Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:17

Абылгазиевдин алгачкы жүз күнү


Өкмөт башчынын Баткендеги жолугушууларынын бири.
Өкмөт башчынын Баткендеги жолугушууларынын бири.

28-июлда Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн кызматка киришкенине 100 күн болду. Коомчулукта азырынча анын ишин мактагандарга караганда сындагандар көбүрөөк.

Коомдук-саясий чөйрөдө "экономикалык ири реформаларга бет алган демилгелер байкалбай жатат" дегендер да, өкмөт башчынын дараметин үч айлык иши аркылуу аныктоону туура эмес көргөндөр да бар. Айрымдар Абылгазиевдин эмгегин элге маалымдап, рейтингин көтөрүүдө анын командасы чабалдык кылып жатат деп эсептейт.

"Иши коомго жеткен жок"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматка 20-апрелде киришкен. Эксперттик чөйрөдө ал мурдагы өкмөттөр түзүп кеткен “жумуш машинасынын” ыргагында бараткан, “унчукпас” өкмөт башчы катары бааланууда. Мисалы, саясат талдоочу Медет Төлөгөнов Абылгазиевдин жүз күндүк ишин таразалап, ийгилигине караганда кемчилигин көбүрөөк байкаган:

Медет Төлөгөнов.
Медет Төлөгөнов.

- Негизги көйгөйдүн бири – ал киши анык бир программаны сунуш кыла алган жок. Жаңы өкмөт мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун “мурасын” кабыл алуу же четке кагуу маселесинде эки анжы абалда турду. Бул жерде саясий себеп да бар. Эски жана жаңы бийликтин ортосундагы күрөш да роль ойноду. Коомчулук өкмөттөн жаратмандык күтүп турат. Бирок үч ай ичинде ал байкалган жок. Эл өкмөт пландап жаткан, жасаган олуттуу кадамдар тууралуу билүүгө кызыгат.

Медет Төлөгөнов өкмөт өзү аткарган жумушту коомчулукка жеткирүүдө чабалдык кылып жатканын белгиледи. Ал өкмөттүн басма сөз кызматы расмий маалыматтарды таратуу менен гана чектелип, ал адамды кызыктырган ыкмада болбой жатканын кемчилик катары сыпаттады.

Экономика жаатында кадамдар байкалбайт

Абылгазиев өткөрүп жаткан жыйындардын бири.
Абылгазиев өткөрүп жаткан жыйындардын бири.

Ал эми экономика илимдеринин кандидаты, доцент Эркин Абдразаков өкмөттүн натыйжалуу иши катары таза суу маселесин чечүү жаатында жүрүп жаткан аракеттерди атап өттү. Бирок ал Абылгазиевди өз алдынча чечим кабыл ала албаган аткаминер катары баалап, анын тушунда өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнө таасир этчү аракет жок болуп жатканын айтты:

- Абылгазиевдин тушунда кадр алмаштыруу иштери кызуу жүрдү. Бирок эл анчалык жактырбаган кадрларды бир жерден алып, экинчи жерге койду. Коомчулукту нааразы кылган дайындоолор боюнча же чуулгандуу окуяларга премьер-министр реакция кылып, “үнүн чыгарып” койгонго жараган жок. Орун алмашуу элдин күткөнүндөй болгон жок, бул бала премьер-министрге рейтинг алып келбейт. Орусияга барып, Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынынакатышып келди. Ал жерден Кыргызстандын атынан кандайдыр демилге көтөргөнүн, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн сунушун укпадык

Экономист Абдыразаков Казакстан жана Өзбекстан менен чек аралардан товар ташуу Кыргызстанга эмес, коңшу өлкөлөргө пайдалуу болуп жатканын айтып, "муну өкмөт көз жаздымда калтырды" деп сындады. Экономисттин божомолунда мындай мамиле күздө бюджетти санаганда күн тартибине чыгышы мүмкүн.

Абылгазиев баштаган өкмөттүн жүз күндүк иши жемкорлук кылмыштарынан өндүрүлгөн каражаттарды топтоочу атайын эсеп ачуу, чет өлкөдөн ташылган чөнтөк телефондорду каттатуу, таза сууну пайдалануу акыларына 100 сомдон төлөм киргизүү сыңары демилгелери менен да эсте калчудай. Муну сындагандар азыркы өкмөттү стратегиялык өнүгүүнү мелжебей, майда-барат менен алек болгон өкмөт катары баалап жатышат.

Команданы жаңыртуу жөнүндө сунуш

Анткен менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишмердигин оң баалагандар бул өкмөт мурдагылардын каталарын түздөө менен көбүрөөк алек болуп калганын белгилеп, чон ишеним артып турушат. Алардын бири мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун мындай деди:

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

- Ошол эле Жылуулук электр борбору, Кумтөр, альтернативалуу жол маселелери сыяктуу мурдагы өкмөттөр жасай албай кеткен чала иштер азыркы өкмөттүн мойнуна илинди. Анын баарын 100 күн ичинде чечип салуу оор. Бирок премьердин командасындагылардын баарын мактай албайбыз. Премьер күчтүү адистерди жумушка тартышы керек. Ал киши менен чогуу иштеп жүргөндөрдүн арасында чечкиндүүлөрү аз.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын командасы мурдагы өкмөттүн тушунда башталган “Акылдуу шаар”, “Таза коом” долбоорлорун, Мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасы боюнча иштерди улантып жатканын айтып келет.

Алгачкы жүз күндө өкмөт башчы Түркияга, Тажикстанга, Грузияга жана Орусияга иш сапары менен барып келди. Кыргызстандан ичинде Талас облусунан тышкары, бардык аймактарда болду.

Эл премьер тууралуу эмне билет?

"Азаттык" аймактарда жашаган айрым адамдарга микрофон сунуп, өкмөттүн жетекчиси тууралуу пикирлерин укту. Төмөндө Баткен жана Талас облустарынын тургундарынын ойлору:

Асеин Азамат уулу:

- Белгилүү бир программанын үстүндө иштеп жатканын байкай элекмин. Мурдагы өкмөттүн ишин улантып атат.

Ырысбек Мазасит уулу:

- Абылгазиев бул кызматка жаңы эле келди. Мен жасаган иштерине ыраазы элемин. Мисалы, биздин Баткенде жолдор оңдоло баштады, тротуар да салып атышат. Суу жетпеген жерлерге суу алып барышат деп уктум.

Дамира Арыкова:

- Аты Абылгазы, бирок фамилиясын унутуп койдум. Иши азырынча мактоого арзыбайт.

Анарбек Оңолбаев:

- "Жүз күн ичинде мындай иштерди жасашы керек" деп милдет коё албайбыз. Азыркы жумушуна орто баа берсе болот.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин ишмердиги өкмөттүн сайтында жана “Инстаграмда” такай чагылдырылып келатат. Аталган социалдык желеде 2-майдан бери сүрөттөр жана видеолор жарыяланат. Ал жерде премьердин алты миңден ашуун окурманы бар. Өкмөттүн басма сөз кызматы @m.abylgaziev_official баракчасы расмий аккаунт экенин “Азаттыкка” билдирди. Бирок “Инстаграм” компаниясы азырынча расмий макам ыйгара элек.

Баракчага жарыяланган сүрөттөр менен видеолордун арасында өкмөт башчынын карапайым калк менен баарлашкан учурлары дээрлик жок. Негизинен расмий жолугушуулар жана иш сапарлары тууралуу баяндалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG