Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Күйүүчү майдын баасы, күмөндүү айырма


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күйүүчү май рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырма берди.

Өкмөт жыйынында күйүүчү майдын бир литринин мунай базаларынан чыккан дүң баасы менен май куйуучу жайлардагы чекене баанын ортосундагы айырмачылык 10 сомдон ашып жатканы боюнча маселе көтөрүлгөн болчу.

Мунай сатуучулар бирлигинин жетекчиси Канатбек Эшатов күйүүчү майдын чекене баасы мунайды аз өндүргөн өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда эң арзан экенин билдирди.

Баалардагы айырмачылык

Кыргызстанга Орусиядан күйүүчү май ташыган компаниялар өздөрүнүн май куйуучу жайларында бензин менен солярканын чекене баасын жогору коюп сатып, ашкере кызыл кулактык менен кирешеге туйтунуп жатканы боюнча өкмөттө маселе көтөрүлдү. Анда күйүүчү май рыногунда баалар улам өөдө-ылдый секирип турган жагдай айрыкча жазгы талаа жумуштарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экени белгиленди.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров учурда күйүүчү майдын дүң баасы менен чекене баасынын ортосундагы айырмачылык абдан эле чоң болуп жатканын билдирди:

Замирбек Аскаров.
Замирбек Аскаров.

- Мунай базаларынан маалымат алдык. Мисалы, мунай базасынын бардык чыгымдары, салыктар жана пайдасы кошулганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 33 сомдун тегерегинде чыгып жатат. Бирок май куйуучу жайларда анын чекене баасынын бир литри 42 сом же 42,50 сомго чейин сатылып жатат. Орточо айырма 9-10 сомду түзөт. Биз мониторинг жүргүздүк. Май куйуучу жайларда негизи канчадан сатылышы керек эле? Биздин эсеп боюнча бардык чыгымдарын, таба турган пайдасын жана салыктарды кошкондо күйүүчү май 35-36 сомдон эле сатылса туура болмок.

Мунай сатуучулар бирлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстан күйүүчү майды толугу менен Орусиядан ташыйт. Жаңы жылдын алдында бензин менен солярканын баасы 45 сомго чейин кескин көтөрүлгөн учурда өкмөт Казакстандан кошумча күйүүчү май ташуу маселесин караган болчу. Бирок бул боюнча Казакстан менен макулдашуу жүргөнү менен маселе дагы деле чечиле элек.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күйүүчү майдын чекене баасы жогору болгон жагдайды жөнгө салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырма берди:

- Биз азыр мунай ташыган компаниялар менен иштеп, күйүүчү майдын чыныгы баасын чыгарышыбыз зарыл. Бизге азыр "күйүүчү майды бул жакка алып келип, чыгымын кошуп, салыгын төлөгөндө, кирешесин кошкондон кийинки баа арзан болушу керек эле" деген маалымат келип жатат. Болбосо салык кызматы да муну карагыла. Мисалы, бензиндин бир литрин 10 сом айырма менен сатып жатышса, анда бул өтө эле туура эмес. Ошондуктан Монополияны жөнгө салуу агенттиги менен салык кызматы тез арада өз сунушуңарды берип, чечим кабыл алышыңар зарыл.

Мунай сатуучулар биримдигинин жообу

Ошол эле кезде Кыргызстан мунай сатуучулар биримдигинин жетекчиси Канатбек Эшатов май куюучу жайларда бензин менен солярканын бир литринин чекене баасы менен мунай базасынан чыккан дүң баасынын ортосунда он сом айырмачылык бар деген маалыматты четке какты.

Бул маалымат кайра текшерүүнү талап кыларын айткан Канатбек Эшатов учурдагы чекене баа базар эрежелерине карап, Монополияны жөнгө салуу комитети менен макулдашыларын белгиледи:

- Мунай базасындагы дүң баа менен май куйуучу жайда сатылган чекене баанын ортосундагы айырмачылык он сом эмес, он пайызды гана түзөт. Анан күйүүчү майдын бир литринин дүң баасы менен чекене баасынын ортосунда "10-15 сом айырмачылык бар экен" деген болбогон сөз. Өкмөт бул маселени кагаз жүзүндө бизге жөнөтсө, анда ал эмнеге негизделип, ошондой маалымат чыгып жатканын карап көрөбүз. Ал эми Казакстанда бизге караганда бензиндин арзан болуп жатышынын себеби ал жакта жетиштүү мунай өндүрүлөт. Бизге окшогон мунай жетиштүү өндүрүлбөгөн өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстанда бензиндин чекене баасы бир топ эле арзан.

Буга чейин Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев күйүүчү май рыногундагы негизги "оюнчулар" бензин менен солярканын баасын базар эрежелерине сыйбаган ыкмалар менен аныктап, керектөөчүлөрдүн укугун бузган жагдайларга көңүл бурууну өкмөттөн талап кылган болчу. Анын айтымында, Орусиядан ташылып келген күйүүчү майдын мунай базаларынан чыккан дүң баалар менен май куйуучу жайлардагы чекене баалардын ортосунда чоң айырмачылык болуп, бул багытта иштеген компаниялар ашкере кызыл кулактык менен киреше табууга ыңгайлашып алышкан.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров күйүүчү майдын чекене баасы мурдагыга караганда бир аз ылдыйлаганын билдирди:

- Биз жума сайын ар бир компаниянын май куйуучу жайларындагы баалар боюнча анализ жүргүзөбүз. Азыркы учурда "Газпромнефть" компаниясынын А-80 үлгүсүндөгү бензини 40 сом 90 тыйын. АИ-92 бензини болсо 42,50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 43,50 тыйынды түздү. Дизелдин баасы 45,50 сом. "Бишкек Петролиум" компаниясында дизелдин баасы 45,50 сом. "Роснефть" компаниясы дизелди 45 сомдон сатып жатат. Ал эми "Ред Петролиум" болсо дизелдин литрин 43,50 тыйындан сатууда. Азыр биз расмий түрдө алардын дүң баасы кандай экенин ачык айта албайбыз. Анткени бул коммерциялык сыр болуп калат экен.

Кыргызстан эки тараптуу өкмөт аралык макулдашуунун негизинде Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордон бензин, солярка жана авиакеросин сыяктуу күйүүчү май түрлөрүн экспорттук төлөмсүз сатып алган өлкөлөрдүн катарына кирет. Анын Бажы биримдигине кирердин астындагы негизги шарттардын бири да ошол маселе болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG