Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Төраганын талашка түшкөн билдирүүсү


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун соңку билдирүүлөрүнүн айланасында талкуу күчөдү.

Кыргызстанда парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун соңку билдирүүлөрү коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Анын Жогорку Кеңештин жыйынында Германиядагы Майндагы Франкфурт (орусча - Франкфурт-на-Майне) шаарынын аталышын туура эмес айтканы (Франкфурт жана Маяне деп айткан - ред.), жакын тууганынын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматка жумушка дайындалышы социалдык тармактарда талкууга жем таштады.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн кылмыштуулукка жана бажыдагы аткезчиликке каршы аткарган иштерин караган эле. Жыйында Дастанбек Жумабеков атайын сөз алып, коррупциялык көрүнүштөр туурасында коомдогу талкуулар саясий максатта көтөрүлүп жатканын белгилеп, өкмөттүн аткарган иштери тууралуу элге жетиштүү маалымат бере албай жатканын билдирген:

- Аткарылган ишти элге туура жеткириш керек. Элге жетпей калып эле башка жолдор менен башка саясатчылар илип кетип, бүгүнкү күндө жалпы мамлекеттин туруктуулугун башка жакка буруп жатышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар бир тыйыны биздин көзөмөлдө. Бюджет бекитилип жатканда ар бир тыйынына чейин сурап жатабыз. Мектепке канча кетип атат, айлык кандай көтөрүлөт - баары биздин көздөн өтүп жатпайбы. Ал эми бажыга келели. 2017-жылдан бери депутаттар айтып келип, Торугартка адам контагы иштеген жабдыктар сатылып келди.

Жумабеков алдын-ала «Азаттык» радиосу, «Клооп» порталы, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» жарыялаган бергилешкен иликтөөдөгү айтылган айрым маалыматтарды четке какты. Бирок бул иликтөөдөгү айтылган маалыматтарды укук коргоо органдары эми гана текшере баштады жана анын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Муну менен катар Дастанбек Жумабеков Ички иштер министрлигинин «Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жок» деген билдирүүсү туура экенин кошумчалаган:

- Бүгүнкү күндө ички иштер министри «кылмыштуулук катталган жок, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп жатабыз» деп айтпадыбы. Мен ага кошулат элем. Эгерде болсо, ишкерлерди, инвесторлорду уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү барып, бизнесин тартып алса, салык салса же тоносо ошондой уюшкан кылмыштуулук деп айтмакпыз.

Төрага жана Ички иштер министрлиги «өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жок» деп айтып оозун жыйганча Бишкектин чок ортосунда криминалдык топтордун мүчөлөрү атыша кетишти.

Ушундан улам айрым саясатчылар спикердин билдирүүлөрү, позициясы анын коомдогу реалдуу абалдан алыс экенин көрсөтөрүн айтып чыгышты. Депутат Жанарбек Акаевдин айтымында, мындай көрүнүш бийлик төбөлдөрү үчүн мүнөздүү болуп калды.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Учурда коомдо, социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында аткезчилик, бажыдагы уурулук, уюшкан кылмыштуу топтордун күчөгөнү тууралуу кооптонгон ойлор айтылып жатат. Бирок «Ак үйгө» кирсең реалдуулук башка. Эл, маалымат каражаттарында айтылгандар менен бийликтин, анын ичинде парламенттин ажырымы абдан чоң. Мисалы, төраганын «бизде баары жакшы, ишти өкмөт эле жеткире албай жатат» дегени парламент жетекчилигинин реалдуулуктан алыс экенин көрсөтөт. Ошол эле учурда булар сын айткандарды, «бажыда акча уурдалып жатат» дегендерди «биздин ишти көрө албай жатасыңар, силер ийгиликсиз адамсыңар» дегени абдан туура эмес.

Парламенттин дагы бир депутаты Исхак Масалиев төрага акыркы жыйында бир бийлик бутагын башкарган «аксакал катары» өкмөткө кеңешин айтты деген оюн билдирди:

- Ал киши аксакал катары «ишти мындай кылбайсыңарбы» деп кеңеш катары, масилат катары айтты деп ойлойм. Анткени, ал аксакал болуп калды да. Бирок андай болбош керек. Төрага сындабаса да, калыс алып барганга аракет кылышы керек.

Ал эми юридика илимдеринин кандидаты, мамлекеттик түзүлүш боюнча адис Нурлан Исмаиловдун айтымында, Жумабеков парламент төрагасынын ордун жакшы түшүнбөй жатат:

Нурлан Исмаилов.
Нурлан Исмаилов.

- Дүйнөлүк саясатта, Кыргызстанда да парламент төрагасы абдан бейтарап фигура болушу керек. Анын бейтараптыгы парламенттеги ар кыл көз караштагы саясий топтордун, фракциялардын башын кошуп, мамлекет үчүн иштетүүдө турат. Ал аткаруу бийлигине да, кайсы бир күчкө да баа берип, жактап чыгууга моралдык укугу жок. Анын кызмат орду өлкөдө президенттен кийин экинчи орунда турат. Эгерде президент мөөнөтүнөн мурун кызматтан кетсе, Жогорку Кеңештин төрагасы анын ордун ээлеп, калыс карагандай болушу керек.

43 жаштагы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңешти 2017-жылдын сентябрынан бери жетектеп келет. Ал парламентке 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмесинен шайланган. Жумабеков өзү жетектеген парламенттин ишине жогору баа берип, калыс иш алып барып жатканын айтып келет.

Буга чейин төрага кол койгон каттагы грамматикалык каталар, эл аралык жыйында орусча сүйлөгөндөн кыйналганы талкууга түшкөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG