Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Күйүүчү майга күн түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май 9,6 пайызга кымбаттады. Мунай ташуучулар биримдигинин маалыматына караганда, баанын эң жогорку чеги май айына туш келип, кымбаттоо 5,8 пайызды түздү.

Бул көрсөткүч майда баа мурдагы айларга караганда 2 сомго кымбат болгонун түшүндүрөт. "Алдыда күйүүчү май дагы 2-3 пайызга же бир сомго көтөрүлөт" деген божомол бар. Азыр Бишкекте бензиндин баасы түрүнө жараша 43 сомдон жогору, дизель 44 сомдон өйдө сатылууда. Эки күн мурун майдын баасы мындан бир сомго арзан болчу.

Монополияны жөнгө салуу агенттиги күйүүчү майдын кымбатташын Орусиянын базарларындагы абалга байлап жатат. Анткен менен айдоочулар арасында "бааны жөнгө сала албай жатат" деп өкмөттү сындагандар да арбыды. "Күйүүчү май монополисттердин айынан кымбаттап жатат" деген негизде "Газпром" компаниясынын майын пайдалануудан баш тарткандар да чыкты.

Кыргызстандын Мунай ташуучулар биридигинин аткаруучу директору Улан Куловдун маалыматына караганда, июнда күйүүчү-майлоочу май дагы кымбатташы күтүлүп жатат. Анын айтымында, Орусиянын заводдорунда май айынын ичинде күйүүчү-майлоочу майдын наркы 10 пайызга чейин көтөрүлүп, Кыргызстандагы май саткан компаниялар да аны жогорулатууга мажбур болушту:

Улан Кулов.
Улан Кулов.

- Биз 22-майда маалымат таратып, күйүүчү-майлоочу майдан баасы 5 пайыздан 10 пайызга чейин өсүшү мүмкүн экенин божомолдогонбуз. Биздин мониторинг боюнча майда баа 5 пайызга өстү. Июнда баа дагы өсүшү ыктымал. Бирок май айындагыдай жогорулоо болбойт деген ойдобуз. 2-3 пайызга кымбаттышы мүмкүн.

Улан Куловдун божомолунда күйүүчү майдын кымбатташы ушул айда бир сомдон ашпайт. Бишкектеги компанияларда азыр бензиндин баасы түрүнө жараша ар кандай баада сатылууда. Маселен, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 43 сомдон 44 сом 30 тыйынга чейинки баада сатылат. АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 45 сом 50 тыйындан тартып 47 сомго чейинки баада. Жогорку сапаттагы АИ-98 бензини 49 сом 50 тыйындан 49 сом 90 тыйынга чейин. Дизелдин наркы деле бензинден кем калышпайт. 44-45 сомдун тегерегинде. Ал эми суюлтулган газ 23 сом.

Күйүүчү-майлоочу майлардын 9-июндагы баасына салыштырганда бул көрсөткүчтөр 1 сомго жогору. Кыргызстандагы май куюучу станциялардын ичинен "Газпромдуку" эң кымбат экенин байкоого болот.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын тиешелүү мекемелери жана мунай ташуучулар баанын жогорулашын Орусиянын базарындагы олку-солку абалга, Батыш санкцияларына байланыштырганы менен жергиликтүү айдоочулар арасында бул үчүн өкмөттү айыптагандар да табылат. Социалдык тармактарда "өлкөдө күйүүчү май сатуу монополисттердин колуна өткөнү ушуга алып келди" деген негизде, орусиялык "Газпром" компаниясынан баш тартууга чакырыктар тарап жатат. Айдоочу Дамир Жуманаев муну менен баалардын ылдыйлашына шарт түзүлөт деген ойдо:

- Бул жерде монополия орун алып жатат. Эмнеге "Петролеум" кымбаттатпайт? Аларда 41 сом 50 тыйын же 41 сомдон сатылып жаткан учурда "Газпромдуку" 43-44 сомго чыгып кетип атат. Ортодо 2-3 сом айырма бар. "Газпром" Кыргызстандагы ыңгайлуу жерлердин баарына май куюучу жайларды куруп койгон. Мына, Бишкекти эле алалы, эл каалайбы-жокпу, "Газпромго" кирип, май куюуга аргасыз. Ушундан улам алар баа маселесинде өзү билемдик кылып отурушат. Монополияны жөнгө салуу агенттиги болсо кайра "бул нерсе кымбаттады, тигинин баасы көтөрүлүп кетти" деп "Газпромго" жардам берип атат. Кыргызстанда май кымбаттады, бирок аны ташып келүүнүн чыгымдары, салык ошол бойдон калды да? Ошондуктан мен "Газпромдон" май куюуга бойкот жарыяладым. Бул акцияны колдогондор айланамда көп эле. Эмнеге "Газпромго" бойкот десеңиз? Бул компания - Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы боюнча негизги оюнчу. Калгандар дал ушул "Газпромду" ээрчип бензинди кымбат кылып баратат.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин өкүлү Сагын Маматоморов болсо мекеменин дарегине карата айтылган сындарга кошулбайт. Ал азыркы тарифтердин кымбатташы тышкы факторго байланыштуу экенин кайталап, станциялар майды "негизсиз кымбаттаткан жок" деп билдирди. "Газпром" станцияларында баанын башкаларга салыштырмалуу жогору болгонун "алар Орусияда бекитилген тариф менен сатылат" деп түшүндүрдү:

- Мунай жылдын башынан бери эле кымбаттап келаткан. Орусияда май айында дүң баа 10 пайызга көтөрүлдү. Ошондон улам Кыргызстанда өткөн айда күйүүчү май 9-10 пайызга жогорулап кетти. Ага чейин кымбаттоо 6 пайыз болуп аткан. Биз компаниялардан өздүк нарк тууралуу эки жумада бир жолу маалымат алып турабыз. Алардын бааны негизсиз көтөрүшүнө жол бербейбиз. Анын алдын алуу иш-чараларын жүргүзөбүз. Май айы боюнча алсак, буларда баа негизсиз көтөрүлгөн жок. Мурунку салык, чыгымдарынан тышкары баага Орусиянын базарындагы кымбаттоо таасир этип жатат. Булар Орусиядан кымбат алып, ошонун негизинде кымбат сатып атышат. Биз Кыргызстан Мунай ташуучулар биримдиги менен тыгыз кызматташып, бул боюнча иш жүргүзүп жатабыз.

Сагын Маматоморов кошумчалагандай, Монополияны жөнгө салуу агенттиги мунайдын баасына кийлигише албайт. Кыргызстанда баа күйүүчү май саткан компаниялардын бири-бирине атаандаштыгы аркылуу жөнгө салынат. Ошол эле кезде өкмөттүн токтомуна ылайык, күйүүчү-майлоочу май социалдык маанидеги товар болуп саналат. Бирок аталган агенттик бир айда нарк 20 пайызга көтөрүлүп кеткен учурда гана ага мамлекеттик көзөмөл жүргүзө алат.

Баа 20 пайызга чыкпаган учурда мамлекеттик органдардын абалды тышкы жана ички факторлорго шылтап отура бергенин экономист Жумакадыр Акенеев сынга алды:

Жумакадыр Акенеев.
Жумакадыр Акенеев.

​- Заводдон чыккандан кийин бизге келгиче күйүүчү майга жол кире кошулат. Андан кийин Монополияны жөнгө салуу агенттиги монополисттердин кызыкчылыгын 15-20 пайыз менен чектейт. Ошол баа менен гана сатылышы керек. Тилекке каршы, акыркы жылдарда баа кандай коюлуп жатканы көзөмөлгө алынбай жатат. Агенттик мурда айтып турчу. Акыркы бир жылдан бери айтпай, четте туруп калды. Кыргызстан Мунай ташуучулар биримдиги да көзөмөлдөө иштерин жүргүзүшү керек эле. Бирок ал да "баа кымбаттады" деп коюп эле отурат. Андан башка айткан сөздөрү жок. Менимче, бул ишти өкмөт кайрадан уюштурушу керек. Мүмкүн, мунай ташуучулар өзүнчө сүйлөшүп алып, анын айынан баа кымбаттап жаткандыр. Бул эми божомол. Себеби, баа бир ай ичинде 3-4 сомго көтөрүлүп кетти. Мынча кескин түрдө жогорулабашы керек эле. Эң жок дегенде 2-3 ай ичинде кымбатташы керек эле. Себеби күйүүчү май 2-3 жума жолдо жүрөт. Мурунку запастар бар. Ошонун баары эски баа менен сатылышы керек эле да.

Өткөн аптада вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тиешелүү мекемелер менен күйүүчү май боюнча түзүлгөн абалды талкуулады. Ал Монополияны жөнгө салуу агенттигине күйүүчү май рыногундагы баага мониторинг жүргүзүүнү, көзөмөлдөп турууну тапшыруу менен чектелди. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине жергиликтүү мунай чыгарган ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу милдети жүктөлдү.

Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын 100 пайызы Орусиядан ташылып келет. Ушу тушта дүйнөлүк биржаларда мунайдын баррели 75.62 долларга бааланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG