Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:35

Өгөйлөнгөн өз алдынча башкаруу


Форумдун катышуучулары.

Кыргызстанда аймактардын өнүгүшүнө бийликтин айыл өкмөттөргө койгон ашыкча талаптары кедергисин тийгизүүдө.

Бул маселе 3-июлда Бишкекте аймактарды өнүктүрүү маселесине арналган форумда көтөрүлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 100дөн ашуун өкүлү аймактардын натыйжалуу өнүгүшү үчүн мамлекет менен өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин талкуулашты.

Айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "негизги жумуштар айыл өкмөттө жасалганы менен анын үзүрүн жогорку баскычтагы аткаминерлер көрүп жатат" деп нааразылыгын билдиришти. Өкмөт өкүлүнүн маалыматына караганда, аймактарды реформалоонун алкагында элеттен өндүрүлгөн салыкты жергиликтүү бюджетке калтыруу демилгеси көтөрүлүп жатат жана ал келерки үч жылда ишке ашат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарды өнүктүрүү багытында мамлекет менен кызматташтыгына арналган форумда айыл өкмөттөрдүн түйшүгү кызуу талкууланды.

Иш көп, кадр жетишсиз

Нарындын Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова жергиликтүү бийликтин жасаган иши көз жаздымда калып жатканына кейип, форумга катышып отурган жүздөн ашуун адамды маселеге көңүл бурууга чакырды:

Гүлмайрам Үчүгөнова.
Гүлмайрам Үчүгөнова.

- Конституция боюнча бийликтин эң чоң бутагы жергиликтүү бийлик болушу керек. Кыргызстанда эмне иш жүрүп жатса, анын баары айыл өкмөттөр аркылуу ишке ашырылууда. Акимдин отчету да, губернатордун отчету да биздин – айыл өкмөттөрдүн отчету. Министрликтер, айыл өкмөттөрдө штаттарды көбөйтүп бергиле. Толтура милдеттерибиз бар, бирок физикалык жактан жетишпей жатабыз. Кээде түн ортосуна чейин иштейбиз. "Штат кыскартуу" десе эле айыл өкмөттөрдөн башташат. Айыл өкмөттөрдө иштин көлөмү чоң. Кыскарткыңар келсе облустук, райондук администрацияларды карагыла. Бир күнү райондон келип текшерсе, эртеси облустан келип текшеришет. Жыйындан жыйынга эле барып жүрөбүз. Биз иштешибиз керек.

Форумдан бир көрүнүш.
Форумдан бир көрүнүш.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев бул маселе изилденгенин, жакынкы жылдары өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин билдирди:

- Буга конкреттүү баа бере албайм. Менин компетенцияма кирбейт. Президентибиз да айтып атат, реформага барабыз.

Салиевдин айтымында, өкмөт жер-жерлерде өндүрүлгөн киреше салыктарын жүз пайыз айыл өкмөттөрдө калтырууга аракет кылууда. Муну менен аймактардагы каржылык көз карандылыкты жоюу максаты коюлган. Азыр жер-жерлерде чогултулган салыктын 50 пайызы республикалык бюджетке берилет.

- Былтыр ноябрда муну сунуш кылганбыз. Республикалык бюджеттин шартына жараша 2019-жылы салыктын 70 пайызы, 2020-жылы 85, 2021-жылы 100 пайызы жергиликтүү бюджетте калат, - деди Салиев.

Форумдун катышуучулары.
Форумдун катышуучулары.

Ал эми форумдун уюштуруучуларынын бири, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруучу төрайымы Надежда Добрецова жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары унутта калып жатып калганын белгиледи:

- Биз жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары мамлекеттик саясатта чагылдырылышы керек экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул үчүн ЖӨБ органдары менен мамлекеттин ортосунда саясий диалог, туруктуу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү талап кылынат. Конституция ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын ажыраткан. Бирок бул ишти бөлүш үчүн эмес, агартуучулук, так жана уюшкан иш жасоо, бийликтин ар бир бөлүгү өз милдетин билип, сапаттуу иштей алган, ошондой эле башка бөлүктөр менен иш алып бара алган системаны түзүү максатын көздөйт.

Колду байлаган көз карандылык

Жергиликтүү бийлик органдарынын маселесин бир канча жылдан бери изилдеп жүргөн “Интербилим” уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева бул кадам да бардык айыл өкмөттөрдүн маселесин чечпей турганын айтты. Анткени расмий маалыматка ылайык Кыргызстандагы 453 айыл өкмөттүн 82 пайызы дотацияда отурат:

Гүлгакы Мамасалиева.
Гүлгакы Мамасалиева.

- Бизде айыл өкмөттөрдүн 82 пайызы дотацияда отургандыктан, өкмөттүн салыктарды 100 пайыз жеринде калтыруу кадамы баарына бирдей пайда алып келбейт. Өндүрүшү көп аймактарга гана жакшы. Айыл өкмөттөрдүн ишин жандантуу жана каражатка көз карандылыгын азайтуу үчүн киреше салыгын гана эмес, сатуудан түшкөн салыктарды да жергиликтүү казынада калтырыш керек.

Кыргызстанда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Гүлгакы Мамасалиеванын айтымында, жарым жылда дээрлик эч кандай өзгөрүү байкала элек. Андыктан ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандылыктан арылып, өнүгүү маселеси орчундуу бойдон калып жатканын белгиледи:

- Аймактарды өнүктүрүү жылын жарыялоодон үч жыл мурда тийиштүү программа иштелип чыгышы керек болчу. Кантип өнүктүрөбүз? Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жергиликтүү бийлик кандай кадамдарды жасап, кандай милдеттерди аткарышы керек? Бул жөнүндө эч кандай алдын-ала иштер жасалган жок.

Форумда айылдык кеңештердин депутаттарынын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси да козголду. Кээде эл өкүлдөрү жеке кызыкчылыгына байлап, үстөмдүк кылганн учурлар болуп жатканы, ошондон улам айыл өкмөт башчылары айрым маселелерди чече албай калып жатышканы белгиленди.

Жыйынды Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, бул чөйрөдө көп жылдан бери бир топ долбоорлорду ишке ашырып келаткан Өнүктүрүү саясат институту, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG