Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Консулдукта жоголгон журналисттен дайын жок


Жамал Хашогги. Бахрейндин баш калаасы Манама шаары. 15-декабрь, 2014-жыл.
Жамал Хашогги. Бахрейндин баш калаасы Манама шаары. 15-декабрь, 2014-жыл.

Бириккен Улуттар Уюму оппозициячыл саудиялык журналист Жамал Хашоггинин табышмактуу жоголуп кетишин “күчкө салынган жоголуу” деп атап, Түркия менен Сауд Арабиясын бул окуяны чогуу иликтөөгө чакырды. Ал арада Саудиянын консулдугу түрк полициясына имараттын ичин тинтүүгө уруксат берди.

Хашогги 2-октябрда Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугуна кирген бойдон дайынсыз. "Ал консулдуктун ичинде киши колдуу болушу мүмкүн" деген жоромолдорду Эр-Рияд четке кагууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы 9-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, Түркия менен Сауд Арабиясын журналисттин табышмактуу жоголушун чогуу иликтөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган кеңсенин басма сөз катчысы Равина Шамдасани билдирди:

- Бизде, Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын кеңсесинде чындыгында тынчсыздануу жаралып жатат. Хашоггинин Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугунда жоголушу ойлонтпой койбойт. Эгер анын өлүмү тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн жана ага байланыштуу жагдайлардын баары такталса, бул албетте, алгылыксыз окуя. Биз Түркия менен Сауд Арабиясын Хашогги мырзанын табышмактуу жоголуп кетишин иликтеп, жыйынтыктарын коомго жарыялаш үчүн өз ара кызматташып, көз каранды эмес жана ыкчам иликтөө өткөрүүгө чакырабыз.

Хашоггинин жоголгону 2-октябрда белгилүү болгон. Ошол күнү ал колуктусу Хатиже Женгиз менен бирге Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна мурунку никесинен ажырашкандыгы тууралуу документтерди алганы барган. Журналист колуктусун эшиктин алдына калтырып, өзү консулдукка кирип кеткен. Анын алдында Хашогги кокустан чыкпай калса түрк бийлигине кайрылууну Хатижеге эскерткен. Күндүзгү саат үчтөрдө кирген Хашоггини колуктусу түн ортосуна чейин күтөт. Бир убакта дипмиссиянын кызматкерлери Хашоггинин чыгып кеткенине көп болгонун айтышкан.

Укук коргоочулар Стамбулдагы Саудиянын консулдугунун алдына чыгып, журналистти табууну талап кылышты. 9-октябрь, 2018-жыл.
Укук коргоочулар Стамбулдагы Саудиянын консулдугунун алдына чыгып, журналистти табууну талап кылышты. 9-октябрь, 2018-жыл.

Түркиялык басылмалар Жамал Хашогги дипломатиялык мекеменин имаратында киши колдуу болушу мүмкүн экенин жазып жатышат. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган окуяны өз көзөмөлүнө алганын айтып, саудиялыктарды окуя тууралуу ачыгыраак жооп берүүгө чакырды.

- Бул окуя боюнча айтарым - полиция иликтөө жүргүзүп жатат. Учурда басма сөз каражаттары карама-каршылыктуу маалыматтарды берип жазышууда. Мен президент катары бул ишти өз көзөмөлүмө алдым. Саудиянын консулдугундагы жоопкер адамдар жөн гана "ал чыгып кетти" деп айтып, кутула алышпайт. Алар так далилдерди көрсөтүшү зарыл.

9-октябрда түрк бийлик өкүлдөрү Саудиянын консулдугун иликтөөнүн алкагында тинтип чыгаары маалым болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине шилтеме кылып «Reuters» агенттиги жазды. Өткөн аптада Саудиянын ханзадаасы, тактынын мураскери Мохаммед бин Салман аларда жашыра турган эч нерсеси жок экенин айтып, түрк бийлигине консулдуктун аймагын тинтип чыгууну сунуш кылган. Ханзадаанын айтымында Хашогги дипмиссиянын имаратына кирип, бир сааттын ичинде чыгып кеткен.

Саудия тактысынын мураскери, ханзаада Мохаммед бин Салман. Кытай, Ханжоу шаары.
Саудия тактысынын мураскери, ханзаада Мохаммед бин Салман. Кытай, Ханжоу шаары.

59 жаштагы Жамал Хашогги бир катар араб жана Батыш мамлекеттери менен кызматташып келген "Al Arab News" каналынын жетекчиси болгон. Ал Эр-Рияддын азыркы саясатын ачык сындап келгени менен белгилүү. 2015-жылы "Аль-Хайят" басылмасы анын «Сауд Арабиясы Путинден коркунуч көрүшү керекпи?» деген макаласын жарыялаган. Анда Хашогги орус президентин «катаал жана эси жок» лидер деп мүнөздөп, ага «ишенбеш керек» экенин белгилеген. 2017-жылы анын жакын санаалаштары камалып, өзүнө эскертүү берилгенден кийин өлкөсүнөн чыгып кеткен. Журналисттик карьерасынын башында ал «Аль-Каиданын» террордук тобунун башчысы Усама бин Ладен менен да жакын дос болуп, андан интервью да алган. Кийин бул тууралуу Хашогги өзү немис басылмалары менен болгон маегинде айтып берген. 2017-жылы Сауд Арабиясынан чыгып кеткенден кийин ал журналистикадан алыстабай, "Washington Post" гезитине макалаларын жарыялап, Эр-Рияддын саясатын сындап келген. Анын пикиринде, мамлекеттин туруктуу өнүгүшү үчүн демократиялык системаны киргизүү зарыл. “Твиттерде” Жамал Хашоггинин баракчасына катталгандардын саны 1, 6 миллиондон ашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG