Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Кара майдын баасы капчыкты кага баштады


Кыргызстанда күйүүчү май кескин кымбаттады. Айдоочулар мындай өзгөрүү алардын капчыгын кагып жатканын айтышууда. Ал эми мунай сатуучу компаниялар баанын көтөрүлүшү Орусиядан көз каранды экенин дагы бир ирет эске салып, муну дүйнөлүк тенденцияларга байлашат.

Олжобай Жумашев аттуу таксист “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаасы менен күндө Бишкек шаарын кыдырып, кардарларды ташып, жан багат. Ал акыркы кезде күйүүчү майдын баасы күн сайын 50 тыйындан көтөрүлгөнү капчыгын кагып жатканын айтып нааразы болду:

- Күндө 500 сомго бензин куям. Анын үстүнө кандай куят, толук куябы же жокпу - мунусун текшере албайт экенбиз да. Кымбаттаса биздин чөнтөгүбүзгө таасирин тийгизет. Күнүгө 50 тыйындан, кээде 70 тыйындан кымбаттаганы кадимкидей байкалат. Мурун 500 сомго 13,5 литр бензин куйчубуз. Азыр 11-11,5 литрге жетпеген бензин куюлат.

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бейшенбек аттуу айдоочу бензин кымбаттаган сайын таксинин баасы өсүп турганын айтты:

- Мисалы, 1000 сом тапсаң, анын 700 сому бензинге кетип атат. Өзүңө 300 сом артат. 10 литр куйсаң, жолдун баары тыгын, кайда кеткенин билбей каласың. Бензин кымбаттаган сайын кошосуң да. Кардарларда болсо акча жок. Айла жок, анан арзан баага алып барасың. Такси арзан болбойт да. Таксиге шашкан, жумушка кечигип жаткан киши түшөт. Ошондуктан бензин арзан болсо жакшы болмок.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кескин кымбатташы ушул жылдын башында эле байкалды. Мунайзат ташуучу компаниянын маалыматына ылайык жарым жылда эле бензиндин баасы 6,5 пайызга, дизелдин баасы 11 пайызга жогорулаган. Бир нече күндөн бери кайра көтөрүлүп жаткан баа айдоочуларга түйшүк артууда.

Казактын бензини арзан

Кыргызстандын ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан ташылып келет. Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген. Кыргызстандын Мунай сатуучулар ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Ар бир айдын башында орусиялык заводдор бизге дүң баасын чыгарып беришет. Биз Орусиядан алып кирүүчү күйүүчү майды бажы алымы жок ташып келебиз. Эгер башка жактан алсак, дүйнөлүк баа менен алып калабыз. Анда бензиндин баасы биздин айдоочулар үчүн өтө эле кымбат болуп калат. Өзүбүздө мунайзат чыкпайт. Ал эми мунайзат өндүргөн Казакстанда бензин кыйла арзан. Бирок эгер биз алардан ала турган болсок, бажы алымы кошулат да, баасы айланып келип кайра эле кымбатка түшөт.

Анткен менен айрымдар күйүүчү майды Казакстандан ташып келип, Орусиядан келген бензинден арзан сатып пайда көрүшөт. Талас шаарынын тургуну Нурлан Ташмамбетов эки жылдан бери Казакстандын бензинин сатып, өз кардарларын тапканга жетишкен.

- Биздин бензинди таза деп алышат. Май куюучу жайда таза болсо, ошол жактан куят эле да. Азыр каалаган айдоочудан "Эмнеге майды бул жерден куюп жатасыңар?" деп сурасаңар, айтып берет. Мен эки күн чыкпай койсом, сурангандар өтө эле көп болуп кетет го.

Кардарлар да атайын май куюучу жайларга барбай, бензинди келип, чакалап ушул жерден куйдуруп кеткенин төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Бензиндин сапаты бул жерде жакшы да. Калгандар эптеп-септеп куюп жатат. Баягыда башка жерден куйсам, аралыгы жетпей калды.

Айдоочуларга арзан түшкөнү менен Казакстандан экспорттолгон бензиндин дээрлик баары эле аткезчилик жол менен ташылып келерин алар биле беришпейт.

Экспортко артпаган май

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Санжарбек Кокошеров “Азаттыкка”​ жакын арада Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда мунайзат өндүрүмүн экспорттук алымсыз ташуу тууралуу келишим даярдалып жатканын билдирди.

- Булардын баары аткезчилик жолу менен келип атат деп айтсак болот. Бүгүнкү күндө бензинди Казакстандан алып келүүгө эч кандай тоскоолдук жок. Бирок эгерде мыйзамдуу жол менен алып келсе, ишкер бир тонна бензинди Казакстандан чыгарыш үчүн 168 доллардай экспорттук алым төлөп калат. Ошону кошкондо баа кымбат болуп калат. Ал эми чийки мунайга экспорттук алым бир тоннасына 70 долларды түзөт. Ошону алып салыш үчүн Экономика министрлиги жана Өнөр жай комитети тиешелүү келишимге кол коюу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Эгер ошол экспорттук алым алынып салса, аткезчилик жол менен алып келгендер азаят деп ишенебиз.

Мунай сатуучулар ассоциациясынын өкүлү Канат Эшатов Казакстанда өндүрүлгөн күйүүчү май өлкөнүн ички рыногунун талабына гана керектелип, экспорттоого артпай калат деген ойдо.

- Казакстан буга чейин бизге экспортко чыгарчу эмес, - деди ал. - Анткени алардын өздөрүнүн ички рыногуна жетчү эмес. Алар былтыр 2-3 заводун модернизациялап, быйыл биринчи жолу 500 миң тонна күйүүчү май профицити менен чыкты. Бирок ал Кыргызстанга жетишсиз.

Көз каранды болуунун азабы

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Кыргызстан энергетика жана күйүүчү май ташуу жаатында диверсификация принцибин карманып, бир өлкөгө көз каранды болуудан чыгыш керек экенин айтат. Биз депутат менен маектешип, бул боюнча пикирин сурап көрдүк.

"Азаттык": Мирлан мырза, күйүүчү май ташууда Кыргызстан бир эле өлкөгө көз каранды болуп калганын мунай ташуучулар, дегеле баары эле түшүнүп турат. Мындай көз карандылыктан чыгуунун башка альтернативалуу жолдору барбы?

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Жээнчороев: Жолдору бар, эгер муну монополияга каршы мыйзам менен так текшерип чыкса. Ушул жылдын ичинде ар бир үч айда бензиндин баасы 3-5 пайызга көтөрүлүп жатат. Бул маселе эки-үч жылдан бери көтөрүлүп атат. Бизге күйүүчү май бир эле компаниядан келет. Ал эми Кыргызстандагы сатуучу компаниялар да ар кандай аталыш менен бир эле компанияга баш ийет. Бардыгы эле “Газпромго” таандык компаниялар. Алар "жөн эле монополия жүргүзүп жатат" деп айыптабасын деп бир эле компанияны үчкө бөлгөнү менен, башкаруучулары бир эле. Бул энергетикалык коопсуздукту камсыз кыла турган болсок - бир эле тараптан алып келбешибиз керек. Башка өлкөдөн да алып келишибиз керек.

Мен Казакстанды айтып жүрчүмүн. Чалдовардан өтүп эле Меркеден карасаңар болот, Акжолдон өтүп эле Кордайдан карасаңар болот. Чекене баасынан эле айырма билинет, ал эми дүң баасынын айырмасын айтпай эле коеюн.

Экинчиден, Казакстандагы жагдайды да байкап туруш керек эле. Казакстанда быйыл мунайзатты иштетип чыгаруучу эки ири завод курулуп бүттү. Казакстандын рыногунда ашыкча күйүүчү май пайда болду. Биздин өкмөт барып, экспорттук алымдарды жойбосо да жок дегенде күйүүчү май ташуучуларга чек араларды ачып берүүнү камсыз кылып, сүйлөшүшү керек эле. Бүгүн жол жабык.

"Азаттык": Эми мындай мамлекет аралык ири сүйлөшүүлөрдү ким жүргүзүшү керек? Президентпи же өкмөт аралык макулдашуу болбой жатабы? Учурда ушул жагынан сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?

Жээнчороев: Экономикалык саясат өкмөттүн колунда болгондон кийин өкмөт өз колуна алып туруп, эртерээк сүйлөшүшү керек эле. Бүгүнкү күндө менин билишимче сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок абдан узакка созулуп кетти. Монополияга каршы мыйзам жең ичинен картелдик сүйлөшүүлөрдү иликтөөгө жол ачат. Мындай картелдик сүйлөшүүлөр болгон деген бизде шек бар. Себеби монополияга каршы комитет бул багытта эч иштебей жатат.

2018-жылдын январь айынан баштап Кыргызстанга 504 миң тонна мунайзат өндүрүмү жеткирилген. Анын 234 миң тоннасы бензин болсо, 270 миң тоннасы дизелдик күйүүчү май. Орто эсеп менен ар бир үч ай сайын күйүүчү майдын баасы үч пайыздан беш пайызга чейин өсүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG