Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Өрт коркунучу: сактансаң сактайм...


Ош базарында чыккан өрт, Бишкек
Ош базарында чыккан өрт, Бишкек

Алтымыштан ашык адамдын өмүрүн алган Кемероводогу өрт кыргызстандыктарды да тынчсыздандырды. Кыргызстандын базарларында, соода борборлорунда, балдар көп каттаган коомдук жайларда коопсуздук сакталганбы? “Азаттыктын” кабарчылары ушул маселеге кайрылышты.

Жалал-Абад шаарындагы базарларда, соода борборлору өңдүү эл көп баруучу жайларда өрт коопсуздугунун эрежелери толук сакталбайт. Адистер былтыр аларды текшерип, бир тобуна эскертүү берип, аны аткарбагандарына айыппул салган. Анда иштеген жумушчулар соңку жылдары өрт коопсуздугуна байланыштуу атайын машыгуулар деле унутта калып кеткенин айтышат.

Жалал-Абад: эстен чыккан эскертүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
Түз линк

Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттөн улам Ош шаарындагы бир катар соода жайларындагы өрт коопсуздугу текшериле баштады. Ошто эл көп жыйналган базарларда жана соода жайларында адам өмүрүнө коркунуч келтирген өрт кырсыктарынын алдын алуучу талаптар канчалык деңгээлде аткарылган?

Ош: соодадан мурда өмүрдү ойло
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00
Түз линк

Таласта былтыр килем саткан «Манас» дүр-дүйнө дүкөнү күйүп кетип, анын тегерегиндеги төрт павильон кошо өрттөнүп, соодагерлер жалпысынан 11 миллион сомдон ашык материалдык чыгым тарткан. Облуста азыр оорукана, мектеп, бала бакчада кырсыктардын алдын алуу жагы Таласта каралганбы?

Талас: тилсиз жоо айтып келбейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00
Түз линк

Нарын облусундагы 141 мектептин жыйырмадан ашыгы авариялык абалда. Алардын айрымдары боюнча Өзгөчө кылдаалдар министрлиги "кулап калуу коркунучу бар, кирүүгө болбойт" деген бүтүм чыгарып берген. Бирок "мектепке ылайык башка имарат жок" деген жүйөдөн улам аларда сабак өтүлүп жатат.

Нарын: коркунучтуу мектептер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:44 0:00
Түз линк

Жергиликтүү активисттер Кемерово шаарына караганда Каракол шаарында өрт коопсуздугунун маселеси курч деп эсептешет. Бир жыл мурда шаардагы чоң базарлардын бири толугу менен күйүп кетип, жүздөгөн адамдар чыгымга учураган. Азыр абал кандай?

Өрттөнгөн базар, кыйналган эл
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00
Түз линк

Кемероводогу апааттан улам Бишкекте жарандык активисттер соода борборлорунун ээлеринен коопсуздук иштери боюнча элге маалымат берүүнү талап кыла баштады. “Азаттык” соода жайларында, оюн-зоок борборлорунда текшерүүлөр кандай жүрөөрүн билиш үчүн өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрт көзөмөлу боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Жумгал Асановго кайрылды.

Дүкөндө өрт чыкса кантебиз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:07 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG