Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Саудия чөлгө заманбап шаар курат


"Неом" деп аталган шаар Кызыл деңиздин жээгинде курулары күтүлүүдө.
"Неом" деп аталган шаар Кызыл деңиздин жээгинде курулары күтүлүүдө.

Сауд Арабиясы деңиз жээгине Неом деген аталыштагы жаңы шаар курууну көздөп жатат. Бул тууралуу 26-октябрда Эр-Риядда өтүп жаткан Эл аралык инвестициялык форумдун алкагында маалым болду. Сауд падышачылыгы 500 миллиард доллар сарптоого даяр жаңы калаа Азия менен Африканын технологиялык “ордосуна” айланары боолгонууда.

Сауд падышачылыгы курууну көздөгөн жаңы калаа Кызыл деңиздин жээгине, Иордания, Египет жана Израилдин чек арасына жакын аймакта жайгашат.

Кум үстүнө курулчу калаа 26,5 миң чарчы чакырым аянтты ээлеп, башынан баштап түптөлөт. Саудия бийликтери Неом деп атаган жаңы шаарды Азия менен Африканын технологиялык хабына айлантууну көздөп жатат. Неом толугу менен шамал жана күн энергиясы менен камсыздалып, био-технология, жогорку технологиялык өндүрүш тармактарын өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Жаңы шаардын курулары жөнүндө Эр-Риядда шейшембиде башталган эл аралык инвестициялык форумда алгачкы жолу айтылды.

Долбоордун жетекчиси Клаус Кляйнфелд форумда сүйлөп жатып, жаңы шаарды кура турган аймакка өзгөчө көңүл буруларын билдирди:

- Мен бул жерди биринчи барып көргөндөгү таасирлерим менен бөлүшө кетейин. Бул жыйырма алты жарым миң чарчы чакырым аймак, анын 500 чарчы чакырымын деңиз жээги түзөт. Үчтөн бир бөлүгү тоолордон турат. Мунун баарына адам колу жете элек, абдан кооз. Анан аймактын жайгашуусун карасаң дүйнө элинин 70 пайызы ар кайсы бурчтан бул жерге сегиз сааттан ашык эмес убакытта учуп жете алат. Өзүңөр билгендей Саудия падышалыгына мунай менен газдын эбегейсиз кору буйруган, эми мунай менен газдын дагы жаңы түрү буйруганы турат - бул Күн. Неондо күн менен шамалдын энергиясы гана пайдаланылат.

Жаңы калааны куруу менен Саудия экономикасын дагы өнүктүрүп, миллиондогон жаштарга жумуш орундарын түзүү планы бар. Бул тууралуу Саудия тактысынын мураскери, ханзаада Мухаммад бин Салман ал-Суд билдирди.

Эң кызыгы жаңы шаарда Саудиядагыдай шарият мыйзамдары бекем сакталбайт. Ал жактын тургундарына либералдык жашоо образына уруксат берилет. Жаңы калаада көңүл ачуучу иш-чараларга жана концерттер да чектөөсүз, эркин өтмөкчү. Калаа курулушун Сауд Арабиянын көз карандысыз инвестициялык фонду (Public Investment Fund (PIF)) жана жеке инвесторлор каржылайт. Падышалык бул үчүн 500 миллиард долларды сарптоого даярдыгын жарыялады.

Саудиянын ханзаадасы Мухаммад бин Салман.
Саудиянын ханзаадасы Мухаммад бин Салман.

Неом -Перс булуңунда жайгашкан мамлекеттердин жаңы шаар куруу боюнча биринчи аракети эмес.

2006-жылы Абу-Даби Масдар деген аталыштагы калааны курарын жарыялаган. Бул шаарда болжол менен 50 миң адам жашоого ылайыкташмак. Бирок шаардын курулушу али баштала элек.

Эки жыл мурда Египет Каирдин чыгышында жаңы борбор калаа куруу мүдөөсүн билдирген. Бюджети 300 миллиард доллар турган бул долбоордун курулушу дагы токтоп турат.

Ошондуктан, Неомду куруунун демилгечиси болгон 32 жаштагы Сауд ханзаадасы Мухаммед бин Салман бул иш оңойго турбаcын айтты:

- Кыялдануу оңой, бирок аны ишке ашыруу албетте кыйын. Неомдо биз буга чейин болуп көрбөгөндөй жаңы долбоорлорду түзүүнү көздөп жатабыз. Ошол себептүү дүйнөдөгү бардык жаңы технологиялык компанияларды тартканга аракет кылабыз.

Шаар куруу демилгеси Саудия экономикасын мунай көз карандылыгынан арылтууну көздөгөн реформалар планын бир бөлүгү.

Байкоочулар бул долбоор жаш Сауд ханзадасынын бир эле экономиканы көтөрүү эмес, Саудиянын коомун либералдаштыруу каалоосу менен да байланыштырууда.

Ушул жылдын сентябрь айында падышачылыкта аялдарга автоунаа айдоого салынган көп жылдык тыюу жоюлган.

Сауд Арабия дүйнөдөгү мунай экспортоочу өлкөлөрдүн башкы сабында турат. Планетадагы миллиондогон мусулмандар жыл сайын зыяратка келген Мекке жана Медина шаарлары да ушул өлкөдө жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG