Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:31

Депутаттын аты аралашкан аткезчилик чуусу


Токмок шаары.
Токмок шаары.

Токмокто кыргыз-казак чек арасындагы аткезчиликке байланыштуу чуулгандуу окуяда Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин аты ачык аталды.

Аскат Үсөнов аттуу жергиликтүү тургун аны Самаевдин жакын тууганы травматикалык тапанча менен атканын, депутат өзү бул ишке кийлигишип жатканын айтып, президент Сооронбай Жээнбековго даттанды.

Чүй милициясы болсо окуяга катышкандардын баары арыз жазгандан баш тартып жатышканын билдирди.

Аткезчилик чуусундагы депутаттын карааны
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00

Социалдык тармактарда кыргыз-казак чек арасында "аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди" деген Аскат Үсөнов аттуу жарандын видео кайрылуусу жарыяланды. Анда Үсөнов окуяга байланыштуу Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаевди ачык күнөөлөгөн жана президенттен жардам сураган:

- Улуу урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков, Токмокто, чек арада "Дунларовдо" иштеп жатсак, бизди итке окшоп атып кетишти. Эми же ооруканага жата албайсың, же милицияга кайрыла албайсың. Анткени баарынын үстүндө Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев турат. Кайрылган күндө деле иш эртеси кайра жабылат. Канча иш буга чейин жабылды? Райондук милициянын башчысы ал тургай "эмне болдуң, эмне кылдың, жаттыбы" деп да сураган жок. Ишенбесеңер ИИМдеги видеотасманы да көтөрсөңөр болот. Мени райондук ички иштер бөлүмүнө ошол Урмат Самаев алып келген. Машинемдин дөңгөлөктөрүн жарып кеткен. Азыр мен Бишкекте ижарадагы батирдемин. Сизге кайрылып жатам, сизден башка эч кимге ишенич жок калды. Органдардын баарына барсаң деле баш тартып салышат. Мени Дастан деген Урматтын тууганы атты. Чек араны ошол карайт. Муну Токмоктун баары эле билет. Же Кыргызстандан кетиш керек, же өлүш керек, башка айла жок болуп калды.

​Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 26-январдагы жаңжалда аты аталган Дастан Бейшенкулов, Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Кочкорбаев, Аскат Үсөнов жана Нурлан Шакиров аттуу жарандардын баарын күбө катары суракка алган.

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов алардын баары арыз жазуудан, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышканын белгиледи. Анын айтымында, ок тийгени тууралуу видео кайрылуу тараткан жаран изделип жатат, ал эми аны атканы айтылган адам учурда ооруканада жатат.

Самат Курманкулов.
Самат Курманкулов.

- Дастан, Кубан, Аскат деген балдардын баарын Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө алып барып, баарын сураганбыз, - деди Самат Курманкулов. - Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев да ошол жерге чакырылды. Тергөөчүлөр: "Ортоңордо эмне болгон талаш-тартыш бар?" деген суроолорду беришти. Бирок алардын баары сүйлөшүп алып, маалымат бергенден баш тартышты. Биз Аскат деген жигитти кайра Токмок шаардык милициясына чакырдык. Бирок ал келген жок. Ишемби күнү бизде күбө катары сурак берген жарандардын үйүн тинттик. Дастан аттуу жигитти издедик. Ал азыр Токмок шаардык ооруканасында жатат. Ал болгон окуяны айтып берди, арызын жазды. Ал "Аскат деген бала тапанчасы менен атып, үч бала болуп сабап кетти" деп айтып жатат. Аскаттын видео кайрылуусунун негизинде Дастанга ооруканада күзөтчүлөр коюлду. Эгер Аскат арыз жазса, анда Дастанды тергөө абагына камайбыз.

Самат Курманкулов бул жаңжал аткезчиликке байланыштуу экенин ырастады жана айрым жагдайлар тууралуу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча маалымат берилбей турганын белгиледи:

- Сиздерге ачык айтып коеюн, бул чырдын, ызы-чуунун баары товарларды жана күйүүчү майды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүдөн башталып жатат. Көп жагдайлар бар. Ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Чек арадан күйүүчү майды, товарларды мыйзамсыз алып өткөн фактылар бар. Мен сиздерге азырынча ачык айта албайм, биз көп адамдар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Көп адамдардын тиешеси бар. Бул кылмыш ишинин алкагында биз көп жагдайларды жакында ачыкка чыгарабыз.

Депутат Урматбек Самаев өзүнүн аты аталган окуя боюнча эмгиче расмий комментарий бере элек. Жогорку Кеңешке барганыбызда иш бөлмөсү жабык экенин көрдүк. Жардамчысы Улан Кадырбек уулу да аны менен эмгиче байланыша албай жатканын билдирди.

Парламенттин вице-спикери, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров депутаттын аты аталган окуя боюнча төмөнкүдөй комментарий берди:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

- Азыркы учурда парламент ар кандай доомат-сынга кабылды. Токмок шаарындагы окуя боюнча айта турган болсом, мен ал жерде Урмат Обозбековичтин тиешеси бар же жок деп айта албайм. Ар бир депутат өзүнүн кыймыл-аракетине өзү жооп берет. Мүмкүн ал депутат, Жогорку Кеңештин депутаты болгонго чейин коммерциялык же дагы башка багытта иш кылып жүргөн болушу мүмкүн. Ошонун алкагында ал жерге тынчытып коеюн деп же кабар алайын деп, ошол максатта баргандыр - эгер ал барганы тууралуу маалымат чыккан болсо. "Анын туугандары тапанча менен атты, дагы башка" деген жагдайлар болуп жатат. Бул жерде эми моралдык жоопкерчилик сөзсүз болушу керек. Эгер депутат түздөн-түз аралашса, Мамлекеттик чек ара кызматына же дагы бир органдарга кийлигишкени аныкталган болсо, анда биринчи кезекте фракциясы, экинчи кезекте Жогорку Кеңеш албетте, реакция кылышы керек.

​Кыргыз мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты аралашкан жагдайды Башкы прокуратура териштирет жана депутатка кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой алат. Башкы көзөмөлдөөчү орган бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартып жатат.

Өткөн аптанын аягында, 25-январь күнү "Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанында аткезчилик менен алектенген эки топтун ортосунда жаңжал чыккан жана окуя атышуу менен аяктаган. Чүй милициясы "Бейбаштык" беренеси боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG