Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 15:06

Бийлик менен байлыктын «ысык ымаласы»


Чолпонбек Сыдыкбаев.

Кыргызстанда саясий бийлик кайрадан легитимдүүлүк кризисине туш болду.

Легитимдүүлүк десе эле айрымдар «тигил же бул бийлик шайландыбы - демек кийинки шайлоого чейин ал бийлик легитимдүү» деп эсептешет. Керек болсо бийликтин өзү да ошондой пикирде экени анык. Бүгүнкү Кыргызстандын саясий, экономикалык, рухий, моралдык терең кризиске кабылганы биринчи кезекте бийликтин легитимдүүлүгүк кризиси менен түздөн-түз байланышта.

Ооба, түз маанисинде «легитимдүүлүк» (legүtүmus) термини французчадан которгондо «мыйзамдуулук» же «мыйзамдашкан» деген түшүнүктү билдирет. Саясий илимде мамлекеттик бийликтин субъектилеринин келип чыгышын жана мамлекетти башкарууга шексиз укуктуулугун, мыйзамдуулугун моюнга алууну түшүндүргөн принцип легитимдүүлүк деп аталат.

Арийне, немец социологу жана тарыхчысы Макс Вебер таамай белгилегендей, легитимдүүлүктүн эки негизги белгиси бар:

1) Мамлекеттеги жарандардын басымдуу көпчүлүгү бийликтин аброюн моюнга алышы.

2) Жогорку бийликтин башкаруучу таасирлерине баш ийүүнү жарандык парз катары түшүнүү.

Бирок бул түшүнүктөр легитимдүүлүк деп аталган илимий терминдин так маанисин бербейт. Мыйзамдуу шайланган бийлик деле бир учурда легитимсиз болуп калышы мүмкүн. Эгер бийлик жалаң эле мыйзам чегиндеги мажбурлоого (экономикалык же психологиялык күчкө салуу, ж.б.) таянса, анда анын мүмкүнчүлүгү чектелүү болот. Ишкердик, экономикалык, социалдык натыйжалуулук, принципиалдуулук, саясий эрк жана ыймандуулук, калыстык, адилеттик жактан өзүн көргөзө албаган бийлик жогорудагыдай жолдорго түшүүгө мажбур болот да, өзүнүн андай кадамынан актоого жанталашат. Бул саясий эки жүздүүлүк болуп саналат, ал эми эки жүздүүлүктүн бети эртеби-кечпи (өзгөчө Кыргызстандын шартында), шерменделик менен ачылат. Бийлик - бул кимдир-бирөөнү мажбурлоонун натыйжасы гана эмес, ошондой эле калктын ыктыярдуу түрдө, өз ниети менен бийликке баш ийишинин да натыйжасы болууга тийиш. Ошондуктан бийликтин кадыр-баркы, калктын ага болгон ишеним даражасы, адилеттүүлүгү, ачыктыгы «легитимдүүлүк» термини менен белгиленет.

Эми теориядан маселенин практикалык жагына өтсөк, кыргыз бийлиги жогоруда Макс Вебер белгилеген легитимдүүлүктүн эки белгисинен тең куржалак калып баратат. Ага Ат-Башы районунда курула турган логистикалык борборго байланышкан чуулгандын логикалык жыйынтыгы айкын далил болот. Бир чети мындай абалга биз дээрлик 30 жыл бою акырын жылып келдик. Ага биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү президенттер өз-өз салымдарын кошту. Коррупция деген мүшкүл Кыргызстанды башкарган беш президентти тен «ишенимдүү жандоочусу» катары көлөкөдөй ээрчип келип өлкөнү ушуга жеткирди. Биринчи президент Аскар Акаев 90-жылдары: «Коррупция "Ак үйдүн" жетинчи кабатына жетти, силерди Манастын арбагы урат!» деп айгай салганы менен бир ууч топко өлкөнүн 70 жыл чогулган байлыгын талатып-тоноткон. Кийинкилери да ал салтка ар бири өз салымын кошуп жүрүп олтурду.

Жээнбековдун бийлиги алгач Атамбаевдин таасиринен толук чыгып, коррупцияга каршы күрөштү баштап, анын бутасына бүтүндөй экс-президент, премьерлер, министрлер илине баштаганда коомдо чоң үмүт пайда болду. Себеби коррупцияга каршы күрөштө буга чейин Кыргызстанда «чабактар» тутулуп, «акула», «киттер» ар качан кутулуп келишкен. Бул жагынан Жээнбеков музду ордунан жылдырып, коомдо үмүт отун кыйла эле жандырган. Бирок ошол коррупцияга каршы жортуул экономикалык реформалар менен такыр коштолбой келет.

Анан калса коомчулук коррупцияны президенттин колтугунан таап чыгып, көзгө сайып көргөзүп жатса да ал «быш этпей», тескерисинче далил сурап алакан жайып койду. Өлкөдө Матраимовдордун масштабы ушунчалык өскөнүн ушундан билиңиз, бүтүндөй Фемида өкүлдөрү «Азаттыктын» журналисттери Али Токтакуновдун, Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүн биринин артынан бирин жокко чыгарып, тийиштүү тараптарды доого жыгып салды.

Эгер Кыргызстандагы коррупцияны образдуу түрдө саан уйга салыштырсак, экс-президент менен азыркы президенттин тиреши саан уйдун бири каймагын, бири сүтүн талашкандан эле келип чыккан окшойт деген ойго кетесиң. Ушул процесстин баарын көрүп турган коомдо кандай ой калат? Албетте, баарын акчага сатса, сатып алса болот деген аныктама азыр бизде башкы планда. Ошондон улам азыр ар кандай жолдор менен катуу байыган олигархиялык топтор бийлик менен чырмалышып алып, саясаттагы таасирин жоготпогонго жан үрөй башташты. Жергиликтүү кеңештерге шайлоону утурлай Каракол, Ош шаарларындагы адамдарды массалык каттоого тургузуу муну ачыкка чыгарып койду.

Кыргызстандагы миллионерлер, мультимиллионерлер ыраматылык Табылды Эгембердиевдей, Эмил Үмөталиев сыяктуу айрым гана ишкерлердей болуп карандай эмгеги менен байыган болсо саясатка эгерим жабышмак эмес, бийлик менен бирикмек эмес. Акчанын агымы кайда экенин, акчаңды, арам байлыгыңды сактоого кепилдик берчү калканыч кай тарапта болорун сезген криминалдашкан олигархия Кыргызстанда учурда бийликтин бардык бутактарын ээлөөгө буга чейин болуп көрбөгөндөй жан үрөп жаткан кези. Бийлик менен капиталдын өтө «ысык мамилеси» өлкөнү ушул абалга такады. Мындайда бийликке жана ири капитал ээлерине сес көрсөтчү оппозиция алсыз, чачыранды, интеллигенция көр тириликтен баш көтөрө албай деградацияланып, «төө куш» позициясын ээлеп, ал эми жарандык коомдун айрым активистеринин айгай салышын эч ким тоготпой калды.

Коомдогу калыстыктын жоктугуна элдик массада нааразылык күч. Бирок кыргыз эли 2005-жылы бийликти бир топко алып берсе, экинчи бир топ келип билгенин кылып, 2010-жылы аларды да кырчындай өмүрлөр курмандыкка чалынып кулатып берсе, Убактылуу Өкмөт, андан кийин Атамбаев өлкөнү экономикалык саздан чыгарбай кайра эле социалдык-экономикалык, саясий кризистердин кучагында калтырган. Ошондуктан «сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» болуп кайсы бир саясий топко ишеним арткандан эл да сактанып турат.

Элдин мындай убактылуу кармануусун бийлик кайдыгерлик же бийликти колдоо деп түшүнүп жатса терең жаңылышат. Эгер коом таяныч чекит, ишеним жараткан саясий күчтү тапса эч нерсеге карабай жүрүп берери турган иш. Коомдун бийликке болгон нааразылыгы күздө өтчү парламенттик шайлоого жетип, прогрессивдүү, олуттуу реформаларга бара турган жаңы толкун келип, бийликке нааразы массанын «кара буусу» чыкса жакшы. Жаңы парламент менен жаңы өкмөттөн кардиналдуу реформаларды күтүп «нааразылык жашоо фазасынан», мамлекеттик масштабда башталчу жаңы кадамдарга, реформаларга «үмүттөнүп жашоо фазасына» өтүп кеткен оң. Эгер андай болбой өңчөй олигархтардан турган (байлыктарын күмөндүү жол менен тапкан) «Кыргызстан», «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» партиялары бийликке артын такап алып Ош, Каракол шаарында массалык каттоо уюштургандай кадамдарын улантып парламентке келсе - анда бийлик өз жаназасын өзү окуганы.

Көпөстөргө, соодагерлерге толгон парламент өлкө башчысына убактылуу эле лоялдуу болуп берерин, андан кийин да жашоо уланарын, эл күткөн реформалар аркылуу экономикада жылыш жасап, калган мөөнөтүн абийирдүү аякташына катуу тоскоол болорун президент Сооронбай Жээнбеков айкын түшүнсө болот эле. Антпей, кыргыз саясий маданиятындагы «берсе дагы бай жакшы, бербесе да бай жакшы, жесе дагы май жакшы, жебесе да май жакшы» принциби менен кетсек - анда келерки паламенттен, келээрки өкмөттөн деле жакшылык күтүп болбойт. Президент Жээнбеков айланасындагы таасирдүү топтун Жогорку Кеңешке шайлоого байланышкан шыкактоосунан чечкиндүү түрдө баш тартып, керек болсо кландык-олигархиялык кызыкчылыкты көздөгөн жакындарын саясаттан изоляциялашы зарыл. Күздө өтчү парламенттик шайлоодо «хоп-майли», «сиз айткандай болот - сиз гана кыйынсыз» деген пахта койгучтардын жоон тобун эмес, өз көз карашы бар, идеялык принциптерге бекем турган, экономикалык реформаларды кылчактабай баштоого жөндөмдүү өкмөттү түзүүгө эрки жеткен прогрессивдүү парламенттин келишине өзү умтулушу керек. 2020-жылдын күз айында болчу шайлоодо күчтүү, өз алдынча парламент жана ал парламент курай турган өкмөт реформаторлук духу бар мобилдүү, натыйжалуу иштеген өкмөттүк команда гана азыркы президенттин абийирин жабат.

Жээнбеков келечекте өлкөнү прогрессивдүү, реформатор күчтөргө жумшак өткөрүп берип, калган мөөнөтүн абийирдүү жыйынтыктаган президент катары тарыхта татыктуу ордун табабы? Же олигархиялык-кландык сатылма-саткын топтун таасиринде калып мурдагы президенттердин тагдырын кайталайбы? Ага күздө күбө болобуз.

Чолпонбек Сыдыкбаев

Саясий илимдердин кандидаты, доцент

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG