Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Ооганстандагы абал, кыргыз-тажик чек арасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Ооганстанда кырдаал туруктуу эмес экенин эске алганда экстремисттик жана террорчул топтор өлкөгө корголбогон чек ара тилкелери аркылуу өтүп келишин жокко чыгарбайт.

Бул тууралуу Казакстандын, Тажикстандын жана Орусиянын чек арачылары катышкан “Мекен чеги - 2018” атайын чек ара операциясын жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында айтылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесин тактоо иштери качан аяктаары беймаалым. Бул эки мамлекет чек араларын бекемдөө боюнча биргелешкен аскердик операция өткөрүп жатканы менен эки өлкөнүн ортосунда такталбаган жер тилкелери арбын.

Быйыл Кыргызстандын чек ара аймактарында 10 ири чатак чыкса, анын жетөө кыргыз-тажик чек арасында катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев басма сөз жыйынында билдирди:

Уларбек Шаршеев.
Уларбек Шаршеев.

- Тажикстан менен болуп аткан окуялардын баары көбүнчө чек аралардын такталбагандыгынан. Жаңжалдардын негизги себептери жер, суу жана жайыт талаш болуп жатат. Дагы бир себеп - бул чек арага жакын аймактарда элдин өтө тыгыз жайгашканы. 970 чакырымдын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. Такталган жери көбүнчө тоолуу аймактар. Ал эми Баткен облусунун Баткен району жана Лейлек району такталбай жатат. “Ылдыйкы зона” деп коебуз. Ал жакта элдин да саны көп, такталбаган тилкелер да көп.

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук маселелерин Ооганстандагы кырдаал менен тыгыз байланышта карашат. Алар чек аралардын так эместигин да кооптуу жагдайлардын катарына кошуп жүрүшөт. Анын үстүнө быйыл 20-октябрда Ооганстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Андан туура алты айдан кийин президенттик шайлоо болот. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев буга байланыштуу чек аралардагы көзөмөл күчөй турганын белгиледи.

Бирок айрым эксперттер учурда Кыргызстандын чек аралары ар кандай экстремисттик жана террорчул топтордун коркунучтарына толук туруштук берерине ишенишпейт. Алардын бири, "Баткен согушунун республикалык жоокерлеринин кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы Сатыбек Молдалиев кыргыз-тажик чек арасын тактоо жакын арада аякташы күмөн, ошондуктан, Кыргызстандын атайын кызматтары өлкөнүн чек арадан келчү коркунучтарына жетиштүү маани бериши зарыл деп эсептейт:

Сатыбек Молдалиев.
Сатыбек Молдалиев.

- Бүгүнкү күндө чек аралар жабдылды, аскерлерибиз даяр дегенден мен алысмын. Себеби 1999-2000-жылдары Кыргызстанга кирип келген жоочулар азыр да Кыргызстанда жана Тажикстанда жаңжал чыгарууга толугу менен даяр. Чек ара бар жерде сөзсүз түрдө ар кандай топтордун кызыкчылыгы бар болот.

Тажикстан менен чек ара тилкелерин тактоо иштери азыр кайсы баскычта экендиги тууралуу так маалымат жок. Кыргыз өкмөтү бул тууралуу расмий маалымат таратуудан карманып турат.

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев чек аралардын такталбай жатканына кыргыз өкмөтүнүн тез-тез алмашуусу себеп болуп жатканын айтып, комиссиянын ишин сынга алды:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Эң негизги көйгөй - биздин өкмөткө караштуу делимитация боюнча комиссиянын иши жүрүшпөй жаткандыгы. Ушундай эле комиссия Тажикстандын өкмөтүнүн карамагында да бар. Аны премьер-министр жетектейт. Ушул экөө тил табышып иш алып бара албай жатат. 2014-2015-жылдары 60 чакырымдай тилкени жумушчу топ тактап жазган болчу. Андан тышкары 16 гектар жерди алмашуу боюнча алдын ала макулдашууга жеткен болчу. Ошондон бери иш бир метрге да жыла элек.

Болжолдуу маалыматтарга караганда азыр Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 450 чакырымдан ашык аралык такталбай турат. Былтыр эки өлкөнүн чек арасында 17 чатак чыккан. Алардын айрымдары турмуштук чырдан башталып, чоң тирешүүгө айланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG