Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Күйүүчү майдын күйүтү жана үмүтү


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште «күйүүчү майдын баасын 10 сомго чейин арзандатууга болот» деп айтылганы көп талкуунун башын ачууда.

Кошуна Казакстан Кыргызстанга арзан мунай берүүгө даярбы? Күйүүчү майдын дүң жана чекене бааларынын ортосундагы айырмадан туйтунуп жаткандар барбы? Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү ишканалар эмне үчүн толук иштей албай жатат?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Жыргалбек Сагынбаев жана Мунай сатуучулар бирикмесинин аткаруучу директору Канат Эшатов катышты.

«Азаттык»: Элвира айым, сиз парламентте «Кыргызстанда сатылып жаткан күйүүчү майды 15 сомго чейин арзандатсак болот» деп маселе көтөрүп, өкмөт бул багытта иштебей жатканын айтып, сынга алдыңыз. Маселени эмнеге негиздеп жатасыз?

Токмоктон ары он чакырым Казакстанга кирсек май куюучу жайларда бир литр бензин 29 сомдон сатылууда. Дүң баа мындан да арзан болорун эске алганда Кыргызстан менен Казакстандагы бензиндин баасынын айырмасы 15 сомдун тегерегинде болуп жатпайбы.
Элвира Сурабалдиева.

Элвира Сурабалдиева: Мен бул суроону парламенттин жалпы жыйынында өкмөткө байланыштуу маселе каралып жатканда койдум. Эгер козголгон маселеге өкмөт алты ай мурда көңүл бурганда азыр абал башкача болмок, бензин бизде бир топ арзан болмок деп жатам.

«Өткөн жылдын сентябрь айында эле казак өкмөтү тарабынан күйүүчү май берүү боюнча сунуштар болуп жатканына карабай келишимге келе албай жатасыңар» деп биздин өкмөткө маселе койдум. Экономика министри Панкратов болсо «Энергетика жана Тышкы иштер министрликтери менен иштеп жатабыз» деп бири-бирине шылтаган жоопту айтканы менен иштин жыйынтыгы жок.

Баалар боюнча айтсак, алыс барбай эле Токмоктон ары он чакырым Казакстанга кирсек май куюучу жайларда бир литр бензин 29 сомдон сатылууда. Дүң баа мындан да арзан болорун эске алганда Кыргызстан менен Казакстандагы бензиндин баасынын айырмасы 15 сомдун тегерегинде болуп жатпайбы.

Бул эмнени билдирет? «Аткезчилик менен шугулдангандардын лоббисиби же кандайдыр бир саясий кызыкчылыктагы маселелер барбы?» деген суроолор туулат.

«Азаттык»: Канат мырза, «күйүүчү майдын дүң жана чекене бааларынын ортосундагы айырма өтө чоң, ошондон көптөр туйтунуп жатышат, арзандатса болмок» дегендер бар. Сиздин пикириңиз кандай?

Канат Эшатов: Менин пикирим депутат айымдыкынан айырмаланат. 2018-жылдын сентябрь айына чейин Казакстан сыртка мунай азыктарын сатпайт болчу, анткени өздөрүнүн керектөөсүнөн ашчу эмес. Алар былтыр эле мунайды кайра иштетүүчү үч-төрт заводдорун модернизациялашты. Ошондон кийин алар өздөрүнүн керектөөлөрүнөн ашыкча да өндүрүм чыгара башташты. Ал эми бизде өзүбүздүн мунай жок, керектөөбүздүн дээрлик баарын Орусиядан алабыз. Алардан биз жылына бир миллион 200 миң тоннанын тегерегинде жеңилдетилген шартта (алымсыз) сатып алабыз.

Биз Казакстандын компаниялары менен да сүйлөшүп турабыз. Казактар «ооба, Кыргызстанга караганда Казакстанда бензин арзан. Бирок биз андай баада силерге сата албайбыз, кымбат сатабыз» деп айтып жатышат. Баа жөнүндө, башка шарттар жөнүндө макулдашуулар боло элек.

«Азаттык»: Жыргалбек мырза, Кыргызстанга мунай азыктарын ташып келүүнүн абалы кандай? Бааларды арзандатууга мүмкүнчүлүк барбы? Казакстандагы майдын арзандашы бизге да таасир этеби?

Аткезчиликке жол бербөө максатында мунайды темир жол менен гана ташууну макулдашып жатабыз.
Жыргалбек Сагынбаев.

Жыргалбек Сагынбаев: Мен өткөн жылдын декабрь айында Орусиянын Энергетика министрлиги менен индикативдик план боюнча макулдашып, документке кол коюп келгем. Ошондон кийин бензиндин баасы эки сомго арзандады. Бүгүнкү күндө Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аларда мамлекеттин ичиндеги процедуралар көпкө созулат. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бир нече суроолорду койгон экен, ошолор боюнча макулдашуулар жүрүүдө. Эки тарап келишимге кол койгондон кийин аларда сөзсүз парламенттен ратификациядан өтүшү керек, бизде андай талап жок, аларда татаал.

Келишимдерге кол коюлуп, ратификациялык бардык талаптардан өткөндөн кийин анын аткарылышын катуу көзөмөлгө алалы деп жатабыз. Аткезчиликке жол бербөө максатында мунайды темир жол менен гана ташууну макулдашып жатабыз.

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Сокулук, Балыкчы шаарларына гана темир жол менен ташылат.

Ооба, учурда Кыргызстанда сатылып жаткан бензиндин баасы Орусияга караганда эки сомго арзан, бирок Казакстанга караганда кымбат. Биз казак тарап менен келишимге жетишип, салык жана башка төлөмдөрдү кошкондо бензин 10-15 сомго арзан болбойт.

«Азаттык»: Элвира айым, Кыргызстанда мунай азыктарынан арзандашына Кыргызстандын Орусия жана Казакстан менен чогуу Евразия Экономикалык Биримдигинде болушу таасир этиши керек беле?

Элвира Сурабалдиева: Жыргалбек мырзанын «Кыргызстан Орусия менен келишимге кол койду, алар берген күйүүчү май биздин керектөөбүздү жабат, Казакстанга караганда кымбат болсо да өндүрүмдүн туруктуу келишине кепилдик бар» деген сөзү саясий чечимге окшошуп жатат. Анча ишеним жаратпаган Казакстан менен кантип келишим түзөбүз деген кылчактоо болуп жаткандай...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Күйүүчү майдын күйүтү жана үмүтү (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:34 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG