Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Жээнбековдун ишине сын жана мактоо


Президент Сооронбай Жээнбеков. Аскердик иш-чаралардын биринде.
Президент Сооронбай Жээнбеков. Аскердик иш-чаралардын биринде.

Президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкенине толук эки жыл болду. Ал 2017-жылдын 24-ноябрында ант берип, жумушун расмий баштаган.

Бул аралыкта мамлекет башчы коңшулар менен ымаланы жакшыртканын, ички саясатта түрдүү көз караштагы топтор менен орток пикир таба алганын, аймактарга көңүл бурганын, маянаны көтөрүп, таза суу, аймактарды санариптештирүү долбоорлорун ишке ашырып жатканын билдирди. Бирок ошол эле кезде экономика өнүкпөгөнүн, коррупция азайбаганын сынга алгандар көп.

Эки жылдын отчёту

Президенттик ишке расмий киришкенинин эки жылдыгына карата Сооронбай Жээнбеков бул мөөнөттө жасаган иштери жөнүндө "Кабар" улуттук агенттиги жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы аркылуу отчёт берди. Толук 40 мүнөттүк маегинде ал негизги жумуштарын эсептеп, аткарылбай калгандарынын себебин түшүндүрдү.

Биринчи жылынын жетишкендиги катары санаган коңшу жана өнөктөш мамлекеттер менен жакшырган алаканы президент бул жолу да кайталап, мында Орусия менен Кытайдын лидерлеринин салымын белгиледи. Өлкө ичиндеги негизги ийгилиги катары Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорун атады.

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

- Мен президент болгондо инаугурациядан кийин эле 2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялагам. 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп кайра жарыяладым. Ошону менен бюджеттик саясат, акча-насыя саясатын, финансылык саясаттын баарын аймактарга бурдук. Азыр эми жыйынтык боло баштады. Айыл жеринде кайра иштетүү өнөр жайларын ачам деген ишкерлер үчүн тийиштүү каражат берип жатабыз. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыяларын айылдарга эки эсе көбөйттү, “Айылбанк” элетке 84% насыясын берип жатат. Былтыр жылдын жыйынтыгында кредиттөө 25 млрд. сомго жеткен, быйыл он айдын ичинде 23 млрд. сомго жакын насыя берилди. Ошонун 73% аймактарга берилди. Бул каражатты ишкерлер кайра иштетүүгө, логистикалык борбор курам дегендерге, жеңил өнөр жайга, айыл чарба азыктарын өндүрүүгө жумшап жатышат.

Жээнбеков президенттик мөөнөтүндө Кыргызстанды 100% таза суу менен камсыз кылуу боюнча шайлоодо убада бергенин эстеп, соңку эки жылда анын кайсы бир бөлүгү аткарылганына ишендирди. Ал бул үчүн 40 млрд. сомго жакын акча керек экенин айтып, аны президенттиктен кеткенче табарын дагы бир жолу кайталады.

Мамлекет башчы ирригация, санариптештирүү боюнча орчундуу жумуштар, энергетика жана темир жол тармактарында ири долбоорлор бүтүп жатканын айтты. Ал мугалимдердин айлыгы 30% көбөйгөнүн белгилеп, кийинки жылдары дарыгерлердин, аскер жана милиция кызматкерлеринин маянасына да акча кошуларын убада кылды.

Президент соттук-укуктук реформага жана коррупцияга каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын маалымдады.

- Соттук-укуктук реформа бизге абдан керек. Муну ишке ашырмайынча бизде өнүгүү процесси тез болбойт. Себеби биздин системага элдин ишеничи кеткен. Биз ошол ишеничти кайтарышыбыз керек. Ошол максат үчүн азыр санариптештирүү, видео-фото фиксацияларды коюу, соттук процесстерди электрондук форматка өткөрүү, ачык кылуу иштери жасалып жатат. Жаңы кодекстер кабыл алынды. Бул абдан оор реформа. Муну баштаганда тоскоолдуктар, саботаждар болду. Бирок биз муну катуу көзөмөлгө алып, илгерилетип жатабыз. Соттук-укуктук реформанын жыйынтыгы эки-үч жылда сезиле баштайт. Мындан башка оор маселе – коррупцияга каршы күрөш. Элдин саны 6,5 миллионго жетип калды, бирок сурап келсең баары эле тууган-урук, куда-сөөк болуп чыга келет. Баары коррупция менен күрөштү колдойт, бирок тууганы коррупция менен кармалса “биздин бала” деп ага жан тартып киришет. Ошондуктан бул да оңой болбой жатат. Ошентсе да элдин колдоосу бар, бизде эрк бар, бул күрөштү дагы улантабыз,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчынын маегиндеги кебин талдай келгенде “аткарылды” дегенге караганда “кылыш керек, жасайбыз” деген сөздөр басымдуураак экени байкалат. Президент алдыда дагы төрт жылдык мөөнөтү бар экенин кайра-кайра белгилеп, аткарылбай калган иштер ушул убакытта ишке ашарына үмүт бергенсиди.

Бирок биринчи жылынын соңунда, эми экинчи жылдын жыйынтыгы менен да президент Жээнбековдун саясатына ичи чыкпагандар бар. Өзгөчө коррупцияга каршы күрөшүнө сын таккандар арбын.

Депутат Рыскелди Момбеков президенттин эки жылдык ишине мындай баасын берди:

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

- Коррупцияга каршы күрөшө турган органдардын өзүндө коррупция болгону ачыкка чыгып жатат. Ошол эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттикте акча жоголгону, же башка органдарда пара алып кармалгандар. Текебаевдин мүлкүн төрт саатта, Атамбаевдин мүлкүн алты саатта тактап койгон Финансы полициясы Матраимовдун мүлкүн он айдан бери тактай албай жатат. Анан биз кантип коррупцияга каршы күрөш өз нугунда жүрүп жатат деп айта алабыз? Эки жылда президенттин убадасынан да убарасы көп болду. Президенттин мөөнөтүнүн үчтөн бири өткөнү менен, убадаларынын үчтөн бири аткарыла элек. Буга эң ириде кайра эле президент өзү кармап турган өкмөттүн чабалдыгы себеп болду. Экинчиден, каражаттын тартыштыгы да себеп. Бүгүнкү күндө мугалимдердин айлыгына кошулган жарыбаган акчаны эсепке албаганда маяна, пенсия жана жөлөкпул көтөрүлгөн жок. Бирок көйгөйлөр көбөйдү. Эми дагы төрт жылы бар. Бирок азыркы өкмөт менен калса иши баары бир алдыга жылбайт.

“Экономикада жылыш жок”

Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдында “мен бюджетти кантип толтурушту билем” деген сөзү эл арасында учкул кепке айланып, мамлекеттин казынасы кескин өсөрүн күткөндөр көп.

Бул жагынан салыштырсак, маселен башка жылдарды салыштырбай 2017-жылды эле алсак, анда республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 139 млрд. 889,1 млн. сом болгон. Бул көрсөткүч 2018-жылы 135,5 млрд. сом болуп артка кетсе, 2019-жылы 155 млрд. сомду түзөт деп болжонуп жатат. Башкача айтканда мында чоң секирик байкалбайт жана ашыкча чыгымдар башка каражаттар менен жабылып келатат.

Эки жыл ичинде мамлекеттик карыз да кыскарган жок, тескерисинче көбөйдү. Финансы министрлигинин расмий маалыматына ылайык, мамлекеттик карыз 2017-жылдын 30-сентябрына карата 4 млрд. 366,55 млн. доллар болсо, 2019-жылдын 30-сентябрына карата 4 млрд. 503,50 млн. долларга жетти.

Эгер көмүскө экономиканын көрсөткүчтөрүн алсак, Улуттук статистика комитети 2016-2017-жылдары анын ички дүң өнүмгө катышы 23-24% болгонун билдирген. 2018-жыл менен 2019-жылдын көрсөткүчү расмий чыга элек. Бирок эл аралык уюмдар азыр байкалбаган экономиканын көлөмү өсүп, 30 пайызга чейин жетип калганын эскертүүдө. Бул да артка кетүү.

Экономист Мейманбек Абдылдаев буларга токтолду:

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

- Эки жылда экономикада жылыш болгон жок. Бул тармакта реформа жасалган жок, аракети бар, бирок майнап чыкпады. Ички дүң өнүмдүн же өндүрүштүн көлөмү өсүп жатат дегени кургак эле статистика болуп жатат. Алар эл турмушуна таасир эткени, калктын жашоосу оңдолгону байкалган жок. Мунун баарына өкмөт жооптуу деп айтайын десең, анын жоопкерчилигин алган президент болуп жатпайбы. Реалдуу түрдө биз президенттик республика болуп жатпайбызбы. Менин башынан эле байкашымча, президент экономиканы түшүнбөйт экен. Деңгээлине караганда экономикадан билими начар экени ачык эле көрүнүп турат. Демек алдыңкы жылдары деле чоң өсүштү, реформаны же жетишкендиктерди күтүүнүн кажети жок.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда өткөн шайлоодо негизги атаандашы Өмүрбек Бабановду жеңип, президент болуп шайланган. Ошол эле жылы 24-ноябрда инаугурациясы өтүп, ант берген.

Коомчулукта Жээнбековду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мураскери катары баалагандар анын таасири астында каларын айтышкан. Бирок саясий келишпестиктерден улам экөөнүн мамилеси начарлап кеткен. Учурда Алмазбек Атамбаев бир топ беренелер боюнча айыпталып, камакта отурат.

Ушул жана башка окуяларда Сооронбай Жээнбековго карата “позициясын ачык айтпайт, үн чыгарбайт” деген сын пикирлер айтылып келди. Өзгөчө коррупция, алтын жана уран казуу сыяктуу окуяларда мамлекет башчы бир топ убакыттан кийин гана билдирүү жасап турду. Бул жөнүндө тарыхчы Элери Битикчинин пикирин уктук.

Элери Битикчи.
Элери Битикчи.

- Эсиңерде болсо, Алмазбек Атамбаев да шайлангандан кийин 2-3 үч жыл көп үн каткан эмес. Бул 2015-жылга чейин созулду. Ошол жылы өзүнө “кол бала парламент” алып келди да, баарын сөгүп кирди, баарына чабуул жасады. Менимче Сооронбай Жээнбеков да алгачкы эки жылын бийликти бир колго топтоо менен алектенип келди. Бул аралыкта биринчиден, Атамбаев менен күрөшүп, экинчиден, өзүнүн таасири аздыгын сезип, кайсы бир маселелерде билдирүү жасоодон карманып келди. Орой айтканда тымпыйып жүрдү. Басма сөз катчысы, же текст аркылуу гана кайсы бир маселелерге көз карашын айтып жатты. Анда да робот, компьютер же жасалма интеллект жазгандай супсак, чечкиндүү эмес позицияларды чыгарып жүрдү. Азыр бийликти бир колго алып бүтүп калды, 2020-жылы өзүнө баш ийген парламент келсе, анан акырындан үнү чыгат. Үнүнөн дагы тажайбыз го...

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, президент алты жылдык бир мөөнөткө гана шайлана алат. Азыркы өлкө башчы Жээнбековдун мөөнөтү 2023-жылы аяктайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG