Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Ош базардагы өрт: шектенген соодагерлер


"Сейтек" соода жайынын 700 чарчы метр аянты күйүп кетти. 5-март, 2018-жыл.
"Сейтек" соода жайынын 700 чарчы метр аянты күйүп кетти. 5-март, 2018-жыл.

Ош базарында 5-марттагы өрттө "Сейтек" соода жайынын 700 чарчы метр аянты күйүп кетти.

Ош базарында чыккан 5-марттагы өрттө "Сейтек" соода жайынын 700 чарчы метр аянты күйүп кетти. Ушуну менен жыл башынан бери бул базар экинчи жолу күйүп, жүздөгөн ишкер жабыркады.

Буга чейин Ош базарын иретке келтирүү тобу түзүлгөнүн эске салган соодагерлер "базар кайсы бир кызыкчылыктардан улам максаттуу түрдө өрттөлүшү мүмкүн" деп да болжошууда. Жергиликтүү бийлик "бардык версиялар иликтенет" деп убада берип жатат.

Өрттөн кийин. 5-март, 2018-жыл.
Өрттөн кийин. 5-март, 2018-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 5-мартта "Сейтек" соода жайында кечки саат тогуздарда чыккан өрт үч сааттан кийин, 00:40та толук өчүрүлүп бүттү. Өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянт күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча өрттүн себеби аныктала элек.

- Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Атайын лаборатория бар, ал азыр иштеп жатат. Анын иликтөөсүнүн негизинде 6-мартта тыянак чыгарабыз.

Баштапкы маалымат боюнча өрттөн жараат алгандар жок. Анткен менен бул жолу да ондогон соодагерлердин товарлары күйүп, алды миллион, арты 100 миң сомго жакын чыгым тартышканын белгилеп жатышат. Атын атагысы келбеген ишкер "Сейтек" соода жайында жынсы, териден тигилген кийимдерди сатчу. Өрт чыккан жерге жакында көчүп келген экен.

Жапа чеккен соодагерлер. 5-март, 2018-жыл.
Жапа чеккен соодагерлер. 5-март, 2018-жыл.

- Тогуз жылдан бери ушул жерде соода кылабыз. Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Төрт жыл мурда да күйгөн, бир ай мурда да күйгөн. Эми биз эмне кылабыз? Миллион сомго бул жактан күйдүк. Кечээ эле айылдан уйду сатып, акчасын салдырып, Москвадагы бир туугандарымды "жардам бергиле" деп, "Мадина" базарындагы инилеримдин чогулткан акчасын алып 200 манекенге буюртма берип ишти баштап жаттым эле. "Базар күйүп жатат" дегенинен чуркап келдик. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен уруксат алып чыгып карасам ийрейип-бийрейип жаткан экен, көңүл калды. Үйгө барып жаттык, бирок уктай алган жокмун. Атайылап эле өрттөлгөн, башка версия жок.

Ишкер буга чейин да жабыркап, бүт документин тиешелүү мекемелерге өткөрүп бергенин, бирок эч жардам албаганын билдирүүдө.

Өрттөн кийин. 5-март, 2018-жыл.
Өрттөн кийин. 5-март, 2018-жыл.

"Сейтек" кичи базарынын бул жолу өрттөнгөн бөлүгүндө бут кийим, кийим-кечек сатылчу. Мындан сырткары жайма базарда арабада сатылган товарлардын кампасы жайгашкан. Мына ошол кампа да толугу менен күйүп кеткен. Кампаны ижарага алып иштеткен Рая Жаламамбетованын айтымында ар биринде 50-80 миң сомдук товары менен 14 араба күйүп кеткен.

- Бул жердегилердин баары эле ижарачылар да. Ар бир арабада 50-60 миң сомдун товары болчу. 14 араба күйүп кетти. Мен ошол кампа, камераны иштетчүмүн. Мен булардан 20-30 сомдон алып, кожоюнга ижара төлөчүмүн.

Ушуну менен кыска убакыт ичинде эле шаардын борборунда жайгашкан Ош базарында экинчи жолу ири өрт чыгып отурат. Мындан улам соодагерлер арасында Ош базарындагы соода жайлары атайылап өрттөлүп жатышы мүмкүн деген жоромол көп айтылууда.

Ушундай эле пикирин 5-марттагы өрттө чыгым тарткан Асия аттуу соодагер да билдирди.

- Мен жынсы сатам. Менин базарда 500 миңдик товарым бар болчу. Анын 100 миң сомдугун алып чыкканга жетишип калдык. Калганы күйүп кетти. Биз кечки саат 8ге чейин иштейбиз. Өрт 9га жакын чыгыптыр. 15 мүнөттө эле мынчалык күйбөйт болчу. Бул электр зымдарынан эмес, киши колдуу болгон. Мурда да "Сейтек" күйгөн. Биз да ошого карайбыз. Бир жерден эмес, төрт тарабынан чыккан. Жок дегенде алдын-ала эскертүү берсе товарларды чыгарып кетмекпиз.

Быйыл 30-январда ушул эле соода түйүндө өрт чыгып, 108 күркө тыптыйпыл күйүп кеткен. Анын жанындагы "Берекет плюс" соода түйүнүндөгү 10 контейнер да кошо өрттөнгөн.

Ош базарын иретке келтирип, туш-келди жердеги жайма базарларды, мыйзамсыз соода түйүндөрүн алуу маселеси көптөн бери эле көтөрүлүп келатат. Өткөн жумада эле бул базарды иретке келтириш үчүн салык, тартип коргоо жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн турган топ түзүлгөн.

Бишкек шаарындагы Ленин районунун акими Нурдин Тынаев "атайылап өрттөлдү" деген версиялар да караларын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, комиссия жыл башында чыккан өрттө жабыркаган 145 адамдан мыйзамдуу иштеген деген 74үнө жардам берүү тууралуу чечим чыгарган.

- "Өкмөт тарабынан кандай жардам көрсөтүлүшү мүмкүн?" деген маселе каралып жатат. Патенттен бошотуу же банктан төмөн пайыз менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Учурда өрт чалган базарды милиция курчоого алып, эч кимди киргизбей турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG