Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 23:55

Аныктала элек аймактык реформа


Иллюстрациялык сүрөт.

Аймактык-административдик реформа кечеңдеп жатканы тууралуу маселе кайрадан көтөрүлүүдө.

Облустарды жоюунун, райондорду ирилештирүүнүн негизги критерийи кандай болушу керек? Айыл өкмөттөрүн кантип оптималдаштыруу зарыл? Жергиликтүү органдарга бийликти күчөтүү керекпи? Алардын өз бюджети болушу зарылбы? Канткенде мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жолуна түшөбүз? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө сөз кылдык.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча эксперт Алмаз Кулматов катышты.

«Азаттык»: Кыргызстанда аймактык-административдик реформа жүргүзүү маселеси эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери эле көтөрүлүп келет. Бирок жыйынтык чыккан жок. Анын негизги себептерин сиздер эмнеден көрөсүздөр?

Алмамбет Матубраимов.
Алмамбет Матубраимов.

Алмамбет Матубраимов: - Кыргызстанда эгемендүүлүккө чейин эле аймактык-административдик реформалар болуп келген. Республиканын, аймактын кызыкчылыгы үчүн бир районду экинчисине кошуп же бөлүп келишкен. Маселелер комплекстүү түрдө каралчу. Азыр болсо облустарды жоюу, райондорду ирилештирүү деген көп маселелер чыгып жатат. Бизде эки тепкичтүү бюджет иштеп жатат, баары ошого негизделиши керек.

Ортодогу облустук, райондук түзүмдөр каралбай, бюджеттик каржылоодон куржалак калды. Кыргызстанда аймактык-административдик реформаны тезинен жүргүзбөсөк, эч качан өнүгүү болбойт. Качанкыга чейин “облус жоюлса, район кыскарса эмне болобуз, мынча аткаминерди эмне кылабыз” деп коркуп отурабыз? Бизде, облус, район эмес, 17-18 министрликтин кереги барбы? Аны да карашыбыз керек. Илгери 100 пайыз чарба, өндүрүш мамлекеттики болчу, мүмкүн анда ушундай түзүмдөр керек болгон чыгар. Азыр 13 пайыз мамлекеттин менчигинде, биздин жетекчилер дагы эмнени башкарышы керек?

Алмаз Кулматов: Туура, бул багытта реформа жүргүзүү идеясы Аскар Акаевдин учурунан бери эле келатат. Улам шайлоо жакындап калганда эле токтоп калчу. Азыр өкмөт да бул реформаны 2020-жылдан кийин ишке ашырууну болжолдоп жатканын кыйытты.

Баарыбызга белгилүү, 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Азыр аймактык-административдик реформанын негизги концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссиясын түзүү жөнүндө президентибиздин жарлыгы чыккан. «Анда мурда айтылган же болжолдонгон идея-сунуштар, концепциялар эске алынсын, талдансын» деп айтылган. Азыр реформа жүргүзүүнүн принциптери, модели да жок, али иштелип чыга элек.

«Азаттык»: Алмамбет мырза, реформанын айтылып жаткан долбоорунда облустарды жоюу каралууда. Бул түзүмдөрдү жойсок мамлекет кандай утуштарга ээ болот, канчалык зыян тартат?

Алмамбет Матубраимов: Советтер Союзунун учурунда Кыргызстандын элинин жарымынан көбү, 53 пайызын түзгөн азыркы үч облус, бир чоң шаарды кошкондо – бир эле Ош облусу болгон. Ошондо деле натыйжалуу башкарылган. Дүйнөдө аймактарды бөлүүнүн көп тажрыйбалары бар.

Өлкөнүн ички дүн өнүмү, калкынын саны, өндүрүшү, жумушчу күчү ж.б. эске алып аймактарды бөлөт же кошот. Бизде бир облуста 1 миллион 400 миң киши жашаса, бир облуста 200 миң киши жашайт. Экөөндө тең аппарат, экөөндө тең министрликтердин өкүлдөрү, түзүмдөрү бар. Алар эмнени чечип жатат? Ойлонбойлубу? Бизде салыштырма талдоо жок. Азыркы мамлекеттик башкаруу түзүмү шайлоонун жыйынтыгына бийлик каалагандай натыйжа бере албайт. Акыркы президенттик шайлоодо кайсы аймак кимге добуш бергенин көрдүк го. Бийлик аралашты, бирок ал каалаган нерсе болгон жок. Дагы бир маселе: бир айыл өкмөтүндө миң адам жашайт, экинчисинде 80 миң киши жашайт, экөөндө тең эле 25-40тын тегерегинде аппарат кызматкерлери бар. Экөөнүн айырмасы эмнеде, эмне натыйжа болду?

«Азаттык»: Алмаз мырза, аймактык-административдик реформадагы экинчи чоң идея – райондорду ирилештирип, аймактарды түзүү болуп жатат. Ирелештирүүдө негизги критерий эмне болуш керек?

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Алмаз Кулматов: Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы – демократиялык негиздеги жетишкендигибиз эле. Аны биз талкалап алдык.

Мисалы, азыр айыл өкмөттөрү жерге, сугат сууга, жайытка ээлик кылуу укугунан ажыратылган. Учурда аларды башка түзүмдөр башкарат. Элдин саламаттыгын да “ден соолук комитеттери” тейлеп, башкарып калды. Азыркы айыл өкмөттөрү эмне кылат? Алар саясий өнөктүктөрдү уюштуруп, өткөрө турган кошумча куралга айланууда. Аларды оптималдаштыруу зарыл. Аймактарды ирилештирүүдө калктын санына, жайгашкан ордуна, өндүрүштүк күчүнө, ж.б. карашыбыз керек.

Швейцарияны мисал кылалычы: аймагы 41 миң 284 чарчы чакырым, Кыргызстандыкы 199 миң чарчы чакырым. Швейцарияда калктын саны 8 миллионго жакын, Кыргызстанда 6 миллиондон ашык адам жашайт. Швейцариянын ички дүң өнүмү 636 миллиард доллар, Кыргызстандыкы болсо 6,6 миллиард долларды түзөт. Эки өлкө тең тоолуу. Салыштырып көргүлө! Кыргызстандагы 40тан ашык райондорду азайтып, 20нын тегерегинде аймактарга ирилештирсе эмнеге болбосун?

Алмамбет Матубраимов: Швейцарияда облус деген жок, аларда кантон деп коюшат. Аларда 11 эле министрлик бар, бизде канча? Коркпой реформаларга барыш керек. Кыргызстанда 50 миң аткаминердин кыскарып кеткенинен эч нерсе өзгөрбөйт, алар өз ордун табышат. Эгер менин эркиме койсо, мамлекеттик аткаминерлердин 50 пайызын коркпой туруп кыскартмакмын.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG