Линктер

шаршемби, 22-май, 2019 Бишкек убактысы 16:42

Элетти өнүктүрүүгө эки жыл жетпейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Жээнбеков 2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялады.

Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүнүн негизги маселелери жана аларды чечүүнүн жолдору кайсы чарбалык долбоорлорду камтыйт, санариптештирүүнү ишке ашырууга каражат булактары жетиштүүбү, дегеле элетти көтөрүү үчүн мамлекет кандай саясат жүргүзүшү керек, жарандык коом кандай салым кошо алат, ушул жана башка маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздөн сөз кылабыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев, Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри Тынычбек Табылдиев катышты.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, мамлекет башчысы 2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп экинчи жолу жарыялаганын кандай кабыл алдыңыз, 2018-жылы элетти көтөрүүгө анча көңүл бурулбай калдыбы же аймактарды өнүктүрүү азыркы бийлик үчүн негизги приоритеттүү багыт болуп жатабы?

Өткөн жылы Кыргызстан боюнча эки жарым миң жумушчу оруну түзүлдү дейт. Аны 500 айыл өкмөт, шаарга бөлүп келгенде, ар бири бештен эле жумушчу орун түзүп жатпайбы. Бул иш эмес, чоң мүчүлүштүк, кемчилик.
Тынычбек Табылдиев.

Тынычбек Табылдиев: Акыркы отуз жылда ар жылды ар кандай атадык. Аймактарды өнүктүрүү эки жыл менен бүтпөйт, анда көп жылга багытталган стратегиялык пландар, программалар болушу керек.

Президенттин бул демилгесин мамлекеттин келечегине багытталган жакшы көрүнүш десек болот. Чындыгында өткөн жылы аймактарга байланыштуу алгылыктуу деле иш болгон жок.

Аймактарды өнүктүрүүгө көп тармактар даяр болушу керек эле, андай болбой калды. Төрт жарым миллиард сом насыя берилди дейт, көрсө аны эки эле банк берген экен. Бул жетишсиз деп эсептейм. Өткөн жылы Кыргызстан боюнча 2,5 миң жумушчу оруну түзүлдү дейт. Аны 500 айыл өкмөт, шаарга бөлүп келгенде, ар бири бештен эле жумушчу орун түзүп жатпайбы. Бул иш эмес, чоң мүчүлүштүк, кемчилик.

Эгер биз ар бир жылы 20 миңден кем эмес жумушчу орундарын ачууга жетишпесек, сыртта жүргөндөрдү кантип алып келебиз? Өкмөт 200гө жакын ишкана ачылганын айтып жатат. Бул цифраны бөлүштүрсөк, көп айыл өкмөттөр бир дагы жумуш орун ачпаганын айтып жатпайбы. Мындай кемчиликтерден тиешелүү мамлекеттик органдар жыйынтык чыгарып, 2019-жылы иштиктүү кадамдарды жасашы абзел.

“Азаттык”: Аалы мырза, аймактарды өнүктүрүү дегенде маселе чачтан көп. Биздин бийлик, өкмөт үчүн көңүл бура турган, кечиктирбей чече турган маселелер деп кайсыларды атасак болот? Алардын ичинен негизги деп саналгандары кайсылар?

Акча каражаты жок эч бир программаны турмушка ашыра албайбыз. Былтыр акча да болбой калды.
Аалы Карашев.

Аалы Карашев: Аймактарды өнүктүрүү маселеси ким болбосун, мамлекет башчынын дайыма көңүлүндө, көзөмөлүндө болуш керек. Аймактар өнүкмөйүнчө мамлекет өнүкпөйт.

2018-жылы аймактарга байланышкан көп иштер жасалбай калганы чындык. Жылды атоо мамлекеттин бюджети бекитилип калгандан кийин жарыя болгону да өз кедергисин тийгизип койду. Анан өкмөттө конкреттүү программа иштелип чыгыш керек эле, ал болбой калды.

Ар бир район, айыл эмне жумуш бүтүрөт так жазылыш керек эле. Акча каражаты жок эч бир программаны турмушка ашыра албайбыз. Былтыр акча да болбой калды. Жогорку Кеңеш мындан бир ай мурда өлкөнүн бюджетин кабыл алды. Анда аймактарды өнүктүрүүгө деп атайын, максаттуу түрдө 2 миллиард сом каралды. Бул дагы өз жемишин бериши керек. Эми ал каражатты өкмөт сарамжалдуу пайдаланып, приоритеттүү долбоорлорго жумшаганы оң.

“Азаттык”: Бакыт мырза, 2019-жылы Кыргызстан санариптешет деп максат коюп жатабыз, аймактардыбы, жалпы эле бардык тармактарыбызды жаны технологиялардын шартына өткөрүүгө оңой эмес каражат кетери белгилүү, бюджети тартыш Кыргызстандын шартында кантип санариптешебиз?

2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы 2200 мектептин 1600ү Интернетке кошулду, 2019-жылдын биринчи кварталында бардык мектептер 100 пайыз Интернетке кошулат деп үмүттөнүп турабыз…
Бакыт Шаршембиев.

Бакыт Шаршенбиев: Азыр Кыргызстанда ар бир шаардын жана айылдын санариптик мүмкүнчүлүгү, сапаты да ар кандай. Мобилдүү байланыш каражаттары, Интернет кызматы начар болсо, элибизге муниципалдык жана мамлекеттик сапаттуу кызмат көрсөтө албайбыз.

Ошондуктан биздин фундаменталдуу программаларыбызда биринчи максатыбыз - ар бир айылга сапаттуу Интернет, б.а. оптика-волокондук кабелдерди жеткизүү.

Учурда биздин шаарларыбызда жарандар кандай керектүү кызматтарды алып жатса, алардын баарын ар бир айыл тургуну да алыш керек, ортосунда айырма болбош керек.

Биздин ишибиздин натыйжасы ушунда. Биз бул долбоор боюнча өткөн жылдан бери катуу иштеп жатабыз. Өткөн жылдын аягында биздин “Digital casa” деген долбоорубуз Жогорку Кеңештен үчүнчү окуудан өттү.

Анын биринчи компоненти - ар бир айылга Интернет жеткизүү. Экинчи компоненти болсо аймактарда көп кызматтарды ишке ашыруучу борборлорду ачуу, иштетүү. Азыр иштер жүрүп жатат.

2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы 2200 мектептин 1600ү Интернетке кошулду, 2019-жылдын биринчи кварталында бардык мектептер 100 пайыз Интернетке кошулат деп үмүттөнүп турабыз…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG