Линктер

шейшемби, 21-май, 2019 Бишкек убактысы 10:33

Башкара албаган элди бузат


Иллюстрациялык сүрөт.

Административдик-аймактык башкарууну реформалоо боюнча былтыр 7-мартта өлкө башчысынын жарлыгы чыгып, өкмөт аны этап менен ишке ашыруунун жол картасын 2018-жылдын 31-декабрына чейин чие турган болгон. Бирок өкмөт бул маселени кылдаттык менен, 2020-жылдан кийин акырындап ишке ашырыш керек экенин билдирди. Ал үчүн сынга кабылды. «Жайбаракаттык кылып жатышат кайра. Шарт эле чечпейби, чече турган болсо. Аткаминерлерди казыдай салаӊдатпай кыскартыш керек. Айыл аймактарын, райондорду бириктирип, облустарды жоюп салыш керек болчу, неге сүйрөп, көрүнгөн шылтоону бетке кармайт?» деген эксперттер жана саясатчылар арбын. Бул көз караш ураан катары өктөм айтылган соӊ кулакка жагымдуу, аны айткан киши көзгө толумдуу.

Чын эле жеӊилби? Бул шарт эле чече койчу маселеби? Административдик-аймактык реформа нар кескен кылыч менен шылый чапчу аргамжы болсо бир жөн.

Эгемен мамлекет болуп жарыялангандан бери чейрек кылымдан ашык убакыт ичинде аймактык башкарууну реформалоо менен алек болуп келгенбиз. Кылдаттык - чабалдык эмес, алабармандык - эрдик же чечкиндүүлүк эмес. Өкмөттүн сынга кабылса да салмактап жатканына негиздер жетиштүү. Алардын айрымдарына биз да токтоло кетели.

Административдик-аймактык башкарууну реформалоо десе эле «облустар менен райондор жоюлабы, айыл өкмөттөр биригеби, кайсы район кайсыга кошулат, кайсынысы жоюлат» деген талкуу басымдуулук кылып келет. Учурдагы 13 облустук маанидеги шаар, 7 облус, 40 район (Бишкектеги 4 районду кошпогондо), 453 айыл өкмөтү (аймагы), 1822 калктуу конуш тарыхый жактан калыптанып калган административдик бирдиктер болгондуктан район тургай бир конушту да башка айыл аймагына кошуу татаал маселе.

Менталдык маселе

Киндик каны тамган, кишиликке жанган булак башы, жайлоо, кыштоо, өтөк, конуш, айыл, кыштак, район, өрөөн, дубан, анан барып өлкө - кыргыз баласынын иденттүүлүгүнүн бир формасы. Мейкиндиктеги географиялык бирдик аркылуу өзүн идентификациялоо, таандык болуу формасы - универсалдуу көрүнүш, бардык улуттарга мүнөздүү экенин эч бир окумуштуу танбайт. Аймактык иденттүүлүк инсандык, социалдык, улуттук жана саясий иденттүүлүктүн ажырагыс фактору экени да анык. Ал тургай аймактык иденттүүлүк дисципилина аралык олуттуу илимий багыт катары белгилүү. Кыргыз кыртышында мейкиндик боюнча идентификациянын жогорудагыдай вертикалында «район» аталышы кийин гана кошулган деп эсептегендер да арбын. А чындыгында азыркы 40 райондун көбү XX кылымдын башында эле калыптанып, уюшула калган эмес, тарыхый-географиялык өрөөндөрдүн базасында түзүлгөн административдик бирдиктер. Октябрь революциясына чейин эле кыргыздар эл сурашып, жер сурашып келгенде түп атасы кыргызга чейин болгон атасын санап, уруусун, уругун, ураанын айтып, ага удаа эле жердигин кошо айткан. Бир нече өрөөндү ээлеген уруунун өкүлү туулган өрөөнүн айткан. Мисалы, «Жумгал өрөөнүнөн чыккан саяк баланчанын уулумун», «сарыбагышмын, сарысейиттен болом», «Кетмен Төбөдөн болом» же «аксылык саруу, айтылуу баланчанын тукумунанбыз» деп өзүн тааныштырган, эл-журт аны уруусу менен катар жердигине жараша тааныган. Буга кыргыз байыркы тарыхы жана бай фольклору күбө.

Башка убактарда да, бөлөк элдерде да ушундай болуп келген, азыр да күүсүндө. Мисалы, Македониялык Искендер же болбосо ислам азыркыдай караӊгылардын жана чаласабат, агрессивдүү дааватчылардын менчигине айлана элек кезде, илим-билим гүлдөгөн, Мусулман Ренессансы деп аталган орошон доордо окумуштуулар, ойчулдар, акындар, сүрөткерлер, кыскасы чыгаан инсандардын ата-теги менен удаа жери да айтылып, таанылып, чыккан же жашаган, иштеген, өмүр сүргөн, байыр алган жердиги аркылуу тарыхта ысымы калды: аль-Фараби, аль-Хорезми, Жусуп Баласагын ж.б.

Аймактык иденттүүлүк саясий бийликте легитимдүүлүктүн белгиси катары да күчкө ээ. Франция, Британия сыяктуу Европа мамлекеттеринин ханзаадалары жана ханайымдары жердиги менен титулга, королдук бийликке акылуу экени аныкталат. Расмий ошентип аталат. Шекспир менен Иван Грозныйдын замандашы, Англиянын атактуу канышасы Йорктук Елизавета король Генрихтин кызы деп айтылбайт, графтыктын аты менен аталган. Британияда ага чейинкилер да, азыркылар да ажырагыс ысым катары графтыгы менен аныкталат, иденттештирилет.

Ошентип улуу муундун канына сиӊген, кичүү муун арыла элек иденттүүлүктүн бул универсалдуу формасы административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө биригүү, жоюлуу, аталышына келгенде далай талашты жаратаары анык. «Кылымдардан бери келе жаткан өрөөнүбүздүн тарыхый атын өчүрүп, картадан сызып, кечээ пайда болгон конуштун аты менен аталыбызбы эми?» деген риторикалык суроо чакырыкка айланбайт деп кимибиз айта алабыз? Ошондуктан өкмөт «шайлоодон кийин» деп жатканы бекеринен эмес. Парламентке умтулган талапкерлер, айрыкча жеке максаты үчүн баш аттагандан, журтту бүлүккө салгандан кайра тартпаган эргулдар кандай чакырык таштаарын болжош кыйын. Бирок сезим козгогон, ачууга тийген, аймак-аймакты ажырымга чакырган, саясий чыӊалууга себепкер далай нерселер болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Кеп шайлоону уюштуруу менен өткөрүүнүн логистикалык жагында деле эмес. Кеп маселенин менталдык нуктан элдин биримдигине доо келтирген саясий проблемага айлануу коркунучунда жатат.

Экинчиден, турмуш реалдуулугуна карашыбыз керек. Өкмөт башка мамлекеттер небак барган, биз да баса турган, акыры бара турган жол - санариптештирүүгө багыт алды. Ошону менен алектенүүдө. Санариптештирүүнүн зарыл маселелери чечилмейинче айыл аймактарынбы, райондордубу, облустардыбы, кыскасы административдик-аймактык түзүмдөрдү бириктирүү элди кыйынчылыкка салат. Кыскартууга болбой турган зарыл документтер бар. Аларды калк электрондук жол менен үйүнөн чыкпай бүтүргүдөй боло электе шагыл жол менен жүздөгөн чакырым жол басып, бириккен аймактын борборуна барып бүтүрүүгө мажбурлаганыбыз натуура болмокчу. Кээ бир кызматтар электрондук жол менен бүтө баштады. Жакшы! Мисалы, пенсия, жөлөкпул алуучулар электрондук банк картасы менен алганга өтүштү. Бирок калкы көп, жыш, соода өнүккөн конуштарда эле ошол пенсионер эсеп ачкан банктын банкоматы болбосо, 1822 конуштун бүгүнкү күндө 80% андай банкоматтар жок. Карточка колдо, а бирок банкомат ашуу ашып, агыны катуу суу кечип бара турган райондун борборунда же ондогон чакырым алыс жайгашкан бөлөк кыштакта. Же болбосо банк аркылуу төлөгөн салыгын айыл аймагынын же райондун салык кызматына кагазын көрсөтүп, кезекке туруп, кагаз түрүндө далилдеп жаткан заманда элге кызмат көрсөтүү ого бетер начарлаганы жатпайбы. Демек жетиштүү социалдык, экономикалык, финансылык, банктык инфратүзүм уюшулганга чейин административдик-аймактык башкарууну кыскартуу, жоюу, бириктирүү сыяктуу механикалык жол менен тез эле бүттү-бүттү кыла салуу бери болгондо кыянатчылык болмокчу.

Үчүнчүдөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттары биздин өлкөдө ооп келген тексиз кандан бүтүп, укуктук, финансылык негиздери арабөк мутант кейипте жаралып калган. Эми ага кошул-ташыл, тээ 2000-жылдардан тартып айыл өкмөттөрүнүн финансылык-экономикалык негиздерин гана эмес, мамлекеттик маанидеги стратегиялык маселелерди коомдук уюмдарга берип салганбыз. Айыл өкмөттөрү таза сууга, сугат сууга, жайытка да ээ эмес. Таза суу «Ичүүчү суу колдонуучулардын айылдык жамааттык бирикмелеринин, сугат суусу «Суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын», ал эми жайыттар «Жайыт комитеттеринин», сөздүн чыныгы маанисинде өкмөттүк эмес уюмдардын колуна өткөнүнө он жылдан ашты. Демек айыл аймактары мыйзамда жазылган, накта финансылык-экономикалык негиздерине ээлик кылуудан ажыраганына көп болду.

Кыргыз баласынын негизги жана жыдыбай турган кымбат валютасы - мал. Мал жайытсыз мал болуудан калат. Бийик тоолуу, катаал климаттык шартта жашаган кыргыз баласын жалаӊ балык же теплицадагы жашылча менен тоюндура албайбыз. Мал менен оокат кылып келген элибиз жайытка муктаж. Айыл аймактарынын ортосунда чектеш жайыттар боюнча талаш маселе арбын. Ушул маселелер чечиле электе «тигил буга кошулсун» деп кайсы өкмөт так кесе айта алат? Демек жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык-экономикалык негиздерин бекемдебей туруп, аларга маселелерди жүктөй бергенден же аларга демократиянын шарданы менен укуктарды ыйгара бергенден майнап чыкпайт. Тескерисинче, мамлекеттин бийлиги аймакка жетпей бүтөт, элдин бийликке ишеними кетет. Ал чек арадагы аймактарда өтө кооптуу кырдаал жаралат.

Төртүнчүдөн, мамлекеттик стратегиялык саясатты аймактык деӊгээлде ишке ашырууга жөндөмдүү жана кубаттуу аймактык бийлик түзүмү баары бир керек болот. Ушул турушунда (укуктук, финансылык чамасы чектелүү, айрымдарынын интеллектуалдык, ишкердик сапаты жетишсизирээк) өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук администрациялар тапшырылган милдеттерди аткарууга жарамсыз. Аймактык түзүм күч органдарынын ишин координациялоого реалдуу бийлиги болушу абзел. Айрыкча чек арага жакын аймактарда аймактык түзүм күчтүү болууга тийиш экенин көрбөдүкпү. Ансыз андай огожо орган өзгөчө жана чукул кырдаалдарда дезертирден да жаман. Кубаттуу, кагелес жана шайдоот дегенибиз - өкмөттүн саясатын аткарыш үчүн дайындалган аймактык аткаруу бийлигинин органы өкмөттү, бүтүндөй мамлекеттик бийликти жаманнатты кылбай, кадырын кетирбей, айрым аймактык жана аймак аралык маселелерди чечүүгө кудурети жетиштүү болушу зарыл.

Кыскасы административдик-аймактык реформанын негизги принциби – «башкара албай эл бузуп, бастыра албай жол бузуп» албоодо турат.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG