Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Чаткал: Алтын кендеги уюган кылмыш


Беш-Арал коругу.
Беш-Арал коругу.

Жалал-Абаддын Чаткал районунда алтын кендерине байланыштуу мыйзамсыз иштерге жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашканбы? Кенди кримчөйрөнүн лөгү атыккан адамдар кармап, үлүш алып турабы?

Былтыр Чаткалдагы Беш-Арал коругу, анда жайгашкан Найза алтын кенинин айланасында кызыктуу жагдайлар башталган. 20-июнда коруктун жанындагы Ак-Таш айылында Чаткал айыл өкмөт башчысы Бакыт Исабеков, "Мурас Синтез" фирмасынын өкүлдөрү катышкан жыйын өткөн.

"Азаттыктын" колуна тийген документтерге ылайык, анда негизги максат - бул фирмага Найза кенинен чачыранды алтынды жууп алганга уруксат алуу болгон. Найзадан алтын казууга элдин макулдугу берилсин деген 41 адамдын колу коюлган токтом кабыл алынган.

Дароо эле райондун акими Канжарбек Эшалиев "Чек араны тейлөө үчүн жол куруу, эски жолду оңдоо, кошумча чек ара бекетин салуу, буга байланыштуу коруктан 200 гектар жерди "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясынан "Өнөр жай, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу үчүн комиссия түзүү тууралуу" буйрук чыгарган. Райондун акиминин биринчи орун басары Жуманалы Накетаев жетектеген комиссиянын курамында "Мурас Синтездин" директору Исламбек Каримов да болгон.

Коруктан алтын казуу аракети башталганын жарандык активист Абдыжапар Нурдинов айтып чыккан. Найзанын алтынына кол салуу аракети башталганы тууралуу тиешелүү органдардын баарына, Жогорку Кеңешке, президентке чейин бир канча жолу кат-кайрылуу жөнөтүлгөн. Бирок райондун прокурору Насыр Бообеков бул фактыны териштирүүдөн, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция да Советтер союзунун тушунда салынган 17 чакырым эски жол гана оңдолгонун айтып, алтын кенди көздөй жаңы жол чабыла баштаганын караманча эле төгүнгө чыгарып туруп алышкан.

"Мурас Синтез" фирмасынын пайдасына токтом токуган айыл өкмөт башчы өзү кол койгон документке карабай алтын казуу аракети башталганын танып келет. Иш-аракети мыйзамдуу болгон деп эсептейт. Райондун акими Канжарбек Эшалиев коруктун ичиндеги 200 гектар жерди трансформациялоо тууралуу чечимин жол үчүн күйүп-бышканы менен түшүндүрүп жатат.

Беш-Арал коругу.
Беш-Арал коругу.

Чек ара кызматы жергиликтүү бийликке кошумча чек ара бекетин куруп берүү, жол салууга көмөктөшүү тууралуу кайрылбаганы ачыкка чыкты. Чек ара кызматынын төрага орун басары Абдикарим Алимбаевдин колу коюлган катта кошумча чек ара бекетин куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу кайрылуу болбогону, чек арачылар 17 чакырым жолду өздөрү эле оңдоп алышканын, "Мурас Синтез" көмөктөшпөгөнү айтылат.

- Беш-Арал мамлекеттик коругунун аймагында чек ара заставасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси менен кайрылуу болгон эмес. "Найза-Сай" убактылуу чек ара посту жыл сайын жай мезгилинде коюлат жана коруктун аймагына башка блок-посттор коюлбайт.
Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери 2017-жылдын 9-июнунан 21-июнга чейинки мезгил аралыгында Беш-Арал мамлекеттик коругундагы "Баркырак" тилкесине чейинки узундугу 17 чакырым болгон эски жолду оңдоп-тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. "Мурас Синтез" тарабынан жолду тазалоо иштерине эч кандай жардам жана көмөк көрсөтүлгөн эмес.

Беш-Арал коругу.
Беш-Арал коругу.

Деген менен коруктагы алтын маселесин козгоп чыккан жарандык активисттин бир канча кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция 19-майда барып пландан тышкары текшергенге мажбур болгон. Анда мыйзамсыз беш чакырымдан ашык жол салынганын аныктаган жана 18 миң сом айып салган. Жер кыртышы бузулуп, арча-бадал кыйылып, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян 2,5 миллион сомдон ашык деп эсептелип, доо талап жөнөтүлгөн.

Чаткал райондук прокуратура "Мурас-Синтез" жана Беш-Арал коругунун жооптуу кызматкерлерине 11-июнда кылмыш ишин козгогон. Бирок бул иште райондук прокуратуранын өзүнүн, жергиликтүү бийликтин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбай жатканына нааразылар бар.

Эми ушул жерден кол тийгиc коруктун ичинде кен казууга батынып чыккан, райондун акими, айыл өкмөт баш болуп коргоп-колдоп чыккан "Мурас Синтез" жана фирмасы жана анын кожоюндары тууралуу кеңири сөз кылалы.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Мурас Синтез" жоопкерчилиги чектелген коом былтыр ноябрь айында кайра каттоодон өткөн. Ишмердиги: "Жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казуу" деп жазылган. Жетекчиси Каримов Исламбек Исмаилович, ал эми негиздегендер Сактанов Султан Жээнбекович менен Адиева Айчүрөк Манасбековна деп көрсөтүлгөн. Каримов менен Сактанов тууралуу дээрлик эч кандай маалымат жок. Интернеттен Айчүрөк Адиева деп издегенде кызыктуу маалыматтар чыгат.

Президентке көлөкө түшүргөн Эркин Мамбеталиев

Президентке көлөкө түшүргөн Эркин Мамбеталиев

“Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы соңку чуулуу окуяларга байланыштуу Эркин Мамбеталиевдин ысымы көп аталып жатат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы, уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү делген, оор кылмыштар боюнча айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган, бирок бир эмес, эки жолу абактан бошоп чыккан, Эркин Мамбеталиевдин жубайынын аты-жөнү Айчүрөк Адиева.

2015-жылы Таластагы Жерүй алтын кени боюнча өткөн сынакка "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы британиялык "Unity Gold Mining" компаниясы менен чогуу катышкан. "Кыргызалтындын" ошол кездеги жетекчиси Токон Мамытов бул компаниянын ага чейинки аты "Bogras Company" болгонун, 2012-жылдан тарта бирге иштешип келе жатканын айткан. Анын артында араб инвесторлору турат деп маалымдаган. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бир деп Айчүрөк Адиева деп көрсөтүлгөн.

2015-жылы 31-августта журналист Шайырбек Маматокторов токмок жеген окуяда да Айчүрөк Адиева жана анын иниси делген Мээрбек Адиевдин аты аталган. Мээрбек Адиев журналисттин сабалышы тууралуу дооматтардын баарын четке каккан. Деген менен "Фейсбуктагы" баракчасында "ушул пост 100 колдоо чогултса, Эркин Мамбеталиев Бакиевдердин сазайын берет" деген мазмундагы билдирүүнү бөлүшкөнүн көрүүгө болот.

Мээрбек Адиев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Улуу Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан жана 41-орунда турган. Партиянын лидерлери талапкерлердин дээрлик басымдуу бөлүгү дин жолунда жүрөрүн ачык жарыялашкан жана кудайды көп оозанганы менен эсте калган. Бул партиянын артында Эркин Мамбеталиев турат деген дагы сөздөр чыккан. Мамбеталиев өзү муну ошол кезде бышыктаган да, төгүндөгөн да эмес.

Финансы министрлигинин Ачык бюджет порталындагы маалыматка ылайык, "Мурас Синтез" 2016-жылдын аягынан ушул күнгө чейин бюджетке 1,5 миллион сомго жакын акча төлөгөн. Каражаттын баары чет өлкөлүк жарандарды, тактап айтканда кытай жарандарын жумушка алуу боюнча уруксат алууга, визасын узартууга байланыштуу чыгымдар болгон. "Мурас Синтез" кайсы бир аймакта кен казып жатканы тууралуу да маалымат таба албадык. Бирок алар жалдаган кытай жарандары кандай жагдайда келген, эмне иш кылышарын тактоо мүмкүн болгон жок.

Биз "Мурас Синтез" фирмасынын кожоюндарын издеп, негиздөөчүсү Султан Сактанов менен гана телефондон байланыша алдык. Ал өнөктөшү Айчүрөк Адиева тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Беш-Арал коругунда суунун жээгинде алтын чайкоо пландары бар экенин, азыр деле андан баш тартыша электигин ырастады.

- Мен Султан Сактанов. Мен ал (Айчүрөк Адиева - ред.) тууралуу билбейм. Мен азыр аппарат иштетип жаткан жердемин, эч нерсе угулбай жатат. Башка иштер менен жүрөм, Оштомун. Каримов Ислам такай Бишкекте болот. Телефонун бере албайм. Ал жакта Өзбекстан кайра-кайра жыла бергенинен биз жол салып берсек, ошол жакты иштеткенге уруксат алып, чек арага чейин жол болуп калат деген долбоорлор бар эле. Макулдугун берип, бизде баары эле мыйзамдуу кетип жатат. Ал жер корукка кирбейт. Суунун жээгинен эле казабыз. Биздики чачыранды алтын.

Беш-Аралдагы Найза алтын кенин көздөй жол салуу фактысы боюнча "Бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу", "Жерди бузуу", "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен Чаткал райондук прокуратура кылмыш ишин козгогон. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, райондук администрациянын жооптуу кызматкерлери мыйзам бузууга жол бергени аныкталды деп айтылган. Бул кылмыш ишти учурда УКМКнын Жалал-Абад облустук бөлүмү тергеп жатат.

Макаланын уландысын видеодон көрүңүз.

Чаткал: Алтын кенинде уюган кылмыштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:44 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG