Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:35

Саясатчылардын арызын караган комиссия


Журналисттердин этикалык кодекси.

Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын ишине сереп.

Түзүлгөнүнө он жыл болгон комиссиянын иши быйыл жанданып, эл аралык тажрыйбага да көңүл бурула баштады. Кыргызстандык журналисттер көбүнчө кандай кемчиликтерге жол берет жана аларга кимдер нааразы? Алардын ишине баа берген комиссия өзү кандай кемчиликтерди кетирген?

Комиссияга кимдер арызданат?

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга быйыл жиберилген арыздардын ичинен өзгөчө талкуу жаратканы - Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) келген кайрылуу болду.

Арыздардын бири партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, экинчиси партиянын төрагасынын орун басары, мурдагы өкмөт башчы, камактагы Сапар Исаковдун кадыр-баркын коргоо максатында жазылган. Анда гезиттерге жана маалымат сайттарына жарыяланган макалаларда журналисттердин “бир тараптуулугуна”, “факт менен божомол” так көрсөтүлбөгөнүнө нааразылык айтылган.

Комиссия мүчөлөрү макалаларды карап, Кыргызстандык журналисттердин этикалык кодексиндеги айрым беренелер бузулганын аныкташты.

Аталган комиссияга бир жылда 10-15 даттануу түшөт. Арызданууга Кыргызстандын ар бир жараны же уюмдар акылуу. Алар гезит-журнал, ТВ, радиодогу кай бир баянга нааразы болсо, комиссияга кайрылып, журналисттин же медиа-уюмдун үстүнөн даттана алат.

Комиссия Журналисттердин этикалык кодексинин негизинде аны карап, кемчиликтерди аныкташат же журналист эч кандай эреже бузбаганын тактап беришет. Аларга жөнөкөй кишилерге караганда саясатчылар, ишкерлер жана жарандык активисттер көбүрөөк кайрылышат.

Комиссиянын катчысы, “Медианы өнүктүрүү борборунун” башчысы Нургүл Абдыкеримова негизги милдеттери тууралуу буларды айтып берди:

Нургүл Абдыкеримова.
Нургүл Абдыкеримова.

- Дүйнөдөгү өзүн өзү тескөө органдарынын негизги милдети – маалымат айдыңындагы талаш-тартыштарды карап, аны жөнгө салып, тараптарды элдештирүү. Биздин комиссия көзөмөлдөөчү орган эмес. Биз журналисттер менен маалымат каражаттарынын кардарларынын ортосундагы түшүнбөстүктү жөнгө салууга аракет кылабыз. Бизге түшкөн арыздарда көбүнчө “журналисттер бир тараптуу жана такталбаган маалыматтарды жазды” деп нааразы болушат.

Комиссиянын курамы үч-төрт жылда бир алмашат. Анын мүчөлөрү коомдук башталгычта, мындайча айтканда, ыктыярдуу түрдө, акы албай иштешет. Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт.

Алты адам журналистика чөйрөсүнөн, жетөө жарандык коомдон кошулуп, журналисттердин республикалык курултайында шайлоо аркылуу тандап алынган.

Талапкерлигин кесиптештери көрсөткөн, арасында өзүн өзү сунуш кыландар да бар. Мүчөлөр Бишкектен гана эмес, аймактардан да кошулган. Аралык эске алынып, жыйындар кээде онлайн режимде өтөт. Комиссиянын төрагасы - юрист Шамарал Майчиев.

Жарандык активист Динара Ошурахунова буга чейин аталган комиссияга бир-эки жолу арызданып, этикалык нормалар сакталбаган макалалар тууралуу даттанган. 2018-жылдын май айынан тартып өзү да мүчө болуп кирди.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- Комиссия – сот эмес, эркин орган, - дейт ал. - Журналисттердин куугунтукка кабылбай, эркин иштешине шарт түзгөнгө аракет кылабыз. Арыздарды карап, чатакты чечип, журналисттердин кесиптик этикасын жогорулатууга түрткү беребиз. Ошол эле кезде окурмандар, көрөрмандар жана угармандар сапаттуу журналистикага ээ болушуна кам көрөбүз.

Комиссия эмнеге көңүл бурушу керек?

Бул сыяктуу комиссия өнүккөн мамлекеттердин дээрлик баарында иштейт. Айрымдарынын жүз жылга жакын тарыхы бар. Алардын чечими сунуш катары эсептелет, юридикалык күчү жок. Жарандык активист Адил Турдукулов Кыргызстан үчүн бул орган аябай керек экенин белгилеп, ошол эле маалда анын айрым кемчиликтерин айтып берди:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бул комиссияга мен эки жолу кайрылгам. Мени канааттандырган чечим чыгарып берген. Комиссиянын курамында бийликчил журналисттер да болчу, бирок алар даттанууну калыс карап беришкен. Бирок ал чечимдерди коомчулукка жеткирүү жагы чабал. Комиссия тууралуу эл көп биле бербейт. Комиссиянын ишин, чечимдерди жайылтуу механизмин жакшылап жолго коюуга мезгил жетти.

Адил Турдукулов комиссиянын курамында кыргыз тилин мыкты билген, тексттин маңызын терең түшүнгөн кыргыз тилдүү адистер да көбүрөөк болушу керек экенин кошумчалады. Быйылкы жаңы курамда ушул маселеге көңүл бурулган.

Кыргызстандын журналисттеринин 23 беренеден турган этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. Комиссия ошондон бери иштейт.

Эксперттер Кыргызстанда айрыкча, гезиттерде жана айрым сайттарда такталбаган, ушак өңдүү макала-баяндар жарыяланат деп сындап келет.

Ошол эле учурда Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында сөз эркиндиги алда канча алдыңкы орундагы өлкө катары да белгилүү. Алмазбек Атамбаев президент болгон жылдардын аягында бийлик өкүлдөрү журналисттерди сотко берген учурлар көбөйгөн.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун быйылкы баяндамасында Кыргызстан сөз эркиндигинин абалы боюнча артка кеткени айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG