Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:56

Жемкорлук мыйзамсыз миграцияны күчөттү


Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунда иштеген кытай жарандары.

Депутат Таабалды Тиллаев өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканын, Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып чыкты.

Кыргызстанда кайсы өлкөлөрдөн келип иштегендер көп? Мыйзамдуу иштегенге кандай тоскоолдуктар бар?

Ушул ж. б. суроолорго байланыштуу “Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев, Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция боюнча бөлүм башчысы Улан Шамшиев жана аталган мекеменин басма сөз катчысы Канат Султанов катышты.

“Азаттык”: Таабалды мырза, бул маалыматтарды кайсы булактарга таянып айтып чыктыңыз? Маселени чечүүнүн кандай жолдорун сунуш кыласыз?

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Таабалды Тиллаев: Негизинен канча киши мыйзамсыз жүргөнү баарыбызга эле маалым.

Кыргызстан кичине өлкө болгондуктан, баары эле көрүнүп турат. Көбүнчө өлкөнүн түштүгүндө ушундай болуп жатат. Биз жаңы жети кодекс кабыл алдык. Алар 2019-жылдан тартып ишке кирет.

Анда да мыйзамсыз жүргөн, сырттан келген мигранттардын жоопкерчилиги камтылбай калган. Ошондуктан алдын ала маселе катары көтөрдүм.

Негизги мүшкүл коррупцияда болуп жатат. 50 миңби, 100 миңби - бул баары бир көп. Керек болгон акчаны мыйзам негизинде төлөбөгөндөн кийин, мамлекетке канчалаган каражат түшпөй калып жатат.

100 миң адамдын ар биринен ай сайын 1-2 миң сом алса да 200 миллион сом акча болот. Мен ошол маселени көтөрдүм. Мурдагы кодексте 10 миң сом айыппул бар болчу, азыр ал да каралбай калыптыр.

Азыр биздеги мигранттар мыйзамсыз жүргөнү аныкталганы менен аларды жазага тартуу жагы кыйынга туруп калган. Азыр визасыз режим киргизип койгонбуз, бирок ошого жараша коопсуздук үчүн көзөмөлдү да күчөтүш керек. Жаныбызда Ооганстан турат, биринчи орунда мамлекеттин коопсуздугун ойлошубуз керек.

“Азаттык”: Миграция кызматындагы маалымат кандай, мыйзамсыз жүргөн мигранттардын саны канча? Көбүнчө кайсы өлкөлөрдөн келип жатышат?

Канат Султанов: 2018-жылга өкмөт 16 миң 490 чет элдик адиске квота бөлгөн. Азыркы күнгө анын 74% гана квота берилди. Ошондо 12 миң чет элдик адиске Кыргызстандын аймагында иштөөгө уруксат кагазы берилген. Квотанын 77% Кытай жарандарына берилген, бул 9241 адис. Андан кийин Түркия, Корея жана башка өлкөлөрдүн жарандары турат.

Улан Шамшиев.
Улан Шамшиев.

Улан Шамшиев: Азыркы кезде, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө мыйзамсыз миграция күчөп баратканын көрүп турабыз.

Ошол эле учурда мыйзамдык базаны өнүктүрүү иштери да жүрүп жатат.

Эксперттердин эсеби боюнча, түштүктөгү облустарда Өзбекстан менен Тажикстандын 50 миңден ашуун жарандары эмгектенип жатышат.

Мыйзам боюнча алар иштөөгө уруксат кагаздарын алышы керек болчу. Ушул жагдайларды жөнгө салуу боюнча, коррупциялык жолдорго тоскоол болчу атайын жаңы жобо иштеп чыгып жатабыз.

Бул Өзбекстандан жана Тажикстандан келген жарандарга тиешелүү болот. Алар алты айлык мөөнөт менен бир жолку салык патентин сатып алып курулуш, коомдук тамактануу жайларында иштөөгө уруксат алышат.

Азыркы мыйзам боюнча алар өлкөгө кирер алдында W1 категориядагы визасын, үч ай ичинде уруксат кагазын алышы керек. Ошондон кийин гана иштөөгө уруксат болот. Аймактарда өкүлчүлүктөр жок болгон соң алар уруксат кагазын Бишкектен алып кетиши керек.

Статистиканы карасак, жыл башынан бери Өзбекстандын 184 гана жараны расмий түрдө уруксат кагазын алган.

Тилалев: Кыргызстанда жүргөн мыйзамсыз мигранттар 100 миңден ашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:24 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG