Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишин жактырды


Өкмөт мүчөлөрү.
Өкмөт мүчөлөрү.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2018-жыл үчүн отчетун эки күн талкуулагандан кийин ага канааттандырарлык деген баа берди.

Бир гана депутат - Исхак Масалиев өкмөт начар иштегенин айтып, анын иши оң бааланышына каршы чыкты. Негизинен Ысык-Көлдөгү уран кенине байланыштуу жагдай, тышкы карыз, инвестициянын өлкөдөн чыгарылып кетиши, кадр саясаты, өкмөттүн өз түзүмү тууралуу суроолор берилип, талкуу болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчет берип жатып инвестицияга байланыштуу жагдайга токтолду. Ал «өкмөт инвестиция тартууда чабалдык кылып жатат, чыгарылып кеткен инвестиция көлөмү көбөйдү» деген доомат боюнча өз жүйөсүн келтирди:

«Былтыр 569 миллион доллар инвестиция келген, чыгарылып кеткен инвестициянын көлөмү - 523 миллион доллар. Бирок 2017-жылы чыгарылып кеткен каражаттын саны 720 миллион доллар болгон. Ар кандай экономикалык процесстерде кээ бири капиталын алып чыгып кетет. Айрымдары алып келет. Мына, Кытайга көбү каршы чыгып жатты. 2018-жылы Кытайдан чыгарылып кеткен инвестицияга караганда келгени көп болду. Кытайдан 245 миллион доллар келди, бизден 227 миллион доллар чыкты. Инвестицияны алып кетип, кайра алып келип жатат да».

Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишин оң баалады
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:10 0:00

Көмүскө экономика, аткезчилик тууралуу да сөз болду. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Токмок шаарындагы кыргыз-казак чек арасындагы кара май аткезчилигинен улам мамлекеттин казынасы миллиарддаган сомдон куру калып жатканын мойнуна алды:

«Биз ЕАЭБге киргенден кийин ал жерде бажы жана салык өткөрмө бекеттери болбошу керек. Азыр Казакстан да, биз да импорт товарларды, аткезчиликти эсепке алыш үчүн ар кимибиз өз ишибизди кылып жатабыз. Былтыр октябрь айында коюлган бекеттердин эсебинен 750 миллион сом түштү. Эми ошону төрткө көбөйткөндө эле 5 миллиард сом жок дегенди билдирет. Азыр биз баарын электрондук системага өткөрүп, камера коюп жатабыз. Эгер ошол система иштей баштаса импорттон мындан да көп акча түшөт деп ойлойм. Ыкчам топторду түзүп жатабыз. Бирок алардын кээ бирлери натыйжа бербей жатат, анын себебин өзүңүз деле түшүнүп жатасыз. Аны мен деле айтып, жетекчилер менен урушуп-талашып жатабыз».

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев премьер-министрдин отчетунда Кумтөр өңдүү маселелер камтылбай калганын белгиледи:

«Кумтөр боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун келишими мыйзамдуубу, ошол бойдон калдыбы? Ким азыр сүйлөшүү жүргүзүп жатат? Экинчиси - бизде өзүнөн өзү пайда болгон текстил тармагы таптакыр кыйрады. Ал жакта 300 миң адам иштеп жатты эле, алардын үчтөн бир ишсиз калды, экспорту 38 пайызга азайды. Бул боюнча биз өкмөттүн үнүн уга алган жокпуз. Көмүскө экономиканы, жакырчылыкты бир пайызга да азайта алган жокпуз. Бир тармакта да реформа кылган жокпуз. Азыр эки эле жакшы жагдай бар, бул – «Коопсуз шаар» жана «Ачык асман» долбоорлору».

Жыйында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев өкмөттүн отчетун канааттандырарлык эмес деп бааланышы керек деп чыкты. Ал өкмөттү бир катар маселелер боюнча сынга алды. Депутат премьер-министрди өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча убадасын бир жылдан бери аткарбай жатканын белгиледи:​

«Ички карызыбыз жыл сайын көбөйүп жатат. 2016-жылы 322 миллион, 2017-жылы 429 миллион, ал эми 2018-жылы 569 миллион доллар болду. Жыл сайын 120 миллион долларга көбөйүп жатат жана бул өкмөттүн карыз дегенди билдирет. Ошол эле мезгилде «350 миллион долларга тышкы карызыбызды азайттык» деп маалымат берип жатат. «Кайсы булактан?» деп суроо берсем финансы министри жооп бере албай калды. Инвестиция тууралуу мен жөндөн-жөн суроо берген жокмун. Бул жаман көрсөткүч. Бул туруктуулук жок дегенди билдирет. Отчетто «260 ишкана ачылды» деп миллиондон баштап миң долларга чейин эсептеп берипсиңер. Бирок бул силердин ийгилигиңер эмес. Муну жеке ишкерлердин ийгилиги деп эсептеш керек. Силер «2018-жылы бизге 7 миллион турист келди» деп жазып жатасыңар. Ошончолук турист келсе Кыргызстан гүлдөп кетмек. Ар бир турист 100 доллардан калтырса бюджетке 7 миллиард доллар түшмөк да? Анда май талкан болуп жыргап отурмакпыз. «Чек арадан жети миллион адам өттү» десеңер туура болот. Көрсөткүчтөр жакшы болсун деп ушундай аракет кылып жатасыңар, бирок мындай аракеттер жакшылыкка алып барбайт. Сиз бир жыл мурун «өкмөттүн жаңы түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуш алып келебиз» дегенсиз. Жаңы түзүм бүгүнкү күнгө чейин келген жок. Демек сизге азыркы түзүм ыңгайлуу болуп жатат да. Анда «мен өзгөртпөйм, жакшы иштеп жаткан түзүм» деп ачык эле айтышыңыз керек да».

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров өкмөттүн кадр саясаты боюнча сунушун айтты:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Сиз кесиптештериңизди жакшы иштетишиңиз керек. Бир жылдан бери ким иштей алаарын, ким иштей албасын көрдүңүз. «Иштейм» дегендер иштесин, «иштебейм» дегендер кетсин. Мен азыр фракция лидерлеринен, президенттин администрациясынан суранат элем. Бир жыл кадр саясатына жакшы эле аралаштык. Мындан ары эми кесипкөйлүктү алдыга чыгарып, кирешени көбөйтө турган балдарды алып келип иштетсек болот эле. Жакында президентибиз Сооронбай Жээнбеков парламентке келгенде мурунку президенттерден айырмаланып «жыл сайын өкмөттү садага чаппайм, мындан ары өкмөт, парламент менен чогуу саясат менен алек болбой, экономикага көңүл буралы» деген маанидеги сөзү сизге да чоң түрткү болду, парламентке да бир топ мүмкүнчүлүк берди».

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шернияз өкмөттүн отчетунда маданият тармагы тууралуу бир ооз гана сөз жазылганына капа болду. Мурдагы маданият министри бул тармакка көңүл бурулбай жатканына күйүп-бышты:

«Кыргызстанды сактай турган эң биринчи өзөгү - бул жери, тили жана маданияты да. Анан алты эле сап жазыпсыңар. Мен аны эки сап кылып кыскартып бердим. Эртең биз кетебиз, парламентке жаңы депутаттар келет. Ошондо кимдин аты калат? Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Мукай Элебаев, Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев өңдүү кимдин атын атайбыз? «Биз бийликте турганда ушундай эл аралык деңгээлдеги жаштарды өстүрдүк» деп кимдин атын атай алабыз? Менимче эч кимдин атын атай албайбыз. Биз 25 жылдан бери үч эле нерсени жакшы аткарып келатабыз. Бул - президентти, премьер-министрди жана парламентти шайлоо. Руханий багытта эмне кыла алдык? Кандай жылыштар болду?».

Садык Шернияздын сөзүн депутаттар кол чаап кубатташты.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30 өкмөт туура бир жыл мурун, 2018-жылы 20-апрелде дайындалган. Премьер-министр программасын «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп атаган жана эң ириде экономикага, бизнеске көңүл буруларына ишендирүүгө аракет кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG