Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 18:27

Кыргызстанга келип эмгектенип жаткан өзбекстандык мигранттар көбөйдү. Бирок так саны анык эмес.

Мамлекеттик миграция кызматы Кыргызстандын аймагында иштеп жүргөн өзбекстандык эмгек мигранттарын мыйзамга ылайык иштөөгө чакырып, тиешелүү мыйзамдар бузулса алар айып тартаарын эскертип жатат.

Эки өлкөнүн чек арасы аркылуу эркин каттоого уруксат берилгенден бери Кыргызстанга келип, курулуш, дыйканчылык иштерине жалданып иштеген өзбекстандыктар көбөйдү. Чек аралаш Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында иштеп жүргөн өзбекстандык жумушчуларды иш берүүчүлөр арзан акысы жана сапаттуу иши үчүн баалашат.

Ушул тапта Жалал-Абаддагы пахта талааларында өзбекстандык кыз-келиндер иштеп атышат. Жергиликтүү дыйкандар алардын бир күндүк жумушуна 250-300 сомдон акы төлөйт. Мигранттар кимдин талаасында эмгектенсе, ошонун үйүндө жашайт. Тамак-ашы да үй ээсинин мойнунда.

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарындагы жеке курулуштарда акча таап жургөн өзбекстандык жигиттерди да оңой табасыз. Бишкектеги көп кабатуу үйлөрдү курган өзбекстандыктар да көбөйгөнү байкалат.

Алардын бири - Фергананын Язяван районунан келген 27 жаштагы Фархад:

- Жумуш жоктугуна байланыштуу келип, иштеп жатабыз. Үйлөрдү шыбап, кооздоп беребиз. Мурда келип устачылык кылганбыз. Ишибиз 100 пайыз мыкты болбосо да, колдон келишинче жакшы жасайбыз.

Бирок Фархад Кыргызстанда иштөө үчүн мигранттарга жумушка уруксат берилүүчү кагаз алыш керек экенин билбейт. Мурда да өтүп иштеген, бирок эч кандай документ алган эмес. Ал тургай кыргызстандыктардын да көбү мындан кабарсыз.

Ноокат районунун тургуну, короосундагы сарайын өзбекстандык усталарга салдырып жаткан Сайдулла Керимов "өкмөт бул боюнча элге маалымат бериши керек" деген ойду ортого салды:

- Өзбекстандыктар өзүбүздөгү усталарга караганда арзаныраак иштешет. Алар келип каттоого турууга милдеттүү экенин билет элек. Бирок жумушка уруксат алышы керек экенин билчү эмеспиз. Мамлекет муну элге жакшылап түшүндүрсө жакшы болмок.

Ал арада мигранттарды иштетип жаткандар текшерилип, айыппул төлөөгө милдеттендириле баштаганын Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунун тургундары "Азаттыкка" кабарлашты.

Жумушка уруксат кагаз алуу милдети Кыргызстандын миграцияга байланыштуу эрежелеринде мурда эле болгон. Бирок белгисиз себептен улам коңшу өлкөдөн келгендерге ал эрежелер текши колдонулган эмес.

Мыйзамдарга ылайык Өзбекстандын жараны Кыргызстанда беш күн ичинде каттоого турушу керек. Антпесе 10 миң сом айыппулга жыгылат. Экинчи ирет ошол эле көрүнүш кайталанса, депортацияланат.

Мигрантты иштетип жаткан адам Миграция кызматына кайрылып, жумушка уруксат берүүчү кагаз алууга тийиш. Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссия "Мигрант өлкөгө зыян тийгизбейби?" деп бир нече критерийлер менен карап чыккан соң эки жума ичинде уруксат кагазын берет же баш тартат.

Алмаз Асанбаев.
Алмаз Асанбаев.

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев Өзбекстандан келген мигранттар көбөйүп жатканын ырастады, бирок азырынча алардын так саны эсептеле элек экенин билдирди.

Анын айтымында, жумуш берүүчү тарап юридикалык жак болсо өз ишканасы тууралуу маалымат жана мигрантты иштетүү үчүн арыз менен кайрылат. Эгер жеке тарап болсо, мигрант менен түзүлгөн жазуу түрүндөгү келишим жана арыз керек.

- Комиссия ага уруксат берген чечим кабыл алган соң мигрант атайын анкетаны толтурат. ВИЧ, кургак учук вирусу жок экенин далилдеген медициналык маалымкат алат. Анкетасын, дарыгердин маалыматын жана паспортунун көчүрмөсүн тапшырат. Жумушка уруксат берүүчү документти алыш үчүн 2000 сом төлөнөт. Аны мигрант эмес, жумуш берүүчү тарап төгөт. Уруксат кагаз бир жылга берилет, - деди Асанбаев.

Ал кошумчалагандай, компанияларга келип иштеген мигранттар үчүн жакын арада төлөм кымбатташы мүмкүн. Тагыраак айтканда, кай бир фирмада иштегендердин арасында мигранттар 20 пайызга жетпесе, киши башына 6000 сом, 20 пайыздан көп болсо 20 000 сом төлөнөт. Өкмөттүн "Мамлекеттик алымдар жөнүндө" токтомуна ушундай эреже жазылууда.

Уруксат кагазы мигрант кыргызстандык жарандардын жумуш ордун талашпаса гана берилет. Уруксат кагазы жок иштеген мигрантка 10 миң сом айып салынат. Аны иштетип жаткан кыргыз жаранына "мыйзамсыз миграцияны колдонгон" деп кылмыш иши ачылат.

2010-жылга чейин жай, күз айларында Өзбекстандан өткөн мигранттар талаада, курулушта иштегени кадыресе көрүнүш болгон. Ошол кездеги президент Ислам Каримов башында турган өзбек бийлиги нары-бери өтүүнү катаалдаштыргандан кийин миграция токтогон. Мамлекет башчылыкка Шавкат Мирзиёв келип, 2017-жылы чек ара ачылгандан кийин Кыргызстанга иштегени келген өзбек мигранттары кайра көбөйдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG