Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 08:46

Өкмөт акимдердин кадырын көтөрөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнүн, алардын макамын жогорулатуунун жолун издеп жатат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-апрелде Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында бул багытта мыйзам долбоору даярдалганын билдирди.

Кыргызстанда бир канча жылдан бери эле административдик-аймактык реформа жүрбөй, райондорду ирилештирүү, өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрүн жоюу ишке ашпай келет.

Нурбек Молдокадыров Нарындагы эң жакыр деп эсептелген Ак-Талаа районунун акими болуп иштеп жатканына бир жылдан ашты. Анын пикиринде, ушул тапта акимдер көп маселени чече албайт.

«Акимдин колунда бюджет жок, - дейт ал. - Көп учурда маселени чечүүгө ыйгарым укугуң жетпейт. Маселен, министрликтерге сунуш киргизсең, маселе менен кайрылсаң, сунушуңду кабыл албайт, кээде жооп бербей деле коюшат. Менин фондумда, мисалы, 20 миң эле сом бар. Эми ал акчаны эмнеге жеткиребиз? Айрым бир иш-чараларды өткөргөндө эле түгөнөт. Маселен, айыл өкмөттүн кызматына аким үч адамды сунуш кылса, ошол үч адамдын ичинен бирөөнү айылдык кеңештин депутаттары шайласа, кызматтан акимдин сунушу менен алынса деген сунуш бар. Болбосо азыр айылдык кеңешке тууган-уругу менен биригип шайланып келип, өздөрүнүн туугандарын, жек-жаатын, досун айыл өкмөт кылып шайлап алган учурлар жок эмес. Айыл өкмөттөргө сунуш киргизсек, сунушубузду колдобосо, же өздөрү чечпесе, ортодо биз да, эл да чайналып, ынтымак, биримдик кетип, иш болбой жатпайбы. Бизге чексиз деле ыйгарым укуктун кереги жок, баланс, тең салмактуулук болушу керек. Акимдер деле кынтыксыз адамдар эмес. Ыйгарым укугу болгондон кийин анын артында да чоң жоопкерчилик бар. Мага ыйгарым укук берип койсо эле баарын өркүндөтүп-өстүрүп салам деген ойдон да алыс болуш керек. Андан сырткары каражат жактан колдоо керек. Ыйгарым укукту чоңойткон менен акчаң жок болсо, ишиң натыйжалуу болбойт».

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте акимдер тууралуу административдик-аймактык реформанын алкагында сөз кылды. Ал жаңы даярдалган мыйзам долбоорлорунда райондук администрациянын башчыларынын ыйгарым укуктары кыйла кеңейип, макамы жогорулайт деп ишендирүүгө аракет кылды. Өкмөттүн жетекчиси бул чараларды аймактарды өнүктүрүү үчүн зарыл иштер катары чечмеледи:

«2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы болду. Мына ошол маселени карап жатканда өзгөчө жергиликтүү бийликте «акимдердин укуктары жетишсиз, мүмкүнчүлүктөрү жок» деген маселе көтөрүлгөн. Бул маселе боюнча президенттин көзөмөлүндөгү мыйзам долбоорлору силерге келип түштү. Өкмөт бул мыйзамдарды аягына чейин чыгарыш үчүн депутаттар менен бирге конструктивдүү иш алып барууга даяр. Райондордун өнүгүшү үчүн акимдердин жоопкерчилигин күчөтүү жана райондук администрация башчыларынын ишмердигин баалоо боюнча комплекстүү системаны иштеп чыгабыз».

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев жалпысынан беш мыйзам өзгөрүп жатканын билдирди:

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

«Бизде айыл өкмөттөрүнүн деңгээли төмөн. Дотациядан чыга албай, экономикалык-социалдык маселелерди чече албагандыктан өкмөт ушундай жолго барып жатат. Акимдерге түздөн-түз тиешеси бар беш мыйзамды өзгөртүү боюнча коомдук талкуу өткөн. Эми бул жерде Конституцияга, башка мыйзамдарга каршы келген нормалар бар. Мыйзам долбоорлору парламентке келгенде да талкууланат».

Кыргызстанда райондорду азайтып, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктөрүн жоюу маселеси көп жылдан бери эле көтөрүлүп келет. Парламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт башчыны аймактык-административдик реформа жүргүзө албай жатат деп сынга алды:

«Райондорду ирилештирип, акимдерди күчтөндүрүп, алар премьер-министр менен түздөн-түз иштеши керек. Мамлекеттик башкаруудагы облустук деңгээл негизи Конституцияда да, мыйзамдарда да каралган эмес. Премьер-министр өзүнүн аймактагы өкүлчүлүктөрүн өзүнүн буйругу менен эле жоюп койсо болот. Айыл өкмөттөрдү да ирилештириш керек. Бирок өкмөт башчы ага бара албай жатат».

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев губернатор институтун жоюу боюнча демилгени колдойт. Аны менен катары облустук мекемелердин баары жоюлушу керек деп эсептейт.

Бакыт Рыспаев.
Бакыт Рыспаев.

«Акимдер негизи элге жакыныраак да. Райондук администрацияларды калтырса болот. Бирок облустук түзүмдөрдү тезинен жоюш керек. Себеби, ал жакта же бюджет жок, же элге жакын эмес. Айрым губернаторлор өздөрү деле «эмнеге отурганыбызды өзүбүз түшүнбөйбүз» деп айтып жатышыптыр. Негизи облустагы түзүмдөрдүн баарын жоюш керек. Алар ашыкча, бири-бирин кайталап, бюджеттеги каражатты коромжу кылып, пайда-батасы жок эле отурушат», - деди ал.

Кыргызстанда жети облус, 40 район бар. 2016-жылы өзгөргөн Баш мыйзамга ылайык, президенттин, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейген жана акимдерди дайындоо, кызматтан алуу өкмөт башчыга берилген. Ага чейин район жетекчилерин айылдык кеңештин депутаттары шайлачу жана бул ызы-чуу менен коштолгон учурлар да көп катталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG