Өкмөттү ачык болууга үндөгөн инсталляция
23-октябрда өкмөт үйүндө “ачык өкмөт” деп аталган инсталляция орнотулду. Сорос фондунун каржылоосу менен 194 000 сомго жасалган инсталляция өкмөттүн ачык иштөөгө болгон аракетин түшүндүрөт. Кыргызстан “Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership") уюмуна былтыр ноябрь айында кошулган. Анын алкагында "Ачык маалыматтар" саясаты иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуу, инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча убадалар берилген. "Ачык өкмөт" ("Open Government Partnership", OGP) - 2011-жылы негизделген эл аралык уюм. Ал мамлекеттик башкарууда ачык-айкындыкты, жарандык көзөмөлдү талап кылат. Ал арада бул инсталляция социалдык тармактарда талкуу жаратты. Айрымдар аны дүкөндүн кооздолгон витринасына окшоштурушту.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 06, 2026“Үч кыргыз жараны жараат алып, ооруканага түшкөн”
-
Октябрь 02, 2026Иликтөө: Өкмөт бекер баскан китептер кантип базарга түшкөн?
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"