Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Саудия: Айымдар 2018-жылдан тартып автоунаа айдаганга уруксат алды


Сауд Арабстандын бийлиги аялдарга автоунаа айдаганга биринчи жолу макулдук берди. Падыша Салмандын мындай чечими 2018-жылдын июнь айында күчүнө кирмекчи.

Сырттан карасаңыз, Сауд Арабстандын көчөлөрүндөгү автоунаа кыймылы дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн дээрлик айырмасы жок. Көнүмүш унаалар, көнүмүш добуштар. Бирок ал унаалардын ичине үңүлсөңүз, айдоочулардын арасынан аялдарды байма-бай кездештирүү кыйын. Себеби Сауд Арабия аялдарга автоунаа айдаганга тыюу салган дүйнөдөгү жалгыз өлкө болчу.

Эми падыша Салман бин Абдулазиз мындай көрүнүштү өзгөртө турган жарлык чыгарганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Саудиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Абдалла ал-Муаллими 26-сентябрда Нью-Йорктогу жогорку даражалуу адамдар чогулган жыйында сыймыктануу менен жар салды:

- Сауд Арабстанда падышанын аялдарга унаа айдаганга укук берген жарлыгы чыкты. Бул - Саудия коому, эркектер жана аялдар үчүн тарыхый күн. Эми биз акыры ишке ашты деп айта алабыз.

Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз
Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз

Жарлыкка ылайык, 30 күндүн ичинде министрлер кеңеши түзүлүшү керек. Аталган орган падышанын сарайына кеңеш берүү менен бирге соңку жарлыкты 2018-жылдын июнь айына чейин ишке киргизиши керек. Жарлыкта жол кыймылын тескөө жана аялдарга айдоочулук күбөлүк берүү маселелери да каралган.

Укук коргоочулар, жарандык активисттер 1990-жылдан бери сауд арабиялык аялдардын унаа айдоо укугу үчүн күрөшүп келишкен. Алар муну араб дүйнөсүнүн руханий борбору саналган бул өлкөдөгү аялдардын кеңири укуктарын камсыз кылуунун бир бөлүгү катары карашкан.

Андыктан Саудиянын соңку чечимин кубаттаган билдирүүлөр көп күттүргөн жок.

- Биз кубанычтабыз. Биз муну укканыбызга чындап сүйүндүк. Эгер Саудиянын аялдары унаа айдаганга уруксат алышса, биз бул жерде, АКШда муну сөзсүз кубаттайбыз. Менимче, бул - өлкө үчүн туура багытта ташталган чоң кадам, - деди 26-сентябрда АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт.

Рияд шаары, Сауд Арабия
Рияд шаары, Сауд Арабия

Интернеттеги социалдык тармактар Саудиядагы соңку өзгөрүүнү кубаттаган билдирүүлөргө толду.

Маселен, Тина Мэри аттуу Твиттер колдонуучусу: "Сауд Арабияда аялдар унаа айдагыча Батышта автоунаалар өздөрүн-өзү айдаганга укук алышты", - деп тамашага салып жазды.

Кантсе да айдоочулук укукка ээ болушса да Сауд Арабияда аялдардын укугу чектелген бойдон кала берүүдө. Бул өлкөдө аялдар алгачкы жолу 2015-жылы гана муниципалдык шайлоодо добуш берүүгө уруксат алышкан.

Учурда Сауд Арабстанда аялдар дале болсо көп жумуштарды эркектин уруксаты жок жасай алышпайт. Алардын арасында паспорт алуу, чет өлкөгө чыгуу, банк эсебин ачуу, бизнес түптөө сыяктуу дүйнөнүн көп бөлүгүндөгү аялдар үчүн көнүмүшкө айланган иштер бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG