Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Депутат жетекчилерди бийликти сындагандарга каршы тукурду


Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

Жогорку Кеңештин төрагасы парламентте өкмөттү коргоп чыкканы талкууланып бүтө электе депутат Тынчтыкбек Шайназаров да ушундай билдирүү менен чыкты.

Ал сот реформасы боюнча президентке айтылган сындарды «бейбаштык» деп атап, күч түзүмдөрүн жана мамлекеттик органдарды жасалып жаткан иш боюнча президентти күтүп отурбай эле ыкчам маалымат берүүгө чакырды. Парламентарийлердин бийликти коргоп жатышын талдоочулар 2020-жылдагы парламенттик шайлоо менен байланыштырышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров 10-декабрда президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышында сүйлөп жатып, президентти сындагандарга укук коргоо органдары жооп бериши керек экенин айтты.

- Кээ бир саясатчылар, эксперттер «соттук реформа ишке ашпады, максатына жетпеди» деп туруп мамлекет башчыга да баа бере турган бейбаштыкка күбө болуп жатам. Ошондуктан, урматтуу укук коргоо органдарынын жетекчилери, урматтуу мамлекеттик тийиштүү органдар, силер да «качан президент жооп берет» же «Стамалиева айым оюн билдирет» деп күтпөй, мүмкүнчүлүк бар, баарыңардын кол алдыңарда армия бар. Ошол багытта да жумуштарды алып барсаңар деп суранат элем.

Коалициялык азчылыктагы «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсүнүн бул сөзүнөн кийин социалдык тармактын колдонуучулары «депутат кайсы армия тууралуу айтып жатат? Президентти сындагандар эле бейбаш болуп калабы? Шайназаров укук коргоо органдарын чагымга түртүп жаткан жокпу?» деген суроолорду беришүүдө.

Соттук реформа боюнча кеңеште сүйлөгөн ушул сөзү боюнча Тынчтыкбек Шайназаровдун өзүнөн кайра түшүндүрмө алдык. Ал өзүнүн айтканын маалымат таратуу саясатына байлап, төмөнкүдөй тактоо киргизди:

- Менин айтканым «Стамалиева качан маалымат берет?» деп күтпөй ар бир мамлекеттик орган өз деңгээлиңерде басма сөз кызматы аркылуу маалымат берип тургула дедим. Себеби, бул адамдык гана факторго барып такалат. Тамакты бышырып оозуна салгандай эле. Болгону аны жутуп коюш керек. Ал да аракет да, - деди Шайназаров.

Өткөн аптада эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков атайын сөз алып, парламенттин борбордук трибунасынан коррупциялык көрүнүштөр туурасында коомдогу талкуулар саясий максатта көтөрүлүп жатканын белгилеп, өкмөттүн аткарган иштери тууралуу элге жетиштүү маалымат бере албай жатканын билдирген. Ал «силерде да басма сөз кызматы, телеканал бар. Маалымат жеткиргиле» деп кеңеш берген.

Спикердин билдирүүсү талкууланып бүтүп-бүтө электе депутат Шайназаровдун укук коргоо органдары президентти сындагандарга жооп бериши керектигин айтканы талкууну күчөттү.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов парламентарийлердин бийликти жактаган билдирүүлөрүн жагынуу катары баалап, 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого байланыштырды.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

- Ар бир депутат эмне тууралуу сөз сүйлөйт аны өзү чечет. Ал бирөөнү сынга алабы же мактоо болобу көбүнчө коомчулукта пикир жаратыш үчүн кылышат. Анын үстүнө парламенттик шайлоо жакындаган сайын депутаттар ушундай билдирүүлөрдү көп жасайт. Бийликти колдоп сүйлөгөнү үчүн аны «кошоматчы» деп айтышат. Ал эми эл кошоматчыны колдобойт. Депутат элге жакын, калыс адам болуш керек. Жөн эле кошоматчылык кыла бергенди эл да билип калды. Анын үстүнө бир жыл өтүп-өтпөй эле саясатта көп нерсе өзгөрүп кетет. Жакында эле жаш балдар митинг кылышпадыбы. Мына ошондон улам мен эртең башкача заман болоруна ишенип турам. Башкача айтканда, элдин саясий аң-сезими өсүп жатат. Шайлоодо негизги фактор мына ушул болот.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Адил Турдукулов парламент депутаттарынын акыркы билдирүүлөрүн кошоматчылык катары баалады:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Аткаруу бийлигин да, президентти да көзөмөлдөп Кыргызстандагы эң көйгөйлүү маселелерди көзгө сайып көрсөтө турган орган - бул Жогорку Кеңеш, депутаттар болуш керек. «Президентке жакшы көрүнөйүн» деген иштер мурунку президенттин убагында болгон, азыр да кайталанып жатат. Эң өкүнүчтүүсү депутаттар кемчиликти иштеп жаткан президенттин тушунда айта албайт. Атамбаев кеткенден кийин ага сын айткандай эле азыркы президент кеткенден кийин аны да жамандашат. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу, жогорку көзөмөлдөөчү орган катары бардык маселелерди актуалдуу учурунда айтып чыгышы керек. Депутаттардын басымдуу бөлүгү өз кызыкчылыгын гана ойлогондуктан элдин үнүн жеткире албай жатат. Бул биздин чабал системага байланыштуу.

Айрым депутаттар убагында Алмазбек Атамбаевди «журт атасы» деп атаган. Ошол кездеги башкы прокурор болсо президенттин ар-намысын коргоо иретинде бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарын, активисттерди сотко берип, миллиондогон сомдук доого жыккан. Учурда башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу жок болсо коргой албайт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков саясатчылардын акыркы билдирүүлөрү боюнча комментарий берип жатып коомдо резонанс жараткан окуялар боюнча мамлекеттик органдар маалымат берүүдө чын эле аксап жатканын билдирди.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

- Депутат биздин укук коргоо органдары «президенттен же президенттик аппараттан качан жооп болот?» деп күтүп отурганын билип туруп ушул сөздү айтты деп ойлойм. Ички иштер министрлиги (ИИМ), УКМК, прокуратура, соттор тараптан да эч кандай реакция жок. Ошондуктан ар бир жетекчи коомчулукка өз убагында маалымат берип турушу керек. Бирок парламент өкмөттү коргобой, өкмөт өзүн-өзү коргоп, жакшы иштеши керек.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 2015-жылы ишин баштаган. Парламентте жалпы 120 депутат, алты фракция бар. Алты фракциянын ичинен төртөө коалициялык көпчүлүктү түзсө, эки фракция оппозициялык блокто.

Кыргызстан парламенттик президенттик башкаруу жолун тандаган өлкө экени айтылып келет. Анткен менен серепчилер Жогорку Кеңеш талылуу маселелерде президентке карап иш кыларын айтышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG