Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:41

Чектелген Интернет, жасалма онлайн-талкуу...


Студент Бразилиядагы жыйында отурат. 21-июнь, 2018-жыл. Сан-Паулу шаары.
Студент Бразилиядагы жыйында отурат. 21-июнь, 2018-жыл. Сан-Паулу шаары.

"Freedom House" эл аралык укук коргоо уюму Интернеттеги эркиндик деңгээлин аныктаган жылдык баяндамасын жарыялады. Андагы рейтингде Кыргызстан 65 мамлекеттин арасынан 38-орунду ээлеп, «Интернети жарым-жартылай эркин» мамлекеттердин катарына кирди.

«Freedom House» уюму 1-ноябрда жарыялаган баяндамасында (Freedom on the Net-2018) Казакстанды «социалдык тармактарга жана коммуникациялык платформаларга тез-тез бөгөт коюлган» мамлекеттердин катарына кошкон. 65 мамлекеттин арасынан Казакстан 46-орунда турат.

Баяндама жарыяланардан бир нече күн мурда казак бийлиги төрт мамлекеттик мекемеге өзгөчө кырдаалдарда Интернетке жана байланыш каражаттарына бөгөт коюуга уруксат берген. 28-октябрда кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча комитет, Башкы прокуратура, Ички иштер жана Коргоо министрликтери социалдык, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда Интернетти жана байланыш каражаттарын чектөө укугуна ээ болушту.

«Freedom House» уюмунун баяндамасына ылайык, Казакстанда бийликтин троллдору Интернетте ар кандай жасалма онлайн-талкууларды уюштуруп турат. Документте белгиленгендей, мындай троллдор Азербайжанда, Кытайда, Беларуста, Орусияда, Кыргызстанда, Өзбекстанда, Иранда, Түркияда жана Украинада бар.

Эл аралык уюм Казакстанда бийликти сынга алган саясий, социалдык жана диний контентке бөгөт коюлуп, андай материалдар техникалык чабуулдарга туш болорун баса белгилеген.

Жаңы баяндамада Казакстан, Азербайжан, Беларус, Иран, Түркия, Орусия жана Кытай Интернет колдонуучуларды саясий жана социалдык посттору үчүн куугунтуктап, жоопкерчиликке тарткан мамлекеттердин тизмесине кошулган.

«Freedom House» Интернеттеги эркиндик сегиз жылдан бери азайып баратканын жазды. Уюмдун баяндамасына караганда көп мамлекеттер «жалган маалыматтарга каршы күрөш» деген шылтоо менен сайттардын ишине тоскоолдук жаратып келет.

Уюм «Ratel.kz» жана «Forbes.kz» деген казак басылмаларын мисал келтирген. Аталган онлайн-журналдардын кабарчылары "атайлап жалган маалымат таркаткан" деп айыпталып жатышат. Аларга каршы доо арыз менен мурдагы финансы министри, ишкер Зейнолла Какимжанов сотко кайрылган. Сот анын арызын канааттандырып, «Ratel.kz» сайтын жабуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Эл аралык уюмдун маалыматына караганда, Казакстанда Интернет колдонуучулардын саны 13,8 миллионго жетет.

Интернет-кафенин кардары. Алматы шаары.
Интернет-кафенин кардары. Алматы шаары.

Кытай акыркы орунда

«Freedom House» уюмунун рейтингинде эң акыркы орунда Кытай турат. Укук коргоо уюму бул мамлекетте Интернетти көзөмөлдөө жыл өткөн сайын күчөп баратканын белгилеген.

Кытай - Интернеттеги эркиндикти чектеген мамлекет. Киберкоопсуздук боюнча мыйзам өлкө аймагындагы Интернетти толугу менен көзөмөлдөгөнгө шарт түзөт.

Жаңы мыйзамга ылайык, Кытайда иш алып барган бардык уюк операторлору жана социалдык тармактар колдонуучуларды өз аты-жөнү жана алар тууралуу толук маалымат менен гана каттоого милдеттүү.

Кытай «Apple» компаниясынан анын «AppStore» интернет-дүкөнүндөгү жүздөгөн тиркемелерди өчүрүүнү талап кылган. Ал эми Шинжаңда бийлик коопсуздук талаптарын негиз кылып адамдын жүзүнөн тааный турган системаны колдоно баштады. Бул маалыматтар колго тийген соң Шинжаңда көп адамдар кармалып, кайра тарбиялоочу лагерге кирип чыккан. Уюм белгилегендей, Кытайдагы “WeChat” социалдык тармагынын колдонуучулары чет жакка чыкканда да көзөмөлдө экенине нааразылыгын билдиришкен.

Кытайдын бийлиги «Delta», «United» жана «American Airlines» компанияларынан Тайванды карталарында өз алдынча мамлекет эмес, Кытайдын бир бөлүгү катары көрсөтүүнү талап кылган. Ал эми «Marriott» мейманканасынын сайты Тайванды, Гонконгду, Макаону жана Тибетти өз алдынча мамлекеттер катары көрсөткөнү үчүн Кытайдын аймагында блоктолгон.

«Freedom House» уюмунун эсебинде “Социалдык насыя системасы” деп аталган система адамдардын жүрүм-турумун онлайн да, оффлайн да көзөмөлдөп, Кытай жарандарынын эркиндигин чектеп турат. Система жарандарды ар кандай параметрлер боюнча баалайт. Төмөнкү рейтингдегилер "кара тизмеге" кирип калышат. Аларга банктан насыя алууга тыюу салынат жана социалдык камсыздоодон ажыратылат.

“Жергиликтүү укук коргоочулар белгилегендей, "кара тизмеге" кирип калгандар учакка жана поездге билет сатып ала алышпайт. Кытай азыр бул системаны бизнес компанияларга да киргизүүнү караштырып жатат. Бул Кытай мыйзамдарын адам укуктарын бузуу катары кабыл алган чет өлкөлүк компаниялардын ишине жолтоо болушу мүмкүн" деп жазылат эл аралык уюмдун иликтөөсүндө.

Уюмдун маалыматына ылайык, Кытайдын бийлиги акыркы убакта маалыматты жана кибераймакты башкаруу боюнча эл аралык семинарларды көп өткөрүп келет. Кытайдын семинарларына баш-аягы 36 мамлекет катышкан.

«Freedom House» уюмунун баяндамасында Эстония, Грузия жана Армения “Интернети эркин” мамлекеттердин катарына кирген. Орусия менен Өзбекстан Казакстандай эле Интернети эркин эмес өлкөлөрдүн тобунда турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG