Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Жемкорлук уялаган жерде өрт күчөйт


Бишкек
Бишкек

Улуттук филармония, ири базарлар, "Арзу" рестораны, "Супара" этнокомлекси ж.б. коомдук эс алуучу жана соода жайларынын өрттөнүп кетишине эмне түрткү болду? Эл көп жүргөн жерлерде тилсиз жоонун алдын алууга болобу?

"Арай көз чарай" талкуусуна жарандык активист Калича Умуралиева жана Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын региондор аралык башкармалыгынын өрт көзөмөлү боюнча башкы инспектору Бейшен Акматалиев катышты.

"Азаттык": Бейшен мырза​, өрт көзөмөлү боюнча мамлекеттик текшерүү иштери баш калаада жетишсиз болуп жатат деген сындар көп айтылууда. Чындап эле айрым алешемдиктерге көз жуумп жатасыздарбы?

Бейшен Акматалиев: Көзөмөл начар же жетишсиз дегенге мен кошулбайм. Себеби, быйылкы жылдын сегиз айынан бери аймактар аралык Экологиялык техникалык инспекциянын кызматкерлери 521 объектти толук текшерүүдөн өткөрдү. ​

Бейшен Акматалиев
Бейшен Акматалиев

​Алардын ичинен пландык текшерүү 336, пландан тышкары текшерүү 51, көзөмөл максатында текшерүү 331, башка бөлүмдөр менен чогуу 466 жайды карадык.

Ошондо баарын кошкондо 1300дөй жай толук каралып бүттү. Өрт коопсуздугун одоно бузган ишкердик жана мамлекеттик жайлардын жетекчилерине айып пул салынды.

89 токтом түзүлүп, жалпы суммасы 1 миллион 821 миң сомдук айыпка жыгылышты. Бүгүнкү күндө 1 миллион 660 миң сом өндүрүлдү.

Биз негизи арыз келип түшсө, Экономика министрлигинен ошол кооптуу имаратты текшерүүгө уруксат алабыз. Министрлик макулдугун бергенден кийин үч күндүн ичинде текшерүү ишин жүргүзөбүз.

2001-жылы кабыл алынган ишкерлик жайларды текшерүү боюнча мыйзамдын негизинде алгач он күн мурда ишкерге кабарлап, анан барабыз.

"Азаттык": Калича айым, бир топ жарандык активисттер социалдык тармактарга коомдук жайлардагы өрттүн артында бизнеске бут тосуулар турат деген пикирлерди жазды. Эмнеден улам мындай ой жаралды?

Калича Умуралиева
Калича Умуралиева

Калича Умуралиева: Ири соода жайларынын өрттөнүшүнө алардын ээлеринин ич ара талашы себеп болушу мүмкүн. Бийликте да менчикти бөлүштүрүү болуп жаткандай. Биз мунун баарын угуп-билип турабыз.

Маселен, бир ишкердин байлыгын тартып алуунун эң оңой жолу өрт да. "Иштетпейбиз, менчигиңди бизге өткөрүп бер" дегендей коркутуулар болуп жатат деп ойлойм.

Эми өрттөнгөн менчик жайлардын ээлеринин реакциясын байкап турушубуз керек. Баары ошого жараша ачыкка чыгат.

Өрттүн себебин эки тараптуу караса болот, биринчиси - менчикти талашкандардын кара ниеттиги, экинчиси - Мамлекеттик экотехинспекциянын көзөмөлү толук кандуу жүрбөй жатканы. Баланча сандагы көзөмөл болду, түкүнчө айып пул салынды деп айтып кетпедиби. Бирок ошол көзөмөлдүн жыйынтыгы оң натыйжа бердиби? Өрт токтобой эле улам бир жерден чыгып жатпайбы.

​Өрт коопсуздугу катуу көзөмөлгө алынышы керек эле. Мен "Супара" этнокомплекси күйгөндө аябай таң калдым. Ал жерде электр зымынан учкун чыкса, кичине эле жер өрттөнмөк. Боз үйлөрдүн жарымын жалын каптап жатпайбы. Ушунун баары изилденбей эле калды да.

Бейшен мырза "текшерүү жүргүзөрдөн мурда Экономика министрлигинен уруксат алышыбыз керек" деп айтып жатат. Бул эми акылга сыйбаган иш. Экотехинспекция деген эч кайсы органга баш ийбей текшере турган орган болушу керек да. Экономика министрлигинен эмнеге уруксат сурашат?

Маселен, мен жаран катары эле буларга арыз менен кайрылып, "мобул жерде мыйзамсыз курулуш жүрүп жатат, өрт коопсуздугу сакталган жок" десем булар өздөрү келип эле текшерип, керектүү чечимди кабыл алса болбойбу?

Албетте, бул жерде баягы эле коррупциялык схемалар күнөөлүү. Экономика министрлигинин функциясы эмне? Көзөмөл органына тыюу салганга анын кандай акысы бар? Курулуш тармагындагы ири коррупциялык схемаларда дал ушул Экономика министрлиги менен Экотехинспекциянын чоң үлүшү бар. Мисалы, азыр курулуш регламенти боюнча тогуз кабаттан бийик үйлөрдө өрт чыкса, адамдар дем алып, сыртка аман-эсен чыга турган кошумча тепчкичтер курулушу керек.

Үйдүн ичиндеги жөнөкөй тепкич өрт чыккан маалда коопсуз болбой калат. Ал жактан адамдар түтүнгө ууланып калышы мүмкүн. Азыр шаарда салынып жаткан бийик үйлөрдө бул нерсе таптакыр жок.

"Азаттык": Бейшен мырза, азыр жеке менчик секторлор тууралуу сөз болуп жатат. Бирок өрт мамлекеттик имараттарды деле каптап жатпайбы. Жакында эле Улуттук филармонияда өрт чыкты. Коомчулук өрттүн себебин билбей калып жатат. Эмнеге маалыматты ачык жарыялабай жатасыздар?

Бейшен Акматалиев: Улуттук филармониядагы өрттүн себеби азырынча тактала элек. Тергөө бүткөндөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалымат берсе керек. Кырсыктын алдын алуу үчүн бизде сөзсүз иш планы түзүлүп, ар бир жарым жыл сайын менчик жана мамлекеттик жайларды текшерип, эскертүү берип турабыз.

Биз азыр Бишкек шаарындагы мектептерди жана бала бакчаларды толук текшерүүдөн өткөрдүк. Борбордо азыр 100 мектеп, 78 бала бакча бар. Коомдук жайлардын чатырларына өрткө каршы атайын суюктук сээп чыгыш керек. Бирок каражаттын жоктугунан себилбей, өрт коопсуздугу сакталбай жатат. 25-июндан баштап биз Саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорукана, эмкана, бейтапканаларды текшерип жатабыз.

"Азаттык": Калича айым, мамлекеттик жайларда өрт коопсуздугун толук кандуу сактоого акча жетишпейт. Ал эми менчик ээлери өрт коопсуздугун сактоодо акчасы чөнтөгүндө туруп эмнеге жетиштүү иш-аракеттерди аткарбай жатат деп ойлойсуз?

Калича Умуралиева: Менчик ээлери чындыгында жоопкерчиликти билбейт. Алар "меники өрттөнбөйт" деп эрдемсине беришет. Инспектор келип өрт өчүргүч баллонду коюшу керектигин эскертсе, "ии, ооба" дегени менен талапты аткарбайт. Маселен, "Арзу" ресторанын алалы, төрт тарабында тең жол жок. Өрт өчүрүүчүлөр кире албайт ал жакка. Ушул нерсени ким көзөмөлдөйт? Албетте, ишкерлер инспекторлор менен сүйлөшүп алат.

Чөнтөгүнө тыйын салып "анча-мынча кемчиликке көзүңдү жуумп кой" дешет, ошону менен коопсуздук маселеси унутта калат.

Экинчиден, азыр шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына ар түрдүү эс алуучу жайларды куруп жатышат. Алардын баары тамак-ашын газга бышырат. Маселен, Биринчи Май районуна караштуу көп кабаттуу үйдүн астына кытай ашканасын салып коюшкан. Ал жерде эч кандай коопсуздук эрежеси сакталган эмес. Ушунун баарына коррупция жол берип жатпайбы...

Бишкекти каптаган өрт коррупциянын жемиши
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:09 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG