Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

ӨКМ тик учак сатып алуу демилгесин түшүндүрдү


2015-жылдын августунда Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө Казакстандан тик учак чакырылган.
2015-жылдын августунда Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүүгө Казакстандан тик учак чакырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өкмөткө тик учак сатып алуу боюнча комиссия түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу 24-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, ар кандай чукул кырдаалдарда колдонуш үчүн министрликке тик учак зарыл:

- Бизге оор шарттарда жана бийиктикте уча ала турган тик учактар керек. Биз беш типтеги тик учакты карап чыктык, арасында техникалык жактан карап, оңдоп-түзөп туруучу борборлор бизге жакын өлкөлөрдө жайгашкандары да бар.

Статс-катчынын айтуусунда, ӨКМ адистери карап чыккан тик учактардын ичинен "Еврокоптер" тик учагы 5,6 млн. доллар, "Ансат" тик учагы — 5,8 млн. доллар, Ка-226 — 7,2 млн. доллар турат. Азамат Мамбетовдун сөзүнө караганда эми министрликтин сунушу боюнча өкмөт атайын комиссия түзсө, комиссия да тик учактардын баасын, мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгат.

Статс-катчы азырынча тик учак сатып алууга акча бөлүү маселеси чечиле электигин айтып, бул насыя аркылуу аткарылышы мүмкүн экенин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында учурда бир эле бузук тик учак бар. Аны оңдош үчүн 4 млн. доллардын айланасында каражат сарпталары айтылган.

2015-жылдын жайында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында токой өрттөнүп, өрт өчүрүүчү техника ал жакка жете алган эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "тилсиз жоону" өчүрүүгө Казакстандан жардам сурап, казак тарап МИ-26 тик учагы менен өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG