Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

“Азаттык”- ОшМУ медиафоруму өттү (видео)


ОшМУ
ОшМУ

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 6-ноябрда “Азаттык - ОшМУ” деп аталган медиафорум өттү.

Иш-чара “Азаттык” радиосунун 65 жылдыгына арналды.

“Азаттыктын” жетекчилиги жана аталган окуу жайын бүтүрүп, бул радиодо эмгектенип жаткан журналисттер студенттер менен жолугуп, баарлашты.

Суроо-жооп, талкуу форматындагы форум эки тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Ош мамлекеттик университети - Кыргызстандагы эң алгачкы окуу жайларынын бири.

Ал эми “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү 65 жыл мурда обого чыга баштаган. Кыргыз тилиндеги алгачкы уктурууну 1953-жылы 18-мартта Мюнхендеги студияда белгилүү кыргыз журналисти Азамат Алтай даярдап, обого алып чыккан.

Чет жерде кыргыз тилинде жаңырган “Азаттык” радиосун "кансыз согуш" маалында кыргызстандык угармандар кыска толкундар аркылуу гана уга алышкан.

“Азаттык” жергиликтүү жана эл аралык окуяларды эркин чагылдыруу укугуна Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ээ болгон. Мындай макулдашууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен Кыргыз мамлекеттик телерадио агенттиги Мюнхен шаарында 1992-жылы июнь айында кол коюшкан.

Учурда радиоберүүлөрдөн тышкары www.azattyk.org, www.rus.azattyk.org сайттары, “Ыңгайсыз суроолор”, “Азаттык+”, “Каректе Евразия”, “Данисте”, “Биз жана дүйнө”, “Эже-сиңдилер” өңдүү теледолбоорлор угармандардын, окурмандардын жана көрөрмандардын кеңири катмарына белгилүү.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматын Венера Жуматаева, “Азаттык Медиа мекемесин” Айзада Касмалиева жетектейт.

XS
SM
MD
LG