Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Сауд Арабиясында аялдарга автоунаа айдоого уруксат берилди


Мындай токтомго өлкөнүн падышасы Салман Азиз Ал Сауд кол койгонун Al Arabia телеканалы жарыялады.

Документ боюнча, жаңы мыйзамдын иштөөсүнө Ички иштер министрлигинен тартып, каржы, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтерине чейин көзөмөл кылышат. Толук жардык 2018-жылдын июнь айында жарык көрөт.

Сауд Арабиясы аялдарга машине айдоого уруксат берилбеген жападан жалгыз өлкө болчу. Аялдардын автоунаа айдоосуна укук берүүсү көп жылдардан бери талап кылынып, бирок динчилдердин каршылыгы менен ишке ашпай келген. Машине айдоону каалаган аялдар көбүнчө камалып, жазага тартылышчу.

XS
SM
MD
LG