Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Таластагы он күндүк өрт өкмөттү сынады


Алмалуу коругундагы өрт. 7-август, 2018-жыл.
Алмалуу коругундагы өрт. 7-август, 2018-жыл.

Таластын Алмалуу коругундагы он күнгө созулган өрт өлкөнүн өзгөчө кырдаалга каршы туруу даярдыгын көргөзгөндөй болду.

28-июлда тутанган жалынды шейшемби күнү түшкөн кийин жааган жамгыр өчүргөндөй болду. Учурда өрттүн кайра тутануу коркунучу бар экенин «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Таластын Казакстан менен чектеш Манас районуна караштуу Жайылган айылындагы «Алмалуу тоо» деп аталган коруктагы өрт 28-июлда түштөн кийин тутанган. Он күн бою басылбаган өрт аймактагы миң гектардан ашуун жердин арча-кайың, чөп-чарын жалмап кетти.

Алмалуу коругу, Талас. 7-август, 2018-жыл.
Алмалуу коругу, Талас. 7-август, 2018-жыл.

Манас районунун тургуну Майрамкан Салмоорбекова өрттү убагында токтото албаган бийликти сындап, өзгөчө кырдаалдар тармагына олуттуу өзгөртүүлөр керек деген оюн ортого салды:

- Бийликтегилер өчүргөнгө аракет кылып жатты. Суу ташып, техника колдонушту. Бирок ушул жерде маселе бар экени билинди. Себеби, машине же адам жетишпей жатты. Казактар болсо ыкчам иш кылышты. Вертолету жүрдү. Дагы Кудайга шүгүр, жамгыр жаап калып, өрт басылды.

Өрт чалган жер болжол менен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Аны өчүрүүгө Талас облусунун төрт районунун өрткө каршы кызматтары жана жергиликтүү тургундар да кошулган.

Өрт буга чейин үч сыйра өчүрүлгөнүнө карабай, улам-улам кайра тутана берген. ӨКМ билдиргендей, кырдаал аба ырайына көз каранды болуп турат. Эгер күн ысык болсо өрт тутанышы толук мүмкүн.

Ушундан улам Чүй жана Жалал-Абад облусунан да өрт өчүрүүчүлөр тартылып, бүгүнкү күндө 500гө чукул адам өрткө каршы туруп жатат.

Алардын 200гө жакыны аймакты түнкүсүн кайтарып жатат. Кара-Балтадан келген өрт өчүрүүчү Ишеналы Калмырзаев Алмалуудагы өрттү өчүрүүдөгү кыйынчылыктарга токтолду:

- Өрт тоодо болгондон кийин суу маселеси кыйнайт. Машине менен ташып келип өчүрүп жаттык. Жол болсо татаал экен. Эки машине менен алып келген суу түтпөй жатты. Бир күндө түшкө чейин бир жолу, түштөн кийин бир жолу жалпысынан сегиз тонна ташып келип жаттык. Машине сууга бир кеткенде үч-төрт саат жол жүрүп, анан жогоруга келип жатат.

Маалым болгондой, өрт чалган жердин көбү жайыт, 20 гектарга жакыны токой чарбасына таандык. Аймакка 1-августтан тарта чукул кырдаал режими киргизилген.

Өрттүн тутанышына казак тараптан соккон шамал себеп болуп жатканы айтылууда. Бирок кырсыктын себеби азырынча анык эмес. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Таластагы өрт акыркы жылдары катталган эң ири кырсык экенин белгилеп, аны жоюу ишиндеги кемчиликтерди моюнга алды:

Нурболот Мирзахмедов.
Нурболот Мирзахмедов.

- Бүгүнкү күндө тоолуу аймакка чыга турган машинелерибиз жок. Тик учак да жок. Мындай өрттү Кыргызстан боюнча кол менен гана өчүрүп келатабыз. Бул жыл ичиндеги эң чоң аймакка жайылган өрт болуп калды. Чыгымды эсептеп чыгып, арча-кайыңды толуктоо иштерин токой чарбасы жүргүзөт. Казакстандын өрт өчүрүүчүлөрү 6-августтан баштап өз аймагында тик учак менен иштеп жатат. Буга чейин эч кандай иш жүргүзүшкөн эмес. Өрттүн себеби азырынча белгисиз.

Министрдин маалыматына ылайык, быйыл өлкөдө 2 миңден ашуун өрт катталган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тик учак жок болгондуктан, катуу өрттү өчүрүү кыйынчылык жаратып келет.

Өткөн жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы күрөш агенттигине тик учак жана башка керектүү жабдууларды алууга аракет көрүлүп, Кытайдан техника сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы буга чейин кабарланган. Бирок анын жыйынтыгы ушул күнгө чейин белгисиз.

2016-жылы 13-августта Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүү кыйынчылык жараткан. Өрт бийик тоодо болгондуктан, ага адам жетпей, 120 гектардан ашык кургак чөп жана бадалдар күйүп кеткен. Натыйжада Казакстандан МИ-26 тик учагы жардамга чакырылып, бир чети жаан жаап, тогуз күндөн кийин гана өчүрүлгөн.

2014-жылы жайында Жумгал районундагы Каныш капчыгайында өрт чыгып, бир нече күн бою жалбырттап турган. Аны өчүрүүгө чыккан Чаек айылынын эки тургуну каза болгон.

Алмалуу коругундагы өрт. 6-август, 2018-жыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG