөн кылымдын элүүнчү жылдары Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Кош-Тегирмен, Мөк, Миң-Булак, Депшаар ж.б. айылдардын тургундарын жаңы пахта талааларын өздөштүрүү максатында түштүк райондорго күчтөп көчүрүшкөн экен. 16-17 жаштардагы раматылык атам энеси экөө Шаартуз районунун айылдарынын биринде тажиктер менен кошуна туруп калышат. Атам алардын колу ачыктыгын, берешендигин, меймандостугун ар дайым абдан ыраазы болуу менен эскерер эле: «Алар Кудай берген кошуналар эле, бир табак ысык тамак жасашса да, энем экөөбүздү куру калтырбай, эрте-кеч үйлөрүнө чакырып турушчу. «Ар бир бышырган тамагыңда оң жактагы кошунанын акысы бар» дешчү. Улутубуз эле бөлөк болбосо, бир жолу кер-мур айтышпай, бир туугандан да ынак жашадык».

Атам оорунун айынан ал-күчтөн тайып, жол жүрө албай калганда гана бизден 70-80 чакырым алыста жайгашкан Тажикабад кыштагындагы тажик досторуна (алар да атам сыяктуу кийин тоо койнуна, туулган жерине кайтып келишкен болчу) каттай албай калды.

Демек, биз башка улуттарды же элдерди жакындан таанып-билсек, алар менен камыр-жумур болуп аралашсак гана алардан жатыркабай калабыз. Канчалык көп катышсак, канчалык көп жуурулушсак, ошончолук тамырлашабыз, ошончолук бири-бирибизге болгон ишеничибиз артат. Ошондо гана бөлөктөрдүн айырмачылыктарын эле эмес, өзүбүзгө окшош жактарын да көрөбүз. Атактуу орус жазуучу Достоевский айтмакчы, эки ортодо данакер катыш бар экендигине сөзсүз ынанабыз.

Анан ар бир улут, эл аны башкалардан айырмалап турган маданияты, каада-салты, үрп-адаты, жөрөлгөлөрү менен кайталангыс болорун унутпашыбыз керек. Эгер жалпы адамзатты бир эбегейсиз чоң дарак деп элестетсек, ар бир улут, ар бир эл – анын бир тамыры, бир бутак-шагы. Эгер бир улут же эл жоголсо, бир тил же каада-салт жоголсо, ошол даракка доо кетет, анын бир тамыры же бутак-шагы куураган менен барабар болот. Демек, бизге да таасир этет, бизге да залакасы тиет. Чыгыштын улуу ойчулу Саади «бардык адамдар бир атадан тараган» деп бекеринен айткан эмес да!

Ар бир элдин акылманы, залкары болгондой эле, анын нааданы да, акмагы да, эл бузар чагымчысы да болот. Ошондой эле башкалардын бизге такыр жакпаган каадасы, ырым-жырымы да болушу мүмкүн. Биздин да көп нерселерибиз бөлөктөргө жакпай калышы толук ыктымал. Мындай нерселерди сабырдуулук менен түшүнүп, сабырдуулук менен кабыл алышыбыз абзел.

Бүгүнкүдөй саясий, диний, аймактык тирешүү күч алып жаткан заманда дүйнөнү сабырдуулук гана сактап калары айныксыз чындык. Бир жакшы адамдын шарапаты менен эки эл табышат, бир бузукунун кесепети менен эки эл чабышат деген кеп бар. Биз сабырдуу эле болбой, элдерди ымалага келтирген арачы-данакерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, чагымчы-бузукулардын кыянат иш-аракеттерин кан буугандай буусак, дүйнөдө сөзсүз ынтымактын шаарын курабыз. Менин тилегим - адамзаттын тагдыры ар бирибиздин колубузда экендигин эсибизден чыгарбасак.

Аким Кожоев, жазуучу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шайлоо 2020: саясий күчтөргө эскертүү

Кыргызстан.

Парламентте сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөргө ультиматум жолу менен жеке максаттарды ишке ашырууга болбосун эскертти.

Мыйзам боюнча жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште антын кабыл алган адатта Cооронбай Жээнбеков кыска гана каалоо менен чектелчү.

Бул жолу президент депутаттардын алдында кенен сөз сүйлөп, аткарылып жаткан иштер, өлкөдөгү кырдаалга токтолду.

Билдирүүнүн негизги бөлүгү буга чейин жарыяланган долбоорлор, санариптештирүү, сот реформасы, экономикалык кырдаалга арналды. Бул маселелер боюнча Жээнбековдун буга чейинки билдирүүлөрүнөн көп деле айырмаланган жок. Ал эми парламенттик шайлоо жана саясий абал боюнча билдирүүсү кызыгуу жаратты. Анда Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда өлкөдө тынчтыкты бузууга аракет кылгандарга карата мыйзамдуу чара көрүлөрүн эскертти.

«Шайлоого ким кандай катышса, өз эрки. Бирок шайлоодон кийинки турмушту, өлкөнүн келечегин унутпайлы. Шайлоону мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей, инвестициялык климатка залал келтирбей, өткөрүүгө милдеттүүбүз. Мамлекеттеги тынчтык, жарандарыбыздын коопсуздугу баарынан кымбат экенин эстен чыгарбайлы. Коомубуздун ачыктыгын пайдаланып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын жалпы коомго таңуулагысы келгендер да жок эмес. Тигил же бул маселени кысым көрсөтүү, ультиматум жолу менен чечүүгө аракет кылгандар да бар. Дагы бир жолу баса белгилеп, айтып коеюн - бардык маселе укуктук талаасында чечилет. Коомубуздагы тынчтыкты бузууга батынгандардын аракети мыйзам алкагында сөзсүз өз баасын алат».

Президенттин бул сөзү алдыдагы шайлоого байланыштуу болсо да, "ультиматум жолу менен чечүүгө аракет кылгандар” деп конкреттүү кимге багытталды деген суроо жаралууда. Анткени бул кайрылуу өлкөдө саясий күчтөр жанданып, коомдо бир катар маселелер талкууланып жаткан мезгилге туш келди.

Мисалы, жергиликтүү шайлоолорго даярдык баштаган саясий партиялар курултай өткөрүүгө камынып жатса, Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушуна каршы чыккан жана Бишкектин четиндеги жаңы конушта жер тилкесине байланыштуу митингдер өттү.

Буга кошумча камактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгаруу талабы менен тарапкерлери кийинки апталарда нааразылык акцияларын өткөрөрүн жарыялаган.

Жапаровду колдоо кыймылынын башчысы, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев президенттин билдирүүсү дал ушул соңку нааразылыктардын алдын алуу максатын көздөйт деп эсептейт:

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

«Биринчиден, президент өтө чукул кайрылуу жасагандай таасир калтырды. Албетте, бул анын конституциялык укугу. Ал эми шайлоо жылында мыйзам бузбагыла деген бардык эле президентке мүнөздүү нерсе. Бирок ушуну улам-улам кайталап, басым жасаган өздөрү күнөөсүн сезгендей сезим калтырды. Мисалы, ошол эле Садыр Жапаровдун маселеси. Ага мунапыс берүү же ырайым берүүнү жөн эле чечип койсо болот эле. Ушул маселеден улам нааразы болгондор Кыргызстандын бардык райондорунан талап коюп жатат. Көбүнчөсү жаштар. Мен ушул нерсеге ишарат кылып,эскерткендей кабыл алдым».

Осмоналиев Садыр Жапаровду колдоо боюнча Бишкекте акция 2-мартта өткөрүүгө даярдык көрүлүүп жатканын ырастады. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Жээнбековдун билдирүүсү өз убагында жана туура болду деген пикирде.

«Өлкө башчысы катары шайлоо эле эмес бардык тармактар боюнча өз көз карашын билдирди. Санариптештирүүдөн баштап, учурдагы бардык көйгөйлөргө токтолду. Муну кайрылуу каалоо катары кабыл алсак болот. Эми аны сөзсүз парламент кабыл алат. Президенттин оюн уктук, бул деле парламент жана эл үчүн багыт болду десем болот».

Ал эми экс-премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, өлкөдө өкмөттүн бир катар долбоорлору ишке ашпай, нааразылык күчөп жаткан чакта президент дагы конкреттүү кадамдарды айтышы керек болчу:

Темир Сариев
Темир Сариев

«Эми шайлоолордон алдында саясатчылардын арасында популизм күчөйт. Президент мындан да катуу айтышы керек болчу. Жергиликтүү шайлоолор өткөн жатат. Мына ушул өнөктүктө болуп жаткан терс көрүнүштөргө кескин түрдө сын айтып, Башкы прокуратура менен өкмөткө тиешелүү жоопкерчилигин көрсөтүш керек эле. Анткени, Ош, Токмокто болуп жаткан жарандарды каттоого алуу жөн маселе эмес. Жергиликтүү бийликтердин мыйзамсыз аракеттерге барбагандай болуш керек. Эгер жергиликтүү шайлоолор таза эмес өтсө, бул парламенттик шайлоого да терс таасирин тийгизет».

Быйыл 12-апрелге белгиленген, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында Ош, Каракол, Токмок шаарларына аймактардан келип каттоого тургандар кескин көбөйгөн.

Жарандык активисттер, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар муну саясатка байланыштырып, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого камынган айрым партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыгышкан. Ошол эле учурда Темир Сариев бийликти сындаган күчтөрдү президент каршылаш катары кабыл алып, күчүн көрсөтпөй алардын кеңештерине кулак салышы керектигин кошумчалады.

Саясатчы президент билдирүү менен эле чектелбей, өлкөдөгү өкмөттүн кемчиликтери өз укугунан пайдаланып чара көрүшү зарыл экенин эскертүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз соодасын чочуткан кытайлык вирус

Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдагы коронавируска байланыштуу чек аранын жабылышы кыргыз экономикасына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Товарлар, азык-түлүк кымбаттап жатабы? Сырткы соода-сатыктын көпчүлүк көлөмүн ээлеген Кытайдын ордун кантип толтурса болот? Соода кызматташтыгын өнүктүрүүнүн дагы кандай жолдору бар? «Арай көз чарай» талкуусуна Экономика министрлигинин аймак аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев жана экономика боюнча эксперт Кубаныч Чороев катышты.

«Азаттык»: - Зайнидин мырза, Кыргызстандын сырткы соода-экономикалык кызматташтыгынын жалпы деңгээлин кандай өлчөсөк болот? Анын ичинде Кытай мамлекетинин орду кандай, алар менен соода алакабыздын көлөмү, масштабы кандай?

Зайнидин Жумалиев.
Зайнидин Жумалиев.

Зайнидин Жумалиев: - Кыргызстандын сырткы мамлекеттер менен соода алакасынын бир жылдык көлөмү 6 миллиард доллардын тегерегинде болсо, анын 2 миллиарддан ашык суммасы Кытай мамлекетине таандык. Кытай биз үчүн жакын кошуна катары алардан товар алып келүү биз үчүн өтө ыңгайлуу жана арзан. Ошол эле учурда Кыргызстан жылына Кытайга 50-60 миллион доллардын тегерегинде товарларды экспорттойт.

«Азаттык»: - Сиз жылына Кытайдан 2 миллиард доллар товар келерин айтып жатасыз. Кытай өкмөтү «Кыргызстанга 5 миллиард долларлык товар жөнөттүк» деп жатат. Эмне үчүн мынчалык чоң айырма болуп жатат?

Зайнидин Жумалиев: - Менимче, бул жерде товарлардын көлөмү эки мамлекетте эки башка өлчөнгөнүндө болуп жатат. Мен Кытай тарап кандай ыкма менен эсептеп жатканын билбейм. Бизде товарды килограммдап же куб менен өлчөсөк, аларда даанасы менен эсептейт окшойт. Бул маселени эки тараптын адистери жолугуп, эсептөөнүн бирдей жолуна келет болуш керек. Ошондуктан мен Кыргызстандын расмий статистикасынан башка маалыматтарга түшүндүрмө бере албайм.

«Азаттык»: - Ушул күндөрү Кытай менен Кыргызстан бири-бирине товар чыгарган жок, киргизген жок десек болобу?

Зайнидин Жумалиев: - Ооба, эки тараптан тең товар кирген да, чыккан да жок. Биз 15-январга чейин мурда товар алып келүүгө Кытайга кирген жарандарыбыздын баарын чыгарып алганбыз. Азыр авиация менен келе турган товарлар да токтогон, авиакаттамдар толугу менен жабылган. Учурда товарды поезд менен гана ташууга уруксат бар. Коронавирус жалаң эле Кыргызстанга эмес, бардык мамлекеттерге тиешелүү кырсык болуп турат. Кытайдын негизги өндүрүшү жабык турат, карантинге алынган.

«Азаттык»: - Кубан мырза, Кытайда коронавирус чыкканына байланыштуу чек ара жабылып, товарлар дээрлик келбей калганы айтылууда. Мунун таасири сезилип жатабы? Мындан кийинки кырдаалды кантип болжолдосок болот?

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

Кубан Чороев: - Азырынча бул ооруга байланыштуу олуттуу өзгөрүүлөрду деле байкай элекпиз. Анын үстүнө жыл сайын ушул күндөрү Кытайдагы майрамга байланыштуу чек ара жабылчу. Ошого жараша ишкерлер да алдын-ала даярданып, товарларды көбүрөөк өлчөмдө алып келип алчу. Кытайдагы коронавирустун жайылышы Кыргызстанга эле эмес, бүткүл дүйнөгө да таасирин тийгизип жатканын Дүйнөлүк соода уюму, Американын федералдык уюму да айтып жатат. Алардын эсептөөсү боюнча бул оору дүйнөлүк дүң өнүмдүн 10-15% кемишине таасир этүүдө.

Албетте, бул кырдаал Кыргызстанга да таасир тийгизет. Кытайдан бизге 2 миллиардан ашык товарлардын келип жатышы Кыргызстандын ички дүң өнүмү үчүн чоң цифра. Оптимисттик ой менен айтканда коронавирустун денгээли 2-3 айдын тегерегинде жоюлат деп үмүттөнөбүз, буюрса анан баары калыбына келет.

Пессимисттик ой менен айтсак, эгерде абал дагы кыйындап кетсе, анда Кыргызстанга кыйын эле болот. Өзгөчө биздин кийим тигүү тармагы, эмерек жасагандар чийкизаттын баарын Кытайдан алып келишет. Адегенде ошолорго өтө оор болот, алар кыйналат.

Коронавирус базар баасын көтөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:27 0:00


«Азаттык»: - Зайнидин мырза, соода-сатыкты жөнгө салуунун жолдору кандай? Кытайдан келе турган товарлардын ордун ким, кайдан толуктайт? Ал үчүн кандай чара көрүшүбүз керек?

Зайнидин Жумалиев: - Биз бул маселени күндө талкуулап жатабыз. Абалга мониторинг жүргүзүп жаткан атайын башкармалык бар. Аймактардагы биздин кызматкерлер да жер-жерлердеги, базарлардагы бааларга да көз салып турушат. Кандай товарлар бар, кайсы товарга керектөө болуп жатат, баа көтөрүлүп жатабы же жокпу - мунун баары биздин көзөмөлүбүздө.

Биз бир жуманын ичинде ушулардын баарын эсептеп, талдап туруп, анан мындан аркы пландарыбызды иштеп чыгалы деген ниетте турабыз. Мисалы, Кытайдан товар келбей калса алардын ордун кантип толтурабыз деген суроолорго жооп издейбиз. Кудайга шүгүр, учурда эл керектөөчү товарларды бардык жерде тапса болот. Ошол эле Орусиядан, Түркиядан, Казакстандан тапсак болот, Кыргызстандын ички базарынан дараметин көтөрүшүбүз керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Оштогу мыйзамсыз курулуштардын чыры

Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинин №64 дарегине куруп жаткан көп кабаттуу үй.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгы Ош шаарында 26 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жатканын аныктаган.

Алардын бирин мэрия Жогорку соттун чечимине таянып буза баштады. Жергиликтүү бийликтин бул аракетине жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир алгандар каршы чыгышты.

Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүнүн №64 дарегине «Евро стиль» компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйдөн алдын-ала батир сатып алган Айдана Канатбекова Ош мэриясынын бул көп кабаттуу үйдү бузуу аракетине нааразылыгын билдирди.

«Курулуш компаниясы менен Ош мэриясынын жеке келишпестиктери бар экен, буга биздин кандай күнөөбүз бар? Үй башталгандан бери сот иштери бүтпөй жатат. Жергиликтүү бийлик буга чекит коюшу керек. Бешене тери менен тапкан акчасына үйлүү болобуз деп баары чыркырап, ушинтип нааразы болуп чыгып жатышат».

Курулушу бузулсун деп табылган көп кабаттуу үйдөн алдын-ала батир сатып алгандардын саны 42 адам. Алардин бири Зарипа Халибекова эгерде үйдүн курулушу токтотулуп, бузула турган болсо батирге төлөнгөн каражатты кайтарып алуунун жолун издеп жаткан экен.

Зарипа Халибекова.
Зарипа Халибекова.

«Бул үйдөн батир алаарда келип таанышканбыз. Документтери бар, курулуш сапаты жакшы деп тандаганбыз. Курулушта өтө деле одоно ката жок экен. Калган кагаз иштериндеги кемчиликтерин акырындап толуктаса болот эле. Бул үйдөн батир алгандар баары эле бечара адамдар экенбиз. Эмне үчүн мэр карапайым элди ойлобойт? Биз кайда барабыз?» - деп суроо салды ал.

2018-жылдын 5-декабрында Ош шаардык соту «Евро стиль» курулуш компаниясын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 454-беренеси («Объектилерди мыйзамсыз куруу жана колдо болгон кыймылсыз мүлк объектилерин өзгөртүү») менен күнөөлүү деп таап, «Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинин №64 дарегиндеги үйдүн курулушу токтотулсун жана аны баштапкы калыбына келтирүү менен мамлекеттин эсебине 200 миң сом өндүрүлсүн» деп чечим чыгарган. Бул чечимди 2019-жылдын 3-апрелинде Ош облустук соту күчүндө калтырган. Бул иш акыркы жолу ушул жылдын 14-январында Жогорку сотто каралып, «Евро стиль» курулуш компаниясы үйдүн курулушун өз эсебинен бузууга милдеттендирилген.

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов Жогорку соттун чечими аткарылып жатканын билдирди:

Алтынбек Пирматов.
Алтынбек Пирматов.

«Бул үй мыйзамсыз курулууда. Курулушка тийиштүү кагаздары толук эмес. Үйдү куруп жаткан компания шаар бийлигин тоготпогондой мамиле кылды. Өз убагында документтерин тапшырганда мындай соттук иштер болбойт эле. Эми үй толугу менен бузулат».

«Евро стиль» курулуш компаниясынын жетекчиси Батырбек Уманов көп кабаттуу үйдү курууга керектүү документтердин 70% даярдалганын, курулуш иши мыйзамдуу жүрүп жатканын билдирди. Батырбек Уманов «жергиликтүү бийлик жетинчи кабаты курулуп жаткан үйдү бузууга аракет кылып жатканы мыйзамсыз» деди:

Батырбек Уманов.
Батырбек Уманов.

«Үйдүн курулушун бузууда шаар мэриясы мыйзамды бузуп жатат. Курулушка тийиштүү кагаздарыбыз 70% даяр. Калгандарын курулуш аяктаганча бүтүрөт элек. Өз убагында шаардын жетекчилиги да тийиштүү кагаздарды бүтүрүп бербей кармап, кыйынчылык жараткан. Курулушу мыйзамсыз деп 20дан ашуун үйдү айтып жатат. Анда баарына бирдей мамиле кылыш керек эле. Биздин курулуш ишибизде ката кеткен эмес».

Мекеменин курулуш бөлүмүнүн башчысы Осмонкул Курманбеков курулушу мыйзамсыз экени айтылган 26 көп кабаттуу үйдүн ичинен 15 үйдүн иши сотко өткөнүн билдирди. Анын айтымында, калган 11 үйдү куруп жаткан курулуш ишканаларынын жетекчилерине административдик айып салынып, курулушка тийиштүү документтерди даярдоого эскертүү берилген.

Осмонкул Курманбеков.
Осмонкул Курманбеков.

«Курулуш документтери толук болбогондорду биз мыйзамсыз деп эсептейбиз, - деп түшүндүрдү ал. - Андай үйдөн азыр шаарда 26сын аныктаганбыз. Алардын бирөөнү буза башташты. 15 көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча иш сотко өткөн. Алар боюнча да жыйынтык жакында чыгат. Кээ бирлеринде жарым-жартылай документтери бар. Качан бизге курулушка тийиштүү документтерди толук алып келгенде гана биз аны мыйзамдуу деп эсептейбиз»​.

Мыйзамсыз курулуштар боюнча талаштар жалаң Ош шаарында эле эмес, өлкөнүн көп эле ири шаарларында кездешет. 2018-жылы Бишкекте гектарлаган жер тилкелери беш жылдык мөөнөт менен ижарага берилип жатканын Жогорку Кеңештеги оппозициячыл азчылык өкмөттүн отчетун карап жатканда бир нече депутат айтып чыккан. Алар баш калаадагы эң кымбат мүлккө айланган жер тилкелери мыйзамсыз түрдө ижарага берилип, аларга көп кабаттуу имараттар курулуп жатканына көңүл бурушкан. Былтыр болсо Мамэкотехинспекция Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук аймак аралык башкармалыгы Жалал-Абад шаарында салынып жаткан көп кабаттуу беш үйдүн курулушун мыйзамсыз деп тапкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Атамбаевдин саламаттыгы саясатташтыбы?

Алмазбек Атамбаев.

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын кан басымы төмөн болуп жатканын билдирип, ага дарыланууга мүмкүнчүлүк берилиши керек экенин айтышууда. 20-февралда Бишкек шаардык соту Атамбаевди тергөө абагында калтырды.

Атайын кызматтын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге адвокат Замир Жоошев акыркы жолу 18-февралда жолугуп чыккан. Анда Атамбаев кан басымы төмөндөп кеткенин айтып даттанган. Адвокат белгилегендей, кан басымдын төмөндөшүнүн кесепети инсультка, инфарктка алып келиши мүмкүн.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Ден соолугу начар. Азыркы курагында кан басымынын деңгээли 110/70 болушу керек экен. Азыркы күндө 83/60 болуп жатат. Дарыгерлердин айтымында, мындай абал инсультка, инфарктка алып келиши мүмкүн. Абакта бир күн бою Атамбаевдин кан басымын текшеришиптир. Ошондо эң төмөнү 76/60 көрсөткөн экен. Биз ошол бир күндүк мониторингдин жыйынтыгын сурап, расмий кайрылсак, бербей коюшту».

Жактоочу Жоошев Атамбаев тезинен дарыгерлердин толук текшерүүсүнөн өтүп, дарыланууга шарт түзүлүшү керек экенин кошумчалады. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Атамбаевдин абалы туруктуу жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдады.

Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери 20-февралда Атамбаевдин ден соолугун көрүп чыгышты. Мурдагы президент кан басымы азайып, эртең менен башы ооруп жатканын айткан.

Ал эми акыйкатчы Токон Мамытов анын аппаратынын кызматкерлери Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу абакка кирип чыгуу боюнча иштеп жатканын билдирди:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

«Балдар иштеп жатышат. Алар мага келип баяндама бергенде гана маалымат айта алам. Эртеден бери балдар ошол маселе боюнча иштеп жатышат».

Атамбаевдин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу кабар сотто анын бөгөт чарасы каралып жаткан учурда тарады.

20-февралда Бишкек шаардык соту Атамбаевди тергөө абагында калтырды. Январда Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин камактагы мөөнөтүн 15-мартка чейин узарткан болчу.

Бардык соттук отурумдар жабык өтүп жатат. Сотто Атамбаевдин адвокаттары менен айыптоочулар мурдагы президенттин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча өз жүйөлөрүн келтиришти.

Жоошевдин айтымында, 20-февралдагы соттук отурумда прокурор "Экс-президенттин макамы жөнүндөгү" мыйзам өзгөртүлүп, тийиштүү шарт түзүлгөндөн кийин гана Атамбаев кармалганын билдирген.

Бирок Жоошев Жазык-процессуалдык кодекстин 474-беренесинде «өз ишмердүүлүгүн токтоткон президент камакка алынбайт» деген жобо жокко чыгарылбаганын жүйө келтирди.

Мындан сырткары адвокат буга чейин Интернетке чыгып кеткен «Батукаев Жаныш Бакиевге алмашылмак» деген документ тергөөнүн материалдарында далил катары тиркелгенин тастыктады.

«Шектүүлөргө «Коррупция» деген айып коюлуп жатат. Бирок коррупцияга далилдер жок. Иште «Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштырыш үчүн атайын операция жүргүзүлгөн» дегендей версияны бекемдеген далилдер жыйналган. Бирок атайын операция жүргүзгөн деген айыптоо жок. Коррупция болгон деп туруп ага атайын операцияны далил кылып атышат. Чогултулган далилдер менен коюлган айып эки башка болуп жатат».

Бирок жактоочу Атамбаевдин Батукаев боюнча эч кандай көрсөтмө бере элек экенин кошумчалады.​

Буга чейин Интернетте мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун көрсөтмөсү деген документ тарап, анда «Батукаевди Жаныш Бакиевге алмашуу» операциясы жөнүндө айтылган. Саясатчы Феликс Кулов «алмашуу» деп айтылган версия чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Кулов кылмыш ишинде кайсы бир шектүүнүн көрсөтмөсүн далил материал кылып көрсөтүү туура эмес экенин айтты:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Бул реалдуу эмес. Биринчиден? бул операцияны ким аткарат? УКМКнын мындай атайын операция жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Эч кандай келишим жок. Эмнеге Курманбек Бакиев эмес, Жаныш Бакиев? Бакиевдер Минскиде жашашат. Мындай атайын операция эч качан болбойт».

Анткен менен айтылып жаткан версияга кошулгандар да бар. Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, бул версияны таптакыр жокко чыгарып салууга болбойт. Иштин материалына тиркелгенден кийин соттук териштирүү кылдат жүрүшү керек.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Ошол кезде «алмашуу боюнча сөздөр бар экен» деп имиштер тараган. Азыр укук коргоо органдары ага баа беребиз десе, баарын сурашы керек. Аны Атамбаев жалгыз жасаган эмес да. Жөн эле бир сөз менен далил кылуу болбойт. Күбөлөр «алмашууга аракет кылганбыз» деп так далилдерди келтирсе ишенсе болот», - деди ал.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов ошол кездеги бийликтин «алмашуу» атайын операция планы чын болсо эл аралык чоң чатакка айланмак деген ойдо. Бирок ал ошондой «соодалашууну» ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин белгилеп, Батукаевди бошотууда "Атамбаевдин жеке кызыкчылыгы болгон" деп эсептей турганын билдирди:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

«Атамбаевдердин башка максаты болгон. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» дейт, анын максаты акыры билинет. Батукаев чыгып кеткенде эле айтып чыкканбыз. Башка мамлекеттик органдардын кандай максаты бар эле? Алар деле жоопкерчиликтен коркот. Биринчи киши «жасай бергиле, мен жооп берем» деп айтып койгон».

Тергөөдөгү жашыруун деген материалдар боюнча Ички иштер министрлиги комментарий бере албай турганын билдирген болчу. Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы боюнча 18-февралда караган сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү катышкан эмес. Анткени башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын сот отурумуна катышуусуна тыюу салган. Акыркы сот отурумдарында Батукаевди абактан чыгаруу боюнча 2013-жылдагы эксперттик комиссиянын курамындагы дарыгерлер көрсөтмө берип жатышат.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Шайлоо босогосуна чекит коюлдубу?

Шайлоо босогосуна чекит коюлдубу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00

Жээнбеков жети пайыздык босогого ыктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жаткан учур. 20-февраль, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда саясий партиялардын парламентке өтүү босого чеги жети пайыз болушу керек экенин ишарат кылды.

Ал тогуз пайызга саясий күчтөр даяр эмес экенин, ал эми беш, үч пайызды саясатчылар өз кызыкчылыктарына колдонуп кетерин айтты. Муну менен саясий чөйрөдө акыркы кезде эң көп талкууланган темага чекит коюлгандай болду. Деген менен байкоочулар шайлоодогу мындан башка да негизги маселелер чечилбей жатканын эскертишүүдө.

Президент өз позициясын ачыкка чыгарды

Президент Сооронбай Жээнбеков партиялардын Жогорку Кеңешке өтүүчү босого пайызы боюнча пикирин биринчи жолу ачык билдирди. Ал буга чейин ушул маселеде оюн айтуудан карманып келген. Өлкө башчы 20-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, күзүндө өтчү парламенттик шайлоого токтолду:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Азыр тогуз пайыз, жети пайыз, беш, жада калса үч пайыз деген да пикирлер айтылууда. Тогуз пайызды сунуш кылып, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги жүйө - партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Маселе ушунда болуп турат. Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. Жашырганда эмне, элде «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деген сөз бар. Бизде ар бир саясатчы өзүн лидер деп эсептейт. Жети пайыз - бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. Беш жана үч пайызды айткандар, «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган жүйөлөрдү айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат десек жаңылышпайбыз».

Шайлоо босогосуна байланыштуу депутаттык топтор иштеп чыккан мыйзам долбоорлору коомдук талкууда турат. Беш депутат сунуш кылган документте чекти беш пайызга түшүрүү каралган. Ал эми ар кайсы фракциядан топтолгон 21 депутат босого пайызды жети деп белгилөөнү сунуш кылды.

Парламентке өтүү чегин беш пайызга чейин төмөндөтүүнү шарттаган мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев президенттин шайлоо босогосу боюнча сөзүн төмөнкүдөй чечмеледи:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Биз, мисалы, пайызды бешке түшүрүш керек деп сунуш бергенбиз. Башка саясатчылар жети пайыз деп жатышат. Азыр болсо босого чек тогуз пайыз. Бирок кыргызда «Төө сурасаң бээ берет» деп коёт. Мен президенттин сөзүнөн ал жети пайызга макул экенин түшүндүм. Бул саясий, стратегиялык жана парламентаризмди бекемдөө жагынан да туура кадам».

Буга чейин жарандык коом, «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар», «Улуттар биримдиги» партияларынын өкүлдөрү парламентке өтүү чегин төмөндөтүү боюнча бир нече жыйындарды өткөргөн.

Тогуз пайыздык босого менен парламентке административдик жана финансылык ресурска ээ болгон тараптар гана келип, жалпы коомчулуктун пикири эске алынбай калат деген ойлор айтылган. Бул келечекте саясий туруктуулукка кедергесин тийгизип, азыркы бийликке коркунуч туудурары сөз болгон.

«Негизги маселе чечиле элек»

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков пайыздык чек алдыдагы парламенттик шайлоонун чечилбей жаткан негизги маселеси эмес деп эсептейт.

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«Кеп жети же тогуз пайызда эмес, - деди ал. - Маселенин баары депутаттарды ким шайлайт деген суроодо турат. Анткени элди шайлоо укугунан ажыратып коюшту. Баш мыйзамда «эл ыйгарым укугун Жогорку Кеңештин депутатына берет» деп турат. Ал эми шайлоо мыйзамында «эл партияга добуш берет» деп жазылган. Демек, ким депутат болорун эл эмес, партия лидерлери чечип калды. Партияда ким канчанчы орунга жазыларын акча аныктайт. Элдин колуна депутаттарды шайлоо укугун бермейинче жети же тогуз пайыздын мааниси жок».

Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети болуп өзгөртүлгөн. Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзамды 2017-жылы кабыл алган жана ал быйыл жыл башында күчүнө кирди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо 1 630 122 адам добуш берген. Талдоочулар бул жолку парламенттик шайлоодо деле добуш берүүчүлөрдүн саны олуттуу өзгөрбөй турганын айтышууда. Эгерде чек жети пайызга түшсө партиялар Жогорку Кеңешке келүү үчүн кеминде 120 миң добуш алышы керек.​

Бийликтин убадасы менен убарасы

Быйыл 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо - Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин өтчү биринчи чоң шайлоо. Өлкө башчы анын эрежелери аныкталып, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынганын айтып, бийлик шайлоону таза өткөрөрүнө убада берди:

«Мен бардык партияларга карата бирдей мамиледе болом. Өзүнүн аты айтып тургандай, партия деген - жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кайсы бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылыш үчүн шайланып келгем. Жалпы элге кызмат кылуудамын. Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын».

Президент 12-апрелде өтчү жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында шаарларда элди жапырт каттоо болуп, ага сын-доомат айтылып жаткан учурда ушундай убада берди.

Маселен, шайлоо өтчү Ош шаарында ушул жылдын январь айынан 13-февралга чейин 35 895, Токмок шаарында 6745 жана Каракол шаарында 3159 киши каттоого турду. Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоо, парламенттик шайлоо кандай өтөөрүн аныктайт деген пикирде.

Алмазбек Батырбеков.
Алмазбек Батырбеков.

«Бийлик жергиликтүү кеңештерге шайлоону болушунча ачык-айкын, таза өткөрүшү керек. Азыр беш шаарда болчу шайлоодо кетирилген мүчүлүштүктөр парламенттик шайлоонун алдында жаралчу маселе болуп калбашы керек», - деди Батырбеков.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча өлкөдө беш жыл сайын Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Азыркы, алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика - Ата Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү-Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Абактан чыккан бийкечтин кыялы

Абактан чыккан бийкечтин кыялы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:50 0:00

Искусстводо айтылбаган ыш көйгөйү

Искусстводо айтылбаган ыш көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

Мугалимдин эсинде калган Бадахшан

Комсомолдун Мургаб райкомунун экинчи катчысы болуп иштеп жүргөн кезде жаштардын өздүк-көркөм чыгармачылык фестивалында Жаңыл Мырзанын ролун аткарган Жамал Жарылдаева жана партиянын райкомунун бөлүм башчысы, ысык-көлдүк Бугубай Ибраев. 1957-жыл.

Элүүнчү жылдардан кийин көптөгөн кыргызстандык мугалимдер Тажикстандагы кыргыздар жашаган Жерге-Тал, Тоолуу Бадахшан Автоном облусундагы климаты өтө катаал Мургаб райондоруна өз ыктыярлары менен барып, ал жактагы улутташтардын улан-кыздарына билим бере баштаганы - өзүнчө бир унутулгус тарых.

Тажикстандын бийик тоолуу бул аймагында жогорку билимдүү мугалимдер жок болгондуктан, кыргызстандык мугалимдер келгенден кийин мектептердин окуу-тарбия иштери абдан жанданган.

Ошол мугалимдердин бири – 1954-жылы Ысык-Көлдөн Мургаб районуна барып бир нече жыл иштеп келген 80 жаштагы Жамал Жарылдаеванын жакында жарык көргөн «Эсте калган Мургаб, Тоолуу Бадахшан» деп аталган китепчесин окугандан кийин, убагында ушундай баалуу иш кылган кыргызстандык башка мугалимдерди да урмат менен эскерип, окурмандардын назарына жеткирип коюуну ылайык көрдүм.

Түштүккө барып мугалим болуп иштөөнү чечкен жаш адис Жамал Жарылдаева 1954-жылы поездде келатып, бир тууган эжеси менен институтта чогуу окуган көлдүк Ишен Бегалиев жана жолдошу Салыйкан менен таанышып калат. Көрсө, сапарлаштары Памирдин Мургаб деген жеринде иштеп жүрүшкөн экен. Туулган жерге эс алууга келип, кайра ошол тарапка баратышыптыр. Жубайлар Жамалдын Фрунзе районуна барып мугалим болуп иштей турган максатын билгенден кийин: «Биз менен эле Тажикстанга жүргүн» дешет. Жамал ары ойлонуп, бери ойлонуп, Ошко жакындаганда: «Мейли, силер менен эле чогуу кетейин» дейт да, көрбөгөн-билбеген Памирди көздөй сапар алат.

«Мургаб райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген жаш жигит да бизге сапарлаш болуп калды, - деп жазат ал эскерүү китепчесинде. - Жолдо баратып ошол жигит Мургаб жөнүндө сонун нерселерди сүйлөп, бак-шактуу, гүлзарлуу жерди көз алдыма элестетип жатты. Мен анын айткандарына ишенип, ичимден кубанып келаттым. Жолдо мурдум канап, аба жетишпегендей башым айланат, демим кыстыгат. Эмнеге мындай десем, улам бийиктеген жолдо түтөк кармаган экен. Чыйырчык, Талдык, асман мелжиген Кызыл-Арт дабандарын аштык. Узак жол жүргөндөн кийин Мургабга жетип келдик. Ай жарык. Машинеден түшсөм, айлана бопбоз эле болуп көрүндү. Ага анча деле маани бербей, «биз түшкөн үй ушундай жерде болсо керек» деп ойлоп койдум.

Жанагы жаш жигит: «Көрүшкөнчө!» деген бойдон бизден бөлүнүп кетти. Таң атканда сыртка чыксам, баягы жигит айткандын бири да жок. Тегерете тоо кыркалары курчалган, шамал ышкырып боз топурак учуруп турган, бир да дарагы жок жылаңач жер экен. Көрсө, ал жигит мага тамашалап айткан экен, фантазияларын. Эртеси Ишен аба районго ээрчитип барып, балдар үйүнө тарбиячы, орто мектепке бир аз саат менен мугалим кылып, убактылуу орундаштырды.

Памирге баргандын экинчи жылы эле комсомолдун райкомунун экинчи катчылыгына шайландым. Биринчи катчы баягы биз менен чогуу келген жаш жигит Шаршенбай Садабаев, ал да көлдүк экен. Экинчи катчылык кызматымды жигердүүлүк менен аткарып жүрдүм. Иштермандыгымды жогору баалашып, чек арачылар отряды жайгашкан Эгиз-Кыштак деген жерден депутаттыкка да көрсөтүштү. Жазмыштан өмүр канча берилсе ошончо убакыт бою өзүмдүн туулган жеримдей болуп калган, топурагы тозуган Мургабдан, Тоолуу Бадахшандан кабар алып тургум келет…»

Райкеңештин депутаттары (солдон оңго карай) Жамал Жарылдаева, Мургаб райаткомунун төрагасынын орун басары жана райгезитинин редактору.
Райкеңештин депутаттары (солдон оңго карай) Жамал Жарылдаева, Мургаб райаткомунун төрагасынын орун басары жана райгезитинин редактору.

Мектептерде, кыз-келиндер педагогикалык институтунда ж.б. окуу жайларында үзүрлүү эмгектенген эл агартуунун мыктысы, 18 жашында Памирдин катаал шартында жашаган кыргыздардын балдарына бир нече жыл билим берип келген 80 жаштагы ардагер мугалим Жамал Жарылдаева Мургабда өткөргөн күндөрүн ушу кезге чейин унутпай жүргөнүн ушинтип эскериптир чыгарган китепчесинде. «Бир жолу туз татыган жерге миң жолу салам айт» деген ушул.

Ырас, Тажикстандын кыргыздар жашаган райондоруна барып мугалим эле эмес, башка кызматтарда да иштеп, кези келгенде өз мекендерине кайтып келишкени да, ошол жакта биротоло жашап калышканы да болгон.

Чүй районунда туулуп-өскөн Чоко Сасыкулов - Жерге-Талга 1940-жылы келип, кыргыз балдарынын сабатсыздыгын жоюуга өзгөчө салым кошкон инсандардын бири. Көп жылдар бою мугалим, мектеп директору болуп иштеген. Жергиликтүү элдин урмат-сыйына арзып жүрүп каза болгондон кийин сөөгү ошол жерге коюлган. Бир тууган иниси Касым Жумакеев да мугалим болгон. Анын кызы Сайрагүл Сасыкулова тажик жигитине баш кошуп, атасындай мугалимдик кылып, биротоло отурукташып калган.

Тажикстандын эл агартуусунун мыктысы, химия жана биология мугалими Эмил Сарыбаев Жерге-Талга жубайы менен 1957-жылы келип, 30 жылдан ашуун мугалимдик кылган. Аялы Каусар Сарыбаева болсо саясий жаңжал чыкканга чейин райондун аткаруу комитетинде бөлүм башчы кызматын аркалаган. Эмил Сарыбаев деле ошол жакта дүйнөдөн өтүп, сөөгү ошол жерге коюлган.

Кыргыз милициясынын генералы Тилек Асаналиевдин атасы да ошо элүүнчү жылдары Жерге-Талга үй-бүлөсү менен барып, улан-кыздарга таалим-тарбия берген. Генерал Тилек Асаналиев ошол жерде төрөлгөнү үчүн жергеталдыктар аны «биздин генерал уулубуз» деп сыймыктанып жүрүшөт.

Тажикстандык кыргыздардын уул-кыздарын Кыргызстанга алып келип жогорку билим берүү жаатында атактуу диалектолог, маркум Жээнбай Муканбаевдин салымы да баа жеткис. Ал 1951-жылы Каратегин өрөөнүнө барып, ошол аймактагы мектептерге мугалимдерди даярдоочу курстарды уюштуруучулардын бири болгон жана билим алууга жөндөмдүү жаштарды Кыргыз мамлекеттик университетинин филология ж.б.факультеттерине жеңилдетилген сыноо менен кабыл алдырып, аларга өзүнүн бир тууганындай кам көргөн. Кыргыздардын салт-санаасы, оозеки чыгармачылыгы, тилинин диалекттик өзгөчөлүктөрү тууралуу бир нече этнографиялык очерктерди, илимий-изилдөөлөрдүн топтомдорун жазып, жарыкка чыгарган.

Айтор, буга дагы көптөгөн мисалдарды келтирсе болот.

Мирзохалим КАРИМОВ, журналист

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Оштогу эл менен ишкананын жер талашы

Озгур айылынын тургундары. 16-февраль, 2020-жыл.

Оштун Озгур айылынын тургундары жеке колго өтүп кеткен үлүш жерин кайрып ала албай соттошуп келе жатышат. Учурда жерге ээлик кылып турган «Түштүксуукурулуш» акционердик коому «жерди басып алууга аракет кылып жатышат» деп айыл тургундарына кине коюуда.

Ош шаарынын Озгур айылынын тургундары ушул жылдын 16-февралында талашка түшкөн жер маселесин чечип берүүнү жергиликтүү бийликтен талап кылып чыгышты.

2016-жылдан бери «Түштүксуукурулуш» акционердик коому жана Озгур айылынын тургундары Кара-Суу району менен Ош шаарынын чектешкен аймагындагы 80 гектар жер кайсы тарапка тиешелүү экенин чече албай келатышат. «Озгур» айыл чарба бирикмесинин жетекчиси Эмилбек Эргешов талаштуу жердин таржымалын мындайча түшүндүрдү:

Эмилбек Эргешов.
Эмилбек Эргешов.

«Бул аймак - 1993-жылы азыркы Жапалак айыл өкмөтү «Кеңеш» акционердик коому болуп турганда жер жана агрардык реформанын негизинде Озгур айылынын тургундарына тийген кайракы, айдоо жана чөп чабынды жер. Ушул жерибизди ошол жылдан бери максаттуу пайдаланып, жер салыгын төлөп келе жатабыз. Бүгүнкү күндө «Кыргызгипрозем» мамлекеттик долбоорлоо институтунун базасында айыл чарба багытындагы жер катары көрүнүп турат. 2016-жылы Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгы элдин үлүш жеринен 126 гектар жана 80 гектар жерге эки мамлекеттик акт берген. 126 гектар жерге берилген мамлекеттик актыны эки жыл мурда Жогорку сот жокко чыгарган. Калган 80 гектар жердин талашы ушу күнгө чейин сотто каралып бүтпөй жатат».

Озгур айылынын тургуну Жусуп Бөрүбаев талашка түшкөн аймакта үлүш жери бар экенин, аны көп жылдан бери пайдаланып, жер салыгын төлөп жатканын билдирди:

«Бул жерде менин да пайдаланып жаткан жерим бар. Озгурда төрт миңден ашуун эл жашайбыз. Сугат жерден 0,02 сотыхтан, кайрак жерден 0,04 сотыхтан жер тийген. Бул аз келгенсип эми жерибизди тартып алып, айдоо жерге үй салып жатышат. Биз буга нааразы болуп чыктык».

«Түштүксуукурулуш» ишканасынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов «мекеменин менчигиндеги 80 гектардан ашуун жерди Озгур айылынын тургундары мыйзамсыз басып алууга аракеттенип жатат» деп билдирди. Анын айтымында, талашка түшкөн жерди териштириш үчүн курамында Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Кыргызгипрозем» мамлекеттик долбоорлоо институтунун, Кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп, эки ай иликтеп, аталган жер Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашканын аныктаган.

«Түштүксуукурулуш» ишканасынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов жерге болгон менчик укугун тастыктаган тийиштүү документтер бар экенин кошумчалады:

Нурмухаммед Ибрагимов.
Нурмухаммед Ибрагимов.

«1980-жылы «Түштүксуукурулуш» ишканасына мурдагы Калинин колхозунун (Азыркы Шарк айыл өкмөтү) 2290 жумушчуларынын жалпы жыйынында 87 гектар жер бөлүнүп берилген. Ал чечимди Кара-Суу эл депутаттарынын аткаруу комитети, Ош облустук аткаруу комитети бекиткен. Бул токтомдор бүгүнкү күнгө чейин күчүндө, аны эч ким жокко чыгарган эмес. Ошонун негизинде Кара-Суу мамкаттоо башкармалыгы бизге мамлекеттик акт берген. Кара-Суу райондук соту сегиз ай иликтеп, биздин пайдабызга чечим чыгарып берди».

Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгынын юристи Сапар Арапбаев Ош облустук эл депутаттарынын Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдын 25-сентябарындагы №435 чечиминин негизинде 80 гектар жер «Түштүксуукурулуш» акционердик коомунун жеке менчиги катары мамлекеттик каттоого алынып, өндүрүштүк жана турак жай багытында жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 2016-жылдын 5-декабрында берилгендигин билдирди:

«Бизге «Түштүксуукурулуш» акционердик коому Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдагы чечими, эл депутаттарынын Ош облустук кеңешинин 13-ноябарь 1980-жылдагы №549 чечими, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин 13-август 1980-жылдагы №342-Р буйругунун негизинде жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт даярдалып, каттоодон өткөрүү боюнча арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде тийиштүү иштер жүргүзүлүп, каттоодон өткөрүлдү».

Талашка түшкөн аймак.
Талашка түшкөн аймак.

«Озгур» айыл чарба бирикмесинин жетекчиси Эмилбек Эргешов Ош облустук эл депутаттарынын Кара-Суу райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1980-жылдын 25-сентябрындагы №435 чечими күчүн жоготту деп эсептейт. Ал бул маселени учурда сот териштирип жатканын айтты. Эмилбек Эргешовдун айтымында, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы талашка түшкөн 80 гектар жерди 2000-жылдан бери Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын карамагында тургандыгын билдирген.

«1980-жылда чыккан токтом эч жерде катталбаптыр. Кыргыз ССРинин 1971-жылкы Жер кодексинин 23, 24-беренесинин негизинде аталган жерге укук таануучу документ алынып, укук каттоочу мекемеге катталышы керек болчу. 1991-жылкы жер реформасы күчүнө киргенде укук таануучу документтерди каттоого уруксат берилген. Ошондо да катталган эмес. Совет мезгилинде иштеткенби же жокпу, биз билбейбиз. Бирок Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бир жолу да басып келбей, бул жерди иштеткен эмес. Жердин салыгын төлөгөн эмес. Бул соттук териштирүүнүн кагаздарында көрүнүп турат. «Түштүксуукурулуш» ишканасына Кара-Суу мамкаттоосу курулуш багытында мамлекеттик акт берген. Ал жер айыл чарба багытында турат», - деди ал.

Депутат Абдывахап Нурбаев Жогорку Кеңеште талаштуу жер маселесин көтөрүп, Жогорку соттун төрайымына, башкы прокурорго кат жазганын билдирди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«20 жылдан ашуун убакыттан бери эл бул жердин салыгын төлөп иштетип келе жатат. Анан эле төрт адамдын кызыкчылыгы үчүн бул жерди майдалап бөлүп сата башташканы туура эмес. Элдин кызыкчылыгы жогору турушу керек. Бир эле соттун чечими менен жеке адамдарга өтүп кетиши туура эмес. Мен деле таң калып турам, «кантип эле соттор ушундай чечимдерди чыгарып жатышат» деп. Керек болсо соттордун жоопкерчилигин да караш керек. Мындай боло берсе элде нааразылык күчөйт».

Ошто «Түштүксуукурулуш» акционердик коому менен Озгур айылынын тургундарынын жер талашы боюнча соттук териштирүү 2017-жылдын февраль айында башталган. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов бул иш аягына чыга элек экенин, келерки соттук отурум ушул жылдын 25-февралына белгиленгенин билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Маалымат жетпеген жерде дарт көбөйөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы жылдары Кыргызстанда сарык, кургак учук, адамдын иммундук таңсыктыгы, альвеококкоз, эхинококкоз деген жугуштуу ооруларды жуктуруп алып, ден соолугунан ажырагандардын саны көбөйүп жатат.

Буга эмне себеп? Эл арасында өз ден соолугу үчүн кам көрүп, медициналык гигиеналык талаптарды аткаруу жоопкерчилигинин жоктугубу же саламаттык сактоо тармагынын элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүн натыйжасыбы?

«Арай көз чарай» талкуусуна Улуттук фтизиатрия борборунун терапиялык клиникасынын жетектөөчү илимий кызматкери, медицина илимдеринин доктору Атыркүл Токтогонова, Cаламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев жана жарандык активист Нургазы Батырбеков катышты.

«Азаттык»: Мен алгачкы суроону Нургазы мырзага берейин деп турам, себеби Нургазы сарык жугузуп алып, ал оору менен өмүр бою күрөшө турган жарандардын башын кошкон жарандык активист болууга мажбур болду. Нургазы мырза, сиз сарыкты кайдан, кантип жугузуп алдыңыз эле? Дегеле ал оору жана андан кантип сактануу жөнүндө мурда билчү белеңиз? Сарык оорулуу болуп калганыңызга ким күнөөлүү деген ойдосуз?

Нургазы Батырбеков: Мен бул дартты 1998-жылы ооруканада жуктуруп алгам. Кандай жукканын так билбейм. Маалыматтын жоктугунан улам жуктургандан кийин маани бербей, этибарга албай ичип-жеп жүрө бериптирмин. 2013-жылы С формасына Д формасы кошулуп, супервирус деген абалга туш болдум. Канча каражат, күч кетирип, дарыланып жатам, бирок айыкпай турганымды билем.

Башкалар мага окшоп оору жугузуп алып кыйналбасын деп, бир жарым жылдан бери өкмөткө кайрылып, эл сарык жугузбаган вакцина менен эмделсин деп талап кылып жатам. Анткени айыл жерин мындай кой, шаардагы жарандарга вакцина жасалбайт. Вакцинадан элдин кабары да жок.

Жакында Жалал-Абадга барып келдим. Ал жерде эскилиги жеткен рентген аппараттары дагы эле иштеп жатыптыр. Алар эбак таштандыга кетиши керек эле. Жаңы аппараттардын жоктугу эң чоң көйгөй.

«Азаттык»: Демек эл арасында жугуштуу коркунучтуу оорулар тууралуу маалымат жокпу?

Ар бир үч же алты ай сайын жөнөкөй эле анализ үчүн 2500 сомдон 12 миң сомго чейин төлөшүбүз керек. Оорунун айынан иштебегендер канча? Анализге, дарыга акча табуу эле абдан кыйын.
Нургазы Батырбеков.


Нургазы Батырбеков: Маалымат бар, бирок элдин аң-сезимине таасир бергендей деңгээлде эмес. Азыр баары Интернет колдонушарын, мурдагыдай телевизор көрүшпөгөнүн эске алышпайт. Элге маалымат берүү үчүн эмнеге Интернетти колдонгулары келбесин мен такыр түшүнбөйм.

Ал эми ооруну жугузуп алган адамдар өзү менен өзү болуп калат. Албетте, алгач бекер дарыланышат, бирок кийин өнөкөт болгондон кийин эч кандай колдоо жок. Ар бир үч же алты ай сайын жөнөкөй эле анализ үчүн 2500 сомдон 12 миң сомго чейин төлөшүбүз керек. Оорунун айынан иштебегендер канча? Анализге, дарыга акча табуу эле абдан кыйын.

«Азаттык»: Султан мырза, Нургазыдай болуп түрдүү жугуштуу ооруну жугузуп алган адамдар көп болууда. Алардын айрымдары оорудан кантип сактануу керектиги жөнүндө такыр эле кабарсыз, себеби ооруну жугузуп албоо үчүн кандай медициналык, гигиеналык талаптарды аткарганды билишпейт. Эмне үчүн калк арасында тушүндүрүү же жайылтуу иштери кеңири жүргүзүлбөй жатат? Же бул өзгөчө каражатты же долбоорду талап кылган ишпи?

Султан Суранбаев: Бул оору тууралуу маалымат калк арасында кеңири жайылган. Анткени бул эбактан бери келаткан оору. Азыр жайылып жаткан коронавирустай жаңы пайда болгон оору эмес. Азыр оорулуулардын санынын көп болуп жатышына ооруну аныктоонун жакшырганы башкы себеп. Ошон үчүн азыр сарыктын беш түрүн тез эле аныктоого жетиштик.

2000-жылдан бери бала төрөлөр замат эмделет. Ошол жылы төрөлгөн балдар азыр 19 жашка чыгып калышты. Алардын арасында бул оору кездешпейт. Медицинада эмдөөнүн эффективдүүлүгү деген түшүнүк бар. Анткени элдин бардыгын эле эмдей бербейбиз. Биринчи кезекте тобокелдүү топтогуларды эмдейбиз. Ал топко сарыктын вирусу менен түздөн-түз туш келчү шартта иштеген адамдар кирет жана алардын саны жыйырмага жакын. Мисалы, алар дайыма хирургиялык операция жасагандар, кош бойлуу аялдар, донорлор жана башкалар. Биринчи кезекте мына ушундай топко кирген адамдар эмделет.

«Азаттык»: Бул оорудан сактаган вакцинаны катардагы адам үч жолу 1800 сомго жасатса болот деп Республикалык вирустук ооруларды көзөмөлдөө илимий борборунун жетекчиси Зурудин Нурматов билдирди. Анда эмне үчүн элге ушундай маалымат жетпей жатат?

Сарык көп жуккан жайларды катуу көзөмөлгө алууга ишкерликти колдоо үчүн киргизилген мораторий чоң тоскоолдук болууда. Анткени аларды санитардык көзөмөл департаменти текшере албайт.
Султан Суранбаев.


Султан Суранбаев: Бул оорунун беш түрү бар, бирок анын бирөөнө гана каршы вакцина бар. Калгандарына каршы дары ушул күнгө чейин табыла элек. Бул боюнча айтып эле жатабыз, бирок элдин маалыматты тез унутуп, өздөрү сактанышпаганы чоң көйгөй.

Ал эми статистика боюнча сарык көп жуккан жайларды катуу көзөмөлгө алууга ишкерликти колдоо үчүн киргизилген мораторий чоң тоскоолдук болууда. Анткени аларды санитардык көзөмөл департаменти текшере албайт. Ал эми ооруну алып жүрүп, анын башкаларга жугушуна жол берген адамдарга, ишкерлерге карата жаза берүү чарасын күчөтүү зарыл деген ойдобуз.

«Азаттык»: Атыркүл айым, мындан бир нече жыл мурун Бишкектеги миңдеген студент окуган бир жогорку окуу жайда кургак учуктун ачык түрү менен ооруган студент жүргөнүн билгенде аябай таң калгам. Ал ооруганын жашырганын бери дегенде жарандык жоопкерчиликти сезбегендик деп бааласа болот. Азыр ошондой студенттер гана эмес, саламаттык сактоо тармагында иштеген дарыгерлер арасында вирус алып жүргөндөр бар экен. Ушундай көрүнүштү жоюу үчүн кандай аракеттер көрүлөт? Дегеле бирдиктүү саясат же талап барбы?

Кургак учукту аныктоо жана дарылоо боюнча жакшы жетишкендиктер бар. Анткени диагностика коюу жаатында жаңы ыкмалар киргизилди. Какырык аркылуу эки саатта аныктоочу 24 машина бар.
Атыркүл Токтогонова.


Атыркүл Токтогонова: Акыркы кезде кургак учукту аныктоо жана дарылоо боюнча жакшы жетишкендиктер бар. Анткени диагностика коюу жаатында жаңы ыкмалар киргизилди. Какырык аркылуу эки саатта аныктоочу 24 машина бар. Алар калк көп жашаган жерлерге коюлган.

Экинчи метод хайн тест деп аталат. Аны менен жыйынтык эки күндүн ичинде чыгат. Кургак учуктун эки түрү бар, бири дарыларга туруктуулугу жок. Аны алты ай ичинде дарыласа болот. Экинчиси дарыларга көнүп калган түрү.

Бул ыкмалар менен дарылоодо натыйжа болбосо үчүнчү ыкма менен дарылайбыз. Бул оору жөнүндө калк арасында түшүнүк аз дегенге мен макул эмесмин. Айылдагы ФАПтан баштап, бардык жерде түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлөт. Ар жылы февралдан март айына чейин кургак учукка каршы дүйнөлүк деңгээлде күрөшүү айлыгы болот. Ошондо аябай көп иш-чаралар өткөрүлөт, атайын лекциялар окулат. Ушундан улам болсо керек, 2000-жылы ар бир 100 миң кишиге карата кургак учуктун көрсөткүчү 127 киши болсо, азыр ал сан 83кө түштү. Бул оорудан каза болгондордун саны 2000-жылы ар бир 100 миң кишиге карата 27 болсо азыр 4,5-5ке түштү.

«Азаттык»: Демек улуттун саламаттыгы жана келечек муундун жакшы жашоосун камсыз кылуу үчүн бүгүнтөн баштап ар бир адам өз ден соолугу үчүн өзү жоопкерчиликтүү болушу керек, саламаттык сактоо тармагы болсо дарылоону бизнес кылбай Конституцияда жазылгандай, ар бир жарандын саламаттыгын камсыз кылуу үчүн иштеши керек, бирок ал үчүн эл арасында медициналык сабатсыздыкты жоюу аракетин улуттук идеология деңгээлине чейин көтөрүү зарыл деген ойдо талкуубузду аяктайлы.

Талкууну толугу менен видеодон көрсөңүз болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Гепатиттин эки түрүнөн сактаган эмдөө

Гепатиттин эки түрүнөн сактаган эмдөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG