Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Аймактарды ирилештирүү иши кечеңдеди


Ак-Тектир айылы. Токтогул району
Ак-Тектир айылы. Токтогул району

Акыркы он жылдан бери кайра-кайра көтөрүлүп келген аймакты реформалоо демилгеси сөз бойдон калууда.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аймактарды ирилештирүү программасы 2020-жылы ишке ашышы мүмкүн экенин билдирди.

Бирок айрым талдоочулар аймактарды ирилештирүү программасын бир жылда бүтүрүп койсо болорун айтышууда.

Кыргызстанда калкынын саны 5 миңге жетпеген 147 айыл өкмөт бар. Алардын арасындагы төрт айыл өкмөттүн калкы миң адамдан аз.

Чоң же кичине экенине карабай ар бир айыл өкмөттүн аппаратын кармоо үчүн мамлекет жылына 2,5 миллион сомдон ашык коротот.

Экономист Эркин Абдразаков тышкы карыз тооруп турганда мамлекет ири кыскартууларга батыл киришпесе болбойт деген ойдо.

- Мурдараак электрондук байланыш каражаттары начар болгондуктан чакан айыл өкмөттөр түзүлгөн. Азыр кырдаал андай эмес. Интернет менен дээрлик бардык айыл башчыларын өкмөттүн жыйынына катыштырып, мүнөт сайын кат алмашса болот. Ошондуктан бизге азыр чакан айыл өкмөттөрдүн кереги жок. Айыл өкмөттөрдүн 80% алып жаткан айлыгын да актабайт. Мамлекетке кызмат кылып кыйратпайт, тек гана жүк болот. Андан сырткары райондук администрациялардын жанында шаардык администрациялар турат. Мисалы, Кара-Суу районунун борборунда Кара-Суу шаардык мэриясы бар. Ушуга окшогондун баарын кыскартыш керек. Бюджетибиз кемтик менен кабыл алынып жатат. Эртең эле Кытай карызды доолай баштайт. Биз болсо мамлекеттик ресурстун баарын кереги жок чиновниктерди бакканга коротуп отурабыз.

​Аймактарды ирилештирүү зарыл экенин, чакан айыл өкмөттөрдүн башчылары да айта баштады.

- Мен башкарган Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аппаратында 11 киши иштечү. Адашпасам, айыл өкмөттүн бир айлык чыгымы 200 миң сомдун тегерегинде болчу. Ошондо 200 миңди 12 айга көбөйтсөңүз 2 млн. 400 миң сом болот. Аппарат өзүн актай алчу эмес. Биз дотациядан чыга алган жокпуз. Айыл өкмөттөгү калктын саны 2200 адам, - деди Өзгөндөгү Кара-Таш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бакытбек Боркошов.

Учурда жергиликтүү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн өкмөттүн орунбасары Кубатбек Боронов тескейт. Анын айтымында, аймактарды ирилештирүү боюнча долбоордун жумушчу тобу иштеп жатат. Ал долбоор быйылкы жарым жылдыкта парламентке сунушталат.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Президенттин буйругу менен административдик аймактык реформа боюнча жумушчу топ 2018-жылдын ноябрь айында түзүлгөн. Ал топтун башчысы менмин. Айылдарды ирилештирүү гана эмес, бийликтин вертикалын өзгөртүү тууралуу да сунуш долбоорлор даярдалат. Ал боюнча азыр анализ жасалып жатат. Жөн эле мунун кереги жок деп жоюп салуу туура эмес. Мисалы, долбоордо облустарды жоюу сунушталышы мүмкүн же облустарды калтырып, райондорду жоюу сунушталышы мүмкүн.

Вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, азырынча кайсыл айыл кайда кошулары, ирилештирүү кандай болору боюнча так долбоор түзүлүп бүтө элек.

- Мыйзам боюнча ал долбоор Жогорку Кеңештин, элдин талкуусуна коюлушу керек. Бул иш чынында оор. Ошондуктан 2019-жылдын жарымына чейин долбоорду бүтүрүп, парламенттин талкуусуна сунушташыбыз мүмкүн. Жыл аягына чейин талкуу болсо, балким 2020-жылы ишке ашыра баштайбыз. Анткени алдыда эл каттоо, мүлк каттоо деген иштер турат.

Бирок экономист Эркин Абдразаков ирилештирүү демилгесин ишке ашыруу үчүн аз эле убакыт кетет деген пикирде:

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

- Негизи эл каттоо шылтоосу менен да көп иштерди бүтүрүп койсо болот. Бир жыл бою сүйрөлүп жүрө беребизби? Кытай деле элин санап жатат го. Муну эмне үчүн кечиктирип жатканын түшүнбөйм. Биздин бюджетибиз жыл сайын 23 млрд. сом тартыштык менен кабыл алынат. Тышкы карызыбыз 4 млрд. доллардан ашып кеткен. Ички карызыбыз 14 млрд. сомдун тегерегинде. Мисалы, быйыл тышкы карызды төлөөгө бюджеттен 18 млрд. сом кетет. Кыргызстанда 25 миңден ашык чиновник бюджеттен акча жейт. Ушундай шартта алар эмнени күтүп жатканы түшүнүксүз.

Учурда Кыргызстанда 40 район, 31 шаар жана 453 айыл өкмөтү бар. Кыргызстандагы эч кичинекей Эңилчек айыл өкмөтүндө 173 гана адам жашайт. Ушул эле Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң айыл өкмөтүндө 920 адам бар. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 345 адам үчүн Ак-Шыйрак айыл өкмөтү түзүлгөн. Чүй облусунун Кемин районунда да 800 адамы менен Ак-Түз айыл өкмөтү түптөлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG