Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 07:13

Тилсиз жоо "Супараны" да аябады


"Супара" этнокомплекси өрттөн кийин.

Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплексинин жаңы курулуп жаткан имараты жана алты боз үй күйүп кетти. Буга чейин өлкөдөгү бир катар ири базарлар, ашкана-кафелерди өрт чалган. Мындан улам коомчулукта өрттүн себеби туурасында ар кандай божомолдор айтыла баштады.

Бишкектин четиндеги "Супара" этнокомплексинде өрт 18-сентябрга караган түнү башталып, таңга жуук гана өчүрүлгөн. Кыргыз элинин байыркы маданиятын, турмуш-тиричилигин камтыган этнографиялык комплекс - белгилүү ишкер Табылды Эгембердиевдин мурасы жана Кыргызстандагы уникалдуу конок үйлөрдүн бири катары белгилүү.

"Супара" этнокомплексинин өкүлү Бакыт Самаковдун маалыматына караганда, өрт ашканадан чыккан жана этнокомплекске таандык баалуу жайларга жеткен эмес:

- Ашкана жакта жана анын жанындагы жаңы курулуп жаткан имарат тараптан өрт чыгыптыр. Табылды Эгембердиев салган музей, таш боз үйлөр күйгөн жок. Биз иштеп жатабыз. Конокторду тосууга даярбыз.

"Супара" өрттөн кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:14 0:00


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, "Супара" этнокомлексинде өрт чалган жер миң чарчы метрди түздү. Курулуп жаткан имарат жана алты боз үй күйүп кеткенин мекеменин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова билдирди:

- Алдын ала божомол катары жалын ашканадагы электр зымдарынан чыгып, тутанып кетиши ыктымал экени айтылууда. Бирок бул акыркы версия эмес. Текшерүүлөрдүн так себеби кийин анык болот.

Ал ортодо Ички иштер министрлиги "Супара" этнокомплексиндеги өрттүн чыгышында криминалдык мүнөз бар деген версияны четке какты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова билдирди:

- Бардык фактылар ички иштер органдарында каттоого алынды. Ыкчам иликтөө тобу тактоо ишин жүргүзүп жатат. Тийиштүү экспертиза дайындалды. Видеобайкоого жазылып калган учурлар алынды. Өрттүн чыгышында криминалдык аракет болушу мүмкүн деген версия каралган жок.

Соңку айларды бир нече коомдук жайларда ири өрт кырсыгы катталды. 14-сентябрда Бишкектеги "Мадина", 17-сентябрда Караколдогу "Ак-Тилек" базары өрттөнгөн. Ага чейин Бишкектеги "Арзу" рестораны күйүп кеткен.

Бардык фактылар милициянын каттоосуна алынып, чоо-жайы иликтенип жатат.

"Мадина" базары өрттөн кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматында акыркы сегиз ай ичинде Бишкек шаары боюнча 550дөн ашуун объект текшерилген. Мекеменин борбор калаа боюнча башкармалыгынын башчысы Мелис Адиевдин айтымында, аларда өрт эрежесин сактабаган 3 миңден ашуун учур аныкталган:

- Көп үйдүн короосуна өрт өчүрүүчү машине кире албайт. Коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Мисалы, быйылкы жылы элүүдөй базар текшерүүдөн өтүп, жалпы жонунан бир миллиондон ашык сом айып пул жазылган. "Мадина" базарындагы күйүп кеткен объект былтыр эле текшерүүдөн өтүп, эки айга жабылган. Сигнализация коюп, ал кемчиликтерди оңдогондон кийин гана аны ачканга уруксат бергенбиз. Бирок ага карабай кырсык болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы кызматы агенттигинин мурдагы кызматкери Нуржан Ниязалиев өрт кырсыгында ар бир жаран мүлкүн сактап калууга биринчи ирет өзү кызыкдар болушу экенин эскертти.

- Көбүнчө текшерүүлөрдө объектилер эптеп өрт өчүрүүчү шаймандарды көрсөтүп, көз боёмочулук менен алек болушат. Курулушта сапатсыз, бат күйүп кеткен материалдарды колдонушат. Көбүнчө арзан электр зымдарынын айынан өрт чыккан учурлар болот. Мындан сырткары электр чыңалууну ар бир эки жылда текшерип туруш керек. Антпесе ал өрт кырсыгына алып келиши мүмкүн. Ошол турак жайдын же ашкананын ээси майда-барат чыгымдан качып, андан көп чыгым тартып калат. Ал коопсуздук эрежесин сактап, жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл. Мүлкүн сактап калууга өзү кызыкдар болушу шарт.

Ушул тапта "Супара" этнокомплексине тилсиз жоо келтирген чыгым эсептелип жатат. Комплекстин юристи "Азаттыкка" "Супара" жеке ишкананын биринен камсыздандыруудан өткөнүн маалымдады.

Мамлекеттик камсыздандыруу ишканасынын маалыматында 90 миңге жакын адам турак жайы үчүн кепилдик алган. Мекеменин өкүлү Бурул Камалованын айтымында, соңку өрт кырсыктарынан улам ашкана-кафе же башка бизнестерин ыктыярдуу түрдө камсыздандыргандар көбөйдү:

- Эки жылдан бери милдеттүү түрдө турак жайларды гана камсыздандырып жаттык. Акыркы убактарда кафе, базар же сарайларын камсыздандыргандар пайда болду. Алар албетте ыктыярдуу түрдө өткөрүшөт. Эгер үйгө айыл же шаар өзгөчөлүгүнө жараша 600-1000 сомдун тегерегинде акча төлөнсө, башка кыймылсыз мүлк үчүн пайыздык катнашта төлөшөт. Ошого жараша ишкана кырсык учурунда акча төлөп берүүгө милдеттүү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жети айда Кыргызстанда 2215 өрт чыгып, андан 36 адам каза болду. Бул сан былтыркыга караганда 7,8 пайызга көптүк кылат. Өрттөн 25 адам жабыркаса, өрт өчүргүчтөр 43 адамдын өмүрүн сактап калган.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG