Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Токмок аткезчилик чордонуна айланды


Токмок.
Токмок.

Токмок шаарынын тушундагы кыргыз-казак чек арасынан күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келүү көбөйдү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кара май аткезчилиги тууралуу өкмөткө, тиешелүү органдарга бир канча жолу кайрылган.

Ушул жылдын башында "Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанындагы контрабанда чуусунда Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештин депутаттарынын аты аталган. Токмокто күйүүчү май сатылган эки үй өрттөнүп кеткен.

Буга чейин парламентте Казакстан менен Кыргызстандагы бир литр күйүүчү майдын баасындагы айырма 15 сомго чейин жетип калганы айтылган.

Президентке кайрылуу

Ушул жылдын башында "Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанында күйүүчү май аткезчилигине байланыштуу чуулуу окуя катталган. Кыргыз-казак чек арасында "контрабанда менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди" деген Аскат Үсөнов президентке чейин кайрылган. Анда Үсөнов окуяга байланыштуу Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаевди ачык күнөөлөгөн.

Токмок.
Токмок.


"Улуу урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков, Токмокто, чек арада "Дунларовдо" иштеп жатсак, бизди итке окшоп атып кетишти. Эми же ооруканага жата албайсың же милицияга кайрыла албайсың. Анткени баарынын үстүндө Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев турат. Кайрылган күндө деле иш эртеси кайра жабылат. Канча иш буга чейин жабылды? Райондук милициянын башчысы ал тургай "Эмне болдуң, эмне кылдың, жаттыбы?" деп да сураган жок. Ишенбесеңер ИИМдеги тасманы да көтөрсөңөр болот. Мени райондук ички иштер бөлүмүнө ошол Урмат Самаев алып келген. Машинемдин дөңгөлөктөрүн жарып кеткен. Сизге кайрылып жатам, сизден башка эч кимге ишенич жок калды. Органдардын баарына барсаң деле баш тартып коюшат. Мени Урматтын Дастан деген тууганы атты. Чек араны ошол карайт. Муну Токмоктун баары эле билет. Же Кыргызстандан кетиш керек, же өлүш керек, башка айла жок болуп калды", - деп Үсөнов президенттен жардам сураган.

Чүй милициясы бул фактыны "Бейбаштык" беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Жаңжалда аты аталган Дастан Бейшенкулов, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев, Аскат Үсөнов жана Нурлан Шакиров аттуу жарандар суракка алынган.

Кийинчерек Аскат Үсөнов жана травматикалык тапанча менен атты деген Дастан Бейшенкулов камакка алынган. Үсөновго "Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан; ок атуучу, газ-травматикалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, ден соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка предметтерди колдонуу же колдонуп кылмыш кылуу" (266-берене), ал эми Бейшенкуловго “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу” жана “Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен опузалап талап кылуу” (203, 39-130-) беренелери боюнча кылмыш кылган деген айып тагылган.

"Үйлөр жарылып, атышып жатышат..."

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов бул факт боюнча комментарий берип жатып, кара май аткезчилигине байланыштуу дагы башка фактылардын бети ачыларын убада кылган:

"Сиздерге ачык айтып коеюн, бул чырдын, ызы-чуунун баары товарларды жана күйүүчү майды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүдөн башталып жатат. Көп жагдайлар бар. Ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Чек арадан күйүүчү майды, товарларды мыйзамсыз алып өткөн фактылар бар. Мен сиздерге азырынча ачык айта албайм, биз көп адамдар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Көп адамдардын тиешеси бар. Бул кылмыш ишинин алкагында көп жагдайларды жакында ачыкка чыгарабыз".

Аткезчилик чуусундагы депутаттын карааны
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00


Анткен менен Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Тилек Солтобаев аткезчиликке байланыштуу күч органдарын сынга алды.

"Аткезчиликти, ким алып чыгарын, кандай кыларын элдин баары билет. Укук коргоо органдары иштебей жатат. Мисалы, аткезчиликке байланыштуу чуулуу окуя 25-январда болду. Ошол күнү бизде сессия болгон. Айыпталып жаткан депутат Кубанычбек Кочкорбаев жыйынга келген эмес. Ошол ызы-чуу менен жүргөн. Бул окуя каттала электе эле мен президенттин аппаратына, премьер-министрге, Жогорку Кеңештин депутаттарына "токтотолу, мындай көрүнүш болбойт" деп жазып чыккам. Мен кат жазгандан кийин эле бир үй өрттөнүп кетти. Анда бир тоннага жакын күйүүчү май салынган контейнер жарылган. Кошуналары муну көргөн, бирок айта албайт. Ушул жерде, ушундай даректе, ушундай жаран күйүүчү майды ташып келет деп айтып келишкен. Мен анын баарын жазып жибергем. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Бүгүнкү күндө контрабанда жүрүп жатат, баары эле иштеп жатат. Бир үй жарылып жатат, андан кийин атышып жатат".

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урмат Самаев алгач чыр чыккан жерде болбогонун айтып чыккан. Кийинчерек жаатташкан эки тарапты тынчытып, элдештирүү үчүн барганын билдирген. Ал ошондой эле аны күнөөлөгөн Аскат Үсөновдун айткандарын жокко чыгарган.

"Азырынча суракка чакыра элек. Башында чакырганда баргам. Аскат аны машинеге мени салып кетти деп айтып жатпайбы. Токмок шаардык милициясынын видео көзөмөлдөөчү камерасында менин Аскаттын машинасынан түшүп жатканым тартылып калган".

Самаев аткезчилик менен алектенген топтун бирин көзөмөлдөйт деген сөздөрдү негизсиз деп билдирди. Анын пикиринде, Казакстандан күйүүчү майды литрлеп ташып келип саткандар бааны арзандатты.

"Карапайым эл өзү кирип, 20 литрден алып чыгып, сатып, майда-чүйдө болсо деле оокаттарын кылып жатат. Бирок алар бааны түшүрдү да. Ошондуктан мен өкмөткө эмес, элге ыраазычылык билдирет элем. Токмокто АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 34-35 сом болуп калды. Эл өзү аракет кылып, өздөрү бааны түшүрүп жатат".

Кулачын жайган контрабанда

Аткезчилик боюнча чууда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигеновдун да аты аталган. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, курулай доомат айтылып жатат деди.

"Атаандаштык чоң, бири-бири менен кырылып жатышат. Ал жерде мени да аралаштыралы, жаманатты кылалы дешкен. Мени миң жолу аралаштырса да аралашпайм. Өзүңүздөр деле Токмокко барып, ошол жердеги таксисттер, базарда иштегендер, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп көрсөңөр, контрабандисттердин апасы, атасы, баласы ким экенине чейин айтып беришет. Аткезчилик менен байыган адамдар - бул сыйлуу адамдар. Мурун "Газпромдун" май куюучу жайлары көп болчу. Азыр анын баары жаап жатышат. Азыр болсо май куючу жайларды контрабандисттер салып жатат. Бул өтө жаман көрүнүш".

Жетигенов: Аткезчиликке тиешем жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Ал эми Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев күйүүчү май аткезчилиги, бензиндин үймө-үй сатылышына байланыштуу адам өмүрүнө коркунуч туулган опурталдуу окуялар да катталып жатканына токтолду:

"Шаардын ичинде үйлөрдө бензин сатылып калды деп мен Экотехинспекцияга, Бажы кызматына, Чек ара кызматына да кат жазгам. Азыр шаарда май куючу жайларда бензин сатылбай, үйлөрдө сатылып калган. Ошонун кесепетинен эки үй өрттөнүп кетти. Ал боюнча биз бир канча жолу Экотехинспекцияга кайрылганбыз. Бирок алар кандайдыр бир чара көрө алышпайт экен. Биз милиция, Экотехинспекциянын, биздин мэриянын кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүп, рейд жүргүзүп, бензин саткан үйлөргө эскертүү берип жатабыз", - деди шаар башчысы.

Мэр: Экотехинспекция аткезчиликти тыя албады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:19 0:00

Жөнгө салынбаган бензин баасы

Мындан бир ай мурун парламентте КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева күйүүчү майды арзандатуу боюнча маселе көтөргөн. Кара май аткезчилигинен кимдир бирөө туйтунуп жатканын ишара кылган:

"Алыс барбай эле Токмоктон ары он чакырым Казакстанга кирсек, май куюучу жайларда бир литр бензин 29 сомдон сатылууда. Дүң баа мындан да арзан болорун эске алганда Кыргызстан менен Казакстандагы бензиндин баасынын айырмасы 15 сомдун тегерегинде болуп жатпайбы. Бул эмнени билдирет? Аткезчилик менен шугулдангандардын лоббисиби же кандайдыр бир саясий кызыкчылыктагы маселелер барбы?", - деген депутат айым.

Мунай сатуучулар бирикмесинин аткаруучу директору Канат Эшатовдун айтымында, кара май аткезчилиги былтыр жайдан тарта күчөй баштаган:

"Акыркы айларда мунай сатуучулардын сатуу көлөмү кескин түрдө төмөндөт кетти. Ар кандай маалыматтар менен берип жатышат, мисалы 30-35 пайызга чейин төмөндөп кетти деген маалыматтар бар. Бул көрүнүш былтыр август айынан баштап күчөй баштады. Анткени Казакстанда мунайды кайра иштеткен үч заводду модернизациялап, алардын өндүрүш кубаттуулугу, көлөмү кескин жогорулады. Алар 500 миң тоннага чейин бензин өндүрүштү. Аны коңшу мамлекеттерге сатуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Казакстан менен Кыргызстандын май куючу жайларындагы баада 12-13 сом айырма бар. Ушундай чоң айырма болгон үчүн контрабанда кылып ташый башташты. Биз дагы бир нече жолу бардык мамлекеттик кызматтарга кат жолдоп, муну токтотууну, көзөмөлгө алууну өтүнгөнбүз".

Бул макала жазылып жаткан чакта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан кара май аткезчилигине байланыштуу канча факт катталганы, канча кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат ала алган жокпуз.

Жыл башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күйүүчү май рыногундагы абалды жөнгө салууну тапшырган. Өкмөттө күйүүчү майдын бир литринин мунай базаларынан чыккан дүң баасы менен май куюучу жайлардагы чекене баанын ортосундагы айырмачылык 10 сомдон ашып жатканы тууралуу сөз болгон.

Монополияга каршы күрөшүү кызматы болсо өткөн айда Кыргызстандагы бардык нефтетрейдерлерден бааны арзандатууну талап кылган. Буга өткөн жылдын декабрынан бери Орусияда күйүүчү майдын дүң баасы арзандап жатканын жүйө келтирген.

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы жалпысынан 1,5-2 сомго арзандады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG