Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Катарга коюлган ультиматумдун мөөнөтү узартылды


Доха шаары. 15-июнь, 2017-жыл.
Доха шаары. 15-июнь, 2017-жыл.

Перс өлкөлөрү талаптарын аткаруу үчүн Катарга берилген мөөнөттү дагы эки суткага узартты.

Сауд Арабиясынын мамлекеттик «Ал-Арабия» каналынын маалымдашынча, ультиматумду узартуу чечими ортомчу жүрүп аткан Кувейттин эмиринин өтүнүчү менен кабыл алынган. Эмир ал-Сабах 3-июлда Катардан расмий жооп алганын билдирип, араб өлкөлөрүнөн убакыт сураган. Бирок ал кандай жооп экенин ачыктаган эмес.

5-июнда Сауд Арабиясы, Египет, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары "терроризмди колдойт, Иран менен өтө жакындашып кетти" деп айыптап, Катар менен мамилесин үзгөн. Кийин аны кайра калыбына келтирүү үчүн 13 пункттан турган талаптарды койгон. Ал талаптар 2-июлга чейин аткарылууга тийиш болчу.

Талаптардын арасында терроризмди каржылоону токтотуу, Иран менен
байланышты солгундатуу, Түркиянын аскер базасынын жайгашуусуна жол бербөө жана «Ал-Жазира» телеканалын жабуу бар.

Катар тышкы иштер министри Мухаммед ал-Тани 1-июлда Римдеги сапары учурунда буларды айтты:

- Саясий өңүттөн алганда «Ал-Жазирага» макул болосуңарбы же
болбойсуңарбы, бул акыркы 20 жылда өзүн көрсөткөн жана орду бар кесипкөйлөр иштеген канал. Ал болбосо аны жапкыла деп талап кылып жаткан үндөр да болмок эмес
.

Министр ошондой эле талаптар аткарылмак турсун талкууланбай турганын айтууда. Талаптарды терроризмге каршы күрөш эмес, бир өлкөнүн эгемендигин чектөө катары баалады. Андан тышкары ал-Тани Катар диалог үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө катышууга даяр экенин билдирген.

Ал эми экинчи тарап берилген убакытта да айткандары аткарылбаса кошумча санкциялар салынарын эскертүүдө. Анын бири катары Катар Перс булуңундагы өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен чыгарылышы мүмкүн. Ага Сауд Арабиясы, БАЭ, Бахрейн, Кувейт, Оман жана Катар кирет жана бирикме АКШ менен тыгыз байланышта.

Бул тапта Египеттин тышкы иштер министри Сауд Арабиясы, БАЭ жана
Бахрейндин министрлери менен 5-июлда жолугуп, “Катар менен мамиледеги жагдайга көз салышарын” билдирди. 5-июлда мамилелер үзүлгөнүнө толук бир ай болот.

АКШ Кувейттин ортомчулук ролун кубаттап, бардык тараптарды сабырдуулукка чакырууда. 2-июлдун кечинде президент Дональд Трамп Сауд Арабиясы, Катар жана Эмираттардын лидерлери менен жекече сүйлөшүп, "талаштын узарып баратканына тынчсыздануусун" билдиргени расмий кабарланды.

Аймактагы дагы бир кубаттуу өлкө Түркия болсо Доханын талаптарга
жообун кубаттап, аны азык-түлүк менен камсыздоосун улантууда. Ошондой эле араздашуудан кийин Катардагы аскер базасын чыңдоо чараларын тездетти. Иран дагы Катарды колдоп, көмөк көрсөтүүдө.

Катар жер аркылуу Сауд Арабиясы менен гана, ал эми деңиз аркылуу Бахрейн жана БАЭ менен чектешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG