Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Кен үчүн курчуган Чаткалдагы чатак


Терек-Сай кени.
Терек-Сай кени.

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында кенге байланыштуу дагы бир чыр чыкты. Күч кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосундагы жаңжалдан улам төрт киши жабыркап, айрымдары ооруканага жаткырылды.

Терек кенине байланышкан жаңжал жергиликтүү тургундар менен атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрүнүн мушташы менен коштолду. Окуя 6-ноябрда болгон.

Терек-Сай айылынын тургуну Нурлан Сымановдун айтымында, ал ошол күнү жылкы айдап келгени бараткан. Бирок мал жайылган аймакты “Эти Бакыр Терексай” компаниясы тостуруп алгандыктан ал жерди кайтарган күч кызматкерлери аны коё берген эмес.

- Мурда эч кандай тосмо жок болчу, - деди Нурлан Сыманов. - Пост болсо кечээ жакында гана коюлуптур. Биздин айылдын малы ар дайым ошол жерге жайылат. Ал жерден уй, жылкы айдайбыз, кой да ушул аймактан чыгат. Булар болсо пост коюп алып адамдарды өткөрбөй жатат. Мени да өткөрбөй коюп ортодо түшүнбөстүктөр чыгып кетти. Мени алып кирип төртөөлөп тепкилешти. Муунтуп, колумду кайрып, жерге жаткырып сабашты.

Сыманов учурда ооруканада дарыланып жаткан экен. Ал токмоктолгондон көп өтпөй айылдын эли чогулуп келип кендин аймагын кайтарып турган Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын үч кызматкерин сабаган. Маалымат боюнча арасында башы жарылып, элден качып баратып бутун сындырып алгандар да бар.

Жергиликтүүлөр “Эти Бакыр Терексай” ишканасы өкмөткө улам-улам арыз жазып жатып кендин аймагын тостуруп алганын, кийинчерээк "коопсуздук үчүн" деген жүйө менен күч кызматкерлерин да алдырып келгенин билдиришти.

Окуя боюнча Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков буларды кабарлады:

- Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков келип, жергиликтүү элдин арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүш керек экенин айтты. Азыр ал жакта баары көзөмөлдө, абал туруктуу. Чыр чыккандан кийин эки тарап тең арыз жазган эмес.

Ал эми кенди иштеткен түркиялык “Эти Бакыр Терексай” компаниясы тескерисинче жергиликтүү элди айыптап чыкты. Ишкананын директорунун орун басары Бусурманкул Субанов “тургундар компания иштеп аткан жерден мыйзамсыз сурма казууда” деп билдирди:

- Биз пост койгон жер жайыт эмес, кен чыккан жер. Ал жерде чоң-чоң техника каражаттары иштейт. Буга чейин ал жерде мыйзамсыз кен казылып келген. Азыр болсо алар биздин ишке жолтоо болбошу керек да. Эч кандай салыгы жок, мыйзамсыз эле канча деген сурма казылып, айрым адамдар аркылуу Кытайга сатылып жатат. Ал эми “Эти Бакыр Терексай” кенди мамлекетке 20 млн. доллар төлөп сатып алган. Алар сатылып алынган кенден мыйзамсыз кен казып атышат. Бул жерде кимдин укугу тебеленди? Ошондуктан пост коюлган болчу.

Терек-Сайдагы бул жолку жаңжалдын арты менен буга чейин көтөрүлүп келген маселелер да козголду. Жергиликтүү активист Юлдаш Даминов түркиялык “Эти Бакыр Терексай” ишканасы менен бийликке бир канча дооматтарды койду:

- Биз көчөгө чыга албай калдык. Терек-Сайда үч миң эл жашаса, анын ар бирине бирден милиция туура келет. “Эгер журналисттерге интервью берсеңер "мамлекеттин кызматкерин сабады" деп балдарыңарды камап таштайбыз” дешти. Бирок мамлекеттин адамдары биринчи болуп өздөрү кол көтөрдү. Андан тышкары Терек-Сайдагы айылдан 800 метр ары жерде эле азыр казуу иштери жүрүп жатат. Ал жерге цианид менен иштеген завод, дамба курулат экен. Биз түрктөр менен сүйлөшүп “заводдун курулушуна каршыбыз” десек, “баары бир курабыз” деп жатышат.

Чаткалда кен иштетүүчү компаниялардын ишине нааразы болгондор президент Сооронбай Жээнбековго, парламентке, өкмөткө кайрылуу жиберишкен. Анда Терек-Сай аймагына “Эти Бакыр Терексай” цианид колдонуу менен алтын чайкоочу фабрикаларды кура баштаганы көрсөтүлгөн.

Компаниянын жетекчисинин орун басары Бусурманкул Субанов фабрика салына элек экенин белгилеп, бирок “цианид колдонулат” деген сөздөрдү тастыктады:

- Алтынга байланышкан жерде цианид колдонулат. Алтынды тазалап (доре) алыш үчүн анын технологиясы ушул экен. “Кумтөр”, “Алтынкен”, “Макмал” деле цианид менен иштеп атат. Биз башкаларга окшоп жаап-жашырып “цианид колдонбойбуз, башка технология менен иштейбиз” деген жокпуз. “Ооба, цианид колдонулат, бирок экологиялык, техникалык талаптарга жооп берген заманбап фабрика курулат” деп айтып жатабыз.

Бусурманкулов алтын чайкоочу фабриканын долбоору учурда даярдалып жатканын билдирди. Муну Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Ашырбаев да бышыктады.

Аталган айылдын жергиликтүү кеңешинин депутаты Нурлан Каныбеков кендин айланасындагы талаш-тартыштар тууралуу буларга токтолду:

- Келген инвестор “пайда келтирейин” дебейт экен. "Бирди берип, онду алайын" деген эле инвесторлор. Бул кызматка келгениме эки жыл болду. Андан бери көп ызы-чууга аралаштым. Мыйзам боюнча кен элдин жыргалчылыгы үчүн казылыш керек. Инвестор болсо жогору жакка акчаны берип коюп каалаганын жасай берет экен. Мен жергиликтүү кеңеште деле айылдын көп маселесин чечсем болот. Бирок ал жерге да өздөрүнүн кишилери келип калат экен.

Түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы 2015-жылы Терек-Сайдагы кенди иштетүү боюнча конкурска катышып, кенди 20 млн. долларга сатып алган. Учурда “Эти Бакыр Терексай” ишканасында “Кыргызалтындын” 25 пайыз акциясы бар.

Компания Терек-Сай айылына жыл сайын кеминде 15 млн. сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүү милдетин алган. Буга чейин ишканада 300дөн ашык жергиликтүү тургун иштеп келсе, азыр алардын саны 200гө чейин азайып кеткен.

Чаткал: Алтын кенинде уюган кылмыштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:44 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG