Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

"Новая газетага" койлор келди


"Новая газетага" жөнөтүлгөн койлор.
"Новая газетага" жөнөтүлгөн койлор.

Москвада «Новая газета» басылмасынын эшигинин алдына белгисиз бирөөлөр тогуз кой таштап кетишти. Бир жума мурун редакцияга союлган койдун башы гүлчамбар менен жөнөтүлгөн эле.

29-октябрда Москвада «Новая газета» басылмасы жайгашкан имараттын алдына белгисиз бирөөлөр капаска салынган койлорду таштап кетишти. Алардын арасында «Пресса. Новая газета» деген жазуусу бар бешмант кийгизилгендери да бар. Тогуз койду Москвадагы жүк ташуучу компаниялардын биринин машинеси салып келип түшүргөнү имараттын тышкы видеокамерасына тартылып калган.

«Коопсуздук кызматы бизге чалып, кызыктай окуя болуп жатканын билдирди. Жүк ташуучу унаа токтоп, койлорду түшүрүп, тез эле кетип калган. Коопсуздукту көзөмөлдөгөндөр да эмне болуп жатканын түшүнгөн эмес. Капастагы койлор тирүү экен. Мурунку жумада мууздалган койдун башын таштап кетишкен. Эми койдун өлүгүнөн көрө тирүү койлор жакшы эмеспи», деп баяндайт болгон окуяны гезиттин басма сөз кызматкери Надежда Прусенкова.

Редакциянын алдындагы койлор.
Редакциянын алдындагы койлор.

Бир жума мурун «Новая газетанын» кеңсесинин кире беришине белгисиз бирөөлөр койдун башын таштап кетишкен. Аны менен кошо түйүлгөн кутуда гезиттин редактору менен журналист Денис Коротковго салам дубай жазылган кат да табылган. Ошондой эле 17-октябрда редакцияга гүлчамбар да жөнөтүлгөн.

Гезиттин кабарчысы Денис Коротков андан бир күн мурун «Путиндин ашпозчусу» деген лакап ат менен таанылган, питердик миллиардер Евгений Пригожинге байланыштуу жаңы иликтөөсүн жарыялаган эле.

Анда Пригожин мурун эки жолу соттолуп, тогуз жыл абакта отурганы, эми анын коопсуздук кызматкерлери Кремлди сындаган блогерлердин өмүрүнө кол салуу уюштуруп, Сирияда Башар Асаддын армиясын колдоодон баш тарткан кошуундарга каршы уу колдонгонун жазып чыккан.

Мурда редакцияга жөнөтүлгөн куту.
Мурда редакцияга жөнөтүлгөн куту.

Надежда Прусенкова редакция мындай жорукту «макоолук» деп эсептей тургандыгын белгилейт:

- Муну биз коркутуу деп эсептебейбиз. Мурункусунда коркутуу жазылган каты бар болчу. Бул адамдардын кандайдыр бир ниети бар экени ачык эле. Муну болсо обу жок, жөнү жок, жаныбарларды кыйнаган кылык деп эсептейбиз. Ким кылса да, аларга айтаарыбыз - бул күлкү эмес, бул макоолук.

«Новая газета» полицияга кайрылган. Басманный райондук ИИМ бөлүмүнүн кызматкерлери видеокамерага тартылып калган видеолорду алып, болгон окуя боюнча текшерүү жүргүзүлө баштаганын билдиришкен.

Андан соң тогуз кой Москвадагы «Жаныбарларды коргоо альянсы» уюмуна кароого берилген. Уюмдун башчысы Юрий Корецких койлор Москванын четиндеги жаныбарларды багуучу жайга жайгаштырылаарын билдирет.

- Буларды эми жакшы жерге алып барабыз. Алар ал жерде өмүрү өткөнчө жашашат. Аларга эч кандай коркунуч жаралбайт, - деди ал.

«Новая газета» учурда бир катар орусиялык сайттарда Денис Коротковдун беделине шек келтирген макалалар жарык көрүп, ал социалдык тармактардан журналисттин денесине залал келтирип жазалоо тууралуу эскертүүлөр түшүп жатканын кабарлады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG