Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Кыргызстан ачык өкмөткө бет алды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Абылгазиев жакынкы айларда коомчулук ачык өкмөттү ишке ашыруунун жыйынтыктарын көрө баштайт деп убада берди.

Өкмөт учурда Кыргызстан аймакта биринчи болуп Open Government Partnership уюмуна өнөктөш болгонуна сыймыктанып турат. Уюмдун максаты - өкмөттү ачык, таза иштөөгө түртүү жана жарандык коомду коррупцияга каршы күрөшкө тартуу.

Ачык өкмөт - өлкөдөгү маанилүү маалыматтардын, укуктук-ченемдик актылардын, бюджеттин ачыктыгын түшүндүрөт.

Ага ылайык, өлкөгө келген насыялар жана гранттар, шайлоого кеткен чыгымдар, жада калса мурда жашыруун болуп келген архивдик материалдар ж.б. ар бир кызыккан адам үчүн ачык болууга тийиш.

Open Government Partnership долбоорунун катышуучулары.
Open Government Partnership долбоорунун катышуучулары.

2017-жылы Индонезияда Тынч океан аймагындагы азиялык лидерлердин форуму өткөн. Анда Кыргызстан OGP мүчөсү катары расмий тааныштырылган. Жыйынга мурдагы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова катышкан.

“Кыргызстан OGP менен өнөктөш болгондон тарта үч багытта иштейт. Тагыраагы, мамлекеттик кызмат жеткиликтүү, мамлекеттик сатып алуулар жана маалыматтар ачык болот”, - деп айткан эле вице-премьер-министр.

Ачык өкмөт түзүүдөгү конкреттүү ишти белгилөө үчүн өкмөт 2018-2020-жылдарга атайын план түзгөн. “Дүкөндөгү витринага окшош” деп социалдык тармакта сынга кабылган инсталляцияны да дал ушул пландын презентациясы учурунда көргөзүштү.

Салтанатта сөз сүйлөгөн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анда бийликтин бардык бутагына коомдук көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

Бул долбоор эмне үчүн маанилүү?

Орто Азия боюнча Кыргызстанда жарандык коом күчтүү. Эгемендик жылдары эки революцияны баштан кечирди. Бул процесс элдин бийликке болгон көзөмөлүн күчөттү. Анткен менен дүйнөлүк масштабдан алып караганда, кыргыз өкмөтүнүн ачыктыгы Африканын жакыр өлкөлөрү менен бирдей деңгээлде.

​Америкалык World Justice Project долбоору 2015-жылы 102 мамлекеттин өкмөтүнүн ачыктыгын баалаган.

Аналитиктер төрт критерийдин негизинде: мыйзамдарды жана маалыматтарды жарыялоо, маалымат алууга болгон укук, жарандык коомдун көзөмөлү жана жарандардын арыз-дооматына көңүл буруу боюнча рейтингин жарыялаган.

Кыргызстан анда 64-орунду ээлеп, тизмеде Танзания, Гондурас, Орусия жана Таиланд менен бир катарда турган.

Авторлордун пикиринде, Кыргызстанда арыздар менен иштөө механизмдери өнүгө элек. Бул жаатта 80-орунду ээлесе, маалымат алуу укугу боюнча алдыга жылып, 43-орунга чыккан.

Ошол эле маалда 2018-жылы “Чек арасыз репортерлор” укук коргоо уюмунун сөз эркиндигин баалаган рейтингинде Кыргызстан 98-орундан 180-орунга түшүп калган. Республика 29 гана балл алып, Орусия, Парагвай, Мексика, Лаос, Гондурас жана Доминикан Республикасынын катарына кошулган.

Кыргыз бийлиги учурда ачык өкмөт паракорчулукка каршы күрөштө жарандык коомдун жардамын күчөтөт деп үмүт артып турат.

ЖМКнын эркиндиги боюнча 2018-жылдагы рейтинг.
ЖМКнын эркиндиги боюнча 2018-жылдагы рейтинг.

- Бийлик элдин үнүн угуп, ачуу чындыкты моюнга алышы керек. Жемкорлук менен күрөш жалпы элдик маанайда жүрүшү керек, - деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев долбоордун бет ачарында сүйлөп жатып.

Ачык өкмөттүн натыйжасында жарандар мамлекеттик башкарууга активдүү катышуусу зарыл. Бул элдин бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө тийиш.

- Монголия менен Бразилияда жарандардын бюджетти кабыл алууга катышканы чыгымдарды кыйла азайтты. Келгиле, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонолу. Интернет рекламаны фейк кабарлар менен күрөшүүгө колдонсо болот. Бизге билим берүү, саламаттык сактоо жана суу менен камсыз кылуу тармагында ачыктыкка жетишүү кажет. Өкмөт жарандар менен түз жана ачык сүйлөшүүгө өтүшү керек, - деп айткан “Ачык өкмөттүн” Тбилисиде өткөн саммитинде OGPдин башкы деректири Санджай Прадхан.

Ошол эле маалда уюмда өкмөттүн жетишкендигин баалаган көрсөткүчтөр жок. Бирок OGPге мүчө болгон өлкөлөр пландын ишке ашуусуна жоопкерчилик алат. Ал аткарылбаса, уюм катышуучуну катардан чыгарат.

- Андыктан моюнга алган жоопкерчиликти аткаруу керек. Процесс парламенттин көзөмөлүндө болот. Биз баарыбыз коомго пайдалуу ишти жүзөгө ашыруу үчүн аракет кылышыбыз зарыл. Ачык өкмөт жемкорлорго гана зыяндуу, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Абдывабап Нурбаев "Азаттык" радиосуна.

Өкмөттү ачык болууга үндөгөн инсталляция
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:00 0:00

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG