Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Чырга чыдабаган инвесторлор


Беш-Арал коругу. Чаткал.
Беш-Арал коругу. Чаткал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда өткөн тогуз айдын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициялар кескин азайып, 31,5 пайызды түздү.

Муну талдооочулар өлкөдө инвестициялык климаттын начарлаганы жана өкмөттүн сырттан түз инвестиция тартуу саясатынын солгундаганы менен байланыштырып жатышат.

Айрыкча буга чейин салттуу чет элдик инвестиция болуп саналган тоо-кен тармагына келчү каржылык салымдын агымы азайды. Бул кен казуучу компаниялар менен жергиликтүү калктын ортосундагы пикир келишпестиктердин жана чыр-чатактардын көбөйүшү менен шартталган.

Кескин азайган тышкы салым

2018-жылдын январь айынан сентябрга чейинки тогуз айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Кыргызстанга келген чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 31,5 пайызга кемиген.

Мисал үчүн, өткөн 2017-жылдын ушул мезгилинде 503,2 миллион доллары өлчөмүндө чет элдик түз инвестиция келип түшсө, 2018-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 344,9 миллион долларды түздү.

Айрыкча Канада, Нидерланд, Кытай, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдөн келчү инвестициянын көлөмү 1,6 пайызга азайган. Тескерисинче, КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция агымы 1,4 пайызга көбөйгөн.

Улуттук статистика комитетинин өкүлү Камила Тукеева чет элдик түз инвестициянын азайышынын себебин төмөндөгүдөй жагдайлар менен байланыштырды:

- 2018-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы чет өлкөлүк түз инвестициянын агымы азайган. Анын негизги себеби пайдалуу кен өндүрүшүнө, кайра иштетүү тармагына, геологиялык чалгындоого, каржылык ортомчулукка, камсыздандыруу тармагына, өндүрүштүк ишканаларга, маалымат-байланыш тармагына келген түз инвестициялардын кескин азайышы болду.

Чет өлкөлүк түз инвестициялар Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарында кескин азайган. Ал эми чет элдик инвестициялардын көлөмү бир аз арбыган же мурдагы жылдардагы деңгээлде сакталып калган аймактар катары Бишкек шаары, Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Ош облустары белгиленген.

Мындан сырткары өлкөдөн чыгып кеткен чет элдик түз инвестиция көбөйгөнү байкалган. Бирок ошол эле учурда чет элдик капиталдын сыртка агылышы былтыркы жылдын тогуз айына салыштырмалуу 4,7 пайызга азайып, 328,1 миллион долларды түздү. 2017-жылы өлкөдөн сыртка чыккан чет өлкөлүк капиталдын агымы 344,3 миллион долларды түзгөн.

Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков ишенбестиктен улам чет элдик капитал тургай Кыргызстандын ички инвесторлору да каражатын сыртка чыгарып кетип жатышканын айтты:

- Биздин көптөгөн ишкерлер өз каражаттарын инвестиция катары чет өлкөлөргө жумшап жатышат. Айрыкча биздин ишкерлер Орусияга, Түркияга жана Казакстанга өз капиталын чыгарып, ошол жакта ишкердик менен алектенүүнү туура көрүп жатышат. Демек, биздин ишкерлер Кыргызстандагы инвестициялык климатка ишенбейт. Анткени бизде ишкердикти негизсиз текшерүүлөр көп жана бизнести коргоо жаатындагы маселелер дагы эле чечиле элек.

Коркутуу менен коштолгон чыр-чатак

Кыргызстанда адатта чет элдик түз инвестициялардын агымы негизинен тоо-кен тармагына багытталган. Бирок талдоочулардын баамында, кийинки убакта Тогуз-Торо районундагы "Макмал-Алтындагы", Кадамжайдын Шамбесай кениндеги жана Чаткалдагы алтын кендерине байланышкан чатактар жалпы инвестициялык климатка терс таасирин тийгизген.

"Кыргызалтын" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмазбек Алимбеков Чаткалдын Терек-Сай айылындагы милиция менен жергиликтүү калктын жаңжалына чейин эле инвестордун коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдай болгонун белгиледи:

- Жанагы жаңжал чыккан окуяга чейин эле бир кылмыш иши козголгон. Анткени ага чейин эле биздин инвесторду коркутуп-үркүтүп, ыдык көрсөткөн окуя болгон. Анан ал инвестор бизге кат жазып: "Мындай көрүнүш улана берсе, Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болобуз. Биз мындай шартта иштей албайбыз. Эгерде менин коопсуздугумду камсыз кылып бере албасаңар, анда эмнеге мен бул жакка келип, инвестиция жумшап жатам?" деген. Мамлекет инвесторго шарт түзүп берип, коопсуздугун камсыз кылышы керек. Биз ошондуктан ал жерге милициянын блок-постун коюп, коопсуздугун камсыздоо маселесин чечели дегенбиз. Эгер биз аны коргой албасак, анда ал эртең эле кетип калат. Анан кайра эле ошол жергиликтүү эл зыян тартат. Анткени 350 адам ошол кенде иштеп, үй-бүлөсүн багат.

Анткен менен атайын кызматтын ардагери Максат Мамытканов тоо-кен тармагындагы инвестициялык климаттын начарлашы үчүн бийликти айыптады.

Ал жергиликтүү калк кендин лицензиялары коррупциялык жолдор менен берилгенине каршы чыгып жатканын белгиледи. Эксперт чыр-чатактын себептери ошол жакта экенин айтты:

- Ошол жактагы кенди иштетүүгө уруксат бериле элек. Ал жакта чалгындоо иштерин жүргүзүүгө гана лицензия берилген. Ал жакта канча алтын жана канча сурьма бар экенин мамлекет өзү билбейт. Анткени чалгындоо иштери толук бүтө элек. Бирок ал кендин лицензиясы алдын ала эле сатылып кеткен экен. Жергиликтүү калк ушуга каршы чыгып жатат.

Улуттук статистика комитетинин салыштырма талдоосу боюнча Кыргызстандан чыгып жаткан чет элдик капиталдын агымы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусияга жана Казакстанга кеткен.

Бул эки өлкөгө чыгып кеткен чет элдик түз инвестициянын агымы 2,7 эсе көбөйгөн. Кыргызстандын азыркы жана буга чейинки жетекчилери өлкөнүн инвестициялык климатын оңдоп, ишкердик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жөнүндө дайыма убада берип келишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG