Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Цианидден жалкыгандар бийликке кайрылды


Чаткал району.
Чаткал району.

Чаткал менен Ала-Буканын жашоочулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аймактагы алтын казуучу компаниялардын экологиялык эрежелерди сакташына көзөмөл жүргүзүүнү суранышты.

Кайрылууда цианид колдонуу аркылуу алтын тазалоочу фабрикалар аймакта көбөйүп, бирок уу калдыктарын сактоочу жайлардын курулушу талапка жооп бербей жатканы көрсөтүлгөн.

Цианиддин абага жана сууга аралашып кетишине жол бербеш үчүн чара көрүлбөгөнү айтылып, экологиялык кырсык болсо, анын кесепеттери оор болору эскертилген. Жергиликтүү бийлик аймактагы алтын казуу иши тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Катар-катар курулган алтын чайкоочу фабрикалар

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго, парламентке, өкмөткө жиберилген кайрылууда Ала-Бука, Чаткал аймагындагы алтын казуучу компаниялардын ишин мамлекеттик деңгээлде текшерүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Анда Чаткалдын Терек-Сай аймагына түркиялык "Эти Бакыр" жана "Голден Винге" компаниялары цианид колдонуу менен алтын чайкоочу фабрикаларды кура баштаганы көрсөтүлгөн. Алардын артынан Үңкүр-Таш, Сарай-Сай, Чапчыма, Чуулдак, Кичи-Чаарат, Сары-Талаа-Көлмө алтын кендерин иштетүүчү компаниялар да цианид колдонуу менен алтын тазалоо өндүрүшүн курууга белсенип жатканы белгиленген.

Жергиликтүү жарандык активист Мирлан Мырзаев цианид аралашкан уу калдыктары сууну жана абаны булгай турган коркунучу көп экенин айтты:

- Азыркы кезде Иштамберди кенинде дагы эле натрийдин цианиди дегенди колдонуп жатышыптыр. Анын зыяндуулугу байкала баштады. Азыр эми "Эти Бакыр" жана "Голден Винге" деген түрктөрдүн эки компаниясы бири бирине атаандашып, Терек-Сайга алтын чайкоочу фабрика курганы жатышат. Иштамбердини иштеткен кытайлык "Фулл Голд Майнинг" компаниясы "химиялык "циньсин" деген затты колдонуп жатабыз, анын зыяны деле жок" деп алдап келишкен. Лабораториядан булардын кагазын алдырсак, ал заттын формуласы натрийдин цианиди экен. Бул деген цианиддин эң күчтүү түрү. Анан уу калдыктарын сактоочу жайларды эптеп эле куруп коюшкан. Андагы ууланган суу сарыгып чыгып, жер астындагы сууга кошулуп, ал аркылуу эл ичкен таза сууга кошулуп кетсе эмне болот? Абаны жана сууну уу зат менен булгай турган ошондой чоң коркунуч бар.

Кайрылууда алтынды тез арада жана чоң өлчөмдө чайкап, бөлүп алыш үчүн көп цианид колдонулуп, тонналаган алтын жана кошулмалар четке чыгарылып кетип жаткан учурларды текшерүү керек экени айтылган. "Зыянсыз" деген "циньсин" кошулмасы колдонулганда деле ал абага буулана турган синиль кислотасын бөлүп чыгараары, ал бул аймакты кургатып, чөлгө айланта ала турган уу экени белгиленген. Ошондуктан кайрылууда цианид жана ал сыяктуу зыяндуу заттарды колдонуу менен алтын өндүргөн компаниялардын лицензияларын чакыртып алуу жөнүндө сунуш киргизилген. Талапка жооп берген гана калдык сактоочу жайларды курууга уруксат берип, аларды тынымсыз көзөмөлдөө маселеси көтөрүлгөн. Ошондой эле суунун жана абанын булганышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө талабы коюлган.

Коопсуздуктун чаралары

Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев эки фабрика курула турганын ырастап, бирок алар экологиялык эрежелерди сактоого кепилдик бергенин айтты:

Канжарбек Эшалиев.
Канжарбек Эшалиев.

- Ооба, чынында эле алтын чайкоочу эки фабрика курулганы жатат. Алар ошол жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн 15 адамды Түркияга алып барып, ал жактагы алтын чайкоо ыкмалары менен тааныштырып келишти. Алар барып көрүп келип, эгерде ал жактагыдай технологияны сактоо менен фабрика жана уу калдыктарын сактоо жайы курулса, анда анын зыяны жок экенине ынанышыптыр. Ал жактан келип, алар элге азыр мунун пайда-зыяны боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул делегацияны менин биринчи орун басарым жана айыл аймагынын башчысы баштап барып келишти. Анда алар "эгерде алтын чайкоодо цианидди өлчөмү менен пайдаланса зыяны жок, ал эми өлчөмдөн ашып кетсе зыяндуу" деген жыйынтыкка келишти.

Ошол эле учурда тоо-кен тармагы боюнча адистер Кыргызстандагы көпчүлүк компаниялар алтынды цианид колдонуу менен тазалап чыгарууга ыңгайланышканын белгилеп келишет. Анткени бул ыкма чыгымды аз талап кылып, алтын казуудагы натыйжалуу ыкма болуп эсептелет.

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов эгерде экологиялык эрежелер сакталса, анда анын зыяны жок деген пикирде:

Базарбай Мамбетов.
Базарбай Мамбетов.

- Цианидди колдонгондо эрежелерди так сактап, анын башка жакка агып кетишинин алдын алуу зарыл. Ал башка нерсеге аралашып кетпеши керек. Ошондой коопсуз шартта гана аны колдонсо туура болот. Азыр дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөрдө цианид колдонуу менен алтынды чайкап алуу ыкмасы кеңири жайылган. Бул жерде маселе цианидде эмес. Башкысы - алтын чайкаган цианид аралашмасы сактала турган уу калдыктарын сактоочу жайдын коопсуздугу бекем болушу зарыл. Ошондо гана аны зыянсыз колдонсо болот. Эгерде ал жайда жана фабиркада экологиялык эрежелер так сакталбаса, анда цианид эле эмес, башка заттарды колдонуу деле коркунучтуу.

Буга чейин Кыргызстандагы экологиялык кыймылдын башында турган коомдук уюмдар алтын казуучу компанияларды цианид колдонуудан баш тартууга үндөп, экологияга зыянсыз ыкмаларды колдонууну талап кылып келишкен. 2012-жылы ошол кездеги өкмөттүн буйругу менен Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен "Фулл Голд Майнинг" компаниясына цианид колдонууга тыюу салынган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG