Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 17:11

Чаткалда жайгашкан өзгөчө коргоодогу Беш-Арал мамлекеттик коругунун аймагынан алтын кендерине ээлик кылууга уруксат берилип жаткан фактылар ачыкка чыгууда.

Чаткалдагы жергиликтүү жарандык активисттер былтыр 2017-жылы коруктун ичиндеги Ийри-Сай алтын кенине лицензия берилип кеткенин жана быйыл чек арачыларга жол салуу шылтоосу менен Найза тилкесиндеги алтын кенине уруксатсыз жол салынганын айтып чыгышты.

Егерлер билбеген, бирок эл билген чындык

Былтыр 2017-жылы январь айында Чаткалдагы Беш-Арал мамлекеттик коругунун аймагындагы Ийри-Сай тилкесинде жайгашкан алтын кени боюнча аукцион өтпөй калган.

Буга анын "Өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары жөнүндө" мыйзамга каршы келгени себеп болгон. Анткени Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитети сатыкка сунуш кылган алтын кени мамлекеттик коруктун аймагында жайгашканы ачыкка чыккан. Ошондуктан аукционду өткөрүү боюнча комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү ага каршы болгон.

Коруктагы кайберендерге аңчылык

Кыргызстанда өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик коруктарга чет элдик мергенчилерди киргизип, кайберенге кыргын салган фактылар ачыкка чыгууда.

Мыйзам боюнча өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Ошого карабастан, былтыр февраль-март айларында дагы эки сыйра аукцион өтүп, бирок анын баары эмнегедир жыйынтыксыз аяктаган.

Анан 2017-жылы 15-июнда коруктун аймагындагы Ийри-Сай тилкесинин жарымы түз сатыкка чыгарылган. Буга "ал тилкенин 313 гектары мамлекеттик коруктун аймагына кирбейт" деген маалымдама кат негиз болгон.

Бул ишти иликтеп жүргөн жарандык активист Абдыжапар Нурдинов лицензия түз сатуу ыкмасы менен сатылган жагдайга токтолду:

- Жогорку бийлик эшелонундагы таасирдүү кызмат адамдары буга аралашпаса, майда жетекчилер мындай одоно мыйзам бузууга батынмак эмес. Ийри-Сай алтын кени башында аукционго 637 гектар аянты менен коюлса, кийин анын жарымын кыскартып туруп, "коруктун буфердик зонасы" деген шылтоо менен 313 гектарын чалгындоого уруксат берилип кеткен. Бул жерде лицензия эч кандай аукционсуз, түз сатуу ыкмасы менен сатылган. "Бул жер мамлекеттик коруктун аймагына кирбейт" деп туруп, ошонун негизинде башында сунушталган долбоорду кичирейтип, аны кабыл алууга мажбурлашкан, сыягы...

Рустамов: "Шоопур" жардам бере албайт"

Беш-Арал мамлекеттик коругунун аймагындагы Ийри-Сай тилкесинде алтын казууга уруксат берүү долбоору мамлекеттик экологиялык экспертизадан өтпөгөнү ачыкка чыкты. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин маалымат катында көрсөтүлгөн.

Бирок эмнегедир мамлекеттик корукту сактай турган агенттиктин жетекчилигинин да бул маселеден толук кабары жок болуп чыкты. Ошол эле учурда "бул иште мурдагы бийликтеги кандайдыр таасирдүү фигуралар аралашкан" деп күмөн санагандар жетиштүү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиктин директору Абдыкалык Рустамов бул маселени териштирүүгө убада берди:

- Бул жерде кээ бир адамдар билбей туруп эле "коруктун ичине кирип кетти" деп айтып жатышы да мүмкүн. Мен коруктун ичинен алтын кенин казууга уруксат бергенден көрө кызматымды тапшырып кетип калам. Анан жумуштан кеткенден кийин бул маселени көтөрүп чыгам. Мен муну ачык эле айтам. Мындай болбошу керек, биз мыйзамдуулукту гана сакташыбыз зарыл. Анан "шоопур-поопурлар" мындайда эч кандай жардам бере албайт. Мен керек болсо, андайларды карабайм. Анткени мыйзам деген бар. Кийин мен жооп берип калам, алар жооп бербейт. Алар "рулду" кайра башкарып коюп кете беришет. Бирок мен бул ишти тактайм. Анан ошого жараша маселе коём.

Жарандык активист Абдыжапар Нурдиновдун коруктун аймагындагы Ийри-Сай алтын кенине ээлик кылуу укугу сатылганы тууралуу маалыматтарын жана ал чогулткан документтерди тастыкташ үчүн Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитетинин расмий сайтына кирип, андагы лицензиялык аянттардын картасы менен тааныштык. Картага ылайык, Чаткалдагы жашыл менен белгиленген Беш-Арал мамлекеттик коругунун аймагындагы Ийри-Сай алтын кени кызыл менен белгиленип, анын лицензиялык аянттардын тизмесине киргени көрсөтүлгөн.

Беш-Арал коругун талкалоонун таржымалы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Жер казынасын пайдалануу, энергетика жана өнөр жай комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов коруктагы аталган алтын кенине кандайча уруксат берилип кеткенин эстей албай койду:

- Лицензия берилгенби же берилген эмеспи, мен тактап туруп анан маалымат берейин. Анткени бизде берилген лицензиялардын саны өтө көп болгондуктан биз анын баарын эстей албайбыз да. Комиссия бир караганда лицензия берүү боюнча 100-150 маселени карап, бекитет же четке кагат. Мүмкүн андай лицензия берилген эместир. Мен анын баарын кайра карап чыгайын.

Сүрөт tourist.kg сайтынан алынды.
Сүрөт tourist.kg сайтынан алынды.

Мамлекеттик комитеттин расмий сайтындагы маалымат боюнча ал лицензия Бишкекте катталган "Б.Э.Б" деген компанияга алтын кенин чалгындоо үчүн берилген. Ийри-Сайдагы аныкталган алтын запасынын көлөмү 13 180 килограммды түзүп, старттык баасы 40 190 доллардан башталган. Бирок алтын кенин иштетүү укугу аягында канчага сатылганы белгисиз.

Беш-Арал мамлекеттик коругунун директору Райкан Аманкулов алтын кени мамлекеттик коруктун четинде эмес, анын өзөгүндө жайгашканын ырастап, бирок аны чалгындоого уруксат берилгенин же берилбегенин тастыктай албай турганын белгиледи:

- "Ийри-Сай мамлекеттик коруктун буфердик зонасында" деген жаңылыштык. Ал негизги өзөктүк зонада жайгашкан. Найза-Токой алтын кени да негизги зонада. Бизде корук үч зонага бөлүнөт - күзөтүү зонасы, буфердик зона жана өзөктүк зона. Ошондо жогорудагы эки тилке тең коруктун негизги өзөктүк бөлүгүндө жайгашкан. Алар бизден маалымат алышкан эмес. Эгерде карта боюнча көргөзүп бергиле десе көргөзүп берет элек. Азыр "ошол жактан лицензия берилип кетиптир" деп угуп жатабыз. Бирок аны өз көзүм менен көргөнүм жок. Ошол лицензияны алган адамдар бизге келе элек.

Коруктагы экинчи кенге эн салуу аракети

Беш-Арал коругундагы алтын кендерине "кол салуу" аракети муну менен токтогон эмес. Жарандык активист Абдыжапар Нурдиновдун айтымында, андан ары коруктун ичкери жагындагы "Найза-Токой" деген алтын кенине ээлик кылуу аракети башталган.

Мен коруктун ичинен алтын кенин казууга уруксат бергенден көрө кызматымды тапшырып кетип калам. Жумуштан кеткенден кийин бул маселени көтөрүп чыгам.

"Мурас-Синтез" деген компания корук аркылуу чек арага чейин жол салууну жана андагы алтынды иштетүүнү сунуш кылган. Бул сунуш Чаткалдагы Ак-Таш айылындагы элдик жыйында каралып, "Найза" тилкесинде алтын казууга уруксат алууга макулдук берүү токтому чыккан.

Ал токтом 2017-жылдын 20-июнунда чыгып, ага жыйынга төрагалык кылган айыл аймагынын башчысы Бакыт Исабеков кол койгон. Бул элдик жыйындын чечими кийин айылдык кеңеште жана райондук акимчиликте каралып, кийин ал укуктук акт катары өкмөткө жөнөтүлгөн.

Жарандык активист Абдыжапар Нурдиновдун айтымында, анда ал тилке аркылуу жол салыш үчүн аны коруктун карамагынан чыгаруу өтүнүчү келтирилген:

- Беш-Арал мамлекеттик коругундагы Найза тилкесине лицензия бериле элек. Бирок ага чейинки элдик жыйындын токтому айылдык кеңештин жыйынында каралып, маселе райондук акимчиликке жөнөтүлгөн. Райондун акими бул боюнча комиссия түзүп, анан ал бул маселени чечиш үчүн коруктун ичиндеги 200 гектар жер аянтын трансформация кылуу жана чек ара бекетин ошол жакка көчүрүш үчүн уруксат берүүнү сурап, өкмөткө кайрылган. Анан чек ара бекетин ал жакка көчүрүш үчүн коруктун аймагындагы Найза тилкеси аркылуу жол салууга уруксат бериш керектиги айтылган. Бизге жеткен маалыматттар боюнча мурдагы эски жолдун тоомуна улай беш чакырым жол салына баштап, кайра токтоп калган. Ошондуктан азыр өкмөткө жиберилген кайрылууда ошол "Мурас-Синтез" компаниясынын кызыкчылыгы кошо киргизилип, ага жерге ээлик кылууга жана жол салууга уруксат сураган материалдарын карап чыгып, канааттандырып берүү жөнүндө өтүнүч жазылган.

Чаткал.
Чаткал.

Ал эми Чаткал айыл аймагынын башчысы Бакыт Исабеков Акташ айылында өткөн элдик жыйындын токтомун жөн эле протоколдук сунуш катары баалады. Ал бул маселе өкмөттө гана чечилерин айтып, жыйындын токтомунда элдин каалоосу гана чагылдырылганын кошумчалады:

- Биз элдик жыйында кандай маселе козголсо, аны дал ошондой кылып токтомго жазабыз. Аны биз бурмалай албайбыз. Анткени ал элдин үнү. Ал жерде биз "бул маселе мыйзам чегинде болот, болбосо жок" деп айтып жатабыз. Ал токтомдо эмне жазылса, ошонун баарын эл айтып чыгып, аны айыл аймагынын башчылыгына жүктөп жатат. Анан Ийри-Сай алтын кени тууралуу такыр маалыматым жок. Ага лицензия берилгенби же берилген эмеспи - аны билбейм. Аталган алтын кени коруктун ичинде, Өзбекстан менен чектешкен тилкеде жайгашкан.

Ошол эле убакта Чаткал районунун акими Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагы аркылуу чек ара тилкесине чыгуучу жол салууга муктаждык бар экенин айтты. Ал ушундан улам коруктун аймагындагы "Найза-Токой" тилкесин трансформациялоо маселеси келип чыкканын белгиледи. Чаткалдын акими Канжарбек Эшалиев бул маселе боюнча өз жүйөсүн келтирди:

- Жолдун жоктугунан улам ал коруктун кызматкерлери эки жолу Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалган. Эки-үч жолу адамдар сууга агып, сөөктөрү изделип, табылбай калып, кийин суу тартылганда гана тапканбыз. Негизи ал жакка жол салуу зарылчылыгы чоң. 2013-жылы да бул маселе Транспорт жана жол министрлигине чейин көтөрүлгөн. Ал жактан "буга өтө көп каражат жумшалат экен, ага азыр мамлекеттин чамасы жетпейт" деген жооп болгон. Ошол демилгенин негизинде эле иш болуп жатат. Эгерде ал жерди трансформациядан өткөрүп койсок, кийин жол салганга инвестиция тартабызбы же мамлекет өзү чечип береби - ал кийинки этапта каралат. Ага чейин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги жана Илимдер академиясы уруксат бериши керек.

Анткен менен райондун акими Канжарбек Эшалиев Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагындагы Ийри-Суу алтын кенин чалгындоо укугу 2017-жылы июнь айында кандайча берилип кеткенин билбейт экен. Канжарбек Эшалиев болгону ага ээлик кыла турган компания Чаткалга келе электигин айтуу менен чектелди:

- "Ийри-Сай алтын кени башында аукционго коюлуп, анан кийин "ал коруктун аймагында жайгашкан экен" деген негизде аукциондон алынып салынды" деген маалымат алганбыз. Кийин кайра такталып, ал тилке коруктун чек арасына кирбейт экен деген негизде кайра каралды деп укканбыз. Азыркы күндө Ийри-Сайга алынган лицензиянын ээлери "бул жерди биз алдык, ага биз ээлик кылабыз" деп бизге келе элек. Коруктун аймагындагы тилкелерди алтын казууга уруксат берүү маселесин биз чече албайбыз. Анткени бул жер тилкелери өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагы болгондуктан, бул маселе чырлуу маселе.

Район прокурорунун жообу

Ал арада мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзө турган прокуратура органдары жарандык активисттер райондук прокуратурага, андан соң Башкы прокуратурага арыз жазышканына карабастан "териштирүүгө негиз бере турган маселе же арыз-даттануу жок" деп жооп кайтарышты.

Чаткал районунун прокурору Насирдин Бообеков мамлекеттик коруктун аймагында жол салынбаганын, ал эми Ийри-Суу тилкесиндеги алтын кенин чалгындоого уруксат берилгенин билбей турганын айтты:

- Алар мурдагы эски жолду (Коруктагы Найза тилкесиндеги) тазалап эле беришиптир. Ошону менен эле ал жакта кыймыл токтоп калган. Анан азыр кар жаап койгону үчүн эле турат. Алар ал жактан техникасын чыгарып кетет. Ал жакта жаңы жол салынган эмес. Эски жолдун тоомун эле тазалап коюшкан. Бул ошол жердеги элдин уруксаты менен болгон. Мындан сырткары, "Ийри-Сай тилкесинен алтын казууга уруксат берилиптир, кимдир бирөө анын лицензиясын алыптыр" деген негизде бизге арыз келип түшкөн жок. Арыз түшсө, аны тиешелүү мамлекеттик органдар менен чогуу карап көрөбүз.

Жарандык активист Абдыжапар Нурдинов Чаткалдагы өзгөчө коргоо макамын алган Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругундагы алтын кендерин чалгындап, ээлик кылууга жасалган аракеттер тууралуу атайын иликтөө жүргүзүүнү буга көзөмөл кылууну өтүнүп, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылганын билдирди. Ошондой эле бул кайрылуу өкмөткө жана парламентке дагы жиберилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG